presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



?????
  Сыр чачыла

Кыялы чорт, көзүнүн жашы мөлт эткен Күмөндөр Абылов

- Чыгармачылыктан тыныгуу алдыңызбы, көп көрүнбөй кеттиңиз?
- Азыр көзгө көрүнөөрлүк деле жаңылык жасай элекмин. Кыргыз драмтеатрынын ремонту бүтө элек. Орто жолдон коогалаңдардын айынан бирде токтоп, бирде уланып келатат. Бирин-серин ыр жазып койгонум болбосо, концерт коюу, башка өлкөгө чыгуу деген көптөн бери боло элек. Биздин негизги акча табуу булагыбыз корпоративдик кечелер менен тойлор эмеспи. Чакырган жерге барып кызматыбызды кылып турабыз. Театрдан алган айлык акыны айткандан да киши уялат. Аялым деле айлык качан аласың деп сурабайт. Ооз кесир болбосун, бирок аны акча деп деле эсептебейбиз.
- Өлкөдө болуп жаткан окуялар сизди да түйшөлтпөй койбосо керек?
- Ички ой-толгообуз, эси-дартыбыздын баары эле элде тынччылык болсо экен деген тилек. Мына азыр сот болуп жатат, негизги күнөөлүүлөр кутулуп кетип, күнөөсүздөр тутулуп калбай акыйкат чечим чыкса экен. Азыр саясатка бизге окшогон адамдар эле эмес, мектеп окуучулары да кулак түрүп калган. Себеби жашооңду өзгөртө турган нерсе саясат болуп жатпайбы. Саясатчылар, азыркы кырдаал элди ушунчалык эзип бүттү десек болчудай. Кандайдыр бир ишенбеген "ай, ушу жыргатпайт го" деген бүшүркөө баары бир бар. Мен да элге кошулуп өзүмдүн атым да Күмөндөр эле, ого бетер күмөн санап жашап жүрөм.
- Шайлоо учурунда партияга кирип жүрдүңүз беле?
- Кыргызстанда акыйкат орносун деп "Акыйкат" партиясына киргем. Бирок эл ичинен акыйкатты каалагыны менен, ага жетүүгө дале даяр эмес экен. шайлоо учурунда арзыбаган акчага алдангандар болгонун ким танат?
- Кичинекей мамлекетте өзүңүз кандай ажосуз?
- Мен кыйынмын деп өзүмө баа бере албайм. Жаман ата болгондо балдарыма жакшы атасын ким берет эле. Балдарымды жаман дегенде мага бирөө жакшы баласын береби. Негизи балдарым менден айбыгып турушат. Бир нерсени туура эмес кылышса мага эмес апасына айтышат. Жашырып жүрүшүп жарылаарда, ырбап кеткенде билем. Ошондо катуу кыйкырыктар чыгып кетет. Эгер жакшы иш кылышса жакшы сөзүмдү аябайм, жаман жорук кылса да жоопсуз калтырбайм.
- Балдарыңыздын арасынан куудул болчулар барбы?
- Куудул болом деп атайын артынан түшкөндөрү жок. Бирок өз ара отурганда күлдүрүп сүйлөп калышат. Биринен бири өткөн тапан. Эгер келечекте жакшы тарбия берип, колдоо көрсөтүлсө арасынан куудул чыгат болуш керек.
- Кыздарыңыз турмушка чыктыбы?
- Улуу кызым Абдраев атындагы музкалык окуу жайды бүтүп, азыр музыкадан сабак берет. Кичүү кызым финансы техникумун бүткөн, окуусун улантам деп турат. Экөө тең бышып калды, бышмак тургай эзилип баратат. Буюрса күйөө балдар менен жолугуп жүрүшөт го, бүгүн-эртең деп турушат окшойт.
- Небереңиздин кылыгы чыгып калса керек?
