26.11.10 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сүйүнөбүзбү же күйүнөбүзбү?

Тышкы карыз 4,454 млрд. доллар болмок

Жума ортосунда каржы министри маанилүү маалымат таратты. Министрликтин билдиришинче, эгер Кыргызстан акыркы беш жыл ичиндеги 25 келишимге кол койсо тышкы карыз 4,454 млрд. доллар болмок экен. Бул сумма 2009-жылдагы өлкө ИДПсынын 100 пайызын түзмөк.
Эске салсак, 2009-жылы февраль айында Камбар-Ата -1 ГЭСин куруу келишими көп өтпөй Россия өкмөтү тарабынан токтотулган эле. Бул макулдашуу боюнча Россия ГЭСтин курулушуна 1,7 млрд. доллар салмак. 20 жылга эсептелген бул кредит министрликтин айтымында өтө оор шарт менен тартылмак. Бул карызды жабыш үчүн Кыргызстан ар жылы Россияга 277 млн. АКШ акчасын төлөмөк болгон.
Буга улай министрлик 2010-жылдын апрель айынан сентябрга чейин убактылуу өкмөт жалпы суммасы 168,9 млн. доллар жеңилдетилген кредиттерге келишим түзгөнүн билдирди. Мындан сырткары ушул убакыт аралыгында өлкөгө 150 млн.доллардан ашык доллар грант берилген. Тышкы карыздарды тейлөөгө быйыл 65 млн. доллар каралып, учурда тейлөөнүн 73,3 пайызы аткарылганын да кошумчалайт министрлик. Каржы министринин орунбасары Мирлан Байгөнчөковдун билдиришинче, Кыргызстандын тышкы карыздарынын 90 пайызы жеңилдетилген шартта алынган кредиттер. "Тышкы карыздын 57 пайызы эл аралык донорлордон көп тараптуу макулдашуулардын негизинде алынган кредиттер болсо, калган 43 пайызы Россия, Япония менен болгон эки тараптуу макулдашуулардын негизинде алынган кредиттер" дейт Мирлан Байгөнчөков.





  Ымала

ИИМдин ишин ОБСЕ оңдойбу?

Буга чейин ОБСЕ полициясын өлкөгө киргизүү боюнча далай митинг, талаш- тартыштар болгону баарыбызга маалым. ОБСЕнин өкүлү Маркус Мюллердин сөзүнө караганда, 2011-жылы ОБСЕ Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо долбоору боюнча өз ишин баштайт.
Маркус Мюллердин айтымында, бул долбоор боюнча алгач Кыргызстан демилге көтөрүп, уюм ага колдоо көрсөтөрүн билдирген. "Бизге каражат бөлүндү, келерки жылдын январь айынан тарта ишти баштайбыз. Биз ИИМдин бийлик куралы болбой, элге кантип кызмат кылууну үйрөнүүгө жардам беребиз" дейт аталган программанын кеңешчиси Маркус Мюллер. ИИМдин укук жана криминалдык анализ башкы башкармалыгынын начальнигинин орунбасары Шамшыбек Мамыровдун билдиришинче, учурда министрликте ОБСЕ программасы боюнча иш жүргүзүү буйругу чыгып, республика боюнча ички иштер бөлүмдөрүнүн 18 пилоттук бөлүмчөлөрү аныкталган. "Долбоордун негизги максаты - адам укуктарын коргоо, милиция менен калктын социалдык өнөктөштүгүн жандандыруу, этникалык чөйрө иштерин, гендердик саясат маселелерин жөнгө салуу, ички иштер бөлүмдөрүндө демократиялык башкарууну, иштөөнүн эл аралык стандарттарын киргизүү. Мындан сырткары долбоордун негизги тапшырмаларынын бири ОБСЕнин биздин милицияга материалдык-техникалык жактан жардам көрсөтүүсү" дейт ал. Шамшыбек Мамыровдун айтымында, консультативдик полиция тобунда 31 адам бар. Аталган адистер өлкөгө келери менен алардын ортосунда атайын конкурс жарыяланып, керектүүсүн ИИМ тандап алып 18 бөлүмгө жиберет.




