12.11.10 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Ак-Талаа районунун акими Сейтек КУЛУБАЕВ:
"Көмүрдүн тоннасы 2500 сомдон ашпайт"

- Сейтек Дөөлөтбекович, сөздү биринчи Тоголок Молдо атабыздын 150 жылдык мааракеси менен баштасак. Себеби бул акындын торколуу тойлору менен сиздин түпкү байланышыңыздар бар экен. Тактап айтканда, кезинде чоң атаңыз Кулубай Берикбаев Ак-Талаа райкомунун жетекчилигинде турган учурда Тоголок Молдонун 80, 100 жылдыгы өтсө, атаңыз Дөөлөтбек Берикбаев да Ак-Талаа районун акими кезинде айтылуу акындын 130 жылдыгы өтүптүр. Эми сиз да аталган райондук акими болуп минтип Тоголок Молдо атанын 150 жылдык мааракесине туш келип турупсуз. Андыктан сиз Тоголок Молдо атанын мааракесин өткөрүүгө кандай даярдык менен келдиңиз? Дегеле сиз үчүн ушул вазыйпанын кандай таасири бар?
- Эзелтен эле Ак-Талаа району таланттардын мекени деп айтылат. Бул жерден көп окумуштуулар, андан сырткары кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал чыгармачыл инсандар чыккан. Азыр деле уучубуз куру эмес. Сиз айткандай, буга чейин да залкар акындын даталуу күндөрү белгиленип келген. Кеп кимибиз кызматта турганыбызда эмес, Тоголок Молдонун мааракелери бизсиз деле өтмөк. Андыктан кыргызга аттын кашкасындай таанымал инсандын мааракелерин өткөрүү милдети туура келип калгандык - бул тек гана чоң атамдын, өз атамдын, менин жеке адамдык, анан жетекчилик бактыбыз. Албетте быйылкы жыл мамлекетибиз үчүн жылдагыдан оор болду. Жоготууларга учурадык. Бирок ошого карабастан мааракени белгилөөгө минтип республикалык деңгээлде колдоо көрсөтүлүп калганы, аны менен катар айыл маданиятын көтөрүү семинарынын өтүп жатканы бизди кубандырып жатат. Бул иш-чарага райондук администрация тарабынан Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери менен биргеликте атайын иш-чара түзүп, аны маданият министрлигинен бекиттирип, анан ошонун негизинде алгачкы маданий бөлүгү өттү. Ошол эле учурда өзүбүздүн маданиятты чагылдырып алалы деп аракеттендик.
- Учурда райондун кышка даярдыгы кандай? Отун-суу, эгин-тегин дегендей…
- Октябрдын аягына карай эгин оруп-жыйуу толук бүткөн. Эгер түшүмдүн жыйынтыгы боюнча айта турган болсок, чындыгында быйыл биз үчүн жыл оор болду. Күн жаанчылдыгы жаздын мойнун узартып жергебизге эгин-тегин 25 күн кеч эгилди. Ошого карабастан арпабызды, сулубузду өз көлөмүнө жараша айдап, бүгүнкү күндө жыйып алдык. Азыр негизги маселебиз - калкты көмүр менен камсыз кылуу. Бул боюнча биз эки карьер менен келишим түзгөнбүз. Кара-Кече көмүр кенинин "Шарбон" фирмасы жана Турук көмүр кениндеги "Сардар кенч курулуш" фирмасы менен иш алып барабыз. Учурда районубуздун аймактарында көмүр түшүрүүчү топбазаларды уюштуруу жүрүүдө. Негизинен азыр аталган фирмалар менен келишимдер түзүлдү. Эми элдүү аймактардагы атайын жайларга түшүрө баштайбыз. Биздин райондун аймагы боюнча Баетов айылында эки топбаза уюштурулду. Эң чоң айыл өкмөттөр Тоголок Молдо, Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Курткада да бирден-экиден топбаза уюштурулат. Айта кетчү жагдай, өзүбүздө "Кимжаз" деген айдоочулар ишканасы түзүлгөн. Быйыл көмүрүбүздү ошолор тартып келет.
- Көмүрдүн баасы кандай болот?
