presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

Жыдып жатат "жыртыктар"
Англиянын 13-дивизионунда ойногон "Мэдрон" футбол клубу 11 оюнда 220 гол кое берип, тарыхта "жыртык" команда катары кала турган болду. Алар бир оюнда атаандаштарына эң көбү 55 гол соктурушкан. Ошол эле учурда өздөрү 90 мүнөттүн ичинде бир да гол жарата алышкан эмес. Жалаң студенттерден, жергиликтүү бекерпоздордон куралган команда эми жоюлуп кетет деп ойлошсо, үмүтү өчпөгөн клубдун башкы машыктыруучусу биз эми күчтөнөбүз деп аракет кылууда. Ошентип, бир да жеңишке жетпеген "Мэдрон" клубу турнирдик тактада артынан экинчи орунду ээлеп туру.

Салгылашууну берсе да, согушту бербейт
Швейцариялык теннисчи Роджер Федерер ЭйТиПинин (ATP) жылдык жыйынтыктоочу турниринде атактуу испандык теннисчи Рафаэль Надалды 3 сетте "уктатты". Жарым финалдык оюнда 3 саат 50 мүнөт кармашып, британдык Энди Маррейди араң уткан Рафа Федерерге чыкканда араң эле бут шилтеп чыккан эле. Ошентсе да легендарлуу атаандашынан бир сет утканга жарады. Бул жолку финал менен эки дөөнүн кармашынын саны 22ге жетти. Жалпы эсеп боюнча 14-8 эсебинде испандык теннисчи алдыда. Жалпы эсеп боюнча уттурган Федерер маанилүү беттештерди гана утаары таң калтырат. Ушуну менен Роджер 5-жолу жыйынтыктоочу турнирди жеңди. Буга чейин 2003, 2004, 2006 жана 2007-жылдары жылдын башкы беттешин эч кимге алдырган эмес.

Багынбаган "Барселона"
"Барселонанын" башкы машыктыруучусу атактуу королдук клуб "Реалды" катары менен 5 жолу уткан жалгыз адис болуп калды. 2008-жылдан бери каталондуктардын башында турган Хосеп Гвардиола "Реал" менен болгон бүт беттештерин утуп жатат. Биринчи жылы 2:0, 6:2, экинчи жылы 1:0, 2:0 эсеби менен утса, быйылкы жылдын эсебинен биринчи оюнун 5:0го жеткире алды. 29-ноябрда атактуу "Ноу Камп" стадионунда өткөн беттеште Давид Вилья 2 гол, Хави, Педро Родригес, жана Хеффрендер бирден гол сокконго жетишти. "Реал" футбол клубу, Криштиану Роналдо, Жозе Моуриньо, Кака сыяктуу кымбат баалуу футбол жылдыздарын өзүнө чогултса да, 3 жылдан бери "Барселонага" алы жетпей келет.

Пулуң болсо кулуңмун
Буга чейин букмекерлердин торуна илинип, мафияга аралашкан командалар катары Италиянын, Грециянын, Россиянын футбол клубдарын айтып келсек, эми мындай кадамдар Англияда да көрүнө баштады. Атактуу "Манчестер Юнайтед" футбол клубу премьер лиганын алкагындагы акыркы оюнунда Бирмингемди 7:1 эсебинде утканын билебиз. "Оо, кызыл шайтандар күүлөнө башташты го" деп ойлоп жатсак, Англия Кубогунун былтыркы ээлери бул турнирдин быйылкы жүрүшүндө кыбырап араң жанын багып келе жаткан "Вест Хэмге" 4:0 эсебинде "жатып беришти". Спорт сүйүүчүлөрү "Манчестериң" деле Моссоветтеги кыздардан айырмасы жок тура деп сөгүнүп жатышат.

Бекхэмге бозо берелиби?
Англиянын экс-капитаны Дэвид Бекхэм АКШнын "Лос-Анджелес Гэлакси" футбол клубунда оюн көрсөтүп келет. Жыл сайын АКШда каникул болгондо спорттук формамды жоготпоюн деп Европанын бир клубунда убактылуу ойноп берчү. Былтыр Италиянын "Миланына" салымын кошсо, быйыл өз мекеним Англияга барсамбы деп кыйыткан. Аны уккан "Эвертон" футбол клубу куда түшө салса, Дэвид байкең, мени адам кылган "Манчестер Юнайтеддин" биринчи душманы болгон "Эвертонго" өлсөм да барбайм деди. Андан көрө арактан бастырып жүрүп Москванын бир клубунда ойногонум артык дептир. Бозо куюп беребиз деп Кыргызстанга чакырсак окшойт, "Дордой" аксап жатканда.