- Жаш кезде өзүмдүн балдарымды жакшы эле эркелетип, жумуштан келгенде жонуман түшүрчү эмес элем, небере андан да таттуу болот экен. Азыр неберем көзүмө балдарымдан да ысык көрүнөт. Анүстүнө чоң ата менен чоң эненин колунда өскөн баланын аң-сезими башкача болуп, фундаменти эрте түзүлөт тура. Бардык нерсеге кызыгуусу жаралып, бул эмне деп сурай баштаганда биз эринип жооп бербей, же тамашага чалып жатпайбызбы. Ошол туура эмес экен. Көрсө, ошондон баланын дүйнө таануусу башталат тура. Биз болсо ошол маалда тескерисинче коркутуп, "бөө" деп эрмектеп жатпайбызбы. Колундагы оюнчугун жулуп алып, ыйласа кайра ичибиз эзилип эркелетип берип, нервине ойноп эрмек кылабыз.
- Убагында биртоп баланы эрмектегенсиз го?
- Жаш кезде ыйлатып кайра сооротуп ойногон учурлар көп эле болгон. Кошунанын балдарына кулагыңды кесем деп алардын жүрөгүнүн үшүн алып, байкуштардын эсин чыгарчу экенбиз.
- Жеңебиз менен урушканда тапанданып тамашага чаласызбы?
- Азыр кээ бир түгөйлөрдүн "өмүрү сен-мен дешкен эмеспиз" деген сөзүнө деле ишенбейм. Же алар атайын келишим түзүп алып ошонун негизинде жашашат болуш керек. Үй-бүлө болгондон кийин кайым айтышуулар сөзсүз болуп турат. Жин келгенде тапанданганды деле унутуп калам. Өзүңдүн аялың же балаң башкалардай боло албай жатса арданганыңдан, ага жан тартып жакынсынтканыңан урушасың да. Жаш кезде кызганычтан көп уруш чыкчу. Кайсы кызды карап койдуң, бул ырың кимге арналган деген сөздөрдөн чарт-чурт боло кетчүбүз. Анда мен Жамиляга "Чыңгыз Айтматовдой жазуучу болсом Мырзагүл деген ким, Жамиляны кимге арнагансың" деп кулак-мээмди жеп өлтүрмөк экенсиң деп күлүп калам. Бирөө пайда болду да, болбосо бул ырың кайдан жаралмак эле дегенде күйбөгөн жерим күл болуп кетет.
- Ачууңуз мурдуңуздун учунда окшойт?
- Ооба, чынында ачуум чукул. Бирок ошого жараша бат жазылам. Териси калыңдарга караганда биздей кишилерге ачуу сөз бат жетип, кайра бат сиңип жок болот. Аялым менен бир жакка бараарда көп урушабыз. Болбойсуңбу, кечиктик деп мен чыгам, уруша кетип барбай турган болуп кийимдерибизди чечип ыргытып эки жакты карап отуруп калабыз. Элдешкенден кийин кайра кийинип, жасанып алып жөнөп кетебиз. Уруштун айынан көп конокторго барбай калган күндөр болгон. Бир жолу Ташкентте окуп жүргөндө жайлоого бардык. Мен кайра Ташкентке сессия тапшырганы кете турган болдум. Анда жайлоого бир-эки эле унаа каттачу. Жуп үйдөн чыгаарда Жамиля экөөбүз урушуп кеттик. Калып калайын десем кете турганга башка машине жок. Кыйылып араң отурдум, жолдо көзүмдүн жашын чубуртуп ыйлап бара жатам. Ошол учурда кайнагам мени менен учурашып калайын деп ат менен келе жатыптыр. Машинени токтотуп түштүм, кебетемди көрүп эле экөөбүздүн уруша кеткенибизди билди. Машине чоң көпүрөдөн өтүп, суунун аркы өйүзү менен кайра биздин үйдүн тушунан өтчү. Кайнагамды көргөндө бир нерсе эсиме түштү. Айдоочуга суунун наркы бетинде күтүп тур, ат менен өтүп барам деп кайнагам менен үйгө чаап келдик. Боз үйгө кирсем Жамиля да боздоп отуруптур, кирип барып эле кучакташып калдык. (Күлүп) Жаркылдап-жайнап элдешип, балдарымдын бетинен өөп анан кайра ат менен кеткен элем. Кийин уксам, мени кетип калат деп аялым ичи күйүп уруш баштап жибериптир. Башынан бери эле ушундай урушуп кетсек кайра элдешмейин бүт жумуш токтойт. Ал да өз алдынча чыгып кетип калбайт, мен да көгөрүп отура берем.
