presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Камбар-Атада кайгы жок

Жарыгыңар берекелүү болсун!
Ушул жылдын 30-августунда өлкө башчысынын катышуусу менен Камбар-Ата - 2 ГЭСинин биринчи агрегаты "ишке киргизилген" болчу. Жергиликтүү жана чет өлкөдөн жетимиштен ашык журналисттер бул тарыхый окуяны кеңири чагылдырып да беришкен. Бирок кийин шибегени капка ката албаган сыяктуу ГЭС ишке кирмек тургай, биринчи агрегат толугу менен даяр эмес экени аныкталып, биртоп терс пикирлерди жараткан эле. Андан бери үч ай өтүп, бүтпөй калган иштер аягына чыгып, агрегат эми ишке чындап киришти.


Буга чейин ГЭСтин ишке кирбей калганын жар салып жазган журналисттер өз көзү менен көрүп жандары тынсын дегениби, аткаминерлерден эч кимисин көзүбүз чалбады. Бишкектен убада кылгандай Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев журналисттердин суроолоруна жооп берет деп күттүк эле, министрдин ордуна орунбасары Автандил Калмамбетов келгенин Камбар-Атага барганда билдик. Алгач саякатыбызды плотинаны көрүүдөн баштап, биздин суроолорубузга "Нарынгидрострой" ишканасынын башчысы Нурбек Исмаилов жооп берип жатты. Анын айтымында, плотинаны жардырууга 3 миң тонна жардыруучу зат кеткен. Плотинаны суу өткөрбөй коргоп туруш үчүн анын бооруна Түркиядан алынып келинген эки миллиметрлик пленка чапталыптыр. "Жардыруучу зат туура эмес ташталып, жардыруу чала болгон дешет" деген журналисттердин суроосун кулагынын сыртынан кетирип, "мен курулуш иштерине гана жооп берем, калганын билбейм" деген жообун кайтарды. ГЭС тууралуу негизги маалыматты министрдин орунбасарынан алалы деп жабалактаган журналисттердин суроолоруна Автандил Калмамбетов "он жети жылдан бери гидростанция ишке кирген эмес. Бүт жабдыктарын алмаштырып, жаңыладык. Бүгүн биринчи агрегат ишке кирди. Ал Ысык-Көл облусун, Токтогул районун электр энергиясы менен камсыз кылгандан сырткары башка өлкөгө экспорттогонго да шарт түзөт" деген жообун берди. Биринчи агрегаттан түшкөн каражатка экинчи, үчүнчү агрегатты да тургузууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок бул маселе азырынча так чечиле элек. Энергетикадан түшкөн каражат кайра өзүнүн пайдасына жумшалабы же башка жакка жумшалабы, аны убакыт көргөзөөр…
Ток этерин айтканда, жалпы жонунан биринчи агрегатты ишке киргизүүгө 9 млрд. сом жумшалган. ГЭС жалпысынан үч агрегаттан турат. ГЭС үч линия боюнча 110 кВт электр энергиясын жиберет жана Борбор Азиядагы бириккен энергосистемага туташа алат. Бүгүнкү күндө Камбар-Ата ГЭСинин суу сактагычынын көлөмү 70 млн. кубометрди түзүүдө. Бир жылда агрегат саатына 700 млн. кВт энергия иштеп чыгара алат. Адистер курулган ГЭС иштен чыкпай жакшы абалда отуз жыл кызмат кыла алат деп кепилдик беришүүдө. Ал эми ГЭС тогуз баллдык жер титирөөгө туруштук бере аларын "Нарынгидрострой" ишканасынын башчысы Нурбек Исмаилов кошумчалай кетти. Суунун көлөмүн көзөмөлгө алуучу аппаратты атайын Санкт-Петербургдан алдыртышкан. Башка өлкөдө мындай приборду табуу жана орнотуу кыйын. Гидроагрегатты үзгүлтүккө учуратпай иштетүүгө дал ушул прибордун салымы чоң экен.
Отуз сегиз жылдан бери ГЭС куруп иштеп келген Багыш Макешов Камбар-Ата ГЭСинин курулушунун башынан аягына чейин катышкан. Өз ишин мыкты билген адистин айтуусунда, ГЭС сапаты жагынан алдыңкылардан экен. Орто жолдон жумушчулар кетип калып, курулуш материал жок иш үзгүлтүккө учураганын жашырган жок. Буюрса, экинчи жана үчүнчү агрегатты да курууга катышам деп калды. Агрегаттын ишке киришине кымбат аппараттардан да кызматкерлердин салымы чоң. Камбар-Ата - 2 ГЭСи курулуп баштагандан бери баш-аягы ондон ашык уюм, 2500-3000 жакын адам иштеген. Азыр анын миңге жетпегени эле калган. Жумушчулар он беш күндөн кезек менен иштешет, орто эсеп менен айлыктары 10-12 миң сомду түзөт. Үч сааттын ичинде жумушчулар менен да жетекчилер менен да баарлашып, суроолорубузга жооп алдык. Агрегатты биз келгенге чейин эле ишке киргизип коюшкан экен, иштеп жатканын өз көзүбүз менен көргөнүбүзгө эле каниет кылдык.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА,
сүрөттөр автордуку





  Эне тилсиз элсиңби?

