presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Жолтикен

Өчөшкөн классташ өлтүрүп тынды
Үстүбүздөгү жылдын май айында Жумгал районунун Чаек кыштагында жашаган Бегалы Самудинов түн ортосунда туугандарынын короосуна ууруга кирип, коюн жетелеп баратканын классташы Бактыбек көрүп калат. Классташынын кылыгын көргөн Бактыбек ага "эгер мага ооз басырык кылсаң эч кимге айтпайм" дейт. Уурулугум билинип, эртең туугандардын алдында шермендем чыкпасын деп чочулаган Бегалы сөзсүз ооз басырык кыларын убада кылат. Эртеси мал базарга саткан койдон түшкөн акчасын тең бөлүшөрүн айткан. Оңой жерден акчалуу болууну көздөгөн Бактыбек кудуңдап кетип калат. Бирок эртеси Бегалынын туугандары кою уурдалганын билип, ызы-чуу түшүп калышат. Бул учурда Бегалы малды таң атпай мал базарга алып чыгып соодалап койгон эле. Анын бул уурулугу билинбей эле калды. Бегалы чөнтөккө акча түшкөндөн кийин ага кийим-кече, ичимдик алып, жолдоштору менен жыргап, бир заматта акчасын жок кылат. Баягы Бактыбекке берген убадасын ошол замат унутуп коет.
Бегалыдан акча алам деп ойлогон Бактыбек куржалак калат. Себеби Бегалынын чөнтөгүндө сокур тыйын калган эмес эле. Өзү да ичип алган. Кечке маал теңселип үйүнө келаткан Бегалыга жолуккан Бактыбек андан акча доолаган.
- Мен сага карыз белем, билген жериңден алып ал! - деп сөгүп, аракка тоюп алган Бегалы үйүн көздөй жөнөйт. Анын бул кылыгына кыжыры келген Бактыбек дароо эле Бегалы коюн уурдаган үйгө барат да, түндө көргөн окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Буга чейин тууганча катышып жүргөн эки үй-бүлө заматтын ортосунда душманга айланышат. Дароо милиция чакыртып, Бегалыны изкубарларга салып беришет. Айылдагы малын жоготкондордун баары Бегалыны ууру тутуп, короосундагы койлорун суратпай эле тартып кетишет. Айылдын аксакалдар соту Бегалыны ортого алып, жаш баланы бир кой үчүн кестирип жибербейли дешип, темир тордон алып калышат. Айылда жүрө берсе Бегалыда тынчтык жок экенин билген туугандары аны шаарга жөнөтүп жиберишкен.
Шаарга келип, тааныштар аркылуу бир фирмада жүк ташуучу болуп ишке орношуп, өзү курдуу балдар менен батирге чыккан Бегалы күнүмдүк жашоосун көрүп жүргөн. Жайында шаарга классташы Бактыбек да "бакыт" издеп келип, иштеп атканын угат. Буга чейин ага тиш кайрып, кантип өч алам деп жүргөн Бегалынын күткөнү жерден табылгандай эле болду. Бактыбектин кайда жашап, каякта иштеп атканынан бери билди. Август айынын он экисинде кечке маал өзү менен батирде чогуу жашаган эки досун ээрчитип алып Бактыбек жашаган үйгө келди. Албетте, эки классташ адегенде бири-бирине таарынычын айтышып, андан кийин элдешип, жазылгандай болушту. Кантсе да мен сенден эртерээк шаарга келип тирденип калдым, үйгө алпарып коноктоюн деп Бактыбекти чакырат. Анын арам оюн Бактыбек кайдан билсин, классташынын меймандостугуна ыраазы болуп, дароо эле аны ээрчип жөнөйт. Жолдон ичимдиктер менен закускасын кошо алган Бегалыны көргөн Бактыбек мени чындап эле сыйлаганы аткан турбайбы деп, өзүнүн бир кезде аны сатып кеткенин улам айтып кечирим сурап, ыңгайсыз абалда болгон. Бирок Арча-Бешик жаңы конушундагы батирге келгенде Бактыбекти сыйламак түгүл, аны үчөөлөп ур-тепкиге алышкан. Үчөөнө туруштук бералбаган Бактыбек эс-учун жоготконуна карабай тынымсыз тепкилешкен. Жерде бети-башы канжалап жаткан жигитти калтырып, өзүлөрү сатып келген аракты ичип жатып алышкан.
Эртең менен таң атканда жумушка турган Бегалы эшиктин алдында кечээки боюнча кыймылсыз жаткан классташы Бактыбекти көрүп, жамандыктын жышаанын сезе жанына барат. Эчак эле денеси муздап калган досунун өлүмүнө себепкер экенин билип, коркконунан эмне кыларын билбей, үйдөгү шериктерин ойготот. Үчөө жасаган кылмышын жашыруу максатында Бактыбектин сөөгүн мүшөккө салып, таштанды төгүлчү жайга алпарып ыргытышат. Бирок кан кое бермек беле, Бегалынын кандуу кылмышынын бети бир жумага жетпей ачылды. Бактыбектин өлүгүн таштандыда тамак издеп жүргөн селсаяктар таап, милицияга кабарлашкан. Анын ким экени такталбай дагы үч күн өлүкканада жатты. Качан гана изкубарлар ал баланы акыркы жолу кимдер менен жүргөнүн тактаганда Бегалынын кылыгы бир заматта ачылды.
Классташынан өч алам деген Бегалы аны өлтүргүсү келбегенин, мунун баары кокустук экенин айтып актанды. Бирок ал канчалык карганбасын, адам өмүрүн кыйып, чоң күнөө жасаганын сот өкүмү чечет.
Бактыбек Мамбетакунов 1989-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Мурда соттолгон эмес, үй-бүлө кура элек. Жашы жаңыдан жыйырма бирден өтүп калганда темир тордо сот чечимин күтүп отурса, өлгөн классташы жакындарын сыздатып отурат.
Назира КУЛМАТОВА




