presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Бал шириндер бүгүн…

- Кыргыз үчүн тарыхый жыл болгон 2010-жылы тынч эле отурдуңуздар окшойт…
Урмат:
- Быйыл чет өлкөдө көбүрөөк жүрүп калдык. Жайында Түркияда өткөн экинчи эл аралык "Түркчө вижион" аттуу фестивалга катышабыз деп эки айдай алаксып жүрдүк. 26 мамлекеттин ичинен 5 мыкты аткаруучулардын тизмесине кирдик. Ал жактан Украинада өтчү "Чыгыш базары" аттуу фестивалга чакыруу алып, кыргыздын "Күңөтай кыздын капасы" элдик ыры менен катышып келдик. Жыйынтык биз күткөндөн жакшы болду окшойт. 51 өлкө ичинен финалга чыгуу бизге чоң сыймык болду.
Ал жактан келгенден кийин бизде шайлоо иштери башталып кетип, партиялардын үгүт иштерине катышып жаттык. Башка ырчылардан айырмаланып, биз алдыңкы орундарга ээ болгон бардык партиялар менен иштештик. Себеби бардык саясый лидерлер менен жакшы мамиледе болгондуктан баш тарта албадык.
- Өзүңүз да саясатка кадам таштайм деп жүрдүңүз эле, бул жолу эч бир партиянын катарынан көрө албадык го…
- Мен аттуу-баштуу адамдардан кеңеш алсам, бул жолку шайлоо, саясат кыйратпаганы, көпкө барбашы тууралуу айтышып, кое тур дешти. Биздин убакыт да келет деп саясатка киришпей күтүп калдык. Учурда жалаң чыгармачылык менен алек болуп жатабыз. Жакында эле "Сүйүү деген…" аттуу ырыбызды клиби менен күйөрмандарга тартууладык. Андан сырткары да даяр турган ырлар бар.
- Ырчылардын көбү эл чөнтөгүн кампайткан күз маалында концерт беришет. Эмнегедир силер кышты жакшы көрөсүңөр да…
Неля:
- Биз буга чейин сүйүшкөндөрдүн күнүндө концерт бергенбиз. Анын бир себеби, концертти өзгөчөлөнтүп той түрүндө кылганбыз. Кыргызстанда бир эле Урмат менен Неля сүйүшөт бекен дебесин деп, быйыл 14-февралды бошотуп бердик. Буюрса, 8-март күнү айымдарга жакшы концерт тартуу кылсак деп турабыз.
- Жаңы үйлөнгөн жигит үйүнө шашып турат. Бирок убакыттын өтүшү менен бул адат кала баштачу эле, Урмат азыр кандай?
Неля:
- Урмат аябай баласаак. Дагы деле үйгө шашып турат. Урмат үчүн орусча айтканда, "первым делом семья, а потом все дела".
- Урмат менен Неля сериал көрүп эле отура беришет деп калышат го…
- Чындыгында мен турмушка чыкканга чейин бир да сериал көрбөйт элем. Телевизор көргөнгө убактым болчу эмес. Азыр убакыт өткөрүү үчүн сериал көрчү болдум. Мына азыр сериалым башталат деп күтүп калам. Мени менен кошо Урмат да телевизор тиктегенге аргасыз болот. Кээде канал талашып калабыз. Эл катары биз деле корей сериалдары менен ооруп калдык.
- "Тамашоу" лигасында экөөңөр тең калыс болуп калдыңар. Бирок эмнегедир бааларыңар ар башка. Силер тууралуу тамашалар да көп айтылат…
Неля:
- Мен акыркы эки оюнда гана калыстардын катарына кошулдум. Мурда КВНге катышып жүргөн адам катары кандай кыйынчылык менен даярдаларын эске алып, баарына катар менен "5" койгом. Кыргыз тамашасы жаңы жашоо менен жанданганы кубандырат. Чынын айтыш керек, азыр аншлаг менен бир гана "Тамашоу" өтүп жатат.
Урмат:
- Калыстар тобунун катарында балансты кармоочу туруктуу адамдар жана конок калыстар болот. Андыктан туура баалоо үчүн туруктуу калыстар төмөн баа койсок да чыныгы жеңүүчүнү аныкташыбыз керек.
- Неля кош бойлуу экен деп жаңылык уктук. Кыргыздын санын көбөйтүүгө канчалык деңгээлде салым кошолу деп жатасыздар?
Неля:
- Негизи, Кудай ден соолук берсе көп балалуу болгум келет. Кеминде төрт балалуу болсок деп ойлойбуз. Эки бала, эки кыз. Жалгызсырабай түгөйү менен болгон жакшы болуш керек.
- Дагы деле эркелешип жүрөсүңөрбү?
Урмат:
- Болуп калат. Кээде бир жерде бош отуруп же бирөөнү күтүп калганда Неляга СМС жазып тийише баштайм. Кыз-жигит кездегидей эркелешип калабыз.
- Нурэл ата-энеси белгилүү адамдар экенин сезип калдыбы? Ким болсо деп ойлойсуздар?
Неля:
- Азырынча түшүнө элек. Бирок биз тойлорго барып кайра келгенде ушунчалык кубанып, шоктоно баштайт. Мен Америкада жүргөндө жылдыздар аллеясын көрүп, биздин балабыз да ушулар сыяктуу дүйнөгө белгилүү адам болсо деп ойлоп койгом.
Урмат:
- Эгер музыкага шыгы болсо, таланты байкалса, музыкалык бала бакчага беребиз. Бирок мен мурунтан эле бир балам дүйнөгө атагы чыккан футболчу болуп, кыргыз футболун алга сүйрөсө деп кыялданам. Буюрса бул үчүн жашынан аракет кылабыз го…