Тилди өнүктүрүү өбөлгөлөрү
Каныбек Иманалиев, саясат таануу илиминин доктору

Маселенин сапаттык жагдайына кайрылсак, кыргыз тилиндеги гезиттер көбүнесе тил анархиясына жол берип, кээ бир ысымдары таанымал бирин-экин калемгерлерди айтпаганда, макалалар көбүнесе кыргыз тилинде алешем жазылат. Кээ учурда тил эрежелери сакталбайт. Сөз байлыгы өтө чектелүү. Кээде маданиятсыз бейадеп сөздөр колдонулуп кетип атат. Бир эле сөз ар гезитте ар башка жазылып, башаламандык болууда. Менин кесиптештерим, калемгерлер, кыргыз тили боюнча негизги адистер деп эсептейм. Тилдин тазалыгын сактап, тилибизди өнүктүрүү өзүбүздүн гана улуттук парзыбыз экенин жакшы түшүнүшөт деп ойлойм.
Орустун жазуучусу А.П.Чехов чет тилден кирген сөздөрдү пайдалануудан качса, дагы бир улуу жазуучусу Л.Н.Толстой "сөздү туура эмес колдонуп, бейчеки жазгандарды жазага тартуу керек. Ошондо гана тил маданияты оңолот" деген экен. Сөз наркы жана сөз экологиясы үчүн коомчулук алдында эң ириде калемгерлер жоопкер да, үлгү да болуп келген эмеспи.


(Уландысы.
Башы өткөн санда)

