19.11.10 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кырдаал

Коалиция түзүшөбү же бүтүшөбү?

Кыргыздын "демиккен таз, демиңди бас" деген сөзү бар. Анын сыңары, парламенттик шайлоо бүтсө эле баары ордуна келе калчудай демиктик эле, андай болуп чыкпады. Депутаттар мандат алганы президент Р.Отунбаева КСДП партиясына коалиция түзүүнү тапшырганы менен амбициясы Ала-Тоодон бийик партия лидерлери быгыша албай, быкшып жатышат. Бул жерде талаштын чордону албетте, спикерлик жана өкмөт башчысынын орду. Болжолго салып көрсөк, "Республика", "Ата мекен", КСДП партиялары тил табышса өкмөт башчысына А.Атамбаев, Ө.Бабанов куда түшөөрү турган иш. Конституциянын автору эмесминби деп Ө.Текебаев спикерликти үмтөтүшү ыктымал. Мыйзам боюнча бул маселе ашып кетсе 15 күндүн ичинде чечилиши керек. Президент А.Атамбаев коалиция түзө албай калса, демилге Ө.Текебаевге өтөт деген.

Эгерде ушул үч партия кол кармашып кетсе, жогоруда айтканымдай өкмөт башчысына экөө (А.Атамбаев, Ө.Бабанов) ат салышабы деп турабыз. Кыргыз журтчулугу бул экөөнү тең Бакиев заманында өкмөттү жетектегенин көргөн. Ал мезгилдеги ишмердигин А.Атамбаев ички дүң продукцияны эки эсеге көтөрдүм деп белгилеп келүүдө. Башка ооз толтура айткан бир дагы фактысын коомчулук билбейт. ( Атамбаевдин ошол кездеги саясый интригаларын, уулангандыгын узарта берсек кагаз түтпөс. Акыр аягында Бакиев "Данакер" орденин берип сооротуп, барагой деп койгон). Ө.Бабановдун деле вице премьер-министрлик мезгилинде көзгө көрүнөөрлүк иш кылганы эсте жок. Ушундан улам А.Атамбаев же Ө.Бабанов өкмөт башчысына келсе кыйратып жиберерине көз жетпей турат. Ырас, 7-апрель окуяларынан кийин биринчи вице-премьер катары бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алган А.Атамбаев өлкөдөгү стабилдүүлүктүн сакталышына биртоп эле салым кошту. (Айтмакчы, оңду-солду байкабай сүйлөгөн кызуу кандуулугунан улам Ф.Куловду, М.Ниязовду, Ө.Субаналиевди "жыгач генералдар" дей коем деп балаага калганы да бар эмеспи.) Бирок Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялардын алдын ала алышпады деген жалаа убактылуу өкмөттүн мойнунда укуруктай эле илинип жүрөт. Муну колдобосок дагы алдын алып калууга мүмкүн беле дегендей күдүк суроо барын жашырбайбыз. Дагы бир жагдай, А.Атамбаев ана башында турган убактылуулардын учурунда бюджеттин дефицити 21,6 млрд. сомду чапчып, ал эми сырткы карыз 2,62 млрд. долларга жетип отурат. Албетте буга референдумдан кийин бийликке келген техникалык өкмөт жооп берет. Бирок ага чейин бюджет А.Атамбаев арасында бар убактылуулардын колунда эмес беле. Убактылуулардын "заслугасы" Бакиевдерге таандык делген мүлктөрдү, анын тушунда текейден арзан сатылып кеткен мамлекеттик стратегиялык объектилерди ("Кыргызтелеком", "Түндүкэлектро" "Чыгышэлектро" ишканалары ж.б.) мамлекетке кайрып бергени болду окшойт. Ушул эле учурда жеке мүлктөрдү, атургай мамлекеттик мүлктөрдү кадимки эле каракчылык жол менен басып алуу таламандын так түшүндө болуп турду. Мисалы, 7-апрель окуясынын эртеси эле "Тянь-Шань" мамлекеттик асыл тукум чарбасына тиешелүү 6 миң 500 ак койду (меринос) Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Алиев деген эргул атасынан калган менчик малынан бетер жергиликтүү элге таратып жиберген. Анын ичинде ар биринин баасы 40-50 миң сомдук асыл тукум кочкорлор болгон. Ушундай эле көрүнүш Кочкор асыл тукум заводунда да кайталанып, 1700 асыл тукум койду эл талап кеткен. Өкүнүчтүүсү, А.Атамбаев биринчи вице-премьерлик кылган убактылуу өкмөт мындай майда нерсеге маани бергенге чолоосу тийген жок. Эми жаңы парламентте бери болгондо премьер-министрликти мелжеп жаткан А.Атамбаев Райкан акын айткандай, баары майдадан башталаарын эске албады.
