presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Болот Макетаев:
"Чачым "Тагдырдан" агарды"

Коомдук биринчи каналда "Тагдыр" көрсөтүүсүнө атайын алыстан ат арытып, арыз-муңун айтып келгендер көп. Ушунча жыл теледен өчпөй келаткан бул программанын сыры - карапайым адамдардын жашоодон жабыркап, тагдырдын оор капшабына кабылып, эч жерге үнү жетпей, акыркы үмүткө жетеленип келгендигинде. "Тагдырды" күтүп көргөндөр көп. Бул программанын автору жана алпаруучусу "Тагдыр" ачылганда институтту жаңы аяктаган, кыл мурут жаш жигит болуп экранга чыкса, азыр чачын ак аралап барат. Ушунча жылдан бери канчалаган карапайым адамдардын сообуна калып, алардын үнүн жогору жакка жеткирген тележурналист Болот МАКЕТАЕВди кепке тарттык.

- Телевидениеде иштегениме 24 жылдын жүзү болду. Иштегениме бир жыл болгондон кийин эле "Тагдыр" көрсөтүүсүн ачтык. Ушунча убакыттын ичинде улуттук телеканалда канчалаган программалар, көрсөтүүлөр ачылып, бирок көп жашабай жок болуп кетти. "Тагдыр" программасы башкалардан айырмаланып, канчалар "өлтүрөбүз" дешсе да аман-эсен келаткан көрсөтүү. Ортодо бийликтин кийлигишүүсү менен көп жолу бут тосуулар болду. Мурунку эки бийликтин учурунда "Тагдырдын" зарылдыгы деле жок, элдин жашоосу мыкты деген маселелер айтылды. Атүгүл көрсөтүүнү эл көрбөй турган убакка коюп салышты. Биздин телеканалда программаларды көрсөтүү убакытын кээ бирөөнүн жеке кызыкчылыгына карата өзгөртүп, атүгүл "чаап" да салышат. Берүүлөрдүн убактысы боюнча система так болуш керек. Мисалы, Москва телеканалындагы "Поле чудес" дайыма бир убакытта болот. Аны көрүүчүлөр ошол убакытта көрүшөт. Анын убактысы эч качан жылбайт. А бизде кыргызчылык болуп кетет.
- "Тагдыр" көрсөтүүсүнүн таржымалы кандай, бул идеянын чыгышына не себеп болду?
- "Тагдырга" келгенче радиодогу "Кутмандуу болсун кечиңер", "Бейпил түн" деген уктурууларга лирикалык чыгармаларды жазып турчумун. Ошол кездеги телеканалдын жетекчиси Умтул Орозова бир күнү мени чакырып сүйлөшкөндөн кийин эле кызматка алды. Агезде окуумду жаңы аяктагам. Ага чейин телевидениеде "Өспүрүм" деген көрсөтүүнү алпарчумун. Ушул көрсөтүүгө Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан мүшөктөп каттар келер эле. Келген каттар ар кандай мазмунда болчу. "Кайдасың кайрымдуулук?" деп балдарын таштаган энелер жөнүндө биринчи жолу жасаган көрсөтүүм "Тагдырдын" бетачаары болгон эле.
- Жыйырма үч жылдан берки "Тагдыр" көрсөтүүсүнүн каармандары тууралуу китеп жазам деп жүрдүңүз эле…
- Ушунча жылдын ичинде ар түрдүү тагдырлары менен кайрылган адамдардын саны абдан көп. Алардын тагдыры тууралуу китеп жазып даярдап койгом. Бирок каражат маселеси кендирди кесүүдө.
- Бир кезде алып чыккан "Биздин айыл" деген элеттик көрсөтүүңүз токтоп калган эле, жакындан баштап кайра жанданганын көрдүк…
- Бир жумада "Тагдыр" көрсөтүүсү, экинчисинде "Биздин айылды" тартуулайм. Азыркы жетекчилик ушул көрсөтүүнү кайрадан калыпка салганына ыраазымын. "Биздин айылдын" негизги максаты ошол айылдан чыккан патриот инсандардын туулуп өскөн жерине жасаган кызматын көрсөтүү эле. Мурунку ИИМ министри, милициянын генерал-майору Бакирдин Субанбековдун туулган жери Жайыл районундагы Кызыл-Октябрь айылына жасаган жакшы иштери тууралуу көргөзсөм, сен Акаевдин кишисин мактап чыгардың деп мени күнөөлөштү. Бул киши айылына той-аш өткөрүүчү, өлүк узатууга керектелүүчү боз үй, идиш-аяк, дагы көп муктаждыкдарын сатып бериптир. Азыр ошол айылда кандай гана иш- чара болбосун өзүлөрүнүн боз үйүн, идиш-аяктарын колдонушат экен. Айылдын мүрзөсүнүн тегерегин тосуп, мечит салып, жолун асфальттап бериптир. Мектебине да чоң жардам берген экен. Ошол кишинин ушундай жасаган иштерин көрсөткөнүм үчүн программаны жоюп салышкан.