Оюнчулардын оозу сасыды
Эстерсундда өтүп жаткан биатлон боюнча дүйнө кубогунда кызык окуя болуп жатат. Кадимки крандан аккан суудан ичеги-карынга инфекция жугузуп алган спортчулар туалетке чуркап ит болушууда. Бул илдетке Эстерсунддун 20 пайыз калкы кабылып, дүкөндөрдө сатылуучу суулар калбай калыптыр. Франция менен АКШнын айрым биатлончулары ушунун айынан жарышка катыша албай калышты. Муну уккан Норвегия командасынын башкы машыктыруучусу кол алдындагылары оозуңарды сууга тийгизе көрбөгүлө деп катуу тыюу салыптыр. Душка түшсө да оозун сууга тийгизбеген норвегиялыктар сүйлөгөндө өлүк иттин жыты келип атат деп башка спортчулар нааразы болуп жатышат.

Шам-шум эте коем деп, Шайбачыдан шай кетти…
Россиянын хоккей боюнча жаштар лигасында оюн көрсөтүп жаткан "Ладья" командасы менен "Сибир снайперлери" командасынын ортосунда беттеш болбой калды. Анткени, Новосибирскиден Тольяттиге келе жаткан "ладьячылар" тамактанууга токтоп убакыт коротпойлу деп, бир автобус адамга гамбургер алышкан экен. Эски-уску эттерди кошуп айдап ийген фаст-фудчунун айынан бир топ хоккей жылдыздары ооруканага түштү. Учурда гамбургерчи изделүүдө.

Мушташам дедимби, мушташам!
Бокс боюнча экс-дүйнө чемпиону Олег Маскаев бүткүл дүйнөлүк боксерлор кеңешин сотко берип жатат. Анткени, жогоруда аты аталган уюм Маскаев менен Виталий Кличконун ортосундагы беттешти уюштурбай коюшуптур. Кличкого чыгыш үчүн Маскаев доминикалык Нахи Агилеруну жеңиш керек эле, аны жеңе албай калган. Ошол шарттан улам абройлуу уюм Кличко-Маскаев беттешин уюштурган эмес. Учурунда Олег дүйнө чемпиону титулун нигериялык Сэмуэль Питерге уттуруп ийген, аны болсо Кличко кыйналбай эле утуп алган. Окемдердин чоңмуштуму мен ал кезде колумдан жарат алып, чала жан болуп турган элем. Силер ага карабай беттешти өткөрүп салгансыңар. Мен машыкканда Кличконун сүрөтүн коюп даярдангам, алым бир гана Кличкого жетет деп төш кагып жатат.

Кыйын экен Клийстерс
2005-жылы жылдын мыкты теннисчиси болгон бельгиялык айым Ким Клийстерс бир баланы төрөп чоңойтуп, кайра 4 жылдык тыныгуудан кийин чоң тенниске аралашып, тез эле жылдын мыктылыгына татыктуу болду. Бул жылы Ким сулуу эң абройлуу беш турнирди жеңди. Анын ичинде Американын ачык чемпионаты, WTAнын жылдык жыйынтыктоочу турнирлери да бар. Ошентсе да, WTA рейтингинде Клийстерс 3-орунда турат. Көч башында 20 жаштагы даниялык Каролина Возняцки менен окемдердин сулуусу Вера Звонарева. Ал эми эркектерден кем калышпай тытынган Серена Уилямс жараттын айынан эс алып жаткандыктан, бул сулуулар өрдөк жокто чулдук бий болуп жыргап эле калышты.

Отун жаккан окемдер
Өткөн аптада күндүн суугуна карабай акыркы оюнун 0:0 менен аяктаган питердик "Зенит" футбол клубу Россиянын чемпиону аталган. Түштүк борбордун футболчулары 3 күн 3 түн күйөрмандары менен биргеликте "жинди суудан" болушунча бастырышкан. Мурда күнү Европа лигасынын алкагында өз үйүндө Бельгиянын "Андерлехт" клубун кабыл алып, 3:1 эсебинде утушту. Муну менен питерликтер бул турнирдин алкагындагы өзүнүн бешинчи беттешин утуп жатышат. Чындыгында "Зенит" өз тобунан мөөнөтүнөн мурда эле биринчи орундан кийинки тайпага чыккан. Кечээ пахмелге муктаж болгон орустар утулуп берет деп отурсак, -10 градус суукта футбол талаасына чыгып, мындай суукту көрбөгөн бельгиялыктарды куп жүдөтүштү. Көрсө окемдер бир жагынан башы ооруп, экинчи жагынан үшүп, "суюк отундан" ичине жагып алган экен, ошол жардам бериптир. Эгер дүйнө чемпиондугу кышында, Россиянын суугунда өтчү болсо, "жинди суу" сүйүүчүлөрү Бразилияны деле уктатчудай.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«