Ошентип президенттен коалиция түзүү тапшырмасын алган А.Атамбаев адегенде "Ата мекен" лидери Ө.Текебаев менен акылдашып, экөөнүн акылы бир жерден чыкпаган соң эртеси эле Маскөөгө чапкан. Бул жолу деле кыргыз коомчулугу Орусияга акылдашканы кетти деп турушту. Эгемендигибиз кайсы, Орусиясыз оокатыбыз өтпөй калган турбайбы дегендер да арбын. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандын ички ишине ачыктан-ачык кийлигишип жатканын көп жаздык. Аныгында Орусия Кыргызстандын кылым арыткан стратегиялык өнөктөшү. Эки өлкөнү көрүнбөгөн көп жиптер байланыштырып турат. Бүгүнкү күндө деле мамилебиз сууп кеткен жери жок. Келечекти ойлосок, дегеле суубашы керек. (1млн.дун ар жак бер жагындагы эмгек мигранттарыбыздын ал жакта жүргөнү да тегин жеринен эмес.) Болгону дүйнөлүк оюнчу бул чоң мамлекет Орто Азиянын саясый казан-аягына АКШынын аралашып жатканын анчалык жактыра бербейт. Орусиянын кыргыз парламентинин спикери болуп калууга мүмкүнчүлүгү бар Ө.Текебаевди да батышчыл, америкачыл дегендей кыртышы сүйбөгөндүгүнүн да себеби ушул. Ушундан улам Орусиянын Ө.Текебаев спикер болбосун, калганына каршы эмеспиз, керек болсо мунайзатын үстөксүз беребиз дегендей позициясын өткөндө жазганбыз. Ушул чын окшойт. А.Атамбаев Маскөөдө жүргөн учурда "РБК dail" басылмасы Орусия келерки жылдын башынан баштап Кыргызстанга үстөксүз мунайзатын жөнөтүүгө барышы мүмкүн деп жазды. Эгер ошондой болсо Кыргызстандагы мунайдын наркы 30%га төмөндөшү ыктымал дешет. Бул ОАО "Газпромнефть" ишканасынын демилгеси имиш. "Бирок бул ишкана себебин ачык айтуудан баш тартты. Сыягы Кыргызстан америкалыктардан арылса, Орусия ушуга барат окшойт" деп жазды ушул эле басылма. Кыязы, Орусия менен сүйлөшүүлөрдө А.Атамбаевге далай "акылдуу" кеңеш-талаптар айтылса керек.
Ө.Текебаев да А.Атамбаевге атаандашкансып Батышка, тоюс Францияга чапкан. Эмнеге барды десек, Парижде өткөн Социнтерндин жыйынында сөз сүйлөп, Англиянын лейбористтик, Франциянын социалисттик партиялары менен "сырдашып" келди дейт. Акыры эл кыдырып, жер чалып келишкен "Ата мекен", КСДП партияларынын лидерлери, мындагы "республикачы" Ө.Бабанов бүгүн-эртең сүйлөшүүгө отурмакчы. Сүйлөшүүлөрдө А.Атамбаевдин Маскөөдөн кандай "багаж" менен келгендиги көрүнбөй койбойт. Эгер коалиция түзүлүп Ө.Текебаев спикерликтен баш тартса, анда "московский" варианттын өткөнү ошол. Учурда коалиция түзүү милдети тапшырылган А.Атамбаевдин аракетинен көп нерсе чечилчүдөй болуп турат. Бирок ал парламентке өткөн партиялардын лидерлери менен чечишкендин ордуна Маскөөдө жүрүп келгендиги жиптин учугун каяктан издешибизди көрсөтүп койгонсуду. Батышчыл, америкачыл деген Ө.Текебаев да, Орусия менен оокат кылып келген Ө.Бабанов да тамаша лидерлер эмес. Айтор, бир отуруу менен коалиция маселеси чечилбей калды окшойт. (Мен коалицияга барууга мүмкүн деген үч партиянын тегерегинде сөз кылып жатам.)
Ал эми "Ата журт", "Ар-намыс" партиялары азырынча тынч. "Ата журтчу" Акматбек Келдибеков кечөөкү Спорт сарайында башталган сот процесстери тууралуу "7-апрель трагедиялык окуяларын иликтөө үчүн көз карандысыз парламенттик комиссия" түзүү керек деген демилгеси менен чыкты. "Эртели-кеч бул ишке чекит коюлуп, чыныгы күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Өкүнүчкө жараша бүгүнкү күнү өз милдетин аткарган мамлекеттик чиновниктер, аскер адамдары жоопко тартылышууда" дейт лидер.
Айтор, партиялардын кийлиги-шүүсүнөн улам бул сот процесси дагы далайдын ичинен чыга турган окшоп калды. "Эчки тууй албай жатып койго арачы болгондой", саясый партиялар адегенде парламенттин толук кандуу иштешине жетишип алышса болбойт беле деп айткан бирөө жок.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-13




