presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Джулия Робертс
Голливуд жылдызы Италиянын "Лавазза" аттуу кофесинин 45 секунддук жарнагына тартылганы үчүн 1,2 млн. евро гонорар алды. Бул роликте актриса бир дагы сөз сүйлөгөн эмес. Дудуктай тартылып туруп акча табуу боюнча Джулия айым азырынча рекорд коюуда.

Владимир Путин
Россия премьер-министри CNN телеканалына интервью берип жатып, Медведев экөөбүздү Бэтман менен Робинге салыштырганыңар кичине этикага туура келбей калат го деп чычалады. Анткени батыштын ММКлары бул экөөнүн тандемин белгилүү тасмадагы эки каарманга окшоштуруп көп макала жазып жүрүшөт. Андан сырткары, Путин 2018-жылкы футбол майрамын кабыл алууга болгон жарышка барбаганынын себебин айтты. Көрсө, Владимир Владимирович мен барсам, мени сыйлагандыктан ФИФА бул укукту бизге берип коюшу мүмкүн. Андыктан Россия делегациясынын шарттары талапка жооп берсе кабыл алышсын, болбосо мындай чоң майрамды нааразылык жаратып талашпаганыбыз оң деди.

Дарья Коновалова
1-декабрда Москвада "Россия сулуусу - 2010" сынагы аягына чыкты. Кызуу өткөн жарышта ярославлдык 22 жаштагы Дарья Коновалова жеңүүчү болуп чыкты. МГУнун социология факультетинде окуган кыздын координаттарын сурап деканатка эмитен Кремлден чоңдор чала баштаптыр. Сулуу кыз эми курсактуу чоңдор менен кримавторитеттердин таландысында калат окшойт.

Николя Саркози
2007-жылы Сеголен Руаяль аттуу айымды жеңип президент болгон Николя Саркози эмки шайлоого барып, кийинки мөөнөткө да калам, мага Елисей сарайы жагып калды деп бир жерде балп этип ийиптир. Муну уккан журналисттер менен атаандаштары демек, сиз ушунчалык өзүңүзгө ишенип жатсаңыз шайлоону бурмалоого жол берет турбайсызбы деп бурчка такашты. Анткени пенсиялык жана экономикалык реформаларды киргизе коем деп Саркози француздарга жаман көрүнүп алган. Учурда аброю анча эмес. Өлкө башчысы мен антип айткан эмесмин, мыйзам боюнча экинчи мөөнөткө барсам болот деп айтканымды туура эмес түшүнүп алыпсыңар деп актанып жатат.




  ДҮЙНӨКҮН


КАРДҮЙНӨ. Лейпцигде жаңы эле жааган карга кубанган 500дөн ашуун тургундар массалык түрдө кар менен урушуп ойноп жатышып, оюндан от эмес "өрт" чыгарып ийишти. Башында 40ка жакын жаш балдар экиге бөлүнүп алып кар атышып жатышкан. Ары-бери өткөндөр кызыгып кошулуп отуруп, "жаш балдардын" саны 500гө жеткен. Катуурак сокку жеп калгандар алгач карга майда таштарды кошуп чаап жатышса, кийинчерээк жөн эле таш, пивонун бөтөлкөлөрү менен да атыша башташкан. Жыйынтыгында бир машине талкаланып, бир нече адам жана ызы-чууну токтото албай жүргөн 5 полицей жарат алышты.

ТОПДҮЙНӨ. Австралиялык бир окуучу мектепке барганда сумкасын ачса ичинен жылан чыгат. Сабак берген мугалими атайын адистерди чакыртып, жыланды кармашат. Көрсө, мадырабаш мектептен чыгып балдар менен футбол ойноп жатканда сумкасына жылан кирип кетиптир. Үйүнө чарчап барган бала үй тапшырмасын аткарбай жатып алат. Караңгыны сүйгөн жылан сумкадан чыкпай жата берет. Эгер окуучу тапшырманы аткаруу үчүн үйүндө сумкасын ачканда жабыркап калышы мүмкүн эле. Кээде жаман окуучу болгон да өмүрдү сактап кала турганына азыркы окуя мисал боло алат.

ПУЛДҮЙНӨ. "Маттел" компаниясы аргентиналык сүрөтчүлөр Брено Коста менен Гильермо Соусаны сотко берип жатышат. Анткени алар дүйнөгө белгилүү Барби куурчагынын жылаңач сүрөттөрү чагылдырылган календарларды сатыкка чыгарышкан. Куурчак болсо да жылаңач кыздарды көргүсү келген эркектер бул товарды тытып алганы "Маттел" фирмасынын ичин күйгүздүбү же чын эле Барби кыздарынын аброюн ойлоштубу, айтор, болбой эле болбогон нерсени сотко берип жатышат.

ТОРТДҮЙНӨ. АКШнын Флоридасында уурулукка кирген кылмышкер кожоюндар көпкө кеткенин билип калып, өз билгенин кылыптыр. Мындай ыңгайлуу, кооз ашкананы көрбөгөн байкуш кыялын орундатып, өзү торт бышырып жеп, кымбат баалуу эмерекке чалкалап жатып алып порно фильмдерди көрүптүр. Муну кожоюндардын кошунасы байкап, полицейлерди чакырып токтоткон. Баарынан кызыгы, куралчан жүргөн кылмышкер тортту адистерден кем эмес мыкты жасагандыгында болуп жатат.