- Бааны туруктуу кармаганга аракет кылабыз. Бул боюнча көмүрдү тартып келүүчү айдоочулар фирмасы менен сүйлөшүп, кара алтындын тоннасын 2500 сомдон ашырбайлы деп чечтик. Айдоочулардан ушул бааны кармап бергиле деп сурандык. Бул Кара-Кече жана Турук көмүр кендеринен тартылып келчү көмүрдүн баасы. Биздин район өзү Нарын суу жана Арпа тарабы болуп эки зонага бөлүнөт.
- Калктын аярлуу катмарынын кышка даярдыгы кандай болот?
- Район боюнча 213 үй-бүлө калктын аярлуу катмарына кирет. Биз көмүр фирмалары менен сүйлөшүп ушул үй-бүлөлөргө демөөрчүлүк жардам катары бирден тонна болсо да бекер жеткирип берели деп турабыз.
- Баягыда Ата-Башы, Ак-Сайда үшүк жүрдү эле. Сиздер андан жабыркаган жоксуздарбы?
- Нарын жергесине айттырбай келген ошондой бир үшүк болду. Районубузда да үшүк жүрдү. Бирок бактыга жараша бизде Ат-Башы районундагыдай коркунучтуу жагдай болбоду. Себеби жаан нөшөрлөп жааган менен кар түшкөн жок.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Темиркан менен Маратка жооп

Моралдык жоопкерчиликти сезгендер барбы?
"Жаңы Агым" гезитинин 15-октябрдагы санына "Эмне үчүн?" деген Темиркан Атабаев менен Марат Жусупбековдун калайык калкка кайрылган суроолору көп эле адамды түйшөлткөн болуш керек. Өзгөчө эл эмне калыс сөзүн айтпайт деп чырылдап тургандары жүрөккө ийнедей сайылат экен. Коюлган суроолордун баары бүгүнкү күндүн талабы, жооп издей турган турмуш чындыгы болгондуктан үн кошууну туура көрдүм.
Өлкөдө революциялык кырдаал бышып жетилгендиктен эл көтөрүлгөн.


Беш жыл ичинде өлкөнү талап-тоногондор революцияга катышкан күнөөсүз 86 жигитти атып жок кылып, миңдеген жигиттер жарадар болуп, көбү жарым жан, майып болуп калышты. Элди атканга 2002-2008-жылдары кынуу алып калышкандар дагы аткыласак качып кетишет деп ойлошкон. Тилекке каршы, кыргыздын жигиттери окко төшүн тосуп, акыйкат, келечек үчүн жексур президент баш болгон бийликти кулатууга жетишти. Президент бала-бакырасы, бир туугандары менен качуудан башка аргасы жок болчу, эл аларды ташбараңга алып өлтүрмөк. Бул мындан кийинки кыргызды бийлейм дегендерге сабак болуш керек. Азыркы депутат болом деп жулунган жигиттер беш жыл өтөөрүн, анан кыргыз элине эмне жасап берди, эмне жасаган жок, ошого жооп берерин ойлонду бекен, мени ушул ой түйшөлтөт.
Дүйнөдө адам укугу, юридикалык укук дегенден башка да моралдык укук деген бар, ал баарынан бийик турат. Элди эзген, элди аткан бийлик, элге каршы жүргүзүлгөн саясат, жеп-ичүү, өлкөнүн байлыгын өз менчигине айланткан президент жана анын балдары, инилери, ошолор менен бир жүргөн, ошол бийлик менен иштешкен, камчысын чапкан "акжолчулар", министр, губернатор, акимдер, жетекчи кызматчылар толугу менен жооп берүүлөрү керек. Ириңдеген жараны таза сыгып салбаса кайра эле иреңдей берет. Ошондуктан кыргыз наамың тазаланбаса баягы таз кейпибизди кайра эле кийе беребиз. Баягыдай эле чет мамлекеттерден жардам сурап, көз каранды болуп жүрө беребиз.