  Журналисттен ой-жумгак

Алым ТОКТОМУШЕВ:
"Төртүнчү бийликтин" төркүнү башка…"

Алым агай Токтомушевди калемдештери Алыке дейбиз. Алыкени образдуу айтканда, кыргыз журналистикасынын патриархы десек аша чапкандык болбос. Анткени бу киши өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн ушул тармакка арнады. Жөн эмес, кандай бийлик, кайсы режим болбосун далилдүү фактылардын негизинде жазылган макалалары менен сындап, кемчилигин көзгө сая көрсөтүп келди жана көрсөтүп атат.
7-ноябрда белгиленген басма сөз күнүнө карата Алым агай Токтомушев менен кеңири маек уюштуралы дегенбиз. Буйрук экен, ал интервьюну эми уюштуруп, эми жарыкка чыгарып турубуз. Алыкеге окшогон аксакал журналисттин айткан кеби, акыл-насааты азыр асмандагы жылдыздан да көп кыргыздын журналист-чыкмаларына сабак болор…


- Алыке, кечээ жакында басма сөз күнү белгиленди. Көптөгөн калемдештериңиз өлкө президентинин колунан ардак наам, ар кандай сыйлык алып, мактоого татыды. Алардын тизмесинен сизге окшогон бир катар журналисттердин аты чыкпаганына айрым гезиттер нааразы болгонсуп жазып чыгышты. Сиз аны кандай кабыл алдыңыз?
- Эч кандай! Эмне себептен сыйлык, наам алгандардын ичинде мен болушум керек? Антип жазгандар мени менен ылым санашкандар же мурун-кийин чогуу иштешкендер болсо керек. Бул бүт коомчулук ошентип кол чаап атат деген кеп эмес да. Анүстүнө айталы, наам дегенди сага окшогон жаштарга берүү керек. Убайы болсо ошолор көрсүн, менин жашыма келгенче. А мен эмне, аны көрүмө көтөрө кетмек белем, тигил дүйнө ансыз деле киргизет го...
- Эми Алыке, биз деле коомчулукка аралашып жүрөбүз, алардын арасында эмне үчүн сизге берилбейт деген пикир көп.
- Наам да, сыйлык да жашаган кишиге эмес өтөгөн эмгекке берилет эмеспи, туурабы? Бери дегенде, идея жүзүндө. Ага татыган киши, элестүү айтканда, ал эмгектин ишенимдүү өкүлү гана. Демек, тиги калемдештер мага караганда азыркы бийликке албан эмгек сиңирди деп түшүнүү жөн. Профессионалдык деңгээли, саясый, рухий, билимий маданияты сыяктуулар азыркы бийлик талабына алардыкы меникине караганда көбүрөөк жооп берет.
- Бийликтин талабыбы же коомчулуктун, элдин талабыбы?
- Бийлик качан эле элге салып, коомчулукка талкуулатчу эле? Менин билишимче, наам, грамота ж.б. дегендер мыйзам жүзүндө өлкө президентинин прерогативасына кирет. Азыркы бийлик деп баса белгилеп атканым ошондон. Анткени заман өзгөргөнү, коомдук аң-сезимге масса үстөмдүк кыла баштаганы - муну Ортега-и-Гассет "гипердемократия" атаган, кыргыз мамлекет бийлигине жеткендер ишмердигин журналисттерге "мамлекеттик пара" берүү менен баштачу болду. Өлкө бийлигине жетип-жетелекте эле мамлекет наамдары менен сыйлыктарын ойду-тоого чачуу паранын маданияттуу түрү эмей эмне? Албетте аны түшүнсө болот: бийлик пайдубалын бекемдөөдө коомдук аң-сезимди… кандай которсо… кыскасы, коомдук аң-сезимди манипуляциялоо, социология түшүнүгүнө салганда, элди массага айландыруу зор мааниге ээ. Коомдук аң-сезимди манипуляциялоонун "устаканасы" бекеринен "масс-медиа" аталбайт, анын анык ишмерлери, биз, журналисттер. Биздин "эгемен" президенттер шамалдын мындай ыңгайын мурдун тоспой эле билип, илип кетти. Алгачкы президент Аскар Акаев тыңчыкма журналисттерди айдап өз короосуна кийирүү амалын айда-а кыйын билчү. "Алтын калем" сыйлыгынын аты эле эмнеге турчу?.. Ач айкырык, куу сүрөөнгө оңой менен батынбаган Камил Баялинов, Каныбек Иманалиев, Кабай Карабеков сыяктуу акылдуу, таланттуу журналисттердин колуна акча тутамдатып (албетте, өз чөнтөгүнөн эмес, мамлекеттикинен), чиновник кылып жиберди. Андан тигил журналисттер туйтунганы менен мындан Кыргызстан журналистикасы кыйла аксады.
(Уландысы 14-бетте)