  Тирүүлөй тозок

"Кыргыз да, өзбек да болгум келбейт"

Түштүктө болгон кандуу окуядагы үрөй учурган фактыларды, дене бойду титиреткен тагдырларды жаза берсе түгөнчүдөй эмес. Албетте эки улут бири-бирин канчалык айыптабасын эки тараптын тең өз чындыгы бар. Ошол окуяда жакындарынан айрылган Махабат (аты өзгөртүлдү) аттуу келин редакцияга чалып, өз тагдырын, эки улутка деген таарынычын, аз убакытта азапка айланган жашоосун баяндап берди. "Балким менин башыман өткөн оор тагдыр башкаларга чоң сабак болор" дейт жашып, эч кимге жүзүн көргөзгүсү келбеген келин.

- Мен Ош облусунун Кара-Суу районунан болом. Алты жыл мурун өзбек улутундагы Улугбек аттуу жигит менен сүйлөшүп жүрүп, ага баш кошуп, Шарк айылында кайындарым менен бирге жашадык. Ортобузда үч балабыз бар. Улугбек экөөбүздүн ата-энелерибиз куда-кудагый болуп, сыйлашып эле жүрүшчү. Бири-бирибиздин каада-салтыбызга деле көнүп калганбыз. Менин өзбек жигитке турмушка чыкканыма ата-энем, туугандарым каршы болушкан эмес. Улугбек жакшы кызматта иштеген, бай жердин баласы болчу. Анын ата-энеси мени өз кызындай кабыл алып, турмушубуз жакшы өтүп жаткан. Бирок биздин бактылуу жашообуз 11-июнда талкаланды. Ошол каргашалуу күнү эки элдин ортосунда согуш чыгып, ээн жүргөндөрдү өлтүрүп атышты. Мен анда кайнатамдардын үйүндө болчумун. Өзбектер кызымды өлтүрүп коюшпасын деп ата-энем сарсанаа болуп, бат-бат телефон чалып турушту. Ата-энеме баары жайында экенин, балдарым менен коопсуз жерде турганыбызды айтып, аларды жооткотуп жаттым. Кийин алар дагы чалышканда менин чөнтөк телефонум өчүп калган экен. Менден санааркаган ата-энем биз турган районго агам менен инимди жөнөтүшүптүр.
Экөө машине менен биздин районго жакындаганда эле алардын дайыны билинбей калыптыр. Телефондору өчүрүлүп, машинесинен дайын жок. Ата-энем аларга да, мага да телефон чалалбай кыйналышат. Бул учурда үй-бүлөбүз менен чегарага качып кеткен элек. Ал жерден байланыш үзүлүп, чөнтөк телефондор менен сүйлөшүү мүмкүн болбой калды. Күйөөм Улугбек Ошто калган. Ошол кезде өзбек-кыргыз барымтада кармалгандарды, атүгүл өлүктөрдү да алмашып жатышкан эле. Мени издеп келген агамды өзбек улутундагылар мыкаачылык менен өлтүрүп, инимди катуу жарадар кылышат. Эки күндөн кийин менин жолдошум Улугбек алардын дайын-дарегин билет. Ал өлгөн адамдардын арасынан агамды таап, инимдин ооруканада экенин билип, ата-энеме кабарлаган. Ошондон үч күн өтпөй Улугбек да кыргыздардын колунан каза тапты. Иним каза болгондо ата-энем өзбек улутундагыларды каргап-шилеп, атүгүл менин кайындарыма да суук сөз тийгизип, ажырашасың деп чыгышты. Ортодо үч балам турса, күйөөм, кайындарым менен урушпасам эмнеге ажырашмак элем деп ойлодум. Албетте инимдин өлүмүнө менин кайын