presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Сулуу сулуу эмес, өзүн караган аял сулуу"

КТРКдагы "Түнгө карай" берүүсүнүн алпаруучусу Галина ГОРНОЖЕНКО жашоодо ар бир адам өз бактысынын устаты деген ураанды карманып келет. Оптимисттик маанайды жарата билген маектешибиз ачык-айрым, болгон сыры сыртында экени байкалат. Галинанын ой жүгүртүүсү, жашоого, адамга болгон көз карашын кыскача маекте камтыдык.

- Галина, өзүң тууралуу айта кетсең?
- Мен Көлдүн Балыкчы шаарында туулуп-өскөм. Атам монтаждоочу, апам бала бакчада иштейт. Үйдө төрт бир туугандын ортончусумун. Менден улуу эки эжем, бир иним бар. Башынан эле бир орунда отура албаган энергиям ашып-ташкан кыз болчумун. Мектепте ар кандай маданий иш-чараларды уюштурганга эптүү элем. Тентектигим жанда жок болгондуктан мугалимдерден далай тил уктум. Борборго келгенде БГУнун чыгыш таануу бөлүмүнө тапшырдым. Жогорку окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктагам. Менин ийгилигимдин башаты ушул кызыл дипломдон башталгандай сезиле берет. Башында юридикалык факультетке тапшырам деген тилегим ишке ашпай калган. Азыр деле юридикалык билим алам деген оюман кайта элекмин.
- Телевидениеге кантип аралаштың?
- Телевидениеге көпчүлүк алпаруучулар сыяктуу эле кастинг аркылуу өткөм. Бир жылдан бери "Түнгө карай" берүүсүндө иштеп келе жатам. Бир нерсеге умтулуп аракет кылбасаң бир орунда өспөй тура берериң турган иш эмеспи. "Түнгө карай" берүүсү менен эле чектелбей, азыр өзүмдүн автордук берүүмдүн үстүндө иштеп жатам. "Сүйүү баяны" деген оюн-зоок берүүдө каалаган адам өзүнүн сүйүктүүсүнө сезимдерин билдире алат. Телеберүүлөр менен эле чектелбей ар кандай долбоорлордун үстүндө иштегенди, дебаттарга катышканды жакшы көрөм. Олуттуу маселени талашып-тартышып жатып жакшы пикирлер жаралат экен.
- "Түнгө карай" берүүсүндө көп көйгөйлүү темалар талкууланат. Сенин оюңча бизде кайсы тема көп кооптонууну жаратат?
- Биринчи орунда баягы эле экономика. Анан жаштардын тарбиясы, жүрүш-турушу мени ойлондурбай койбойт. Жаштардын ой жүгүртүүсүн, тарбиясын, жашоого болгон көз карашын тарбиялаш керек деп ойлойм. Баары эле саясатка кызыгып жатышат. Ошого жараша саясатчылар жоопкерчиликтүү болуп, элибиздин жашоосун оңдосо деп тилек кылам.
- Сөздөрүңөн байкасам патриот окшойсуң?
- Төштү кагып патриотмун деп айтуудан алысмын. Менин түшүнүгүмдө, киндик каны тамган жерде жашап, мекенин сүйгөн, элине кызмат кылган адам патриот. Азыр баары эле оозу менен орок оруп патриот болуп жатышпайбы. Эгер чынында эле ошол айтып жаткандардын баары мекенин, элин сүйгөндөр болсо, бизде ушунча көйгөй кайдан чыгып жатат? Мен туулган жеримди жакшы көрөм, жерибиз менен сыймыктанам, бирок Кыргызстандан эч жакка кетпейм деп айта албайм.
- Эгер мүмкүнчүлүк берилсе бул дүйнөдөн эмнени өзгөртмөксүң?
- Атаандаштыкты жок кылмакмын. Бири-бирин көрө албастык, карөзгөйлүк адамды артка тартат. Атаандаштык менен иш жасасак жарыбайбыз. Бир жерде жашап, күндүн нуру баарыбызга бирдей тийип жаткандан кийин бири-бирибизге ниетибизди тазартып жашаган жакшы эмеспи.
- Жеке жашооңо токтолсок?
- Турмуш кура элекмин. Бирок жакшы мамиле жасап жүргөн бир адам бар. Ачык-айрым адамдарды жакшы көрөм. Котур ташын койнуна каткан адамдардан эмнени гана күтүп болбойт. Эң жаман көргөн сапатым - арамзалык. Азыр иштин кызуусунда жүрүп жеке жашоом артка жылып калгандай сезиле берет. Мурда ыр-бийден баш тартчу эмес элем, акыркы убактарда тынч жүргөндү жактырып калдым. Жумуштан кийин таттуу азыктарды алдыма коюп алып диванда чалкалап жатып эс алганды жакшы көрөм.
- Азыр сулуу айымдарга суроо-талап көппү же акылдууларгабы?
- Менин оюмча, сулуу эмес аял болбойт, өзүн карабаган аялдар болот. Аял акылдуу болгон күндө да анысын эркектерге көргөзбөш керек. Эркектер өзүн кыйын, акылдуу сезген селкилерди көп жактырышпайт го. Сулуу болсоң эле бактылуу болосуң деп эч ким кепилдик бере албайт. Тескерисинче, сулуулук тагдырыңды талкалап салган учурлар көп болот эмеспи.
- Бакыт деген эмне?
- Жашаган өлкөңдүн тынчтыгы, жакындарыңдын амандыгы мен үчүн бакыт. Мен дайыма "Бактылуу болгуң келсе, бол" деген бир акылмандын айткан сөзүн көп колдоном. Алты саның аман, ден соолугуң таза, иштеген ишиң, кашыңда жакындарың болсо, андан артык бакыттын кереги не. Кээ бири жогоруда мен санаган нерселерге зар болуп жашап жүрүшөт, айрымдары ошол нерсенин баркына жете алышпайт. Орус элинин "Ар бир адам өз бактысынын устаты" деген жакшы сөзү бар. А бактылуу болуш ар бир адамдын өз колунда деген ойдомун.




