presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

Жаралуу сезим
Мараттын энесинен уккан сөзгө Насирдиндин шагы сына түштү. Эмне кыларын билбей, Сабира менен Айдайдын жөнү эки башка дегенге араң жарады. Бирок, анын сөзүн аягына чейин укпай, сылык коштошуп, трубканы коюп койду. "Акмак десе, мен буларга көргөзөм!.." деди жини кайнаган Насирдин күбүрөнө. Үйдө атасын күтүп жаткан кызына эмне жооп айтарын билбей башы катты. Улам бир шылтоону ойлойт, бирок ылайыгы келбейт. Айдай менен Мараттын үйлөнүшүнө Сабиранын каршы болуп атканын билип эле турду. Андан өч алып, карабай таштап кетейин десе, жанындай көргөн кызы Саамай бар. Сабира да Насирдинге мурдагыдай жаркырап көзүн карабай, бой көтөрүп калды. Эми кыйын болсоң бизди таштап көр, колуңан келээр бекен дейт өзүнчө отурганда Сабира. Бир кезде мени артыңдан чуркатып, канча жолу ыйлатып-сыздаттың эле, эми сен да менин артыман кызың экөөң чуркайсыңар дечү болду Сабира.
***
Айдай институтка баргысы келбеди. Эртең менен таттуу уйкудан туралбай, көңүлү айнып төшөгүндө жатты. Кечке жуук атасы жумушунан келди. Кызынын төшөктө жатканын көрүп ага ысык тамак даярдады. Экөө кечки тамакта отурганда Насирдин сөз баштады:
- Курсактагы балага канча ай болуп калды?
Атасынын берген суроосуна Айдай ыңгайсыз болуп, бир чети уялып да кетти. Эмне дээрин билбей мукактана түштү да:
- Үч ай болду, - деди үнүн акырын чыгарып.
- Алты айдан кийин кудай буюрса төрөйт турбайсыңбы. Мейли, Марат сага үйлөнбөйм десе артынан чуркабай эле кой. Ага баланын кереги жок болсо, бизге керек. Сен жалгыз болбойсуң, менин көзүм тирүү турганда эч нерседен кыйналбайсың. Ушул үй да, машине да, менин фирмам да сеники болот. Ачка калам, кантип багам деп камсанаба, өзүңдүн ден соолугуңду кара, - деди. Атасынан уккан жылуу сөзгө Айдайдын ичи жылыды.
- Мен да Маратка турмушка чыккым келбейт. Боюман алдырайын дегем. Бирок кайра андан баш тарттым.
Насирдин менен кызы биртопко сүйлөшүп отурушту. Баягыдай экөө болбогон сөзгө урушуп, таарынышып кетчү адаттарын токтотушту.
Экинчи Сабирага барбай, аны карабай коеюн кантип жашаар экен деген Насирдин ага өчөшүп, бир жума андан кабар албай койду. Бирок кичинекей Саамайды сагынып, көргүсү келип, анын ширин тилин уккусу келди. Күнүгө бир маал түштөнүүгө келип кем-карчын берип, кызын эркелетип кеткен Насирдинден таптакыр кабар билинбей кеткенине Сабира да өчөшүп, телефон чалбай койду. Анын эмнеге таарынып келбей атканын беш колдой түшүнүп атты.
Бир күнү Саамай катуу ооруп калды, эти ысып, кечинде атам качан келет деп жөөлүй баштады. Атасын сагынып куса болуп атса керек деп ойлоду. Түнү бою ыйлап, такыр басылбай койгондо Сабира айласыздан Насирдиндин үйүнө телефон чалды. Телефондун чырылдаган үнү Айдайды дароо ойготту. Беймаал убакта телефон чалып тынчтыкты алган ким болду экен деген ойдо Айдай трубканы алды.
- Алло, Насирдинди чакырчы! - деди Сабира буйрук бере.
- Аны унут! Эмне, атамды сагынып, эрсиреп түн ортосунда телефон чала баштадыңбы! Атамдын тынчын алба, ал үйлөнүп, жаш аялы менен уктап атат, - деп калп айткан Айдай телефондун трубкасын тарс эттире коюп салды.
