presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Азыркынын анык баатыры

ЖЕҢИШИБИЗ САГА АРНАЛАТ, КЫРГЫЗСТАН!

Шейшемби күнү Кытайдын Гуанчжоу шаарынан кайтып келген кыргызстандык спортсмендерди мекендештер салтанаттуу тосуп алышты. Самолеттун тепкичин алтын медалдын ээси Данияр Көбөнов аттаар замат айлана кубанычтуу ызы-чууга толду. "Эл үмүтүн актадың, Данияр!"деген жазуусу бар кызыл транспаранттар Бишкектин көчөлөрүн аралады.

Төлгө
Ар бир беттешүүсү бүйрө кызыткан кереметке айланган Даниярдын башка жеңиши бир тең, ушул жолкусу бир тең болчу. Кыргыз эли бүтүндөй бир капсалаңды башынан кечирип, жараатынан айыга албай ыргалып турган чакта, эртең кайда барып, эмне болобуз деген санаа ичиркентип турган чакта, баягы, баягы "Манастагыдай" "ушу балабыз утса..." деп көкөйдү кескен көп көйгөй чечилчүдөй төлгө кылып турган чакта ээрдин жара тиштеп, намыска жарап берсе маңдайың жарылбайт бекен!
"Үч күндөн бери ушул гүл салынган себетти муздаткычта кармадым, чемпионго өз колум менен тапшырсам деп атайын жүз долларга жасаткам, аэропортко үч жолу келип, үч жолу кетпедикпи, аба ырайы бузулуп учпай жатышты. Даниярдын жеңиши менин жеке турмушума түздөн түз таасир этти…"

Агай
Алтын медаль үчүн беттешүү кызуу жүрүп жатканда Даниярдын чеберчилигине маашырланып, ашып-ташып сөз таба албай калган комментатор "алгачкы тренери Аскар Сартов да окуучусунун ийгилигине азыр чын дилинен кубанып жаткандыр" деп калды. Кытайдан туруп айтылган бул кеп Ысык-Көлдүн Саруусунан далай балбандарды өстүрүп чыккан айылдык тренердин үй-бүлөсүн, ага-тууганын дагы бир ирет өксүттү болуш керек. Коңшу айылдан кышы-жайы дебей велосипед менен каттап, айылдык балдарды спортко жетелеп, таланттууларын таптап, андан ары өсүшүнө атасындай кам көргөн, күрөштүн фанаты Аскар агай апрель революциясында өзү өстүргөн окуучусу Рустам Шамбетовдун башына ок тийгенин угуп, кайгыдан кан басымы көтөрүлүп кетип кайтыш болгонун ал билбесе керек.
Дал ошол Аскар агай Даниярдагы сейрек талантты байкап, балапан кезинен таптап, кийин спорт мектебине алып келген.
Аман болсо албетте, кыргыздын туусун көкөлөтүп, обонун жаңыртып, элибиздин элдигин, бычакка сап болчу баатырларыбыздын бардыгын далилдеген Даниярдын ийгилигине жетине албай кубанмак.

Жакшылыктын жандоочусу
Анткен менен таланттуу балбаныбыздын спорттук жолу зымга тарткандай эле тегиз болгон жок. Аскар агайы алып келген олимпиадалык резерв мектебин бүтүргөндөн кийин, 2002-жылы Азиянын жаштар арасындагы биринчиликте коло медаль, андан кийин Кореянын Пусан шаарында күмүш медалга ээ болгон. Дохадагы мелдеште коло медалды утуп, ошол эле жылы континенттин эки жолку чемпиону атанган.
2005-жылы Уханда, 2007-жылы Бишкекте ийгиликке жетишти. Бирок Бакуда өткөн дүйнөлүк чемпионатта, Пекинде 2008-жылкы олимпиадада ойлогону ишке ашкан жок. Алдыга озгон аргымакка бут тоскондор көп болот эмеспи, анын табигый чеберчилигине калыстар өз баасын беришкен жок. Көз көрүнөө адилетсиздикке моюн сунгусу келбеген Данияр Америкага кетип калган. Күрөштү сүйүүчүлөр ошондо кадимкидей сабыркап "кайра келеби-келбейби, келсе чоң спорттон кол үзбөйбү?" деп санааркап жүрүшкөндө минтип... чогуу кетишкен Жанарбек Кенжеев экөө тең жеңишке жетишпедиби.
Жеңиш оңой-олтоң эле боло койбогону көрүнүп турбадыбы. Жарым финалда түштүк кореялык Пак аттуу балбанды өзүнө гана тиешелүү ыкма менен "ойноп" жеңгени даана көрүнүп турса да, каршылышынын машыктыруучусу "макул эмеспиз" таризинде колундагы белгисин килем үстүнө ыргытты. "Дагы баягыдайбы" деген санаа Даниярдын көзүнөн "жалт" дей түшкөнү сезилди. Беттешүү кайра уланып, эми каршылашын бир эмес эки-үч жолу каңтарасынан салганда карап отурган калыстарды билбейм, телевизор көрүп отургандардын ызы-чуусу алда кайдан угулду. Жеңишин таптаза далилдеген Даниярдын "мына, эми көрдүңөрбү!" деген ишараты бул жолку эле эмес, өз өмүрүндөгү бардык калыстарга көрсөткөн далили болду окшойт. 11:4 деген эсеп менен жеңиштин өзү эле баарын айтып турбайбы.
Анан... эң бактылуу, жүрөк толкуткан учур - кыргыз туусунун кылкылдап көтөрүлүп, кыргыз гимнинин жаңырганы Даниярды эле эмес, мен кыргызстандыкмын дегендин баарынын жүрөгүн туйлатып, канын дүргүттү болуш керек.
... Эмесе төлгөбүз төп түштү, мындан ары элибизди тынччылык, жакшылык, ынтымак, бакубатчылык жылоолойт деген илгери үмүттү көңүлдөргө байлап, Данияр баш болгон азаматтарыбызга бар жакшылыктарды каалайлы...

Сүйүн Курманова, сүрөттөрү
Урмат Насыкуловдуку



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??