19.11.10 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Ат жалында
Кубан АБДЫМЕН,
саясат таануучу:
"Россиянын "Ата мекенге" көңүлү түз"
- КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевдин өткөн жумада Россияга жасаган сапарын кандай баалайсыз?
- Алмазбек Шаршенович Москвага жөн жай барган жок. Анын негизги себеби - көптөн бери чечилбей келаткан коалиция маселесине байланыштуу болушу мүмкүн. КСДП лидери ал жактан жаңы өкмөт курамы боюнча кайсы бир адамдар менен сүйлөшүү жүргүзөт деп ойлойм. Бу Кыргызстандын учурдагы кырдаалынан алып караганда нормалдуу көрүнүш.
- Кремль лөктөрү "Ата мекен" партиясын жерип атат имиши айтылууда. Дегеним, орус бийлиги аталган партиянын коалицияга кошулушуна каршы чыкпас бекен?
- Кыргызстанга пайда алып келе тургандай коалиция түзүш абдан кыйын чекке жетти. Бирок менин жеке пикиримде, Россия "Ата мекенге" каршы эмес. Ири державаны ойлонткону - жаңы өкмөт туруктуу иштеп кете алабы же жокпу? Анүчүн, КСДП жооптуу кызматтарга россиячыл маанайдагы партияларды тартышы керек. Ал эми Өмүрбек Текебаевдин коомчулуктагы орду жана тышкы саясатты жүргүзүүдөгү ролу Кремлдин позициясына дал келбей калабы деген коркунуч тургандыгы талашсыз. А.Атамбаевдин Москвага жасаган сапары дагы ушуга байланышкан…
- Жаңы өкмөт Россиядан көзкаранды болсо, кыргыз эли жана кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын кантип коргойт да, кантип эркин иштемекчи?
- Биз экономикалык жактан начар абалга жеткен мамлекетпиз. Өлкөбүздүн эл аралык аренада ээлеген орду деле өз алдынча саясат жүргүзүүгө жол бербейт. Мындай шартта бизге Россияга ыктаган көбүрөөк ыңгайлуу. Ошону кыргыз саясатчылары жакшы түшүнөт. Эгемен мамлекетпиз, демек, өзүбүздү өзүбүз билишибиз керек дей берсек уттурабыз. Экономикабыз ого бетер жабыркап, элдин турмушу оорлойт. Бул саясый туруксуздукту жаратат.
- Сиздин баамыңызда өкмөт башчылыгына ким татыктуу?
- Президент өкмөт курамын түзүүнү КСДПга тапшырды. Менимче, премьерликке Алмазбек Атамбаев дайындалат го.


Төлөбек ӨМҮРАЛИЕВ, коомдук ишмер:
"Текебаев менен Султановдун мүнөзү чапчаң…"
- Коалиция маселеси алигиче чечилбеген бойдон турат. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн партия лидерлери эмне кылыш керек деп ойлойсуз?
- Акыбал чындыгында кыйын. Парламентке өткөн партия төрагалары конституциялык абалды жакшы түшүнгөнү менен өз кызыкчылыктарын баарынан жогору коюп, бири бирине жол бошоткусу келбегендей. Арийне, ал кандай кызыкчылык экенин ачык айтпаганы өкүнүчтүү. Партия лидерлери кандай өңүттө сүйлөшүү жүргүзүп атканы коомчулукка бүдөмүк. Бул кыргызча айтканда, саясый соодалашуу болуп саналат. Анын негизги жүйөсү - орундарды бөлүштүрө албай жаткандыгында. ЖК депутаттары элдин жана мамлекеттин келечегин ойлосо, көшөгө артынан чыгып, сүйлөшүүлөрдү ачык-айкын жүргүзүшсүн.
- КСДП коалиция түзө албаса, "Ата мекен" партиясы мындай мүмкүнчүлүктү пайдалана алабы?
- Алмазбек Атамбаев коалиция маселесин 2-3 күн аралыгында чечиши керек. Болбосо, абал туңгуюкка кептелет. "Ата мекен" деле мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланып кете албайт го деп ойлойм. Анткени, маселенин аягы барып эле жеке кызыкчылыктарды чечүүгө токтолот.
