presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Элета

"Кышкысын бизде жашоо кыйын"
26-ноябрь күнү Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында "Өз токоюңду отургуз" аттуу акция өттү. Акция ПРООНдун дарыя жээгиндеги токойду калыбына келтирүү демилгесинин негизинде түзүлгөн проектинин үзүрү болду. Он эки айыл өкмөтүнүн ичинен Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн долбоору утуп чыгып, жыйынтыгында элүү гектар жерге 49 миң көчөт отургузулмай болду.

Айыл жергесинде эң негизги маселе отун көйгөйү. Учурда Көк-Мойноктун мектебине, медициналык мекемесине кышкыга көмүр түшүрүлгөнү эле болбосо, айыл тургундарынын көбү отун менен камсыз болуша элек. Көмүр кол алдында болгону менен былтыркыга караганда быйыл кымбат дешет айыл тургундары. Туруктуу жумуш, маяна болбогондуктан айылдыктар көмүр ала алышпай суу жээгиндеги токойду да суюлтуп бүтүшүптүр. Ошондон улам ПРООНдун волонтерлору менен айыл тургундары "Өзөн боюндагы токойлорду тигүү жана калыбына келтирүү" деп аталган долбоорду ишке киргизүүгө бел байлашкан экен. Бак отургузуу акциясына катышып, балдардан абышка-кемпирлерге чейин жан үрөп иштеп жатканына күбө болдук.
Бул акцияны коштой мектеп окуучуларынын арасында "Өз токоюңду отургуз" көргөзмө сынагы өттү. Балдардын фантазиясына бир эсе таң калсаң, бир эсе оптимисттик көз карашына ыраазы болосуң. Окуучулардын арасынан 2-класста окуган Мыскал Мирланованын "Токой каракчыларынын курултайы" деген эмгеги биринчи орунга татыды. Мыскал өз фантазиясына таянып от жагып жаткан бүлдүргүчтөрдү чагылдырган эмгек жаратыптыр. Мектеп окуучулары муну менен эле чектелбей, акциянын жүрүшүндө ар кандай оюн-зоокторду уюштуруп, табиятка, мекенге арналган ырларын аткарышып, келген меймандардын көңүлүн көтөрүштү. Меймандар арасында куудул Күмөндөр Абылов менен эстрада ырчысы Ырыскелди Осмонкулов да болду. Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Айыл өкмөтү" деген тасмасы ушул айылда тартылганынан көпчүлүгү кабардар болсо керек. Бир айдан ашык көкмойноктуктардын туз насибине ортоктош болгон куудулду айылдын жашоочулары кыйла эле сагынышыптыр. "Бир убакта ушул айылда кыска мөөнөткө айыл өкмөтү болуп иштеп калдым эле" деген куудул айылдыктарды күлдүрүп, эл менен кошо бак отургузушуп жүрдү.
Балыкчы токой чарбасынын директору Бакыт Мусабаевдин айтымында, күн сууктаган сайын токойлорду кыюу иши эки эсе күчөйт. Колго түшкөн бүлдүргүчтөр бактын чоңдугуна, бийиктигине жараша акчалай айып төлөшөт. Мисалы, атайын түзүлгөн табель боюнча бийиктиги 50 метрлик бак кыйылса браконьердин капчыгы 12 миң сомго жукарат. Элдин отун көйгөйүн эске алып, атайын токой чарба жетекчилиги куурап калган бактарды кыйып, элге арзан баада сатууну да колго алган. "Кубаттуулугу көмүрдөй болбосо да токойду жашыруун кыйып, тоногондон көрө отунду арзан баада бизден сатып алышса, мамлекетке да, өздөрүнө да жакшы болор эле" дейт Бакыт мырза.
Табигатты коргоо, көздүн карегиндей сактоо керек экенин куру сөз менен айтып ооз менен орок оргонго караганда, ушундай иш-чаралар уюшулуп, практика жүзүндө көрсөтүлүшү элге да, бизге да жакшы таасир калтырды.




