presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Дүрбөлөң

"Кызыккандар" көп, Кыргызстан "жалгыз

Адегенде 22-ноябрда Оштон уурулукка шектүү деген адамдар кармалып, алардан жардырууга даярдыктар тууралуу маалымат белгилүү болгон. Андан кийин Бишкекте 15 кг жардыргыч зат табылган. 22-ноябрда кармалгандардын аркасы менен борбордо дагы үч адам кармалып, алардан тапанча, автомат муляждары, детонатор, баңгизат жана 69 миң сом алынган. Ушундан соң дагы 9 адам колго түшүрүлүп, алардын Ошто, Бишкекте терракт жасоого даярдангандыктары белгилүү болгон.
Жардыруулар эл көп болгон соода борборлорунда болмок. Алардан Кыргызстандын 33 жеринде террордук актылар болоору билинип, анын сегизи Бишкекте, он төртү Ошто, он бири түштүк аймагында болору аныкталган. Атайын кызматтардын иликтөөлөрүнүн аркасында экстремисттик уюмдарга тиешелүү 39 адам белгилүү болуп, сегизи кармалган. Кармалгандар Кыргызстандын жарандары.
Булардын аркасы менен 29-ноябрда Оштогу Мажүрүм-Тал мечитинин имамы Фархат Нурматов жана дагы экөө атайын операциянан натыйжасында жок кылынган. Атышуу болгон анын үйүнөн курал-жарак, жардыргыч заттар табылган. Нурматовдун бир тууганы Закир Нурматовдун диний экстремисттик уюмдар менен катышы бардыгы, Сауд Арабиясынан атайын даярдыктан өткөнү такталган.
Атайын операция жүрүп, атышуулар болуп жатканда Оштун жашоочулары кайра баягы согуш башталды деп ызы-чуу болушкан. Мобилдик байланышка күч келип, чөнтөк телефондор иштебей калган.
Ал эми 30-ноябрда эртең мененки 8.55те Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайынын жанында жардыруу болуп, шаардыктар арасында дүрбөлөң болуп өттү. Жардыруунун натыйжасында үч адам жаракат алды.
Акыркысыбы, же…
Жогорудагы окуялар болуп өткөн соң күч органдарынын жетекчилери, түрдүү эксперттер, саясый серепчилер бир нече божомолдорду айта башташты. Көңүл бурдурганы ИИМ министри Зарылбек Рысалиевдин айтымында, терракт жасоолордун артында улуттук-сепаратисттик (кайсы улут?) топтор турганы айкын болду. Министрдин маалыматы боюнча "диний же башка радикал уюмдардын аймакта халифат орнотуу же башка кызыкчылыктары жок".
Биз буга чейин билген Өзбекстан Ислам Кыймылы (ӨИК), "Хизб-ут Тахрирдин" же башка радикал түзүмдөрдүн буларга тиешеси болбосо, бул эмне болгон улуттук-сепаратисттик топ? Ошол эле учурда УКМК жетекчисинин орунбасары Көлбай Мусаевдин айтымында, кармалгандардын ӨИК жана ислам жихадынын союзу менен байланышы барлыгы аныкталган. Аңгыча колго түшкөндөр террор уюштурууга кимдер заказ бергенин, каржылаганын айтышканы, алар Кыргызстандын экс-депутаттары болгону белгилүү болду. Укук коргоо органдары иликтөө иштеринин талаптарына ылайык, алардын аты-жөнүн ачыкка чыгарбады.
