26.11.10 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Айлыгы 17 миң доллар. Бу ким?
Көрбөсөңүз, мындай жогорку маяналуу мекендешибизди жакындан таанып алыңыз. Учурдагы техникалык өкмөттүн жетекчиси Амангелди Муралиев бир эле учурда "Кыргызалтын" акционердик коомунун директорлор кеңешинин башчысы, дагы бир алтын иштетүүчү "Кумтөр" акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагалыгын аркалайт. Жөн эмес, президент айымдын амири менен. Мына ушул киши кечээ Канададан кайткандан кийин билип атабыз, "Кумтөрдөн" алган айлыгы эле 17 миң долларды түзөрүн. Анда "Кыргызалтындан" канча алат да, премьерлик креслодо отурганы үчүн мамлекет казынасын канча миң "жашылбайга" какшытат? Ылайым эле тапканы өзүнө буюрсун, арийне мыйзам боюнча өкмөт башына келген адам тигиндей кызматтарды өткөрүп берүүгө тийиш эмеспи.

Негедир "качкындар" көбөйдү да
Апрель окуясынан кийин "Дастан" заводунун директорлугуна айтылуу Алексей Ширшовдун ордуна жаңы өкмөт С.Даниленко деген немени дайындап, биздин кадр баарын гүлдөтөт деген. Гүлдөткөнү курусун, артык кылабыз деп тыртык кылыштыбы, айтор, 7-апрелде "Дастандын" казынасында сакталып турган 2,6 млн. доллардын дайыны төрт айдын ичинде ың-жыңсыз жоголуп, натыйжада кылмыш иши ачылган. Буга байланыштуу тергөө жүрүп атканда С.Даниленко чет өлкөгө качып жөнөптүр. Аны токтотушкан "Манас" аэропортундагы чегарачыларга Ак үйдөгү бир көзүр телефон чалып, кое бергиле таризинде буйрук бергени кызык.

Кол ийрисине тарттыбы?
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын төрагасы Жантөрө Сатыбалдиевди экс-премьер Данияр Үсөновдун жакын адамы коштоп жүргөнүн кулагыбыз чалды. Бизге жеткен маалыматка ылайык Жантөрө мырза көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча өткөргөн тендерде өзүнө ылым санаган компанияларга жан тартыптыр. Бул маселени жерде калтырбай журналисттик иликтөөбүздү баштадык. Жыйынтыгын гезитибиздин келерки сандарында жарыялайбыз.

Камсанабагыла, ээлебептир
"Ата мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев эмитеден эле өзүн ЖК төрагасы сезип спикердин кабинетин "басып" алыптыр деген кеп чыккан. Мунун чын-бышыгын тактоо ниетинде партиянын штабына звандасак, "бул карандай калп, жалган жалаа. Ушу тапта ЖК төрагасына жана өкмөт башчысына арналып жасалгаланган бөлмөлөр бош турат" деп жооп узатышты.

Аныгын айтам дейт
Укук коргоо органдары экс-депутат Жалаллидин Салахудиновду издөөгө алганы маалым. Бирок азыркы бийлик Жалаллидин мырзаны жөн эле "издемиш" этип жүргөнүн буга чейин далай жазганбыз. Мурдагы эл өкүлү тууралуу дагы бир "свежий" кабар, а киши жакын арада Кыргызстанга кайтып келет. Келери менен бизге улуттар аралык жаңжалга канчалык деңгээлде тиешеси бардыгын ачык айтарын убада кылды. Андыктан "Жаңы Агымдын" кийинки сандарына көз чаптыра жүргүлө.

Бульдозер менен түрттүрсөңөр да чыкпайт
Жогорку Кенештин чарбалык иштер башкармалыгы экс-депутат Турдукан Жумабекованы парламент батиринен чыгара албай эси оодо. Ал "мен өткөн жылы юридика илиминин кандидаты болгом, мыйзамды жакшы билем. Кыш кирип келди, эми мага жашай турган жай таап бермейинче бул жерден бульдозер менен да сүрүп кетире албайсыңар. Мен квартирага ремонт жасаткам, ага да компенсация төлөшүңөр керек" деп чуу салып, эшигин ачпай атканы.

Малеваная мант бергенде
Курманбек Бакиевдин секретариатынын башчысы Оксана Малеваная бая күнү безип кетиптир деген сөз тараган. Акыркы маалыматтарга караганда, бала-чакасы менен Швецияда жүрүптүр. Кыргызстандын бир да чегарасын кесип өтпөгөн экс-чиновниктин карааны кантип Европада пайда боло калганына таңгаласың. Анүстүнө Швецияга биздин атуулдардын виза ачтырышы өзүнчө эле азап иш. Калпы-чыны белгисиз, кыскарта чапканда, эл арасында түрдүү кеп бар. Бири "Малеванная "Кант" авиабазасынан учуп кетиптир" десе, кай бирлери "жок, "Манас" авиабазасынан эле куйрук түйүптүр" деп талашышат.