УХДҮЙНӨ. Венгрияда "Пластикалык хирургиянын сулуусу" аттуу конкурс болуп өттү. Жыйынтыгында Александра Кочиш жеңүүчү деп табылып, дүйнөлүк сулуулар конкурсуна жолдомо алса, экинчи орунда Анита Дюриш болуп Кате Сакалды артта калтырды. Бул конкурстун шарты боюнча катышуучулар денесинин бир жерине сөзсүз түрдө пластикалык операция жасаткан болушу зарыл эле. Муну далилдеген атайын медициналык кагаз талап кылынат. Бул жолку жеңүүчүлөр төшүн, жамбашын, мурдун оңдоткон сулуулар болуп чыкты. Бирок аларга операция кылынганы такыр билинбейт. Медициналык кагазын көрбөгөн адам табиятынан ушундай деп ойлошу мүмкүн.

СҮЙДҮЙНӨ. Сүйүшкөн эки жаш Марк жана Дениз Даффилд-Томастар 6 айдын ичинде 85 жолу баш кошуу аземин өткөрүшүп, Гиннестин рекорддор китебине катталышты. Кантип деп таң калып жатасыздарбы? Көрсө, үлпөт саякаттарын уюштурган компания бул эки бекерпозду 30 миң талапкердин ичинен тандап алышыптыр. Алар дүйнөнүн ар кайсы бурчунда үйлөнүшүп, кайсы жерде кандай болгону тууралуу маалымат беришип, сезимдери менен кардарларга бөлүшүүсү керек экен. Ошентип эки жаш алты айдын ичинде 85 жолу бири-бирине макулдугун берип, АКШ, Ирландия, Занзибара, Австралия, Таиланд, Маврикий, Индонезия, Иордания жана башка өлкөлөрдө баш кошушту.

ҮНДҮЙНӨ. Швециянын 45 жаштагы тургуну Фредерик Хелмквист курсагынан музыка жаңырткан биринчи адам болуп тарыхта кала турган болду. Бу баатыр узундугу 3 сантиметрлик, туурасы 1,5 сантиметрлик атайын жасалган аудиосистеманы жутуп ийип, сыртка угула турган үн жаңыртты. Ошентип курсактан алгачкы жолу Глории Гейнордун "I Will Survive" аттуу ыры угулду. Мындай ачылышын Фредерик 12 миң евродон сатам деп туру. Баса, ал аппаратты кайра кусуп алса да болот экен. Анткени анын сырты жумшак этке окшош материалдан жасалган.




Украина. Жогорку Раданын депутаттары суук түшөрү менен сессияга курткачан отура башташты. Анткени Рада бюджеттин тартыштыгынан жылуулук берүүгө каражат таба албаптыр. Себеби бюджетти кабыл алган депутаттар жылуулук берүүчү бөлүмдү атайын карабай койгондуктан, айрым чиновниктер эл кантип үшүп отурганын көрсүн деп ушул кадамга барышууда. Бул учурда депутаттар тоңуп отура бербей бат-бат иштейли деп тыныгуусуз, түштөнүүсүз иштешүүдө. Мындай суук абалда депутаттар реклама жөнүндө мыйзам кабыл алышты. Эми телеканалдар жарнамалар башталганда ал канча убакыттан кийин бүтөрүн билгизе турган белги кое тургандай милдеттендирилди.
Румыния. Президент Траян Бэсеску жакынкы 25 жыл ичинде Молдова бизге кошулуп бүтөт. Бул процесс акырындык менен башталды. Молдованын парламентине Румынияга кошулууну каалаган партия келди, эми алар бул үчүн аракеттерди көрө баштайт. Учурда 70 миңден ашуун молдовандар Румыниянын паспортун алышты. Молдованын башка шаарларына да консулдуктарды ачсак, румындаштыруу процесси тездейт. Бул ишке бир гана Россия бут тосушу мүмкүн деп билдирди румын президенти.
Астана. Казакстандын борборунда ЕККУ саммити өткөнүн массалык маалымат каражаттары какшап эле жатышат. Кырктан ашуун мамлекет башчылары катышкан бул ири саясый иш-чара казактарга ушунчалык таасир берген окшойт, айтор, Молдобековдордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн баланы Саммит деп аташыптыр. Мындай атты чоң ата, чоң энелери тандаганы белгилүү болду. Мындай ыргак менен кете берсе жакында казактардын Саулелери Азиадага айлана башташат окшойт. Анткени бир айдан кийин Астана менен Алматыда кышкы Азия оюндары өткөрүлөт.
Афганистан. Нангархар аймагында НАТОнун аскер кызматкерлерин атып өлтүрүштү. Согуштук жүрүш учурунда эмес, кадимки машыгуу учурунда эле афган полициясынын кийимин кийген бирөө келип, татыратып адамдарды атып кирет. Жыйынтыгында бир нечеси жарат алып, алты НАТОчу курман болду. Кылмышкер ордунда өлтүрүлүп, анын полиция кийимин кийген талиб же чыныгы полициячы экенин аныктаганга жетишпей калышты. Учурда Афганистанда 55 миң НАТОчу кызмат өтөп жүрөт. Алар 2014-жылы талибдердин баарын жок кылып, бийликти толугу менен өкмөткө өткөрүп беребиз деп убада кылышууда.
Лондон. Европада кыштын ызгаардуу күндөрү башталары менен метрочулар нааразылык акцияларына чыгышты. 10 миңден көп метрополитен кызматкерлери жумушун таштаган учурда жер үстүндө унаалардын тыгыны, жер астында адамдардын тыгыны пайда болуп, Улуу Британиянын борбору кыймылсыз токтоп калды. Кошумча жүздөгөн автобустарды алып чыгышса да тайгакта көпчүлүктү суюлта албай жатышат. Бул иш-чара казынага 50 млн. фунт стерлингдик чыгым алып келди. Пикетке чыккандар метрочулардын жумуш ордун кыскартпай, айлыкты болбоду дегенде ушул деңгээлде кармап калуусун талап кылышууда.
WWW булактарынан даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«