  Шыпаагер

Варикоздун арты- инсульт менен инфаркт

Буттун тынымсыз оорушу, кан тымырдын көөп көзгө жагымсыз көрүнүшү варикоз оорусунун негизги белгилери. Бара-бара бул оору бутка эле эмес жүрөккө, мээге күч келтирип өмүргө коркунуч алып келери турган иш. Варикозду түп-тамыры менен айыктырып сала албаса да, дарыгерлер жеңилдетүүнүн ар кандай жолун сунуштап келишет.

Эки бутка эмитен кам көр
Медицина тилинде варикоз кан тамырдын көөп кетиши деп түшүндүрүлөт. Варикоз - көбүнчө айымдардын көйгөйү. Бул оору негизинен адамдарга гана мүнөздүү илдет. Мындай көйгөйдөн жабыркаган бир да жаныбар жок. Анткени алардын денесинин салмагы төрт бутка бөлүнсө, адамдардыкы эки бутка күч келтирет. Эгер аталган ооруну алдын албаса ар бир бешинчи аялдын 40 жашка барганга чейин кан тамырлары чыгып, жагымсыз көрүнүп калышы мүмкүн. Өкүнүчтүүсү, дарыгерлердин айтымында, бул оору жыл сайын "жашарып" баратыптыр. Флебологдор варикоздун алдын алуунун ишенимдүү ыкмасы жок дешет. Бул оору тукум куучулук жолу менен өтүшү да мүмкүн экен. Ошентсе да буттарга туура кам көрүү менен бул ооруну 50-55 жашка чейин кечеңдетсе болот.