Негизги көйгөйлөр
Өкүнүчтүүсү, акыркы 20 жылда кыргыз тили саясый кандайдыр бир кызыкчылыктар козголгон учурларда гана көтөрүлүп, а түпкүлүгүндө ырааттуу, жигердүү, негиздүү иш болбогондугун мойнубузга алганыбыз ийги. Тил кокустан саясый популизмдин куралына айланса, ал адатта үзүрлүү болбойт, тескерисинче экстремизмге жол ачышы мүмкүн.
Үстүбүздөгү жылдын апрель жана июнь айындагы окуялар улуттук аң-сезимибизге мурда болуп көрбөгөндөй таасир берди. Мындай улуттук толкундоолор кыргыз тилинин өсүп-өнүгүүсү үчүн эң керектүү тарыхый жагдай түзүп отурат. Себеби улуттук аң-сезим эң ириде улуттук тил менен түздөн-түз байланышкан. Сыягы, мамлекеттик тилди жаңы деңгээлде көтөрүүнүн тарыхый доору келип жетти. Анүчүн биринчиден, азыркы саясый, психологиялык жагдайды эске алып, финансылык булактарды так аныктаган (эң өкүнүчтүүсү, азыркы күндө тил комиссиясында иштегендердин айлыгын эске албаганда, жылына кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн 1,5 млн. сом эле бөлүнөт экен), жылына эң жок дегенде эле 100 млн. сомдон кем каражат каралган атайын мамлекеттик программаны бекитүү зарылчылыгы бышып жетти.
Экинчиден, мамлекеттик тил комиссиясынын алдында бирдиктүү республикалык котормо борборун түзүү зарыл. Себеби, бизде Өкмөт, Президент, Жогорку Кеңеш, Сот органдары мыйзам актыларын ар кимиси ар кандай кыргыз тилине которуп, бирдиктүү иш болбой жатат. Ошондой эле көрнөк-жарнактар да чарбалык эсептин негизинде ушул котормо борбору аркылуу өткөндө гана мыйзамдуу болуп эсептелмек.
Үчүнчүдөн, кыргыз тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн ушул комиссиянын алдында жана атайын акысыз интернет-сайт ачылышы ылаазым. Кыргыз тилин окутуунун инновациялык методдорун иштеп чыгуу менен бирге радио, телесабактарды өткөзүү алда канча пайдалуу болор эле.
Төртүнчүдөн, кыргыз тилинен орусчага жана орусчадан кыргызчага которо турган атайын адистерди даярдообуз шарт. Совет мезгилинде кыргыз адабияты менен поэзиясынын М.Ронкин, М.Рудов, В.Шаповалов сыяктуу таланттуу инсандар аркылуу орусча которулуп келген. Эми котормочулардын жаңы муунун өстүрүү биздин мамлекеттик камкордук болушу абзел.
Бешинчиден, эң негизги көйгөйлүү маселе - 500-600 миң кыргыздар чет жакта, Россия жана Казакстанда жүрүшөт. Алардын балдары кыргыз тилин жеткиликтүү деңгээлде билбей калуу коркунучу бар. Ошондуктан, мамлекеттин колдоосу менен аларга кыргыз тили жана адабиятын окутуу курстарын окутуу жана алар жашаган жерлерде кыргыз радиосун уктуруу маселеси чечилсе дурус болор эле.
Алтынчыдан, деги эле тил илими ага санаалаш башка илимдер менен эриш-аркак гана өнүгө алат. Маселен, улуттук тарых, этнография, этнопедагогика, улуттук философия, улуттук адабият жана фольклористика. Тил маданияты - бул эл маданияты. Маданият демекчи, анда улуттук театр, улуттук кино, ж.б. менен тыгыз байланышкан.
Жетинчиден, улуттук комиссия тарабынан сунуш кылынган терминдердин котормосу элге анчейин сиңип кетпей жатат. Дегеним, ар бир жаңы сөз - бул жаңы дүйнө. Сөз гана отко күйбөс, сууга акпас, мезгилге көөнөрбөс дөөлөт. Эгерде эбин таап эли колдоно билсе. Ал колдонууга кирээрден мурда адегенде интернет-сайттар аркылуу кеңири чөйрөдө талкуудан өтүп, анан коомчулук, тилчи адистердин катышуусу менен кабыл алынса. Айрыкча, күндөлүк турмушубузда кеңири колдонулган юридикалык, экономикалык сөздүктөрдү түзүү өтө кылдаттыкты, чеберчиликти, сапаттуулукту талап кылат.
Жаңы сөздөрдүн кыргызча котормосун же синонимин издөөдө төмөнкүдөй ирээтте тандалса. Адегенде ошол сөздүн байыркы кыргыз тилиндеги төркүнүн издөө. Атактуу тил даанышманыбыз академик Хусейн Карасаев "Камус-наама" карасай сөздүгүн аяктап жатып, "Манас" жомогунда, майда эпостордо учураган кээ бир сөздөрдүн төркүнүн таба албагандыктан, калтырып койдум деген. Демек, али "Манаста" сыр катып, "уктап", чаң басып жаткан сөздөр көп. Ал сөздөр ата-бабабыздын кан-жанынан жаралып, оозунда сүйлөнгөн сөздөр. Эгемен Кыргызстандын доорунда ал сөздөрдүн чаңын аарчып, жаңы маани берип, бөпөлөп, колдонуп калуу - биздин атуулдук парзыбыз.
Эгерде өз сөзүбүздө уңгусун таба албасак, анда айрыкча кытайлык кыргыздар рыноктук терминдердин кызыл-суулук эң сонун котормолорун колдонуп жүрүшөт. Алардын тажрыйбасына кайрылып, элге сиңип кеткен сөздөрдү өзүбүздүн лексиконубузда пайдаланууга неге болбосун.
Ислам турмушубузга активдүү кирип жатканда, маселен, банк системасында ислам принциптерин колдонуу жаатында кыргызга сиңип калган исламий сөздөрдү да колдонуудан качпаганыбыз шарт.
А түпкүлүгүндө илимдин гуманитардык тармактарында (кыргыз тил, география, укук, экономика ж.б.) илимий диссертацияларды мамлекеттик тилде жактоого убакыт жетти сыяктанат. Атайын кыргыз тили фонду түзүлүп, эне тилде илим жазган жаш окумуштууларга колдоо көрсөтүлсө дурус саамалык болмок. Тил адегенде күндөлүк карым-катнаш каражаты, бара-бара адабий тилдин деңгээлине өсүп жетип, анан саясый мамиле жана мыйзамдарды жазуу бийиктикке жетсе, ал тил эч убакта жок болуп кетпейт.
Бирок, тилдин эң бийиктиги - бул илимдин тили болуу даражасына жетүү. Биздин эне тилибиздин кудурети чалкып жаткан Манас окуясын камтып, чагылдырууга жеткен соң, кыргыздын илимий ой-чабытын, интеллектин кенен, жеткиликтүү, терең чагылдырып берүүгө да чама-чаркы жетээри шексиз.



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«