Көк-Мойнокто дагы кандай жаңылыктар, ошону менен бирге эле көйгөйлөр бар экенин билүү максатында айыл өкмөтү Майрамкүл КАДЫРКУЛОВАга кайрылдык:
- Майрамкүл Асылбековна, токойду жандандыруудан сырткары айылда дагы кандай жакшы саамалыктар өткөрүлүп жатат?
- Буюрса, жакында экологиялык клуб ачалы деген максатыбыз бар. Токойду жандандыруудан сырткары Көк-Мойнок улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айылы болгондугу менен да сыймыктуу. 2014-жылы манасчынын 120 жылдыгы болот, ошого эмитеден даярдык көрүп жатабыз. Мындан эки ай мурун "Саякбай Ата" фонду түзүлүп, ага 220 миң сом каражат бөлүндү. Ак-Өлөң айылынан үч гектар жер бөлүнгөн, ошол жерге манасчынын музейин салалы деп жатабыз.
- Айылда баш-аягы канча түтүн жашайт?
- Айыл жалпы 111 миң 320 чарчы метр аянтты ээлеп, баш-аягы 2936 адам жашайт. Бул жерде азыр жаштарды кезиктирүү кыйын. Анткени жумушсуздук маселеси бизге да кедергисин тийгизип, жаштардын көбү башка жактарга иш издеп кетишкен. Жай мезгилинде Көк-Мойноктун тургундары жол жээгине боз үйлөрүн тигип, соода кылып акча табышат. Кышкысын жумуш менен камсыз кылуу оор. Учурда минтип акциянын аркасы менен көчөт тигүүгө элүү адамды ишке тарттык. Ар бир адамга күнүнө 300 сом төлөнөт. Бак отургузуу он күнгө созулса жок дегенде ар бири үч миң сомдон акча таап алат. Азырынча айыл текши кышка даяр эмес. Мектеп, ФАБга көмүр түшүрүлгөнү менен катардагы жашоочулардын көмүр сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Ушундан улам токойго кол салуу да көп болуп жатат.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА, сүрөттөр автордуку




Абаке, абайласаңыз болмок
КР Улуттук жазуучулар союзунун мурдагы, кийинки жетекчилигинин ортосундагы соттошуулар дагы деле соңуна чыга элек. Акыркы сот иши 24-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралган. Бул маселе боюнча учурунда жазганбыз. Коомчулукта азыр деле бул соттошуулар тууралуу уу-дуу кептин аягы түгөнбөй келет. Биз бул боюнча союздун төрагасы Абдырахман АЛЫМБАЕВге кайрылганыбызда Улуттук жазуучулар союзунун мурдагы жетекчиси, белгилүү акын Омор Султановго кызмат абалынан пайдаланып финансылык мыйзам бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун, бирок эки тараптын өтүнүчү менен келтирилген чыгымды төлөп берүү шарты коюлуп, акын Омор Султанов кесилбей калганын айтты.


