19.11.10 - 22-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Курал жөн катылбайт

Ал бир күнү атыларын унутпасак

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы ушул жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин оперативдик - иликтөө иштеринин аркасында көп сандагы курал-жарактарды, түрдүү жардыруучу заттарды, түрдүү өндүрүштөгү ар кандай курал-жарактарды таап чыкты. Биз акыркы убакта табылган курал-жарактар тууралуу маалымат беребиз.

1-октябрда Жалал-Абад шаарынан машине айдап бараткан жергиликтүү жашоочу токтотулган. Ага чейин УКМК кызматкерлеринин оперативдүү иштеринин аркасында курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүргөн адам тууралуу маалымат түшкөн эле. Машинени ачканда андан 18 баш Ф-1 гранатасы табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.


4-октябрда УКМК кызматкерлери дагы оперативдик иш-чаралардын аркасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунан курал-жарактарды табышкан. Ош-Бишкек жолунан 300 метр алыстыктагы Топурак-Бел участогундагы камыштардан мүшөктөргө салынган атуучу курал, РГД-5 маркасындагы эки аскердик граната, белгисиз маркадагы пистолет жана 16 баш ок табылган. Бул боюнча да иш жүргүзүлүүдө.


Ал эми 8-октябрда Аламүдүн районундагы Маевка айылынын жанынан курал-жарактар сакталган жай табылган. Андан бир жана эки стволдуу мергенчилик куралдары жана 27 патрон менен октолгон АК-46нын магазини алынган. Мындан аз мурда да Байтик-Байгелди жолунун жээгинен курал-жарак катылган жай белгилүү болгон эле.


19-октябрда түштүктөгү Кыркоол капчыгайынан да оңбогоной курал-жарактар табылган. Алар: 3 атуучу курал, РГД-5 гранатасынан 4, 2 колго жасалган пистолет, 5,45 мм калибрдеги 148 патрон, 7,62 мм калибрлүү патрондорго 5 пулеметтук ленталар, АК-74түн төрт магазини болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, курал-жарактар соттук-баллистикалык экспертизага жөнөтүлгөн.


Ал эми 30-октябрда Өзгөн шаарындагы бир бала бакчанын аймагынан курал-жарактар сакталган эки жашыруун жай табылган. Биринчисинде бир атуучу курал, төрт патрон, 3 бычак, 2 темир дубинка болсо, экинчисинде эки мүшөккө салынган жети жардыруучу зат, 60 баш мык сайылган алыс ыргыта турган снаряддар болгон. Булар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Не дейбиз, мекендештерибизди мындан ары да кыраакылыкка чакырабыз. Катылган курал бир күнү сөзсүз атаарын унутпашыбыз керек.


Атайын кабарчы