Айымдар алдатпай калсын
"Республикачылдардын" ичинде партия төрагасы Өмүрбек Бабанов менен Роза Акназарова тирешип баштаганы белгилүү. Ал жетишпей жаткансып, Өмүрбек Токтогулович "парталашы" Уулкан Аманбаевага шайлоодо жетиштүү добуш топтободуңуз, орунду бошотуңуз десе, тигиниси эч жакка кетпейм, маадемектен таянган аскаңды таштап жибер маанисинде буркан-шаркан түшкөн кербези. Эки "назик" аялзатынын "таландысында" калган Өмүрчиктин сулуу келбети аман болгой эле…

Масировдун маңызы эми чыгат
Жалал-Абад шаардык соту экс-губернатор Кошбай Масировду убагында актап койгон. Жалал-Абад облсотунун коллегиясы 19-ноябрда мындай чечимди жокко чыгарды. Энди Кошбай мырза май айында обладминистрацияны басып алганы үчүн кандай жазага тартылар экен?
"Жаңы Агым" - пресс




Ак үй короосунда
Президент кимди айтты?

Дүйшөмбү күнү прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Салтанаттуу иш-чарага президент Роза Отунбаева катышып, прокуратура кызматкерлерин куттуктады. Роза айым сөз арасында криминалдык дүйнө менен тыгыз алака түзгөн айрым адамдар депутаттык мандат тагынганын кыйытып өттү. Бирок "криминал-депутаттардын" ысымдарын ачыкка чыгарган жок. Президенттин мындай кебинен соң мурда-кийин "каралар" менен жакын мамиледе жүргөн делген эл өкүлдөрү туурасында учкай сөз кылууну туура таптык. Албетте аларды чын эле кримавторитет дегенден алыспыз, болгону эл арасында айтыла калчу аңыздарды жүйө келтиребиз.
Июнь коогалаңында азыр алдыңкы орунга чыккан партиянын "атамандары" карапайым калкка курал "тартуулаган" имиши желдей тараган. Ушул маалымат чын болсо, анда партия курал-жаракты кайдан табышты деген суроо туулат.
Ал ортодо 10-октябрдын алдында ошол эле партиянын теңтөрагаларынын бири тишине чейин куралданган 500 чакты килеңдеген жигитти түштүктөгү райондордун бирине катып турганы кабарланган. Алардын негизги милдети - бул партия шайлоодо жеңишке жетишпей калса массалык башаламандык уюштуруп, утурумдук бийликке сес көрсөтүү болгон дешет. "Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, бул эмнени билдирет?
Эрендерден "эр оюн"
Азыр "республикачыл" депутат Алтынбек Сулаймановдун кезинде маркум Санжарбек Кадыралиев менен тирешкени көпчүлүккө белгисиз. Өлгөн адамдын артынан жаман айтпайт дейт. Ошентсе да Санжарбектин "каралардын" турмушун көрүп калганын маалымат каражаттары учурунда жакшы эле чуулдатышкан. Мындан улам Сулайманов-Кадыралиев "согушу" бекеринен чыкпаганын боолголосок жарашат. Ал кез өттү-кетти деңизчи. Ал эми кечээги парламенттик шайлоонун астында Оштогу кафелердин биринде болгон окуя Алтынбек Турдубаевичтин кимдер менен кандай катыштыгы бардыгын каңкуулагансыйт.
Жайында Оштогу кафелердин биринде азыр Жогорку Кеңешке өткөн эки партиянын эрендери бири-бирин сабап, ортодо куралданган жүздөй жаштар болгон деген маалыматтар убагында ММКда жарыяланган. Көрсө, ал деле криминалдык "разборка" эмес, жөн гана бир партияны сыртынан "багып" жүргөн бирөөнү экинчи бир партиянын өкүлү туулуп өскөн жеринде жамандап койгон экен. Ошону ордуна коюу үчүн муштум көтөрө чуркашкан тура.
Аганын ордун баскан карындаш
Маркум Санжарбек Кадыралиевдин карындашы Ыргал Кадыралиева КСДП атынан мандат тагынды. Бейрасмий маалымат боюнча Санжарбектин карындашы Жогорку Кеңешке жөн келген жок. Жогору жактан колдоочу кимге керек экенине ой жүгүртүп көрсө болот... Алардын тилеги орундалып, Ы.Кадыралиева бакыйган эл өкүлүнө айланды. Эми ал акелеринин эмгегинин акыбетин кайтарары калетсиз…
P.S. Бул теманы ушуну менен аяктабайт. "Кара" дүйнө менен карым-катнашта жүрөт деп эсептелген эл өкүлдөрүнүн таржымалына гезитибиздин келерки санында кенен токтолобуз.
Талантбек СЫДЫКОВ