Айдайдан уккан сөзгө Сабира таң кала, Насирдин чын эле башка жаш келинге үйлөнүп алдыбы деген ойго жетеленди. Антпесе, буга чейин Насирдин экөө кер-мур айтышып таарынышса да кызы Саамай үчүн келип турчу. Насирдиндин уюлдук телефонуна чалса да албай койгон эле. Айласы кетип ага "Саамай катуу ооруп атат, абалы оор. Тезирээк кел" деп СМС жазды. Айдайдын телефондон кимдир-бирөө менен урушуп жооп бергенин уккан Насирдин дароо эле Сабира чалганын билди. Бирок унчукпай уктоочу бөлмөсүндө жата берди. Жанатан уюлдук телефонуна чалып тажатып аткан Сабирадан эми СМС келди. Аны окугандан кийин эле ордунан атып туруп кийине баштады. Оозгу бөлмөгө чыкса Айдай диванда отурган экен.
- Сиз каякка? - деди атасынын камынып чыкканын көрөр замат.
- Саамай катуу ооруп атыптыр. Мен барбасам болбойт го…
- Оорумактан өлүп кетсин! Ага таптакыр барбай койсоңуз, сиз жок кантип жашаар экен. Мурдуна суу жеткенде маңкасын тарталбай өзү келет. Тим койсоңуз… - деди Айдай.
- Кой, барайын. Сабира ооруп атса барбайт болчумун, Саамай али кичинекей. Ал катуу ооруп атат дейт.
- Сабираң үйгө телефон чалганда мен сизди жаш аял алып, ошону менен уктап атат, тынчын алба деп калп айткам да.
- Мейли, азыр барганда ага аял алдым деп калп айтайын, - деди Насирдин шаштысы кетип.
***
Саамай катуу ооруганда гана Сабира ушундай кырдаалда ага жөлөк болчу күйөө керек экенин билди. Буга чейин күнүгө келип ал-абалын сурап турчу Насирдин бир жума бою көрүнбөй кеткенге кадимкидей коңултактап, жалгызсырап кеткен. Эми Айдайдан Насирдин үйлөндү дегенди укканда кызганып, эгер ушул чын болсо кантем деп ойлоду. Анүстүнө Сабирага бир бөлмөлүү квартира сатып берген Насирдин аны өзүнүн наамына каттатып алган эле. Эгер Насирдин чындап жаш келинге үйлөнүп, мага сатып берген квартирасынан чыгарып салса кантем, кызым менен кайда башкалкалайм деп санаага батып атканда эшиктин коңгуроосу кагылды. Түн ортосунда Насирдинден бөлөк эч ким келбейт болчу. Эшикти ачкан Сабира Насирдинди кучак жая тосуп алды. Саамай ооруп атканын айтып, атүгүл Айдайдын ден соолугун да сураганга үлгүрдү. Атасын сагынып калганбы, Саамай Насирдинди көрөр замат күлкүсү чыгып, анын жанынан карыш жылбады. Бир убакта Сабира:
- Айдай сени үйлөндү деп айтты го? - деп кыйытып сөздү баштады.
- Ооба, кызым таап берген жаш келинге баш коштум. Ошон үчүн сага келалбай аттым, - деди Насирдин да камаарабай.




 30-ноябрда "АМАНАТ"

ТАПШЫРГАНДАР:
Урматтуу биздин күйөрмандар, туугандар!
Айылдагы ага-туугандын, шаардагы тааныштардын, куда-сөөк, дос-жарлардын жакшылыгына каалоо-тилектериңизди, аманат сөзүңүздү биз аркылуу билдирем десеңиз, "Жаңы Агым" гезитинин 38-67-06 телефону шейшемби күнү 10.00дон 12ге чейин сиздин кызматта. Тилинде калемпир-мурчу барлар да өнөрүңүздөрдү көрсөтсөңүздөр болот.

38-67-06


П-226. Роза Исаковна, бүгүн базарга барсам, тиги базарда, бу ресторанда, филармония, циркте жардыруу болот деген эле уу-дуу сөз. Өзүңүз телеге жан-жөкөрлөрүңүз менен чыгып чындыгын айтып тынчытпасаңыз болбой калды. Мариям.