  Бет маңдай

Эки жээктин иши илгерилесе болду

Шейшемби күнү Ак үйдө чоң жыйын болду. Жыйын акыркы бир айдан бери өлкөдөгү он министрликте пилоттук долбоор катары иштегени жаткан байкоочулар кеңешинин төрагалары менен министрлердин жана чет элдик донорлордун ортосунда болду.
Президент Роза Отунбаева адегенде байкоочулар кеңешинин маани-жагдайын айтып өттү. Андан кийин байкоочулар кеңештеринин төрагалары, министрлер катары менен сүйлөп, мындан ары эриш-аркак иштей тургандыктарын президент алдында убада беришти. Кыргызстанда ушу кезге чейин бир да министр өз министрлигинин жалпы иши, бюджети ачык болсун, каражаттарды кайда, кандай сарптаганыбыз тууралуу коомчулукка отчет берип туралы деген демилгени көтөргөн эмес. Бул жолу президент айымдын демилгеси менен маңдай-тескей отурган эки жээктин бир тарабы гана активдүүлүгүн көрсөтсө, экинчи жээги мойнунан байлап келгендей эле отурушту. Өзгөчө Англиянын өкмөтүн мисал тарткан президент айым, эгер бул пилоттук долбоор ийгиликтүү болсо, башка министрлик, агенттиктердин бардыгына байкоочулар кеңеши киргизилээрин айтты. Мейли, эгер министрликтер өздөрү ачык иштей албаса, алардын үстүнөн мындай байкоо керектир. Бирок байкоочулар кеңешинин төрагаларынын көпчүлүгү алды 70ке таяп калган аксакалдар экени гана ойлонтот. Алардын аң-сезими мындай революциялык кадамды кандай кабыл алып, андан кандай жыйынтык чыгаар экен?
Баса белгилеп кое турган өзгөчө жагдай, ошо жыйынга катышкандардын 90 пайызы кыргыз экендигине карабай жыйын жалаң орус тилинде өттү. Президент Р.Отунбаева, президенттик администрация башчысы Э.Каптагаев өздөрү мамлекеттик тилге тоскоолдук кылып жатса, башкалар жөнүндө эмне айтууга болот? Дагы жакшы, айыл чарба министрлигине дайындалган байкоочу кеңештин төрагасы ак калпагын башынан түшүрбөй, орус тилинде жалпылап сүйлөгөндөрдөн айырмаланып, кыргызча, анан да данектүү сүйлөдү.





  Ыйыкты тим койбой

Топчуке эми Манасты ала жыгылды

Токойчулуктан түшүп, президенттин саясый кеңешчилигине токтолгон Топчуке кезектеги идеясын жар салды. Буга чейин люстрация мыйзамы, кийин "Титулдук улут жөнүндө", "Улуттук азчылык тууралуу" мыйзам долбоорлорун сунуштаган Топчукенин бул идеясы айрымдарга абдан жакса, шаардыктардын басымдуу бөлүгү жактырышкан жок.
Шаардыктардын пикиринче, 20 жылдан бери Фрунзени эптеп Бишкек кылып алганда кайра аны Манаска өзгөртүүнүн эч кандай кажети жок. Анын үстүнө Бишкекти Манаска которууга эле миллиондогон каражат жумшалат. Экономикалык оор акыбалда турганда ашыкча чыгашанын зарылчылыгы жок.
А Топчубек Тургуналиевдин эсебинде буга көп деле каражат кетпейт. "Көп өлкөлөрдө символикалуу түрдө шаарларга атактуу баатырларынын аттары берилген. "Манас" эпосу кыргыз элинин улуу билими, тарыхы. Борборду Манас атоону иш жүзүнө ашыруу реалдуу" дейт Топчуке. Өлкөдө экономикалык, саясый туруктуулук болбой жатканда, бөйрөктөн шыйрак чыгарып борбордун атын өзгөртүү туура эмес. Кыргызстанда туруктуулук болуш үчүн борбор Бишкек, өлкө Кыргызстан боюнча калышы керек деген пикирди карманган шаардыктар да арбын. Алардын билдиришинче, Бишкекти Манаска которуу менен борбор калаа да, эпос да, Кыргызстан да популярдуу болуп кетпейт.
Тескерисинче, Манасты дүйнө жүзү билет, эпос ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген. Андыктан борборду Манас деп атоо туура. Муну менен борбордо биртоп өзгөрүү, оңолуу болмок дегендер да жок эмес.