журтумдун тиешеси жок, аны башка адамдар өлтүрүшкөнүн атам, апам билип эле турушту. Бирок алар инимден айрылганына ичтери ачышып, кайындарымды күнөөлөй башташкан. Анүстүнө ошол кездеги кырдаал оор болгондуктан инимдин акыркы сапарга узатуу зыяратына кайындарым келе алышпады. Андан кийин тез эле Улугбек көз жумуп калды. Буга кайын журтум, анын ата-энеси кыргыздарды каргап-шилеп, боздоп жатып калышты. Улугбекти дүкөндүн ичине асып кетишиптир. Кайын журтум Улугбек өлгөндөн кийин мени жек көрүп, кагып-силкип, тынч жашоо бербей коюшту. Мага өзүмдүн ата-энемдин да, кайын журтумдун да мени түшүнүшпөгөнү оор болду. Мен бир тууганымдан, балдарымдын атасы Улугбектен айрылдым. Экөөнүн өлүмү мага өтө чоң сокку болду. Балдарымды ээрчитип, Улугбектин кыркы өткөндөн кийин төркүнүмө бардым. Ата-энем кайындарың менен жашабай эле кой, ал жак коркунучтуу, эми сенден айрылабызбы, аларга ишенич жок деп жибербей коюшту. Бирок ошол эле учурда үч балам менен алардын үйүнө батпасымды билдим. Балдарым кичине эле шоктук кылса, "сарттын тукуму" деп урушуп жатып калышат. Балдарымдын минтип кагуу-силкүү жегени жүрөгүмө тикенектей сайылчу болду. Кайындарым балдарымды жакшы көрүшкөндүктөн, экөөнү аларга калтырайын деп ойлодум. Бир күнү балдарымды ээрчитип кайындарыма барсам, алар "кыргыздар келишти" деп тосуп алышты. Бул да мага өтө оор тийди. Ошондо гана эч жакка батпасымды билип, "жок дегенде Улугбектин көзү тирүү болсо балдарымды кор кылбай багып албайт белем" деп ыйлап алдым.
Азыр төркүндөрүмө да, кайындарыма да баргым келбейт. Балдарымды эки улуттун суук көздөрүнөн алыстатып Бишкекке келдим. Бирок биякта деле жашоо кыйын экен. Үч балам менен курбумдун үйүндө батирде турам. Курбум базарда соода кылат. Ага жардам берип, анча-мынча акча табам.
Ата-энем үч балаңды кайындарыңа таштап кел, аларда өзбектин каны бар деп жүрөк оорута турган сөздөрдү айтышат. Кайындарым деле Улугбек көз жумгандан кийин балдарыма баягыдай үйрүлүп түшпөй калышкан. Ошентип алты жылдан берки бактылуу жашообуз бир заматтын ортосунда талкаланып, мен жесир калдым. Күнүгө ичимен эки улуттун ортосуна от жаккан адамдарды каргап коем. Кээде кыргыз болуп жаралып, өзбекке турмушка чыкканыма да өкүнөм. Азыр кыргыз да, өзбек да болгум келбейт. Колуман келсе, ушул эки улуттан качып, баарын таштап, балдарымды алып алыска кетет элем, бирок мүмкүнчүлүк гана жок. Ошто биз сыяктуу эки улуттун жаштары үйлөнүп, учурда ажырашкандары, арасында жакшынакай жашап атышкандары да бар. Бирок менин үй-бүлөм биротоло талкаланып, балдарым атасыз жетим калды. Билинбеген менен мендей зар какшап калгандар да көп болсо керек. Айла жок жан таттуу экен, балдарым үчүн жашап жатам.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«