Ушу жерден ИИМ министри З.Рысалиевдин айтканына таянып өз божомолубузду айтып көрөлү. Түштүктө июнь айында болгон согушта кыргыз-өзбек улуту согушкан. Ошо кезде жүздөгөн адамдын өмүрүн алган бул алааматтын уюштуруучулары кыргыз парламентинин экс-депутаттары Кадыржан Батыров, Ином Абдрасулов жана Жалаллиддин Салахудинов күнөөлүүлөр деп аталып, И.Абдрасулов эки жолу колго түшүрүлгөнүнө карабай бийликтеги "сыйкыр күч" аны бошотуп, натыйжада аталган үчөө ушу тапта чет өлкөлөрдө качып жүрүшөт делип, издөө жарыяланган. Кадыржан Батыров интернет аркылуу анда-санда салам дуба жиберип турары баарыбызга маалым. Ушу тапта түштүктө эл арасында түрдүү кеп-сөз жүрөт. Анан калса түштүк тарапка жардам берип аткан эл аралык уюмдардын бардык улуттарга бирдей эмес мамилеси да кандайдыр бир деңгээлде чыр-чатакка түртүп тургансыйт. Кайсы бир улуттун реванш алууга даярданып жатканы да айтыла калууда. Ал эми өзбек сепаратисттик кыймылынын башчылары эсептелген ушул үчөө тең боштондукта, бардык нерсени жасоого каражаттары жетиштүү. А биздин бийлик көнгөн адатынча мурдагы бийлик реванш алууга аракет кылууда деп Бакиевди дагы бир шыбап өттү. Тиги үч "качкын" да реванш алууга аракет жасоодо деп ойлоого толук негиз бар. Алардын азыркы бийлик менен мамилеси бар экенин, июнь окуясы кандайдыр бир заказ болгонун, эки жолу колго түшүрүлгөн И.Абдрасуловдун бошотулганынан, качып жүрөт делгендерди кармоого эч аракет болбогонунан ж.б. көп нерселерден байкоого болот.
Дегеле түштүктү ушу тапта оор абалда кармап туруу Кыргызстандын бийлигине да, эл аралык уюмдарга да зарылдай. Июнь окуяларынан кийин президент Роза Отунбаева ОБСЕ аскерлерин түштүккө киргизүү демилгесин көтөрүп, аны коомчулук четке каккан. ОБСЕ да аскерлерин киргизүүгө көп аракет кылган. Алар эми жыл жаңырган соң башкача форматта кирери айтылып жатат. Анан калса түштүктөгү акыркы атайын операция жана Бишкектеги жардыруу Астанада ОБСЕ жыйынына тушташ жасалып жатат. Бул кандайдыр бир деңгээлде ишарат экенин, террористтер 30-ноябрды жөн эле тандабаганын боолголосо болот.
Айтмакчы, качып жүрөт делген Ж.Салахудинов эч жакка качпай эле Бишкектеги батыш автовокзалынын жанындагы кафелерден көп көрүнөөрүн расмий эмес булактар айтышат. Жогорудагы божомолдун чын-төгүнүн билүү үчүн ага байланышсак, ал бир ирет жаңылганын, эми эч качан андай иштерге барбай турганын билдирди. Ким билет?..
Коомчулуктун көңүлүн бурдурганы, июнь согушунан кийин 45 күндөн кийин гана түштүккө барган, коалициялык өкмөт башчысы болгону жаткан А.Атамбаев "мени өлтүрүү боюнча бир миллион доллардан ашык турган заказ али күчүндө" дегени болду. Атамбаев аман эле болсун.
Бирок 30-ноябрдагы жардыруу акыркысыбы, же дагы болобу?..

