presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жакшынын жарыгы

Укугуңарды билсеңер, укуруктар кыскарат

Кыргызстанда адилеттикти, калыстыкты орнотуу бардык эле учурда оор болуп келген. Айрыкча азыркыдай башаламан учурда мыйзамсыздык, алдуунун алсызды тебелеши кадимкидей өрчүп турат. Ушундай шартта өзүнүн эмес өзгөлөрдүн адамдык укугун коргоп, карапайым адамдарга жакшылык жасап жарыгын тийгизип келаткан адвокат айым Гүлнара ИСАБЕКОВА өз практикасында кездешкен окуялар тууралуу кеп салып берди.
Жабырлануучулардын укугун коргоп иштегениме көп жыл болду. Ушунча жылдан бери көп тагдырларга кездештим. Көп учурда жарандар өз укугун билбей, ак жерден күнөөлөнүп калышат.
Ушундай иштердин ак-карасын изилдеп жүргөнүмдө кээде өз өмүрүмө да коркунуч болот. Айрыкча үй-бүлөгө тиешелүү иштер өзгөчө чыр-чатактуу болот. Негизи баланы багып алуу жашыруун боюнча калып, мыйзам боюнча эч кимге айтылбаш керек. Жакында ушуга байланышкан бир ишти карадым. Мындан бир нече жыл мурун бир кыргыздын көп баласы болгон. Анын бир уулун баласы жок дунган багып алып, фамилиясын берген. Ошентип кыргыз бала дунгандардын арасында чоңойгон. Эл анын кыргыз экенин билет. Бир күнү ошо кыргыз-дунган жигит менен бир дунган жер талашып урушуп кетишет. Кыргыз-дунган Токмоктогу кыргыздарга мага дунгандар тынчтык бербей атат деп жамандаса, өзүнүн айылына келип дунгандарга мени кыргыздар уруп атат деп айтат. Бул дунгандар диаспорасына жетип ортодо түшүнбөстүктөр пайда болот.
Алар талашкан жер учурунда мыйзам түрүндө катталбай калган. Мен дунгандын укугун коргоп аткам. Мага жергиликтүү депутаттар кыргыз-дунгандын акчасы көп, ошондуктан каалаганын жасап чыр чыгып атат деп айтышкан. Ошондон көп өтпөй түнкү саат бирлерде үйүмө бирөөлөр келип тарсылдатып, "эшикти ач!" деп кыйкыра башташты. Бул ким десем, ачсаң көрөсүң дейт. Каалга карчылдап сына баштаганда милиция чакырдым. Жолдошум да жумушта эле. Милиция чакырганымды угушту окшойт, он мүнөттөн кийин сөгүнүп кетип калышты. Биздин уктоочу бөлмөнүн тушунда жеңил машине токтоп турган экен, үчөө түшүп кеткенин көрдүм. Ал эми опертоп алар кеткенден кийин кырк мүнөттөн кийин келишти. Эгер тигилер үйгө киришсе, милиция келгенче мени өлтүрүп да кетишмек. Ошол түнү кошуналарым да көрүшүптүр. Алар мага келген үчөөнүн бирөө ошол кыргыз-дунгандын баласы дешти. Негизи алар талашкан жер жаштар эс ала турган жай эле. Бул жерге айыл өкмөтү мыйзамсыз чечим чыгарып, ал жерге беш адам үй куруп алышкан. Мен бул жөнүндө президентке да жаздым.