- Эл өкүлү Равшан Жээнбеков министрлик портфелдер үч партияга тең бөлүштүрүлүшү керектигин айтты. Буга кошуласызбы?
- Равшан мырзанын пикирине толук кошула албайм. Премьер-министрликке ким барары азырынча табышмак болгон соң, өкмөттүн программасы жана структурасы белгисиз. Андыктан, эмитеден эле портфель үч партияга тең бөлүнсүн дегени эртелик кылат.
- ЖК төрагалыгына татыктуу делип бир катар инсандардын ысымы аталууда. Алардын катарында Марат Султанов, Өмүрбек Текебаев, Камчыбек Ташиев, Ташполот Балтабаев бар. Булардын ичинен кимиси парламент жүгүн аркалап кетерине көзүңүз жетет?
- Ө.Текебаев менен М.Султанов буга чейин спикер болушкан. Экөө тең парламент табиятын жакшы түшүнөт, тажрыйбалары жетиштүү. Бирок, экөөнүн тең мүнөзү чапчаң экендиги маалым. А ЖК төрагасы токтоо, салмактуу, бардыгы менен тил табышкан, калыс адам болушу керек. Мындан улам, Ташполот Балтабаевдин ысмы бекеринен айтыла баштабагандыр. Муну да карап көрүү зарыл. Кандай болгон күндө да, спикердин тагдырын депутаттар чечет. Ошентсе да негизги басым өкмөттүн структурасына, анын программасына коюлушу абзел. Ошон үчүн ириде ойдогудай өкмөт курамын бекитүү талапка ылайык.
- Парламент жаза тайып бардык мүмкүнчүлүктү пайдалана албай калса, президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоого аргасыз болот. Мындан ким уттурат?
- Саясый тирештин кесепети эл менен мамлекетке гана тиет. Тез арада жаңы өкмөт ишке киришпесе экономика кыйроо чегине жетет. Анда бийлик пенсия, пособие, айлык акыларды кантип төлөйт? Өзүн Кыргызстандын патриот жараны эсептеген эл өкүлдөрү ага жеткирбейт деп ишеним артып туралы. Биз үчүн мансап эмес, эгемен өлкөнүн тагдыры маанилүү экенин жалпыбыз түшүнөлү.





Табылды АКЕРОВ, саясат таануучу:
"Жаңы өкмөт башчысы президенттик шайлоого катышат"
- Коалициялык өкмөткө парламентке келбей калган партиялар дагы кириш керек деген пикирге кошуласызбы?
- Мындай ойдун өзү өкмөттүн кийинки президенттик шайлоого байланыштуу түзүлүп калышы ыктымалдыгын айгинелейт. Андыктан, парламенттик шайлоодо жеңишке жетпей калган айрым партия лидерлери өкмөт курамына тартылышы мүмкүн. Алардын негизги милдети - президенттик шайлоодо кайсы бир талапкерди сүрөөнгө алуу.
- Анда жаңы өкмөт жалаң саясат менен шугулданып калат турбайбы?
- Минтип айтуу анчейин туура эмес. Себеби, келерки өкмөт карапайым калктын жашоо шартын жакшыртып, экономиканы көтөрбөсө президенттик шайлоодо элден колдоо таппайт. Не дегенде, премьер-министр дагы президенттик шайлоого катышуусу толук ыктымал.
- Божомолдорго караганда, премьерликке Алмазбек Атамбаев жана анын биринчи орунбасарлыгына Өмүрбек Бабанов, ЖК төрагалыгына Өмүрбек Текебаев дайындалат дешет. Мындай түзүм саясый кырдаалды турукташтыра алабы?
- КСДП менен "Ата мекен" партиясы эски режимди кулатууга чоң салым кошконун эч ким танбас. Ошон үчүн, элдин маанайы да эки партия лидерине түз. Ал эми Өмүрбек Бабановдун саясый аренага жаңы, жаш фигураларды алып келгендигине байланыштуу коомчулуктун да "Республикага" маанайы жакшы. Эгер Өмүрбек Текебаев спикерликке барса, башкы маселе премьер-министрликти дайындоодо калат. Бул жерде Ө.Бабанов менен А.Атамбаев амбицияга алдырбай, туура чечим кабыл алышы зарыл. Ошондо гана саясый туруктуулукка жетишебиз.