ЭКИ ЖАРЫМ, БИР БҮТҮН

Урмат менен Неля "быссымылда" деп жаңы рубрикабызды баштап беришти. Бул бөлүктө кош жүрөк бирин-бири канчалык деңгээлде билээрин аныкташат. Биз суроолор менен жоопторду бердик. Алгач Урмат жооп берип, Неля башка бөлмөдө отурган. Кийин Неля жооп берип, Урмат башка бөлмөдө болчу. Жыйынтыкты өзүңүздөр чыгарып алсаңыздар болот, урматтуу окурмандар.

Неляга суроолор:
Урмат сиздин кайсы аракетиңизди баарынан жаман көрөт:
А) Сериал көргөнүңүздү. (Урматтын жообу)
Б) Уктап жата бергениңизди.
В) Каяша айтканыңызды. (Нелянын жообу)
Г) СМСтерин окуганыңызды.
Сиз жасаган тамак анча болбой калган учурда Урмат эмне кылат?
А) Сыр бербестен аягына чейин түгөтөт. (Экөөнүн тең жообу)
Б) "Тамак сонун болуптур" деп какшыктап коет.
В) Болушунча сын айтып, катуу урушат.
Г) Тамак жасай албасаң да башка жагын катырасың деп эркелетип коет.
Эгер сиз көзү ачыктарга барсаңыз Урмат эмне кылат?
А) Өзү да кызыгып, эмкиде чогуу барат. (Урматтын жообу)
Б) Алар калпты айтып акча жасашат деп барууга тыюу салат. (Нелянын жообу)
В) Мен көзү ачыктарга барганымды такыр айтпайм.
Г) Көзү ачыктарга барууну Урмат үйрөткөн.
Алыскы жолго чыкканда:
А) Урмат эркек гана рулду башкарыш керек деп машинени өзү айдайт.
Б) Кымбат машинесин чийип коет деп ишенбейт.
В) Чарчаганда мен деле рулду башкара калам. (Экөөнүн тең жообу)
Г) "Женщина за рулем как обезьяна с гранатой" деген сөз Урматка аябай жагат.
Урмат кандай ич кийимчен жүргөнүңүздү жактырат?
А) Ак түстөгү.
Б) Кара түстөгү.
В) Гүлдүү ич кийимди.
Г) Ич кийим кийбеген учурду.
Урмат буга маани бербептир, а Неля бул суроого жооп берүүдөн тартынды.
Жолдошуңуздун
Эң көп колдонгон сөзү: Кудайга шүгүр (Урматтын жообу: негизи)
Жактырган тасмасы: "Аватар" (У.Ж.: "Айыл өкмөтү")
Жактырган кийими: Ак көйнөгү (У.Ж.: Сыя түстөгү костюм-шым)
Баалаган саясатчысы: Феликс Кулов (У.Ж.: Өмүрбек Текебаев)
Сүйүп аткарган ыры: "Балама" (У.Ж.: "Болбой эле")
Урматка суроолор:
Неля сизди көбүнчө кимдерден кызганат?
А) Күйөрмандардан
Б) Белгилүү айымдардан
В) Белгисиз айымдардан (Экөөнүн тең жообу)
Г) Сахналаш бирөөдөн
Неля бала багуунун эмнесин жактырбайт?
А) Түн ортосунда ыйлаганын (Урматтын жообу)
Б) Жалаяктарды жууганды
В) Көтөрүп жүргөндү
Г) Ыйлап жаткан себебин түшүнбөй кыйналганды (Нелянын жообу)
Аял катары эмнени жакшы кыла албайт?
А) Тамакты ойдогудай жасабайт
Б) Төшөк фантазиясы азыраак
Г) Үй жыйыштырганды жактырбайт (Нелянын жообу)
Д) Тууганчылыкты жакшы түшүнбөйт (Урматтын жообу)
Төмөндөгүлөрдүн кайсынысын Неля анча жактыра бербейт?
А) Үйгө кеч келгениңизди (Нелянын жообу)
Б) Бала ыйлаганда карабайсыңбы деп койгонуңузду
В) Сакал өстүргөнүңүздү (Урматтын жообу)
Г) Акыл үйрөтө бергениңизди
Нелянын кандай кийингени жакпайт?
А) Арзан кийингени
Б) Ачык кийингени (Нелянын жообу)
В) Кымбат кийингени
Г) Шашпай кийингени (Урматтын жообу)
Жубайыңыздын
Сизге жаккан сапаты: токтоолугу (Нелянын жообу: назиктик)
Кызыгып көргөн сериалы: корей сериалдары (Н.Ж.: "Маргоша")
Жактырган тамашоучусу: Азамат ("Жигиттер") (Н.Ж.: Азамат "Жигиттер")
Жактырган машинеси: "Тойота Камри" (Н.Ж.: "Тойота Камри")
Жактырбаган ыры: "Чыгыш периси" (Н.Ж.: "Тумар кыз")
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«