Туура тамактанбасаңыз тушаласыз
Организмде жүрөккө кан ташуучу жоон кан тамыр (вена) клапандары бар. Кан клапандар аркылуу өткөн соң клапандар ар кандай себеп менен (туура эмес тамактануу, организмдердин жабыркашынан ) улам жабылып, канды чыгарбай калат. Качан бул система бузулганда кан ылдыйга эркин агып, дененин кайсы бир бөлүгүндө, көбүнчө бутта көпкө туруп калат. Ушундан улам жоон кан тамырлар серпилгичтигин жоготуп, чоюлуп, кеңейип кетет. Кеңейген жерлерде түйүндөр пайда болуп, ал жер терини тээп, тултуюп көрүнүп калат. Бул белги варикоз оорусунан кабар берет. Буттун кан тамыры көөп, басканда, кыймылдаганда күч келтирип оорутат.

Варикоздун белгилери:
?Буттун кан тамырлары лукулдатып ооруп, тарамыштар тартылып, бут тырышат.
?Бут кийимди чечкенде кызыл ашыктын тегереги, томуктар шишип чыгат, ысытып ооруйт.
?Бут талып, салмактанып, балтырлар лукулдап ооруп чыгат.
?Буттун терисинин өңү өзгөрө баштайт.
?Бут оңой менен ысык-суукту сезбей, дайыма уктап калганда чымырап ооруткан абалда болот.

Абайлабаса арты жаман
Аз кыймылдуулук, дайыма туруп же отуруп иштөө, оор жумуштарды кылуунун баары варикоз оорусунун пайда болушуна шарт түзөт. Жыныстык гормондор бузулганда же өзгөргөндө өзгөчө аялдарга коркунуч туулушу мүмкүн. Аял кош бойлуу кезинде салмак кошкондо кан тамырларга күч келип, кан тамырлар жооноет. Көпчүлүк аялдардыкы төрөгөндөн бир жыл өтүп калыбына келсе, айрым аялзатынын кайра калыптанбай да калышы мүмкүн. Варикоздон улам аял төрөттөн эрте калган учурлар бар.
Варикоз оорусу барларга күнгө күйгөндө, мончого барганда, тар ич кийим кийгенде коркунуч жаралат. Себеби, тар ич кийим жамбашты бекем кысып, ал жерде кан топтолуп ооруну күчөшүнө алып келет. Ал эми мончого барганда же күнгө күйгөндө кан тамырда уюп турган кандар жибип, жанданат. Алар организмдеги канга аралашып жүрөккө жетсе инфаркка, мээге жетсе инсультка алып келиши мүмкүн.

Эске тутуп алсаңыз эч оору болбойт
Андыктан бул ооруга кабылбаш үчүн ун азыктарын, таттууну аз жеп, туз, кофе жана шорпону чектөө керек. Кош бойлуу учурда ашыкча тамактануудан кармануу зарыл. Ашыкча салмак бутка күч келтирет.
Буттун кан тамыры өзгөчө балтыр жак көөп, көзгө жагымсыз көрүнөт. Балтыр эттин булчуңдарын иштетүү үчүн колуңуз менен массаж жасап же гимнастика менен машыккан жакшы. Бутту кайчылаштырып отура турган адатыңыз бар болсо тез аранын ичинде ал адатты калтырыңыз. Варикоздун пайда болушуна бирден бир себеп-бутту кайчылаштырып отуруу.
Сауна, мончо дегенге сейрек барып, бир күндө эки жолу бутту муздак суу менен жууп туруу керек. Кечинде жумуштан келгенде бутту аш туз салынган сууга салып отурган пайдалуу. Чытырап ооруп турган буттун жазылып эс алышына аш туздун салымы чоң. Бутту өйдө көтөрүп асып он-он беш мүнөт жатканда салмактанып турган бут жеңил тарта түшөт. Оор жумуштан, оор жүк көтөргөндөн качыңыз. Жогорудагы эрежелерди сактоо варикоз оорусунун күчөп кетпешине өбөлгө түзөт, бирок өз алдынча дарыланып жүрө бербестен, жылына жок дегенде бир жолу дарыгер-флебологдун текшерүүсүнөн өтүп туруңуз.

Бетти даярдаган
Бегимай БАЙБОСУНОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??