26.11.10 - 24-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  ДҮЙНӨКҮН


УЙДҮЙНӨ. Португалиянын Лиссабонунан Испаниянын борбору Мадридге бара жаткан поезд темир жолго туруп алган 3 уй үчүн өз нугунан чыгып кетти. Уйларды өлтүргүсү келбеген машинист бул жандыкты ыйык көргөндөй индус окшойт десек, карапайым португалдык эле жигит экен. Кантип жолдон чыгып кеткенин өзү да, адистер да түшүнө албай жатышат. Же чын эле индиялыктар айткандай уйдун колдоочусу барбы?

УУДҮЙНӨ. 70 жаштагы немис пенсионери Гюнтер Хансель исландия сууларында балык уулап жүрүп тарыхта биринчи жолу колго түшкөн эң чоң балыкты кармап алды. Палтус түрүнө кирген балыктын салмагы 215 килограмм болсо, узундугу эки жарым метрди түзгөн. Рекорд койгон балыкты пенсионер аксакал 3 миң еврого сатып ийди. Бул балыктан 1000 порция тамак жасаса болот экен.

ҮНДҮЙНӨ. Германиянын тургундары Стефани Мюллер менен Лукас Цетшти болбогон нерсе үчүн соттоп жатышат. Бул эки жаштын керебети ушунчалык катуу кыйчылдагандыктан, таң аткыча кошунасын уктатпай чыгышат тура. Чыдамы кеткен кошунасы сүйүшкөн эки жашты сотко берип тынды.

РОЛДҮЙНӨ. Нью-Йоркто Майкл Бреа аттуу актер кылмыш үстүндө кармалды. Ал самурайлардын кылычы менен өзү менен чогуу жашаган апасынын башын алып салган. Көрсө, акыркы жолу ужас тасмага тартылган Майклдын крышасы тайып кетиптир. Апасын өлтүрөрдүн алдында ал колуна библия кармап алып бир нерселерди окуган жери дал тасмадагы ролуна окшош экен. Муну анын кошуналары тастыктап беришти.

КИЙДҮЙНӨ. Шотландиялык мырзалар килт аттуу юбка баштанган улуттук кийимин кийерин билебиз. Бирок алар илгертен анын астынан ич кийим кийбей жүргөнүн баарыбыз биле бербейбиз. Жакында "Scottish Tartans Authority" уюму мындан ары жиндидей салтыбызды унутуп, килттин астынан ич кийим кийбесек болбой калды. Ушунун айынан көптөгөн мырзаларга суук тийип, эркек балдар аз төрөлүп атат. Бул гигиенага да, маданиятка да туура келбейт деп чыгышты.

ТАШДҮЙНӨ. Кытайдын Вэньчан шаарында ачылган көргөзмөдө 6 тонналык бермет ташын көрсө болот. Мындай асыл таш караңгы жерде жашыл болуп күйгөнү менен өзгөчөлөнөт. Бул минерал бир нече жыл мурда Кытайдын түндүгүнөн табылган. Көргөзмөгө коюлган кымбат баалуу ташты алууну каалагандар 2,2 млрд. кытай акчасын же 331 млн. жашылбайды санап бериши керек.

САНДҮЙНӨ. Броктон шаарында дүйнөлүк рекордго катталуу үчүн бир эле учурда 814 Санта Клаус чогулушту. Бул иш-чара тарыхый окуянын 120 жылдыгына карата уюштурулган. Көрсө, Джеймс Эдгар аттуу дүкөнчү бир кылым мурда Санта Клаусту менин дүкөнүмдөн көрсө болот деп жаш балдарды чакыруунун жолун ойлоп тапкан экен. Ошондон бери супермаркеттер сатуучуларды Санта Клаус кылып кийиндирип акча таап келишет.




Михаил Саакашвили
Грузиянын президенти жакшы киши боло баштады. Европарламентте сөз сүйлөп атып Грузиянын армиясы өлкөнү коргоо үчүн гана колдонулат, Абхазия менен Түштүк Осетияны кайтарып алуу аракеттерин көрбөйбүз деди. Учурда мамилелери бузулган Россия менен тил табышуунун аракетинде экендиги да айтылды. Андан сырткары, Миша байкең 200 кылмышкердин күнөөсүн кечирип, эркиндикке чыгарды. Камакта отурган калган кылмышкерлерге жакындары менен түнөө үчүн атайын мейманкана жана күн сайын байланыша турган интернет менен иштөөчү видеобайланыш койдуруп бериптир. Мындай аракеттери үчүн расмий иш сапары учурунда Армениянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду.

Леонардо ДИ Каприо
"Титаник" тасмасы аркылуу дүйнөгө белгилүү болгон актер 1 млн. долларды жолборсторду коргоо үчүн Калифорниянын коомдук фондуна которуп берди. Буга чейин Роуздун сүйгөнү Непал жана Бутан өлкөлөрүндөгү жолборстордун абалынан кабар алып келген. Ди Каприонун жашылбайлары 2022-жылга чейин жолборстордун санын эки эселентүүгө багытталган программага жумшалат экен.

Принц Уильям
Улуу Британиянын тургундарынын 55 пайызы бийликтин мураскери катары түз мураскер принц Чарльзды эмес, 28 жаштагы Уильямды көргүсү келет экен. Салт боюнча бийликке келчү Чарльзды болгону сурамжылангандардын 19%ы колдогон. Ал эми сурамжылангандардын 64%ы такта отурууга Уильям менен кошо анын болочок жубайы Кейт Миддлтон аябай жарашат деп жооп кылышкан.

