19.11.10 - 30-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Назгүл КАЛМАМБЕТОВА

Жаралуу сезим
(Сандан санга)

Айдай менен Марат эртеси жолугушту. Демейде жадырап-жайнап тосуп алчу Марат бул жолу Айдайды суз кабыл алды. Көңүлү чөгүңкү, кабагы салыңкы эле.
- Үйүңдөгүлөр менен сүйлөштүңбү? - деди Айдай дароо эле.
- Сүйлөштүм, алар каршы болуп атышат. Бир жагынан Сабира таежем да ата-энеме сен жөнүндө көп нерселерди айтыптыр…
- А өзүң эмне деп ойлоп атасың?
- Билбей калдым…
- Демек, сенин мага үйлөнө турган оюң жок турбайбы… Сенин Сабира таежең биздин үй-бүлөгө каражолтой болду. Апамды өлтүргөнү аз келгенсип, эми менин бактыма балта чаап атат. Эгер Сабира сенин таежең экенин билгенимде сага жакын жолобойт болчумун… - деп ыйлап жиберди Айдай.
Экөөнүн ортосунда биртопко чейин жымжырттык өкүм сүрө ар кимиси өз ойлору менен отурушту. Ортодогу тынчтыкты Марат бузду:
- Азырынча үйлөнүү тойду жылдыра туралы. Сен тарап деле каршы болуп атышса керек. Андан көрө Сабира таежем менен сенин атаңды эпке келтирип, экөөнү үйлөнтүп салалы да, андан кийин экөөбүз үйлөнөлү. Антпесе баарыбир бизге тынчтык беришпейт, - деди Марат үйдөн үйрөнүп келген сөзүн айтып.
- Мен ал аялга атамды үйлөнтпөйм! Мейли мен бактысыз болуп жалгыз калайын, бирок апамдын өчүн ошол аялдан алам. Эгер экөөбүздүн тагдырыбызды ошол аял чече турган болсо, ачык айт, кеч бололекте чечишип алалы, - деди Айдай.
- Бул азыр эле чечиле турган маселе эмес, экөөбүз дагы ойлонолу.
- Анда жакшылап ойлонуп мага жообун бер. Бирок таежең менен атамды үйлөнтөлү деген сөздү экинчи кулагыма угузба. Жакшы кал, - деп мисирейе ордунан туруп басып кетти. Марат унчукпай отурган боюнча Айдайдын карааны үзүлгөнчө карап турду.
* * *
Марат артыман келип, мен сени сүйөм, экөөбүздүн сүйүүбүзгө эч ким тоскоол боло албайт деп айтат деп ойлогон Айдайдын ою тескери чыкты. Андан алыстаган сайын Айдайдын ичи уйгу-туйгу болуп, көзүнөн жаш токтобой куюлуп атты. Эч нерсеге көңүлү чаппай, окуусуна да барбай, үйүн көздөй жөнөдү. Үйгө келсе таежеси күтүп отуруптур, Айдайдан Марат менен сүйлөшкөнүн угуп:
- Кеч бололекте боюңдан алдырып сал, азыр өзүң деле баласың. Убакыт келгенде балалуу да болосуң. Антпесе силердин үйлөнүүңөр күмөн болуп турат. Боюнан алдыргандар деле төрөп атышат, Кудай сактасын. Жакшылап дарылансаң сен деле төрөйсүң, - деди.
- Мен да ошону ойлоно баштадым… - деди Айдай айласы кеткенде.
Экөө ошол эле күнү доктурга барышты, Айдайдын боюнан алдырабыз дешип. Гинеколог Айдайды текшерип көрүп, боюнан алуу үчүн креслого жаткырды. Операцияга саналуу секунддар калганда Айдай креслодон атып турду.
- Жок, мен алдырбайм!.. - деди кекечтене. Анан дарыгерден кечирим сурап, кийинип сыртка чыкты. Эшиктин алдында күтүп отурган таежеси Айдайдын тез эле чыкканын көрүп чочуп кетти:
- Эмне болду сага? Аборт жасаттыңбы?
- Жок, таеже, мен абортко барбайм. Мейли, Маратка тийбей эле коеюн, бирок, баламды сактап калам. Анда күнөө жок. Ансыз деле бул жашоодо жалгызмын, - деди.
- Мейли, өзүң бил… Бирок сен өзүңдү жалгызмын дебе, мына, биз турбайбызбы. Атаң маңдайыңда, сени бактылуу болсо экен деп көзүңдүн кареги менен айланат, - деди таежеси.