  Жер кимге "оюнчук" болуп атат?

Элди ээликтиргендер неге унчукпайт?

Түштүктөгү 7-ноябрда башталган жер басып алууну бийлик эмдигиче баса албай келет. Бул күнү көп жылдан бери жер ала албай жүргөн кыргыздар атчан чыгып, өзбектер дыйканчылык кылып жүрүшкөн жерлерди басып алышкан.
Ошол эле убакта дагы бир башка топ Ош аэропортунун жанындагы жерлерди ээлеп алууга аракет кыла башташкан. Кийинки күнү эртең менен чогулган жер басып алуучулар аэропортко баруучу чоң жолду тосушуп, тез арада үй курууга жер берүүнү талап кылышкан болчу. Муну менен катар эле алардын айрымдары Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун жер, өзбектер ээлик кылган базар, соода түйүндөрүн, кафе, ресторандарды берерин убада кылганын кылтыйтышкан. Жер басып алуучулар жалпы жонунан 80 гектарга жакын жерди басып алышып, натыйжада 900 үй-бүлөнүн дыйканчылык кылган жерлерин алдырышкан эле. Учурда облустук администрация жер алууга мыйзамдуу кезекке тургандар беш миңге жакын экенин билдирсе, Ош мэриясы алардын саны 30 миңден ашык экенин баса белгилейт. Мэр Мелис мырза өз кезегинде турак үй, жер маселеси Ошто быйыл эле эмес, көп жылдан бери чечилбей келатканын айтып, убадасы тууралуу лам дебейт. Башында вице-премьер-министр Александр Костюк башында турган жер басып алуу боюнча түзүлгөн комиссия болсо маселени кантип чечерин билбей башы маң. Ушунча элге убада берип, эми жерге муктаждардын саны 30 миңден ашык деп турган Мелис мырзанын көздөгөнү не? Буга бийлик же ошол эле комиссия неге кызыгып көрбөйт?




  Үй салууну унуткула

Кант цементи дагы кымбаттайбы?

Кечээ Кант цемент заводу антимонополдук жөнгө салуу агенттигине арманы жазылган кат жолдоду. Катта завод жетекчилиги цементке болгон бааны кайра карап, жогорулатып берүү өтүнүчүн билдирген. Муну завод цемент өндүрүү иши газдык системага өтүп жатканы менен түшүндүргөн.
Учурда газдын бир метр кубу 370 доллар тургандыктан, цементтин өздүк наркы эми 1,5 эсеге жогорулайт. Ишкананын билдиришинче, учурда цемент калктын муктаждыгына жараша чыгарылып жатат. Бирок кышка карата оңдоо иштерине даярдык болуп жаткандыктан, цемент азыр мурдагыдан азыраак өндүрүлүүдө. Цементтин кымбатташына былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл күзүндө цементке болгон муктаждыктын жогору болуусу да себеп болгон. Айрым экономисттердин айтымында, эгер заводдун чыгашасы чынында көп болсо антимонополдук агенттик цементке болгон бааны көтөрүүгө аргасыз.


Мелис СОВЕТ уулу