- Бул эки көрсөтүүдөн да башка программаны даярдап атам дедиңиз эле…
- 8-декабрда биздин кесиптик майрам күнү "Обьектив" деген көрсөтүүнү алып чыгууга камданып атабыз. Бул программа көргөнүн көргөндөй көргөзөт, калп айталбайт. Бир күнү ошол "обьектив" жашыруун камера менен бечаранын кийимин кийип, акимчиликтин алдына барат. Ал жердеги чиновниктердин бечарага кандай мамиле кыларын, канчалык деңгээлде көңүл бурарына баа берет. Андан кийин тилемчи болуп милициянын алдына барып, алардын кандай мамиле жасарын көрөбүз. Үстүмдө эски чапан, сакалы өскөн жүдөгөн чалга айланам. Дегеле кайырчылар бир күндө канча акча табат? Бирок дайыма эле ушундай нерселерди көргөзбөй, бир күнү мончого киришим мүмкүн. Мончонун тегерек четинде базарлар, чачтарач, башка дагы кызматтар бар ошолордун артында ким турат? Көпчүлүк түшкөн мончонун бир күндүк жашоосун ачып беребиз. Аны акыркы жолу аудит качан текшерген, жыйынтыгы кандай болгон, бул боюнча да маалымат алабыз. Азыр көчөдө жолбун иттен көп неме жок, ошол иттердин турмушун тартайын дегем. "Ит адамдын досубу?" деген аталышта ит базардан көрсөтүү даярдасамбы дейм. Дайыма эле коомдогу жат нерселерди көргөзө бербей, жагымдуу көрүнүштөрдү да чагылдырабыз. Мисалы, белгилүү адамдын үйүндөгү жагымдуу көз ирмемди көрсөтөбүз.
- "Тагдыр" көрсөтүүсүндө иштеп жүрүп, жашоодо оор кырдаалга кабылдыңыз беле?
- "Тагдырдагы" адамдардын көйгөйү өзүмдүн жеке жашоомдо деле көп жолу кайталанган. Мен өзүмдү ал адамдардан бөлүп карай албайм, баарыбыз тең пендебиз, бизге кандай тагдыр буюрса ошону көтөрөбүз.
- Бирок сизге кайрылгандардын арасынан кимдин тагдыры эч эсиңизден кетпейт?
- Менин эсимен бир жаш баланын тагдыры кетпейт. Учурда ал жаш бала чоңоюп, белгилүү жигитке айланган. Кичинесинде карындашы менен жетимчиликтин, жокчулуктун азабын көп көргөн. Жаңы жылда элдин баары жылуу үйдө телевизор көрүп ырдап атышса, булар карындашы экөө үйүнөн куулуп чыгып, айылдын мүрзөсүнө барып жатышат. Алар жеңесинин колунда калып, анын өгөйлүгүн көрүшкөн. Убагында ошол жигитке чындыгында эле оор болгон. Кыштын күнү карындашы экөөнүн бутунда кытайдын тапичкеси, айылды аралап, туугандарын издеп мүрзөгө барышыптыр. Таңатканда бир атчан абышка көрүп, аларга боору ооруп алып кетет. Анын айтканы алигиче эсимден кетпейт. Азыр ошол бала мага келип жолугат го деп ойлогом, бирок андай болбоду.
- Сиздин "Тагдырыңыздан" тагдыры оңолгондор көп болсо керек?
- Андайлар көп болгон. Бизге кайрылгандардын таламын талашып, экинчи жагына байланышканда алар коркуткан учурлар да болгон. Биз экинчи бул темага кайрылбайбыз, ошол бечаранын маселесин чечип койгулачы деп суранган күндөр болот.
- Программага кайрылган адамдардын сөзүнөн же көзүнөн анын абалын дароо байкай аласызбы?