Бакиевди бетине кармап кызматка отургандар
2009-жылы Кемин районунан он төрт жашар кызды 38 жаштагы кошунасы зордуктаган экен. Кыздын энеси ал бир жарым жашында каза болуп, улгайган чоң энеси багыптыр. Атасы кургак учук менен ооруйт экен. Кемин районунун прокуратурасы, соту тарабынан бул кыздын укугу тебеленип, алар кылмышкерди бошотуп, ишти жаап салышкан. Ошол кыздын укугун коргоо, териштирүү бир жылдан ашык жүрдү. Эмне себептен кылмышкерди жазасыз чыгарып, ишти жаап салганын сурасам, Кемин районунун ички иштер бөлүмү прокуратурага шылтады. Ал эми прокуратура сотко шылтады. Бул ишти кароого милиция кызматкерлери мага мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Мен облуска арыздансам ал жактан да эч жыйынтык чыккан жок. "Эмне, бул кыз сенин бир тууганыңбы, сага миллион төлөгөн го" деп урушкандар да болду. Бирок ал кыздын мага бир тыйын төлөгөнгө кудурети жок кыйын абалын көрүп турдум. Бизди эч ким карабай койгондо айлабыз кетип Ак үйгө, Кемин районунун ошол кездеги депутаттарына, Башкы прокуратурага арыз жаздым. Акыры ошол кездеги ИИМ министри М.Конгантиевге кайрылдым. Бул ишке Ак үй, Башкы прокуратура, депутаттар да эч кандай чара колдонгон жок. Конгантиев бизди түз кабыл алып, ишти аягына чыгарып, жакшы жыйынтык болду. Күнөөлүү кишини алып келип дароо камашты. Райондун ички иштер бөлүмүнө текшерүү жүрдү. Ошол учурда ушул кылмыш ишти карабаган күнөөлүү кызматкерлердин тогузу иштеринен четтетилди. Чиндеринен, кызматынан ылдыйлады. Кемин райондук милициясынын начальнигинин бул ишке түздөн түз тиешеси бар болчу. Тергөөнүн жүрүшүндөгү мыйзамсыз иштер боюнча ал кызматтан алынган.
Бирок 7-апрелден кийин мен Бакиевдин куугунтугу менен кызматтан кеткем деп кайра милициянын начальниги болуп баягы ордуна иштеп алыптыр. Бул жерде Бакиевдин эч кандай тиешеси жок болчу. Өзүлөрүнүн министри аны күнөөлүү экенин далилдеп туруп кызматтан четтеткен эле. Ошол кезде кызматынан четтетилгендердин баары Бакиевди күнөөлөп кайра ордуларына отуруп калышыптыр. Ушул өспүрүм кыздын укугун коргойм деп далай коркутуп-үркүтүүлөргө кабылгам. Ал кызга бейөкмөт уюмдары менен биргеликте медициналык, психикалык жардам көргөзүп, мектеп директору менен сүйлөшүп 9-классты аяктагандан кийин күбөлүк алып берип, кийим тигүүчү лицейге окутуп койдук. Баягы кабагы ачылбаган түнт кыз азыр көңүлү көтөрүлүп, жакшынакай окуп атат.
Жүрөк
Кемин районунун Боролдой деген айылынан жүрөгү оорулуу бала төрөлгөн. Анын операциясы абдан кымбат турат. Ата-энесинин үч баласы бар, социалдык абалы абдан оор. Баласын операция жасатууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошол айылдын айыл өкмөтүнүн башчысынан жардам берип коюңуз деген кат келиптир. Баланын ата-энесинин барбаган ооруканасы, министрлиги калбаптыр. Бардык жерден кабыл албай, мунун операциясы абдан кымбат турат, алыңар жетпейт деп баш тартышыптыр. Мен баланы операция жасатуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигине кат жазсам, балдардын кардиологиялык борборунда 50% жеңилдикте дарылап беришет деп жооп беришти. Анын операциясы 10 миң доллар турса, ата-энеси 5 миң долларды деле табалышпайт болчу. Ушул маселени айтып, кардиологиялык борбордун жетекчисине кайрылсам, гуманитардык операция жасоо боюнча жоболору бар экен. Аларга жардам сурап кат жазып, акыры ошол баланы бекер операция жасатууга мүмкүнчүлүк түзүп бердим. Негизи бул операция абдан оор. Анүстүнө дарты да сейрек кездешүүчү оору экен. Ошол баланын операциясы ийгиликтүү өтсө экен деп азыр тилеп отурабыз.
