presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сая-саалы

Апалар олуттуу маселе чечишээр бекен?
АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон кечээ Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева менен жолугушту. Анда өлкөдөгү саясый процесстер, жакында эле өткөн парламенттик шайлоо жана эки тарапты кызыктырган айрым маселелер тууралуу сөз болду. Алдыда тараптар чогуу билдирүү жасашары күтүлүүдө. АКШ мамкатчысы Астанада өткөн ЕККУ саммитине катышып, андан кийин Кыргызстанга келди. Х.Клинтондун сапары мындан ары Өзбекстанга уланат.

Айтылуу HRW эми Хилларини ортого алууда
HRW адам укугун коргоочу эл аралык уюм АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кыргызстандагы апрель окуясын, июнь коогалаңын көз карандысыз иликтөөгө чакырышы керек деп эсептейт. Мындан тышкары АКШ мамкатчысынан бул окуяларга байланыштуу жүрүп жаткан сот процесстерин акыйкат жүргүзүүгө жана соттолуучулардын коопсуздугун камсыздоону үндөөсүн талап кылат. "Хиллари Клинтон жаңы кыргыз бийлигине акыйкаттыктын жалгыз жолу - адам укугун коргоо экенин түшүндүрүүсү керек, акыркы убактарда Ошто жана Бишкекте болгон окуялар Кыргызстан дагы деле коркунучта турганынан кабар берет" деп белгилейт уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Рейчел Денбер.

Автобусту эми өрттөбөгүлө
Ош шаарына 30дан ашуун автобус берилет. Кытайдан алып келинген "Яссинь" фирмасынын 161 автобусу азыркы тапта Бишкекте турат. Алардын 30дан ашууну Ош шаарына келиши күтүлүүдө. Бул автобустар Ошко келсе, шаардыктардын транспорт маселеси бир аз болсо да жеңилдеп калат. Анткени июнь окуяларында мына ушундай эле Кытайдан келген 20га жакын автобус жабыр тарткан. Июнь окуяларына чейин шаарда жалпысынан 50дөн ашуун автобус болсо, азыркы тапта 30дан ашуун гана автобус жүргүнчүлөрдү тейлөөдө.

Качан болсо кечигишет, анан актанышат
Кыргызстандын Дин башкармалыгы жакын арада Ош жана Жалал-Абад облустарында мечиттердин жетекчилерин алмаштыруу иштерин жүргүзөт. План боюнча мечит имамы кыргыз, ал эми жардамчысы өзбек, же тескерисинче болушу керек. Бул дин башкармалыгында кадрлардын тең салмактуулугун сактоо, кыргыз менен өзбек тектүүлөрдүн ынтымагын бекемдөө, "кыргыздардын мечити" жана "өзбектердин мечити" деп бөлүнбөө максатында жасалууда. Ал эми 29-ноябрда Ош шаарында укук коргоо кызматкерлерине ок аткан имам Фархат Нурматовду Дин башкармалыгы мурда эле кызматынан алуу боюнча чечим даярдап коюшканын айтты. Ал ажы сапары аяктаганда бул кызматынан алынмак экен.

…койго арачы болгон эчкиге даңк!
Кыргызстан Корей жарым аралында орун алган окуяларга тынчсыздануусун билдирип, тараптарды тынчтыкты бузуучу ар кандай аракеттерден алыс болууга үндөдү. Мындан тышкары тирешип турган эки тарапты тең Корей жарым аралы боюнча тынчтык келишимин сактоого чакырды. Корей жарым аралындагы кырдаал Түндүк Корея 22-ноябрь күнү коңшусунун эл жашаган Йонпхендо аралын артиллериядан аткылаган соң курчуган. Аткылоодон төрт киши набыт болгон.

Мына сага саясат…
Кыргызстан калкынын 42 пайызын 18 жашка чыга элек балдар түзөт. Башкача айтканда, өлкөбүздө18 жашка чыга элек 2 миллион 475 бала бар. Учурда алардын 120 миңи мектепке барбайт. 5 миллион 226 калкы бар мамлекет үчүн 120 миң баланын билим албай жатышы чоң трагедия.




