presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Кыргызга качан жетет?!

Телекөрсөтүү жана бузукулук
Американын Нью-Йорк шаарында жалаң жөөттөрдүн балдарын окуткан атайын орто мектеп бар. Ага кабыл алуунун башкы шарты бала жашаган үйдө телевизор болууга тийиш эмес. Көрсө бүт дүйнөнү чарк айлантып башкарып жаткан бул эл билет тура бардык балээнин булагы кайда экенин. Ошондуктан алар үй-бүлө, тукум улоо, жыныстык турмуш маселесине келгенде дээрлик сүттөй ак болот. Бузса башка элдерди бузаар, бирок өздөрү эч убакта бузулбайт. Алар мүлдө жөөттөн турган Израилди мындай коелу, миң сан улут жашаган Нью-Йоркто да өздөрүн сактай билет. Чынында эле эгер үйдө телевизор болсо баланы окутканыңдын да, тарбиялаганыңдын да пайдасы жок. Анын баары караманча текке кеткен иш болот. Муну мен телекөрсөтүүнүн ысык-суугун 25 жыл көтөргөн адис катары айтып жатам.


Акыркы 4-5 жылда кыргыз жергесинде спутниктик антенна табактары жаандан кийинки козу карындай эле жамырады. Алардын ондон тогузу орустун Ямал деген спутнигине каратылган. Ал саясый, экономикалык, коммерциялык, музыкалык, спорттук, диний, таанып-билүүчүлүк, төшөк ж.б. толгон багыттагы 50гө жакын телеканалды көрсөтөт. Бир караганда ар ким табитине жараша тандап көрө берсин, өзүнө жакпаган каналды көрбөй койсун деген "демократия", "сөз эркиндиги" сыяктуу сезилиши мүмкүн. Иш жүзүндө болсо үйдө ээн калган бала эч убакта саясый же диний каналды көрбөйт. Колу пультка тиери менен төшөк каналды баса жыгылат. Адам баласынын табияты ушу. Бала тургай чоңдор деле карып калжайганга чейин ошондой.
Бул эми болгону 3 миң сомдук табак антенна менен көрүү мүмкүн болгон акысыз телеканалдар менен болгон абал. Акысын төлөп, болгондо да ай сайын очойгон акча төлөп берип бузулуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн коммерциялык "супер төшөк" каналдар канча? Кудай-таалам жазалаар кишисин ушинтип өз акчасына өзүнүн кендирин кестирип коет экен. Жыйырма жыл бою жыйган-терген акчасына евросауна куруп, жалаң аңгилерди тейлеген бир эрди-аялды билем. Киреше бирөөгө кетпесин деп анда уул-келини, кыз-күйөөсү кызмат кылат. Ал аз келгенсип неберелери да жардамдашат. Ушул үй-бүлөнүн бүгүнкү күнү эмне болот да, келечеги эмне болот? Баш калаабыздагы жалаң төшөктү тейлеген жүздөгөн сауналар, миңдеген мейманканалар, үйүңдүн ичинен жылаандай сойлоп чыгып жаткан төшөк каналдар, аларды билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн болгон бийлик, эстүү-баштуу делген интеллигенция - мына биздин болгон-бүткөн бүгүнкү турмуш чындыгыбыз!
Ал эми төшөк канал эмнени көрсөтөт? Ал эч убакта эрди-аялдын төшөгүн көрсөтпөйт. Ата-энесин, тууган-туушканын тааныбаган мал сыяктуу төшөктү, эркек менен эркектин, аял менен аялдын төшөгүн көрсөтөт. Ошонун баарын кадимки, табигый иш сыяктуу жайылтуу максатын көздөйт. Андагы эбегейсиз чоң акчага жасалып, бирок демөөрчүсү жашыруун сыр бойдон калган шоудолбоорлор бүгүнкү жаштардын күндөлүк күл азыгына айланды. Алардын кымбат баалуу жасалгасына, пайдаланган эң жаңы техникалык каражаттарына дүйнөдөгү эң супер делген телепрограммалардын уюштуруучуларынын да көзү күйөт. Андай шартта телекөрсөтүү тартуу кыргызстандык адистердин түшүнө да кирбейт. Мына ошонун баарын бүткүл адамзаттын акча байлыгын митедей соруп ээлеп алган кара күчтөр жашыруун каржылайт. Ошол эле кара күчтөр бүткүл дүйнөлүк жашыруун өкмөт катары бардык мамлекеттердин өкмөттөрүнүн эки тизгин, бир чылбырын кармап турат. Ал мамлекеттердин элдери канчалык бузулган, канчалык ирип-чириген болсо кара күчтөргө ошончолук жакшы. Мурдунан чүлүктөп алуу текейден арзан болот.