"Мать Тереза"
Ушул эле Кемин районунун дарыгери кичинекей баланы сүннөткө отургузам деп жыныс мүчөсүнүн башын кесип салганы боюнча ММКлар жазып чыгышты. Бул боюнча жабыркаган баланын туугандары мага кайрылган эле. Бирок бул ишти баштарымда мага телефон чалып коркуткандар болду. Анүстүнө ошол учурда ооруп аткам, ошондон улам андан баш тарттым. Колунан эч нерсе келбей, үнүн эч жакка жеткире албай, укугу тебеленген карапайым адамдарга кейийм. Алардын таламын талашып жүргөндө мен деле көп эшикти сүзүп, көп адамдардан ар кандай сөздөрдү угам. Бирөө жакшы сөз айтса, бирөө жаман сөз менен кабыл алат, кээси коркутат, кээси жардам берет. Мен менчик фирмада ишегендиктен иштеген ишибизге жараша акча төгүп турабыз. Бирок, мага кайрылган көпчүлүк карапайым адамдар кайсы акчасын төлөп берет. Кээде фирманын жетекчиси менен да ушул тууралуу өйдө-ылдый сөздөр болот. Жетекчибиз сен "Мать Терезасыңбы?" эмне эле булардын укугун бекер коргойсуң, эмне үчүн акы төкпөйсүң дейт. Ал байкуш үйүндө карандай суу менен отурса бизге эмнесин берет деп айткан күндөр болот. Кээде салыкты жанымдан төлөп берем дегенге туура келет. Мен деле укмуш жашоодо жашабайм. Балдарым, үй-бүлөм бар, ашыкча байлыгым деле жок. Өзүмдүн наным жок отурса да башкалардын кейигенин көрүп жардам бергим келет.
Милиция ит адатын калтырбайт
Бир жолу ЦУМдун жанынан кетип бараткан эки баланы милиция кызматкерлери кармап алып чөнтөктөрүн оодарып аткан экен. Балдардын бирөө ыйлап алыптыр. Мен бул балдарды эмнеге кармап атасыңар десем, силердин тууганыңар болобу, биз документин текшерип атабыз, азыр паспорттук режим дейт. Паспорттук режим эмненин негизинде, кимдин токтому менен болуп атат, документиңерди көргөзгүлөчү десем, көчөдөгү катынга күбөлүгүмдү эмнеге көргөзүшүм керек деди милициянын бири. Экөөбүз кер-мур айтыштык. Тигил балдардан эмне кылмыш кылдыңар эле деп сурасам, токтотуп туруп чөнтөктөрүбүздү оодарып, акчабызды алып койду дейт. Миң сомго жакын акчасы бар экен. Акчаны бергиле десем милиционерлер бербей коюшту. Берки балдар милициядан кутулганына эле сүйүнүп кетип калышты. А милиционерлер болсо шашпаңыз, сизди текшеребиз, көргөзөбүз деп сөгүнүп кетишти. Тигинтип кордолгондорду көргөндө кыя өтпөйм.
Тергөөчү дайым эле тегиз болбойт
Аламүдүн районунда тергөө органында иштеген айым түн ортосунда унаасы менен Көк-Жардан келатып эки жаш баланын машинесин капталынан урган. Тергөөчү айым айдап келаткан унаанын жүргүнчүлөр отурган жагы кичине талкаланган. Ал эми берки эки жаш бала айдаган машине таптакыр талкаланып калган. Балдардын машинесинин чыгымы 180 миң сом болсо, тигил аялдыкы алты миң сом турат экен. Берки жаш балдар бул аялга 500 доллар берели дегенине карабай, өзү күнөөлүү болсо да жаш балдарды сотко берип атат. Өзү прокуратурада тергөөдө иштейм деп айтыптыр. МАИ кызматкерлеринин айтымына караганда, эки тарап тең күнөөлүү болуп чыкты. Бирок жарандык иштер боюнча караганда, балдардын чыгымы көп. Ошол учурда тигил айым ар кайсы жакка телефон чалып, тиги жерге милиция толуп кеткен. Баары тааныштары экен. Ал аял он күн ооруканада жаттым дептир, а бул балдардын кабыргасы, жамбашы жабыркаптыр. Бирок учурунда ооруканага жатпай, жакшылыкча бүтүрөбүз деген элек дейт. Азыр ошол балдардын да укугун коргоп атам. Ал айым кызмат абалынан пайдаланып балдарды күнөөлөп атат. Негизи жарандар өз укугун жакшы билсе, милициялар, тергөөчүлөр да аларга ашыкча кылмыш арткандан чочулап калышар эле.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??