- "Ата журт" менен "Ар-намыстын" тыңчыкмалары деле жөн жатпаса керек?
- Москва өкмөттү россиячыл партиялардан түзүүгө кызыкдар. Маселен, "Республика", КСДП, "Ар-намыстын" негизинде коалиция түзүүнү туура көрөт. Бирок "Ар-намыс" менен КСДП позициясы бири бирине дал келбейт. Андыктан жогорудагы эки партиянын алкагында коалиция жаралышы кыйын. "Ата журт" коомчулукта өтө катуу сынга алынып, нааразычылыктарды да жаратып жатат. Буга байланыштуу парламенттеги партиялар да өз электоратынан кол жууп калбас үчүн аны менен бирге болуудан чочуркап турат. Мындай кырдаалда "Ата Журт" менен "Ар-намыс" парламентте азчылыкты түзүп, өз алдынча коалиция жарата албайт. Аларга оппозицияга кетүүдөн бөлөк арга жок.
- Жогорудагы эки партия оппозицияга оосо, азыркы бийликтин өмүрү кыскарат деген да пикир бар.
- Жаңы өкмөттүн өмүрү - анын ишмердүүлүгүнөн көзкаранды. А "Ата журт" менен "Ар-намыс" кийинки президенттик шайлоодо мөрөй алуунун камын көрүп, өз алдынча аракет кылышат. Өкмөттүн ар бир кадамын санап, кескин сындап турушат. Ушундай негизде коомчулуктан колдоо табууга, өз талапкерлигин сүрөөнгө алууга аракет жасайт. Ал өкмөткө толук кандуу таасир тийгизиши күмөн.


Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор:
"Өздөрү айткан көйгөйлөрдү өздөрү чечишсин"
- Жаңы өкмөт кайсы критерийлердин негизинде түзүлүшү зарыл жана ага кайсы партиянын мүчөлөрү кириши керек?
- Айрыкча КСДП, "Ак шумкар" жана "Ата мекендин" лидерлери мамлекеттин алдыга эмес, артка кетип жакырланышын, карапайым калктын жашоо деңгээлинин ылдыйлашына бийликти күнөөлөп келишкен. Өздөрү айткан көйгөйлөрдү эми өздөрү чечишсин. Аны кайталап отуруунун эч кажети жок.
- Премьерликке, финансы министрлигине ким барганы оң?
- Бул киши мындай кызматка дайындалышы талапка ылайык деш кыйын. Муну жаңы өкмөткө келе турган адамдар өздөрү тандашат.
- Өкмөт курамын түзөт делген үч партия (КСДП, "Республика", "Ата мекен") экономиканы ирдентип, өлкөбүздү өнүктүрөөрүнө ишенесизби?
- Азырынча кимдир бирөөгө ишенем деп айта албайм. Анткени булар деле Акаев менен Бакиевдин жолоюна түшөрү байкалып калды. Ушул жерден бир кызык окуяга токтолоюн. Өкмөткө келет делген партиялар эмки жылдын бюджетин даярдап коюшуптур. Мамбюджет кайсы критерийлердин алкагында түзүлгөнүн эч ким билбейт. Ушунун өзү болочоктогу министрлердин ишке жоопкерсиздик менен мамиле жасарын айгинелейт. Экономикалык жоопкерчиликти эч ким мойнуна алган эмес, мындан ары да аларына ишенбейбиз. Себеби, экономикалык кылмышкерлерге амнистия жарыяланганда эле булардын деңгээли жана максаты белгилүү болгон. Мамлекеттик бюджетке кайдыгер мамиле жасагандардан кандай жакшылыкты күтөбүз? Эч кандай. Мамлекеттик бюджетке кайдыгер мамиле жасоо - өтө оор кылмыш.


Даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ,
e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19