Кара күчкө салты күчтүү чоң Кытай, наркы күчтүү жапандар, анан ислам дүйнөсүнүн айрым мамлекеттери гана зорго туруштук берип келатат. Мисалы, Кытай менен Иранда адамдардын өз алдынча спутниктик табак антенна коюп алуусуна тыюу салынган. Интернетке да ооздуксуз кире алышпайт. Бизде көчөдө кадам сайын сатылчу бузуку видеопродукция аларда жокко эсе. 21-кылым Кытайдын кылымы болот деп божомолдошууда. Кара күчтөр таңуулаган дүйнөлөштүрүү саясатында Кытай жоголмок турсун, тетирисинче бирден бир лидерге айланып, дүйнөнүн экономикалык жана каржылык эки тизгин, бир чылбырын ээлеп алышы мүмкүн. Ошол эки төөнүн кагылышында биз окшогон майда чымын чынында эле кырылып калышы ыктымал. Албетте, кара күчтөр каптаткан аңгилик уусуна көзүбүз тунарып олтура берсек.
Уу демекчи, адеп-ахлактык жактан ууланган коом кантип социалдык мутация болуп кеткенин өзү да байкабай калат экен. Мунун кашкайган мисалы биздин телеканалдарды каптап кеткен СМС канализациясы болуп саналат. Телерадиоканалдар телерадиоканал болбой эле киспурушка (сутенерго) айланып калганын эч ким байкабайт. Алардын ана башы болгон НБТ каналы ошол ишмердигинен эле айына 10 миң доллар акча табат дешет. Телевизордон биринин артынан бири тынымсыз чубурган ошондой СМСтерди көргөн киши бул элдин мындан башка иши жок калган го деп кантип ойлобойт? Иш жүзүндө болсо ушинтип элибиздин эл катары пайдубалы урап баратат. Бүгүн элдин пайдубалы бузулса, эртең мамлекетибиз өзүнөн өзү кыйрап жок болот. Ичип-чычкандан башка максаты жок бир жандыктардын тобу болобуз да калабыз. Муну биздин улуттук коопсуздук кызматыбыз биринчи болуп көрүшү керек эмес беле? Жок, алар мындайды көрбөйт. Алар үчүн буга караганда исламдык экстремизм алда канча коркунучтуу душман.
Мен жетекчилеринин бири болуп эсептелген ЭлТР каналы да СМСсиз чыга албайт. Аларды бердирбей эле коелу деген бир аргументиңе он контраргумент даярдап келип маңдайыңда турушат. Мамлекет тарабынан өлөсөлүү каржыланган канал башка каналдарга теңтайлашып жашашы үчүн сырттан каражат издеп табууга аргасыз. Айла кеткенде бузуку, нарксыз СМСтерди иргеп туруу үчүн атайын редактор коюп, агып жаткан акчадан аз да болсо калпып калууга аракет кылабыз. Телекөрсөтүү деген күкүктөп агып жаткан суу болсо, анын жетекчилери сууну эгинге жайган сугатчылар сыяктуу. Суу дайыма эле каалаган жагыңа агып кетпейт. ЭлТРдин ЭлFM деген радиосу бар. Бир күнү анын алып баруучулары ободо "Келиндер менен таанышам" деген кулактандырууну окуп жатышат. Эси-көөндөрүнөн калгыс кылып жазалап жатып токтоттук. Көрсө алар "Келиндер менен таанышам" деген сөздүн маанисин деле түшүнүшпөйт экен. Күндө угуп-көрө беришип нан жегендей эле жөнөкөй иш болуп калыптыр. Аңдап көрсөк мындай шылуун кулактандыруунун орусчасы да жок экен. Сойку соодалоо боюнча кыргыздар ушинтип орустарды да, орус тилдүүлөрдү да жолго калтырып жатышат.