П-227. Маршрутка айдоочулар жол эрежесин аябай бузушат. Айрыкча эртең менен бирин-бири кубалап шашып айдаганда ичиндеги жүргүнчүлөр томолонуп-жумаланып атып түшөбүз. Бала менен жүргөндө "бол, батыраак түшкүлө" деп адыраңдаган боюнча жөнөгөндө отургучка жетпей оңкоңон жыгылайын дейсиң. Элдин баары эле 18деги жигит эмес да шамдагайлык менен түшүп-чыгып тургандай. №214, №114 маршруттун жүргүнчүсү.
П-228. Жарым айдан бери Ак үйдү айланып Отунбаева же Каптагаевге кире албай койдум. Каттаган жерине барсам кабинеттер, телефондор тактала элек дешет. Тартип болбосо ушинтип башаламан болосуңар да. Үңкүйгөн үйүңөрдү курчаган кара темир торуңарды алып таштасаңар боло, көрүстөндү айланып жүргөндөй көрүнөт экен, капырдыкы. Темир торуңар качан Ак үйдү сактап калды эле. Силер өзүңөр элдин кыжырына тийип жатасыңар. Усубалиева Жийдегүл.
П-229. Шейитке айдашканды жашты толгон,/ Өлгөнчө чыгарбаска темир тордон./ Соттойлу Бакиевдин баарын кошуп,/ Көксөөсү суушка сандын муздай тоңгон. Эркин Жаныбеков.
П-230. Алтынбек уулу Тилек! Туулган күнүң менен куттуктайм. Өмүрүң узун болсун. Бишкектен таежең Нургүл.
П-231. Бар-Булак айылынын тургуну классташым жана досум Кызылгүл, туулган күнүң менен куттуктап Эне-Сайдан Дамира Ботугуровна.
П-232. Кайран депутат кыраандар кабинет талашып кырылышып, алды чекесин тиктирип доктурда жатат дешсе, Өмүрбек Абдрахманов деген депутат теледен "бирибиз байбиче, бирибиз токол, бирибиз келин, бирибиз ойноштойбуз" деп өздөрүнө туура баа беришти, кашайгырдыкы. Омор, Табылды.
П-233. Канкордук эзилүүнүн шорун тарткан,/ Каарданган эл-журтунан кубат тапкан./ Жалындуу баатырларга түбөлүк даңк,/ Бийликти үй-бүлөлүк жыккан тактан. Эркин Жаныбеков.
П-234. Бекназаров жетисинен кийин баш-аякты жыйнай албай жатып баарын качырып жибердик деп актанып бапылдадың эле. Эми силерди кайсы кара теке сүзүп, кылым сотунан үчөөнү качырып жибердиңер. Өзүң үй түрмөгө чыгарган Үсөн Сыдыковду баш кылып баарын түрмөгө алып кел. Бир жума мөөнөт беребиз. Антпесең иштин баары өзүңдөн башталат. Ата-Бейитте жаткандардын ата-энелери.
П-235. К.Ташиев, А.Келдибеков, С.Жапаров, жашырынып барып мандат алганыңар эмнеңер, бетиңер күйдү беле? Күйөөсүнө таарынган катындай болуп эл алдында ант бербей мандат алганыңар законго туура келбейт. Ошондуктан силер депутат эмессиңер. Лидерликти Динара менен Жылдызга өткөрүп бергиле. Эгер бетиңерди тултуйтуп депутат болуп отургуңар келсе, силерди самопал депутаттар деп эсептейбиз. Кыргыздар.
П-236. Укук коргоочу А.Абдырасулова, Ч.Жакупова деген аялдарды кыргыз жеринен айдап жибериш керек. Алар укук коргоочу эмес, кыргыздын акчасына семирген сагызгандар десек аздык кылат. Эрматов Жолболду.
П-237. Топчубек Тургуналиев "Манасты" тек жайына кой. Сен аралашкан иштин баары каша болуп калчу эле. Үч суроого жооп берчи. Аксы окуясынын аягына Бекназаров экөөңөр чыктыңарбы? Бакиевди колдоп, коштоп келип кыргыз элин эмнеге кептедиң? Токойду кандай акыбалга калтырдың? Жөн эле жүрө бер, азыр акылыңды деле эч ким укпай калган. Мүсүралиев Асанжан.
П-238. Кылым соту адилеттик, чындык менен аягына чыкса экен. Канкорлорду качырып отуруп залда таягына таянган жабырланган жарадарлар калып, сахнада жалгыз сот эле калабы, сороюп. Бекечал.