- "Жакшы жар марытат, жаман жар карытат" дегенге кошуласызбы?
- Башка аялдарды көрүп кээде Жамиляга салыштырып жакамды карманып калам. Артыкчылыктары арбын, тили деле узун эмес. Баарынан ыраазы болгонум, апам ал келин болуп келгенде салган жоолугунан баштап балдардын кичине кезинде кийген киймдеринен бери кастарлап сактап жүрөт. Атам балдарымдын баарына өзү ат койгон. Төрөлөөрү менен эле айылдан атын баланча деп койгула деген кыскача кат жазып жиберчү, жадагалса ошолордон бери сактаптыр. Мен чыккан гезиттердин баарын чогултуп катып коет. Кээде бир нерсени издеп жатып ошолорду таап алсаң кадимкидей жыргап, бүткөн боюңду жылуулук аралап жакшы сезимдер калат.
- Азыр жаштар үйлөнөрдө бардык шартын түзүп алып баш кошушат эмеспи. Сиз үйлөнгөндө кандай байлыгыңыз бар эле?
- Азыркыдай укмуш той бербей эле айылга түлөө өткөрүп элдин батасын алганбыз. Убактылуу Нарында жашаганга туура келди. Кышында үйгө от жагылбай жуурканга башыбызды чүмкөп, мурдубуз кызарып тоңуп калчу. Беш жүз сомго түстүү телевизор, магнитофон, майда-чүйдө оокат алдык. Кыйраткан деле байлыгыбыз жок болчу. Жууркан-төшөк менен канча жыл батирлеп көчүп жүрдүк. Калп айтпасам, Нарында жашабаган булуң-бурчум калган жок. Болбоду дегенде сегиз-тогуз үйгө көчтүк окшойт. Анда да бир батирден экинчисине көчөөрдө мен кычап гастролго кетем. Туугандарыма же досторума дайындап койсом, алар Жамиляны көчүргөнгө жардам беришчү. Аялым театрга мен бул үйдөмүн деген кат таштап кеткен болот. Эки-үч айдан кийин түн ортосунда гастролдон келип, ал кезде азыркыдай чөнтөк телефон жок да, айтылган даректи таппай көчөдөгүлөрдөн "Күмөндөрдүн үйүн билбейсиңерби?" деп апендиче өз үйүңдү издейсиң. Тааныгандар болсо каткырып күлүшөт, анан ушинтип-минтип деп окуяңды башынан түшүп айтып бересиң.
- Канчанчы жылы үйлүү болдуңуз?
- Ал кезде анча таанымал эмес болчумун. Батир табыш да кыйын иш болчу. Үй ээлери башында жакшынакай сүйлөшүп келип, артистмин десең эле ызы-чуудан алыс бололу деп чалкасынан кетишет. Театрдын директору да такыр жок дечү эмес, үй салынып жатат, болсо эле беребиз дейт. "Толтура эле үйлөр салынып жатпайбы?" десең, ал көп балалууларга берилерин айтат. Аягында чыдабай мага үй берсеңер мен деле көп балалуу болот элем дечүмүн. Токсонунчу жылдары отуз алты квартиралуу төрт кабат үй артисттерге берилди. Чүчүкулак кармайбыз дешкенинен, мен көп жылдан бери кезекте турганымды айтып каршы чыктым. Биринчи мен алышым керек десем, биринчи кабаттын биринчи квартирасын берип коюшкан.
- Ичкилик ичкенде жайдарысызбы же кишичилсизби?
- Ичкенде жайдары болуп, күлдүрүп жакшы эле отурам. Кокус бирөө жиниме тийсе… Ачуум соо кезимдегиден да бат келиши мүмкүн.
- Гезит аркылуу Абдылда Иманкулов экөөңөр бири-бириңе асыла бересиңер. Күнүмдүк жашоодо мамилеңер кандай?
- Абдылда үчүн жооп бере албайм го. Бирок менин ага болгон көз карашым түз. Көрүшкөн жерден саламыбыз дурус, кабак-кашыбыз жакшы эле.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??