12.11.10 - 22-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шыпаагер

Жабыктырган жаман дарт

Жатын моюнчасынын рагы бүгүнкү күндө аялдарга тиешелүү дарттардын ичинен коркунучтуулугу боюнча экинчи орунда турат. Кооптонууну жараткан дарт кимди болбосун ойлондурбай койбойт. Аял затынын жүрөгүн үшүн алган дарт тууралуу Улуттук онкология борборунун адиси, онкогинекология бөлүмүнүн башчысы Роза МОЛДАЛИЕВАдан маалымат алдык.

Балээнин баары бир клеткадан башталат
Рактын пайда болушуна, өрчүшүнө адистер мындай түшүндүрмө беришет.
Рак бир гана клеткадан өсүп чыгат. Болжол менен адамдын организми 15 миллионго жакын клеткадан турат. Нормалдуу клеткалар мыйзам ченемдүүлүк менен өсүп, бөлүнүп чыгып убагында өлөт. Бул процесс организм тарабынан катуу көзөмөлгө алынып турат. Бирок химиялык факторлор, канцерогендүү кошулмалар түтүн, ыш, цемент, кийим менен идиштеги химиялык кошулмалардын көптүгү, вирустардын таасири менен дененин бир жериндеги клетканын түзүлүшү өзгөрөт. Ошондо клетка көзөмөлсүз бөлүнүп көбөйө баштайт. Дал ушул мезгили жетсе да өлбөй көбөйө баштаган клетка "рак клеткасы" деп аталат. Мындай клетка бөлүнүп көбөйүп отуруп шишикти пайда кылат. Шишикти дарылап жок кылбаса, акырындап коңшу органдарга жайылып кетет. Жатындын рагы акырындап боорду, ичегилерди, ашказанды да шишик менен басат. Рак залалдуу жана залалсыз болуп экиге бөлүнөт. Залалсыз шишикке кабылгандардын 90 пайызынын дарылануу менен толук сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

Негизги себептери жана белгилери
Рактын пайда болушуна төмөнкү беш себепти көргөзсөк болот:
1. Жыныстык жашоого эрте аралашуу.
2. Жыныстык жашоодо өнөктөшүн тез-тез алмаштыруу.
3. Көп аборт кылуу.
4. Жатындын сезгениши, инфекциянын кириши.
5. Өнөкөт оорулар, мисалы кант диабети.
Өзгөчө бул дарт кырк жаштан өтүп калган аялдарда кездешет. Статистика боюнча аялдардын 29%ы дайыма гинекологдун текшерүүсүнөн өтүп турса, 48%ы чанда гана көрүнүшөт. Бул көрсөткүч аялдар арасында кооптуу илдеттин өсүшүнө шарт түзүп жатканынан кабар берет. Жатын моюнчасынын рагы төрт стадия менен өсөт. Алгачкы стадиясында пайда болгон дарт үч-беш жылга чейин "белги" бербей өрчүй бериши ыктымал. Эгер адам убагында медициналык текшерүүдөн өтсө аталган коркунучтуу дарттын алдын алууга мүмкүн. Жогоруда айткандай, жаш өткөн сайын адам ашыкча салмак кошкондуктан, рак оорусунун түптөлүшүнө да шарт түзөт. Андыктан диетаны эрте баштап, таза азыктар менен тамактануу зарыл.
Рак оорусуна шарт түзгөн азыктарга куурулган, ачуу тамактар, тез даярдалуучу азыктар, спирт ичимдиги, тоок эти (грилде бышкан), майлуу колбасалар кирет. Ал эми балыктын эти, деңиз азыктары, жемиштер, буурчак, чычырканактын майы, күрүч, таруу, йогурт, айранды рационго киргизип, тамактанууга көңүл буруу шарт.
Дарттын тамыры
I стадия
Жатын моюнчасы жаңыдан сезгенип баштайт. Кылдат текшерүүдөн өтпөсө рак оорусунун биринчи белгилерин бардык эле дарыгерлер оңой-олтоң аныктай алышпайт.
II стадиясы
Рак оорусунун экинчи стадиясы жыныс кынынан жагымсыз жыттагы суюктуктун чыгышынан башталат. Оор жумуш жасаганда же оор бир нерсе көтөргөндө табарсыкка күч келип, суу аралаш кан агышы мүмкүн. Этек кир бир калыпта келбей, бат-баттан заара кыла баштайт. Бат-бат заара кылгандык - шишик акырындан заара чыгаруучу каналга жайыла баштаганынан кабар берет.
III стадия
Шишик жатын моюнчасына толугу менен жайылып отурат. Заара чыгармак тургай отуруп турганда да табарсыкка күч келип, басканда ооруксунууну жаратат.
IV стадия
Жатындын төрттөн үч бөлүгүн шишик каптап, заара чыгаруучу каналдарга, түз ичегиге өтүп баштайт. Шишик ичегилерди толугу менен, боорду, ашказанды каптап, айыктырууга "ээ" бербейт.
Дарылоо жолу
Рак оорусун дарылоонун үч жолу бар. Химиялык, нур менен жана операция жолу. Операциядан кийин ичегилерди тазалоо керек. Канды тазалап, иммунитетти көтөрүү үчүн ар кандай чөптүн кайнатмаларын ичүүгө туура келет. Ичегилерди тазалоонун бирден бир жакшы жолу - тамакты аз ичүү жана клизма. Тилекке каршы, аялдардын көбү рак оорусуна кабылгандан кийин экинчи же үчүнчү стадиясында кайрылышат. Өрчүшүп кеткен оорунун айынан айымдар эне болуу бактысынан да кур калышат. Анткени рак оорусунун стадиясы аныкталаары менен ошого жараша дарылоо жолу башталат. Эгер аял экинчи стадияда болуп кош бойлуу болсо, анда түйүлдүккө канча жума болгонун аныкташат. Мөөнөтү кичине болсо аборт кылып, анан рак оорусуна операция жасалат. Кокус бала жарык дүйнөгө келерде рак оорусу байкалса, баланы жасалма жол менен төрөтүп, анан операция жасашат. Эң коркунучтуусу, рак оорусу өрчүп кеткен учурда жатын толугу менен алынып салынат да, андан кийин дарттан айыкканы менен аял киши бала төрөө мүмкүнчүлүгүнөн биротоло ажырайт.
Бегайым БАЙБОСУНОВА