Уго Чавес
Венесуэланын президенти "өлкөнүн оппозиционерлери мени өлтүрүү үчүн 100 млн. доллар чогултушту. Бул тууралуу мага маалымат жетти. Мунун башкы демилгечиси АКШда качып жүргөн менин биринчи душманым Гильермо Сулоагу экен. Аны Америка колдоп жатат" деп айтып чыкты. Гильермо Сулоагу Венесуэладагы жалгыз оппозициялык маанайдагы телеканалдын ээси. Ал өлкө башчысына жалган жалаа жапты, мыйзамсыз акча айлантуу схемасын уюштурган деген айып менен сотко чакырылып, бирок ал АКШга качып кеткен.

Абдулла ибн Абдель Азиз
Сауд Арабиясынын падышасы АКШга дарыланганы келди. Анын омурткаларынын ортосунда пайда болгон шишиктери жанын койбой жатыптыр. Мыкты адистер кайда деген суроо менен АКШга кеткен хандын милдетин учурда анын мураскери, ханзаада Халед бин Султан бин Абдул-Азиз аткарып жатат. Айрым өлкөлөрдөгүдөй өлкө башчысы бир жакка дарыланганы кетсе бийлик бөлүштүрүп ийүү Сауд Арабиясында байкалбады.




Мадагаскар. Өткөн саныбызда бул өлкөдө мамлекеттик төңкөрүш болду деп жазганбыз. Бийлигин тарттырып ийген президент Андри Ражуелину күч топтоп келип, кайра бийлигин каратып алды. Ал гана эмес, аны түбөлүк президент кылуу боюнча өткөрүлгөн референдумду да ийгиликтүү болду деп жарыялай салды. Төңкөрүшчүлөрдүн көбү качып кетип, айрымдары камалды. Алардын арасында 2009-жылдын жазында дал ушул президентти бийликке мамлекеттик төңкөрүш аркылуу алып келген адамдар да бар.
Корея. Бул атты алып жүргөн эки мамлекет кырылыша баштады. Түштүк Корея менен Корея Элдик Демократиялык Республиканын ортосунда бир нече ирет ракеталык снаряддар менен атышуу болуп өттү. Жыйынтыгында бир канча адам жарат алып, жок жерден көз жумгандар да болду. Бир нече имараттар жарактан чыгып, өрт токтобой жатат. КЭДРдин да, Түштүк Кореянын да мамлекет башчылары артка чегинүүнү каалабай, биз да атабыз деп бири-бирине ракеталар менен жооп беришүүдө. Сен баштадың деп бирин бири күнөөлөгөн өлкөлөрдүн аракеттерин Россия, АКШ, Улуу Британия сыяктуу ири өлкөлөр калчап көрүп, кагылышууга түштүктүктөр күнөөлүү экенин айтып чыгышты. 1950-1953-жылдагы бул мамлекеттердин ортосундагы согуштан бери булар тынч эле жашап келишти эле, болбогон жерден чыр чыгып кетти. Азырынча ким күнөөлүү экени, атышуунун себеби эмнеден келип чыкканы белгисиз.
Камбоджа. Пномпень шаарына суу фестивалына келген миңдеген көрүүчүлөр майрамдын бүтүшүндө салтка айланган бриллиант аралына кенендиги 10 метрдик узун көпүрө аркылуу аркы өйүзгө өтүп, жарманкеден арзан буюмдарды сатып алышчу. Бул жолу жоон тобу менен эки тараптан тең эл келип, тыгындын айынан 400гө жакын адам көз жумду. Айрымдар көпүрөгө кооздук берген лампалардын тогуна тартылып өлсө, көпчүлүк тебелендиде калып, бутунда тургандары деле аба жетпей ички органдары сыгылып өлүшкөн. Бир нече адам сууга да секиришкен, анын айрымдары гана жээкке сүзүп чыга алган. Мындай чоң сандагы өлүм Камбоджада диктатор Пол Поттун убагынан бери боло элек болчу. Ал 1975-1979-жылдары 1,7 млн. адамды кырып салган.
Египет. Бул мусулман өлкөсүнө христиандардын чиркөөсүн курууну каалагандарга документтери туура келбей калган деген шылтоо менен чиркөө салганга уруксат бербей коюшат. Ага нааразы болгон 200дөй киши пикетке чыгышат. Полисайлар аларды таркатуу аракетин көргөндө мусулман динин тутунган атуулдар орган кишилерине көмөктөшүп ийишет. Жыйынтыгында 20 жаштагы жигит каза болуп, чоң чыр башталганы калды окшойт. Жарадар болгондор 20дан ашып кетти.
Лиссабон. НАТОнун саммити өткөн бул шаарда чиновниктер аябай уят болушту. Грузиянын делегациясы менен Армениянын чоңдору кошулуп алып, өздөрү турган мейманканага 80 сойкуну чакырып алып ой-да майрамдап жатышкан экен. Ызы-чууга чыдабаган француз президентинин арыздануусу менен майрам токтотулду. Массалык маалымат каражаттарына тарап кеткен маалыматты аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтери же кага албай, же моюнга албай дымып отурушат.
WWW булактарынан даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