Бүгүнкү күндө коомдук турмушту, мамлекетти кыргыздаштыруу боюнча мамлекет аздыр-көптүр аралашкан бир эле иш бар. Ал мамлекеттик тил тууралуу иш. Атайын мыйзам бар. Кайсы бир деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштер бар. Көчөдөгү жарнактарды, кулактандырууларды, ал турсун товарлардын тастыктоосун кыргызчалоо боюнча маселе дээрлик жок алды. Орой айтканда сойкукананын атына чейин кыргызча жазып койдук. Эмне өзгөрдү? Жакшыраак же оңураак болуп калдыкпы?
Кеп тилде эмес, кеп дилде. Жүз пайыз кыргызча сүйлөп туруп эле кыргыз деген аруу, улуу жана нарктуу элден кол жууп калууга болот жана биз ошого эле баратабыз. Мамлекеттик тил боюнча экзаменден Акаев менен Бакиев кандай өткөнү эсиңердеби? Дили кыргыз болбосо ар бир кыргыз ошол экөөндөй эле болот. Кыргызча сайрап туруп эле теңирден тетири ишти кыла берет. Дили кыргыз болуш үчүн анын корко турган Кудайы (жасалма, ойлоп табылган эмес, чыныгы Кудайы), туу туткан намысы, тутунаар күч-кубаты, таянаар салты, азыктанаар наркы болуш керек. Ошондо гана ал бузуку каналдар телекөрүүчү катары биринчи кезекте мени, анан ага кошуп менин аруу эли-журтумду кордоп, маскаралап жатат деп эсептеп, ошого жараша аракет жасайт. (Иранга же Сауд Аравиясына барып телевизордон ошондой кулактандыруу жарыялап көргүлөчү, аны эч качан ишке ашыра албастыгыңар мындай турсун, ошого аракет жасаганыңар үчүн эле атылып кетесиңер. Өзүн сыйлаган элдер мына ушундай болот!)
Азыркы Иран өлкөсү шах бийлиги кулатылганга чейин биздикиндей эле жарым аңги мамлекет болчу. Демократия, сөз эркиндиги, аялдардын теңдиги деген ураандар ошол кездин эң башкы ураандары эле. "Америка бизди жылаңачтап, абийирибизди кетиргени жатат!" деп уюшуп чыккан жүз миңдеген аялдар Иран ислам революциясынын негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бирине айланып, зулум бийликти түп орду менен кулатып, жүз миңдеген америкалык бузукуларды өлкөдөн дыргаяктатып кууп чыккан. Азыр ошол Американын өзүнө теңтайлашкан кубаттуу мамлекетке айланып олтурат. Эң башкысы - элинин ар-намысы, абийири, адеп-ахлагы таза. Демек, үй-бүлөлөрү, тукуму, келечеги таза.
Акыл-эс баккан адамга мындан өткөн үлгү болобу? Өкмөт жасабайбы деп карап олтурбай көпчүлүк жабылып жаса деп талап кылсак жасабай кайда барат? Жабылып жаалап чыксак, иттигиңди токтотпосоң телеканалыңды өрттөйбүз, өзүңдү сабайбыз деп кыйкырып чыксак аңгилер өздөрү деле башын чатына катып качпайт беле. Кеп ушуну уюштуруп чыгаар уюмдун, алып чыгаар адамдын жоктугунда. Кеп кыргыздай кыргыздын жоктугунда. Кыргызды кыйнабаса, түрктү түртпөсө, сартты сайбаса жетпейт дейт. Кыргыз кызын, казак катынын, өзүбек өзүн мактайт дейт. Кыргызга мактанаар кызы жок калганда гана жетет көрүнөт.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«