- Жыйырма жылдан ашуун жалаң ушул темада иштеп, миңдеген адамдар менен баарлашып жүрүп, психолог деле болуп калат экенсиң. Мага келген адамдардын канчалык деңгээлде кыйналып атканын анын көзүнөн эле билем. Эгер мен журналисттик кесипти аркалабасам жакшы тергөөчү же жакшы психолог же мыкты ырчы болмокмун. Кээде ушул программаны тандап алганыма өкүнүп да кетем. Кайрылган адамдардын тагдырын жүрөгүм менен кабыл алам. Ошондон улам чачым агарды, канчалаган нерв кетти, өмүрүмдү ушул тагдырга арнагандай болдум. Ушунча адамдын оор тагдырын угуу чындыгында кыйын. Кээде элдин көйгөйүн дайыма алып чыгуудан чарчап кетем. Андан көрө адамдын көңүлүн көтөрө турган көрсөтүүнү даярдоону да туура көрөм. Телевидениеде камера жетишпейт. Ошол учурда кичине кыйналып калабыз. Мисалы, кечээ бир жаш келинди туугандары бизге алып келишиптир. Аны музыкант бала алакачып кетип, алты ай эч жакка чыгарбай үйүндө камап жаткан экен. Акыры ал келин өлөрүндө туугандары келип алып кетиптир. Ошолор келгенде техника жок, башка студиядагы камераны сурап чыгып тартып калдым.
- Бирөөлөрдүн тагдырын көргөзөм деп жыландын куйругун басып алган күндөр болгон жокпу?
- Бардык чындыктын эки тарабы болот. Ошондуктан эки тараптын укугун бирдей кармап келем. Балким, ошондон улам өлбөй тирүү жүрөм деп ойлойм. Эгер экинчи тараптын сөзүн укпай бир тараптуу эле берсем, анда бул материал бышмайынча кетпейт. Ал жагынан мен тынч уктайм. Эгер экинчи тарап сүйлөп бербесе, сүйлөөдөн баш тартты, бул алардын өз укугу деген маалымат менен чыгабыз. Экинчи тарап дайыма жаман көрөт.
- Көп жылдан бери иштеген журналисттердин эмгеги бааланып, мамлекеттик сыйлыктарга татышты. Сиз ушунча жыл иштеп жүрүп кандай сыйлыктарды алдыңыз?
- Илгери "Кыргызтелефильм" студиясы сынак уюштуруп, жеңүүчүсү катары "Тагдыр" программасына күмүш менен капталган "Үзөңгү" деген сыйлык беришкен. Ошол көрсөтүүдө карылар үйүнө барып улгайган кемпирдин өлүп атканынан баштап, анын кантип коюлганына чейин тарткам. Ал жактагы карыларды кепиндебей жөн эле көмүп салышат экен. Араба менен өлүктү алпарып ар кандай диндеги маркумдардын мүрзөсүнө коюшту. Көрсөтүүдө ушулардын баарын айтып, "өлүктөрдү таштап, бош келаткан араба дагы кайсы шордууну алып кетейин деп баратат, бул жерде жаткандардын балдары барбы, укса топурак салганы келеби" деп аяктайт. Ошондо "Тагдыр" көрсөтүүсү жаңы эле башталган. Башы жакшы башталды, мындан ары теминип жүр дегендей үзөңгү беришкен. Андан тышкары, "Мыкты долбоор", "Мыкты журналист" деген сыяктуу дипломдорду, ыраазычылык баракчаларын көп алдым. Бирок эң негизги мамлекеттик сыйлык ала элекмин.
- Эмне үчүн сиздин эмгегиңиз мамлекеттик деңгээлде бааланбай келет?
- Өзүлөрүн сыйлыкка көргөзгөн адамдарга абдан таң калам. Анын эмгегин башкалар баалаш керек. Мурунку жетекчилердин учурунда да өзүлөрүн көрсөткөндөр болгон. Бизди телевидениенин кесиптик майрамына карата мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүп атышат. Эми ошол бериле турган сыйлыктар азыртадан эле бөлүнүп калганын уктук. Президент Р.Отунбаеванын бийлигинде журналист Б.Досалиева "Азаттыктан" сыйлыктарды бөлүштүрүү боюнча комиссиянын төрагасы болуп келгенин угуп, эми мурункулардай болбой адилеттүү карап берет деп ойлойм. Көп жылдан бери теленин жүзүн ачып, эмгеги бааланбай келаткан диктор Бактыбек Мамытов да эл артисти наамына татыктуу деп ойлойм. Азыркы бийликтен үмүтүбүз бар.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??