"Омор Султанов эки жылга кесилип кете жаздады"
- Биз Султановду биринчи болуп сотко берген жокпуз. Ал пленумдун чечимине баш ийбей бизди сотко берип, "булар легитимсиз" деп ызы-чуу чыгарып, ар кандай иштерди жүргүзүп, бир жылдан ашуун интернетке, басма сөздөргө жарыялап, элдин башын айландырып тынчыбызды алып келе жатат. Эмнеге эле бул чырды чыгарып жатат десек, көрсө иш башка жакта экен. Ал КР УЖСга тиешелүү мамлекеттен алган каражаттын бир канчасын жок кылып коюп, аны жаап калуу үчүн тырышып жүргөн окшойт. Фактыларды келтирейин.
КР Эсептөө палатасынын Бишкек, Чүй жана Талас облустары боюнча бөлүмү тарабынан О.Султановдун союзга төрагалык милдетти аткарып турган учурдагы, 2009-жылдын 17-июнунан 2009-жылдын 1-июлуна чейин болгон текшерүүдө финансылык тартип бузуулар аныкталып, Бишкек шаардык финансы полициясынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, ага тергөөчү Н.Боколоевдин кароосу менен Омор Султановдун үстүнөн №084-09-0208 кылмыш иши козголгон. Анда мындай деп айтылат:"...О.Султанов КР Эсептөө палатасынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн 24-декабрь 2009-жылы жазган актысына ылайык, ишенип берилген жүз миң сом акчаны КР УЖС коомдук бирикмесине кириштебестен өзүнө ыйгарып алган. Мындан тышкары, 2008-жылдын 21-февралында КР президентинин иш башкармалыгы тарабынан 21.02.2008-жылы чыккан №75 буйруктун негизинде, 2008-жылдын 6-мартында КР УЖС коомдук бирикмесине берилген, баланстагы баасы 262000 сом, бузуктугу 136000 сом турган 1991-жылы чыккан "Ауди С4" маркасындагы жүрүп турган автоунааны Султанов өзү кол коюп алып, ал унааны өз кызыкчылыгын көздөп, КР УЖС коомдук бирикмесине кириштебестен 2009-жылдын 17-февралында "Ауди С4" макасындагы автоунаа сатылсын деп №5 буйрук чыгарып, 2009-жылдын февраль айында ал автоунааны 50682 сомго өзүнүн күйөө баласы А.Салиевге сатып жиберип, 50682 сомду КР УЖС коомдук бирикмесине кириштеп койгон. Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде О.Султанов КР УЖС коомдук бирикмесине жалпы суммасы 75318 сом өлчөмүндө зыян келтирген (токтомдун №262000-136000-50682-75318)" (Мындан сырткары, Ж.Токтогазиевдин берген акчасын кошкондо жалпы суммасы 175318 сом өлчөмүндө зыян келтирген.) Тактап айтканда, Омор Султанов КР КЖКнын 221-статьясынын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш жасаган квалификациялык белгилери болуп кызмат абалын бул уюмдун кызыкчылыктарына каршы жана өзү үчүн, ошондой эле башка адамдар үчүн пайда же артыкчылык табуу, болбосо башка адамдарга зыян келтирүү максатында пайдаланган, ал уюмдардын укуктарына же мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирген. Жоопкерчиликтен бошотуучу жагдайлар жок. Жогорудагылардын негизинде жана КР ЖПКнин 213-214-216-217 статьяларын жетекчиликке алып токтом кылдым. Бул иш боюнча Султанов Омор Кыргыз Республикасынын КЖКнин 221-ст. 1-б,; 221-ст. 1б. көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпкер катары жоопко тартылсын жана ага айыбы угузулсун. "
Мына ушундай жагдайда О.Султановдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, бир жылдан бери уланып келди. Биз О.Султановду эки жылдык мөөнөткө камабай бошотуу жана келтирилген зыянды төлөтүп берүү өтүнүчү менен оозеки жана кат жүзүндө кайрылдык. Анын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2010-жылдын 6-июлунда биздин өтүнүчүбүздү жана Омор Султановдун өтүнүчүн эске алып, мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жана өтүнүчтөр эки тараптан тең болуп жаткандыгынан улам кылмыш ишин кыскартып, эки жылга камала турган абалдан алып чыгып, бирок келтирилген зыянды төлөп берүү жагын ачык калтырган. 2010-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы О.Султановдун кылмыш ишин кайра карап чыгып, эки тараптын өтүнүчүнө ылайык, эки жыл камала турган кылмыш ишин кыскарткан Биринчи май райондук сотунун чечимин туура деп таап, бирок келтирилген зыянды (175318 сомдук) граждандык сот аркылуу кайтарып алуу маселесин так кесер коюп, аныктамасын чыгарды.
Ачыгын айтканда, Омор Султанов финансылык кылмыш иши үчүн аз жерден эки жылга кесилип кете жаздады. Бирок биз анын жашын, атын сыйлап ага барган жокпуз.

Даярдаган
Зайырбек АЖЫМАТОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«