  Крим-аалы

Азаптуу ажал
Май айында Аламүдүн районунун Нижняя Ала-Арча айылында жашаган аял 39 жаштагы күйөөсүнүн дайынсыз жоголгондугун айтып милицияга кайрылган. Бул боюнча жакында шектүү деп үчөө кармалды. Алардын бири Аламүдүн районунун жашоочусу, мурда төрт жолу соттолуп келген адам экен. Ал өзүнүн атын жашырып, башка ысым менен жасалма документ жасатып жүргөн. Экинчиси мурда баңгизат, уурулук менен темир торго отуруп келген неме болуп чыкты. Үчүнчүсү Бишкек шаарынын тургуну экен. Алар жоголгон адам менен акыркы жолу арак ичип, мас-тыктан уруш чыгып, аны сабап өлтүрүп коюшкан. Андан кийин өлүктү баштыкка салып, кир сууну чогулткан аңга таштап салганын айтып беришти.
Өч куугандар
Россиянын Тверь облусунун Заволжский айылында жашаган кыргызстандык жигитти белгисиз бирөөлөр уруп-согуп, башка жакка алып кетишкен. Ал жерден анын жакындарынан 100 миң рубль талап кылышкан. Жабырлануучу амал менен качып чыгып, түз эле милицияга барган. Изкубарлар дароо эле бул кылмышка тийешелүү үч өзбекти кармашты. Алардын бири оор кылмыш үчүн кесилип, Өзбекстандын түрмөсүндөгү төңкөрүштө качып кеткен экен. Учурда үч өзбек сурак берип отурат.
Адилеттик асманда
2010-жылдын 8-августунда жүргүнчүлөрдү ташуучу компаниялардын биринде айдоочу болуп иштеген Н.Мырзагулов "Мерседес Бенц" унаасы менен Горький-Абай көчөсүндө келатса алдынан "Тойота Виндом" унаасы чыгып коюп кеткен. Жол эрежесин бузуп, алдынан чыккан "Тойота-Виндом" унаасынын айдоочусу Октябрь РИИБнин кызматкери Жылдызбек Жапаров экен. Кырсык болгон жерден Н.Мырзагуловдун башы айнекке тийип, эсин жоготуп, ооруканадан гана эс алган. Н.Мырзагулов бул кырсыкка Октябрь РИИБнин кызматкери Ж.Жапаров күнөөлүү болсо да, кызмат абалынан пайдаланып, тааныштары аркылуу мени күнөөлөп атат дейт. Окуя болгон кезде Ж.Жапаров мас абалында эле, 4-оорукананын медайымы анын канын текшергенди унутуп коюптурмун деп бир нече күн өткөндөн кийин текшерди. Бирок медкарточкада анын мас экени жазылып турат. Биринчи май райондук соту бул иште мени күнөөлөп, тигини сүттөн ак кылууда дейт жаш айдоочу.
Кан узатпасы чынбы?
Базар-Коргон районундагы А.Кудайбердиев орто мектебинин кароолчусу 44 жаштагы Махаматали Худайбердиевди 29-ноябрда чак түштө мыкаачылык менен кимдир бирөө өлтүрүп кеткен. Изкубарлардын божомолунда кароолчуну өлтүргөн кылмышкер экөөнүн ортосунда чыккан чырдан улам мыкаачылыкка барган. Учурда кылмышкер изделип, иликтөө иштери башталды.
Кемпирге убал болду
Бишкектин Туңгуч кичирайонундагы көп кабатуу үйлөрдүн биринин жашоочулары куткаруучу топту чакырышкан. Көрсө, алардын кошунасы 71 жаштагы С.Янова үйүндө газга ууланып жатып калган, эшиги ичинен бек экен. Куткаруучулар эшикти талкалап кирген кезде улгайган аял эчак эле көз жумуптур.




  И-тагдаалы

Алтымышта берген отчет
Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин төрт китеби биринен сала бири жарык көрдү. "Эки дөөнүн күрөшү" кайрадан басылып чыкса, "Алтайдын ошол поюзу", "Тандалган ырлар жыйнагы" жана "Тандалбаган ырлар жыйнагы" тандырдан чыккандай ысык кези. Шайлообек агабыздын ар бир чыгармасы окурмандар үчүн жаңылык болчу эле. Бу жолу да алтымышынчы ашууда туруп берген отчет оңой болбосо керек деп турабыз. Баса, Шакенин күйөрмандары жаңы чыгармаларды биздин гезиттин редакциясынан алып кетишсе да болот.
Атай Кыргызстанды Англияда даңктайт
Россиянын "Минута славы" берүүсүнө барып аты чыгып калган бийчи Атай Өмүрзаков Англияда өтүүчү сынакка катышууну дегдеп жүргөн. Мындан сырткары, Украинада өтүүчү "Менин таланттарым" аттуу сынакка да жолдомо алган болчу. Баягы эле каражат маселеси кедергини кесип, Атайдын Англияга барар-барбасы арсар эле. Бийликтегилерге жардам сурап кайрылганында азыр өлкөдө Атайсыз деле көйгөйлөр жетишип жатканын айтып, жардам берүүдөн баш тартышкан. Өз алдынча аракет кылып каражат тапкан Атай сынакка катыша турган болду.
Мыктыларды көрөбүз
Кыргыз-Түрк университетинде "Кэмптер театры" аттуу фестиваль 4-декабрда башталат. Чыңгыз Айтматов атындагы орус драмтеатрынын адистери алдын ала студенттер менен иштешүүдө. Он окуу жайдан эки жүзгө жакын студенттер даярдашкан спектаклдерин коюшат. Дасыккан актерлор калыстар тобунун курамын түзүп, студенттердин эмгегин баалап, сыйлыктарды ыйгарышат. Сынак "Сорос-Кыргызстан" фонду тарабынан уюшулган. Спектаклдердин мазмуну түгөнбөгөн оор турмуш, өлкөдөгү кыйын кырдаалды камтыйт.
Эбак ушинтиш керек эле
Түштүк аймакта мектептен мечит көп экени элди таң калтырбай деле калды. Өлкөбүздө болуп жаткан террордук иштер түштүктөгү жердештерибизди да түйшөлтпөй койгон жок. Ош шаарындагы муфтийдин орунбасары Убайдулла ажы Сарыбаевдин айтымында, көп кылмыш иши мечиттерде болгондуктан мындан кийин жума намазды борбордук мечиттерде гана өткөрүү керек. Калктын ичинде буга кайчы пикирлер чыкпаш үчүн түшүндүрүү иштери азыртадан башталды.
Тилибиз болбосо көзүбүз окшош
Корей мамлекетинин элчиси Сынг-ель менен Кыргызстандын маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияздын жолугушуусу болуп өттү. Сынг-ель байкагандай кыргыз менен корей тилинде, маданиятында окшоштуктар арбын. Мындан ары эки элдин маданиятын кандай жол менен өнүктүрүү керек экени кенен талкууланды. 2011-жылы Хусен шаарында боло турган кинофестивалга Кыргызстан биринчилерден болуп чакыруу алды.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??