Аскер САКЫБАЕВА




  Эки жээк

"Бул азыркы бийликтин алсыздыгынан кабар берет"
УКМК төрага орунбасары Көлбай МУСАЕВ:
"Максим Бакиевдин адамдары "Аль-Каида" жана башка эл аралык террористтик уюмдар менен байланышып, аларга акча бергени аныкталган. Азыркы акцияларда да алардын тиешеси бар деген биздин божомолдорубуздун бири".
Вице-премьер министр
Азимбек БЕКНАЗАРОВ:
"Мурдагы бийлик апрель окуяларынан бери убактылуу өкмөткө каршы күрөш жана саботаж жүргүзүүдө. 7-апрель боюнча сотту болтурбай коюу - алардын акыркы мүмкүнчүлүгү, саботажы жана күрөшү".
Бул боюнча Курманбек БАКИЕВдин "Коммерсант FM" радиосуна берген интервьюсу.
- Кечээ спорт сарайында болгон жардырууга сиздин жакындарыңыздын тиешеси бар дегенге не дейсиз?
- Эми мындай айыптоолорго Кыргызстандын бардык адамдары көнүп деле бүтүштү. Өзгөчө 6-апрелден бери. Азыр Кыргызстанда болуп жаткан бардык жамандыктарды мурунку бийликке шылтаганды адат кылып алышты. Алардын башка кыла турган иши жок, ошон үчүн ушинтип жатышат.
- Жардыруунун артында ким турушу мүмкүн?
- Ар кандай болжолдой берсе болот. Азыр Кыргызстанда укуктук башаламандык, хаос. Күч органдарынын, атайын кызматтын ындыны өчкөн. Биздин учурда деле азыркыдай жардыруулар болушу толук мүмкүн болчу. Бирок биз бардык нерсени көзөмөлдөп турганга күчүбүз жетчү. Атайын кызматтар иштечү. Азыр эми кимге болбосун шылтаса болот да. Афганистан жакын турат. Кыргызстан Борбор Азиянын башка өлкөлөрү сыяктуу эле баңгизаттын жолу экени эч кимге жашыруун болбосо керек. Анан бизге жалаа жапкандары болбогон иш. Андан башка күнөөлүүлөрдү таба алышпаса, бизге асылышат да. Бул азыркы бийликтин алсыздыгынан кабар берет.
- Эмнеге ушундай башаламандыктардын аягы тыйылбай жатат?
- Билесизби, мамлекетте башкаруу болбосо ар кандай кокустуктарды күтүүгө болот…
- Сөздү сот процессине бургум келип турат. Сизге сот ишинин түздөн-түз тиешеси бар эмеспи. Азыр сизге байланыштуу сот иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, кайра изилдөөгө жөнөтүлдү. Бул эмнени билдирет? Муну бул иштин кыйроосунун башы дегенге болобу?
- Мен азыркы сотту начар уюшулган саясый спектакль деп баалайм. Юридикалык да, уюштуруучулук жагынан да. Бул жөнүндө көп айтылды. Сот ар кандай укук бузуулардан башталып, аягы коркутуу-үркүтүүлөр, жекече соттоону талап кылуу менен бүтүп жатат. Бир нерсе түп-тамыры менен кыйраш үчүн адегенде анын конструкциясы болуш керек. Сот ишин өзүнчө бөлүп иликтөөгө жибергендерин бийликтин укуктук башаламандыгын актоо деп ойлойм. Прокуратура кызматкерлери ишти сотко өткөрүп жатканда мындай мыйзам бузууларды эмнеге көргөн эмес? Мени тергөө жана сот органдарынын мындай катуулугу таң калтырат. Баары эле бүгүнкү күн менен бүтпөйт да.
- Бирок алар өз каталарын мойнуна алышпадыбы?
- Ооба. Анткени Кылмыш кодексиндеги тергөө, аныктоо, сот кызматтарынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин эч ким жокко чыгара элек. Менимче, алар мындай чечим кабыл алууга кимдер мажбурлап, кысым көрсөткөнү тууралуу конкреттүү фамилияларды көрсөтүп түшүнүк жазып коюшса керек.
- Түзүлгөн коалиция тууралуу оюңуз кандай?
- Ачыгын айтсам, мен кайсы партиялар бириккенин карай элекмин.
- КСДП, "Республика", "Ата мекен" партиялары коалиция түзүштү.
- КСДП, "Ата мекен", "Республикабы"?.. Алардын кызматташып, тил табышканына таң калган деле жокмун. Биринчиден, мамлекеттик төңкөрүштү так ушул КСДП менен "Ата мекен" жетектеген. "Республика" башкача коалиция түзүлсө деле кошулмак. Булардан эмне күтсө болот? Кандай структура түзүшүп, иш алып барышаарын убакыт көргөзөт. Мен бул адамдардын баарын жакшы билем. Алардын мамлекетти башкарууга жөндөмү жок экенин дагы бир ирет айта кетпесем болбойт. Калганын убакыт көргөзөт.
30-ноябрь



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«