- "Аталуу жетим арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим" дегенди билесизби. Мына ошол арсыз жетим менмин. Энем болгондо эрке болуп жүрмөкмүн. Баарына атам күнөөлүү, апамдын өлүмүнө да, менин бактысыз болушума да… - деген Айдайдын көзүнө жаш тегерене түштү.
* * *
Арадан билинбей эле бир жума убакыт өтүп кетиптир. Марат мага телефон чалат деп күткөн Айдайдын санаасы санга бөлүндү. Күнүгө он жолу телефон чалып, ага жагымдуу СМСтерди жазып турчу Марат акыркы жолу Айдайга жолуккандан кийин байланышпай койду. Өзү Маратка телефон чалайын деп ойлоп, бирок намыстанды. Эмне үчүн мен телефон чалышым керек, өзү чалсын деп ойлоду. Бир күнү Айдай сабактан кийин курбулары менен парк аралап келатып, Мараттын бейтааныш селки менен колтукташып отурганын көрдү. Буга чейин институтка келбей, караанын көргөзбөй жүргөн Маратты көргөн Айдайдын жүрөгү башкача согуп алды. Көргөн көзүнө ишенбей, ордуна каткан боюнча Маратты карап биртопко турду. Жанындагы курбуларынан бөлүнүп басып, Мараттын жанына келди.
- Саламатсыңбы, Марат, - деди калтыраган үнүн оңдогон Айдай.
- Жакшы, - деп суз учурашты Марат.
- Сени менен сүйлөшөйүн дегем. Өткөндө жооп берем деп айттың эле…
- Мен ойлонуп бүтөлекмин… Эч өзгөрүү жок, үйдөгүлөр ал маселени өзгөртүүсүз калтырып атышат.
- А бул ким? - деп сурады Айдай Мараттын жанындагы кызды көрсөтүп.
- Бул Жанара.
- Жанара, сен билчү белең Марат экөөбүздүн үйлөнөлү деп атканыбызды? - деди кызганганын билдире.
- Ооба, бирок Марат сага үйлөнбөйм деп айтып атпайбы. Сен Мараттын мурдагы сүйгөнү болсоң, азыр ал мени сүйөт… - деди жылмая. Айдай уккан кулагына ишенбеди. Мараттын колтугуна кирип, маңдайында тибиреңдеп сүйлөп аткан селкиге кыжыры келе аны жаакка чаап жиберди.
- Сүйүү жөнүндө сен эмнени билесиң, шуркуя! - деди Айдай кыжыры келе.
- А сен эмнени билесиң. Марат сага эч качан үйлөнбөйт. Ал мени сүйөт, атүгүл кулагыма сөйкө салды, жакында үйлөнүү үлпөтүбүз болот. Сага Мараттын үй-бүлөсү бүт каршы экенин билесиңби? Ишенбесең, мына Марат өзү айтсын, кимди сүйөрүн, - деди Жанара. Анын сөзүн уккан Айдай Маратты суроолуу карады.
- Айдай, сени менен сүйлөшөйүн деп ойлоп аткам. Жанаранын айтканы чын, экөөбүз үйлөнгөн күндө да, бизге каршы болгондор көп. Ошондуктан бактылуу боло албайбыз, үйлөнсөк да бат эле ажырашып кетебиз. Ага көзүм жетет, кечирип кой, ата-энем Жанараны тааныштырып, экөөңөр үйлөнөсүңөр деп айтышты, - деди актангандай Марат.
- Таежеңдей болуп сен да акмак экенсиң. Мен сени жандүйнөм менен берилип сүйбөдүм беле. Сабирадай болуп мага үйлөн деп эркектин артынан чуркайт деп ойлоп атасыңбы! Жок! Мен антпейм, бирок сенден эртеби-кечпи өчүмдү алам. Карап тур. Мобу Жанара менен бактылуу болом деп ойлоп атасыңбы. Мен антпейм, көчөдө ыйлап, жалдырап калган жүүнү бош кыздардай эмесмин. Сенсиз да менин өмүрүм өтөт, мени караган жигиттер көп, мен сулуумун, билимдүүмүн, акылдуумун. Керек болсо сенден, мобул шуркуя Жанарадан да жогорумун, - деди да Айдай басып кетти. Жанара менен Марат унчукпай Айдайды узата карап калышты. Аларга ушунчалык ачуу сөздөрдү айтып, заарын чыгарып алганы менен Айдайдын жандүйнөсү ошончолук сыздап атты. Канчалык мен алардан өйдөмүн дегени менен көңүлү ооруп, өзүн алардын алдында кемсинтип атты. Бул жашоо ага караңгы түн сыяктуу, баары ага каршы тургандай сезилди. Үйгө келип Сабиранын дарегин билип, аны кызы менен өлтүрүп, артынан өзүм өлөм деп ойлоп келатты.