П-239. Депутаттардын үйү бар же жогун жана башка шарттарын иликтөө боюнча комиссия сөзсүз эч жакка көзкарандысыз болушу керек. Эгер комиссия депутаттардын курамынан түзүлсө андан элди канааттандыра турган чечим кабыл алынбайт го деп ойлойбуз. Алымбек, Жунус.
П-240. Суук түшкөндө кытай автобустарынын отургучтарына отурбагыла. Отургучтар пластмассадан болгондуктан өтө муздак. Геморрой оорусун пайда кылып албагыла деп жүрөм. "50-95 ВВ" автобусунун айдоочусуна ыракмат. Ар бир отургучка олпок жасатып жылуулап коюптур. Ушундай эл үчүн иштеп, элдин алкышына ээ болгондор арабызда көбөйө берсин. Дүйшөн.
П-241. Гезиттерге берген интервьюларында мурунку "Ак жол" партиясынын мүчөлөрү "эмне болсо да коалицияга кирген партиялар эл үчүн иштеп берсе эле болду" деп элди ойлоп калыптыр. Ылайым эле силер да эл үчүн иштеп берсеңер экен. Ошондо өткөндө шефиңер үчүн берилип иштеген күнөөңөрдөн арылаар бекенсиңер. Билбейбиз, шейит кеткендердин арбагы эмне дейт. Ал эми жарат алгандарчы? Жабырлагандар.
П-242. Курманжан датка элин салбаска корго,/ Баласын садага чаап тарттырса дарга./ А Стакең аскер уулун түшкөн колго,/ Алмашпай койгон туткун генералга. Эркин Жаныбеков.
П-243. "Жаңы Агымдан" шумдуктуу окуп алып төбө чачыбыз тик турду. Таштанды салгычтардын жанында ымыркайдын сөөгүн иттер тиштеп жүрүшөт экен. Алар бирөө эмес, бир канча. Мындан өткөн шумдук болбосо керек. Айланайын президент, сен да энесиң. Бул окуяны буйрук аркылуу чечүү керек. Мектептен баштоо зарыл. Депутаттар мектептерге барып чогулуш өткөрүшсүн. Түнкү клубдарды жабуу керек. Дагы иш-чараларды ойлоп тапкыла. Бул аманатты жөнөткөн көптөгөн энелердин атынан Турумбүбү Эсеналиева.
П-244. Кыргыздын телекөрсөтүүлөрү качан оңолосуңар, качан же жаңыланып учур талабына жооп берген көрсөтүүлөрдү көрсөтөсүңөр? Эртең менен карасаң эки кишинин эжигейдей эзилип отурганы. Түштө мал-салды жайлап келип карасаң төрт кишинин талашып-тартышып отурушканы. Бешимде беш кишинин бежиреп мээ эзип отурганы. Караңгыда кыйраткансып үйүлүп алышып маани-маңызы жок сөз сүйлөшүп маңдай-тескей тиктешип нескара болуп отурушканы. Ойлойсуңар го, былжырап отурсак эле элдин баары экрандын астында тикирейип тиктеп отурушат деп Калыбек, Күлүйпа.
П-245. Биздин депутат балдар-кыздарыбызга акыл кирип элин ойлой баштаган го. Үй, машина, айлык, жардамчылар жок иштейбиз дегенин угуп, 80деги кемпирим Сексенбай туугандай сүйүнүп жатам. Бердибек ата.
П-246. Урматтуу доордошторум миң сан берен,/ Өлкөбүз багыт жолун таппай турат./ Жашоого керектүүнүн баары белен,/ Советтен алсакпы дейм кайра турак./ Кыргызды бай эл кылган Ленин жолу,/ Жардылап тентиттирди анын жогу. Эркин Жаныбеков.
П-247. Элдин эркектери карга, ылайга, баткакка тыгылат экен. Менин келесоом пробкага тыгылып чыга албай койду. Түнкү бир-экиде келет сөгүнүп, пробкадан араң чыктым деп. Мага окшогон үйдөн чыкпаган аялга пробка эмне экенин түшүндүрсөңөр боло. Уулкан.

Даярдаган
Гүлжан ИЛИЯЗОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«