Кыргыз жеринин байлыгы алакандай 5 млн. элди сонун турмушта багып алганга жетет. Биздин жерибиз, кен жана суу байлыгыбыз далайлардын көзүн кызартып келе жатат. Жаштарды тарбиялап, тазаларын, келечекте эл ишеничин актай ала тургандарын жетекчиликке коркпой-үркпөй алып келиш керек, өзгөчө патриот жаштарды. Батыштан билим алды деген чоңдордун "киргиздерин" жолотпош керек. Кийинки кездерде жаштар канаты деп 40тан ашып калган кырма сакалдар өздөрүн жаштардын атына жамынып алышып (арасында чет элдик тыңчылары) жүрөт. Жаш деген 30 жашка чейинки жаштар болот, андан өйдөлөр орто курак болуп саналат.
Бизде чындыгында үч-төрт эле партия бар. Калгандары партия атына жамынган саясый сойкулардын топтору. Буга биздеги мыйзамдын иштебегендиги саясый партиялар жөнүндө мыйзамдын чала сабат жазылып, кээ бирөөлөрдүн кызыкчылыктары үчүн иштеп жатышы себеп. Партиянын негизи баштапкы уюм болуп эсептелет. Ал жер-жерлерде, мекеме уюмдарда түзүлөт. Кайсы партиянын канча баштапкы уюму бар экенин айтышсынчы, айта алышпайт. Себеби ал жок, демек, фундаменти жок үйгө окшош. Бизде бир айда уюшула калып эле шайлоого барышпадыбы. Кээ бир партиялар 120 киши таппай бир үйдөн экиден-үчтөн тизмеге кирип, таяке-жээндерин, жезде-балдыздарын киргизип шайлоого барышты. Шайлоо бир гана параметрде таза өттү, ал административдик кийлигишүү болгон жок. А калган жагынан баягы эле акча, арак, эт таратмай деген бул сапар аябай эле болду. Эл арасында Абыке, Көбөштөрдүн тукумдары, өлкөнүн келечегине ичи чыкпагандар бар экен, сатылып кетишти. Муну менен ыйманын сатышты, келечегин сатышты, кечээ күнкү революцияны сатышты. Буга мурунку бийликтин кызматчылары "ак жолчулар", Бакиев, Акаевдин куйруктары өз салымдарын кошту.
Революцияда шейит кеткен азаматтарыбыздын арбагы кимди урат, ким калыс, ким таза, жараткан өзү таразалайт дечи. "Гумандуулук, мыйзамдык талаа" деп отуруп Текебаев аз жерден 5% чектен өтпөй кала жаздады.
Болбосо революция болгондон кийин революциянын атынан мурунку бийликтин адамдары жазаланууга тийиш болчу. Кыргыз элинин келечеги үчүн алдым-жуттум, жеп-ичкич, күнөөлүү жетекчилерди садага чаап коюш революциялык комитеттин колунда болчу. 7-апрель күнү революция жеңбесе Атамбаев, Текебаев баш болгон адамдар азыр түрмөдө отурмак, бир далайы атылып кетмек. А азыркы "Ата журт" партиясынын лидерлери тайраңдашып мурункусунан да ашып-ташып жеп-ичишип, элдин жон терисин сыйрыганын улантышмак. Азыр да алар ошол күндөрдү сагынып, элдин добушун сатып алгандарына корстон болуп жатышат. "Түштүк патриоттору" деген кыймыл пайда болуп, шайлоо алдында кыргыз элин экиге бөлгөн реакциячыл барактарды таратышыптыр. Эгер чын эле ошондой кыймыл бар болсо, ачыкка чыгыш керек же кыймыл деген атка жамынган партия болсо, эл алдында жооп бериш керек. Бул боюнча улуттук коопсуздук комитети иштеш керек жана күнөөлүүлөрдү табууга тийиш.
Улуттук каада-салт, нарк, нуска, кыргыз тили, айкөлдүгү, улууга урмат, кичүүгө ызаат кылуу алдыңкы орунга чыкмайын, биздин Конституциябыз ошолордун негизинде кабыл алмайын өлкөбүз оңолбойт. Батыштын ойлоп чыгарылган демократиясы кылымдан кылымга келе жаткан кыргыздын турмуштук мыйзамдары (мен жогоруда санап өткөн) менен теңдеше албайт. Үч канат кыргыз биригип ынтымак менен элдик курултай аркылуу элдик көзөмөл орнотуп, кыргыз кыртышына сиңе турган, өнө турган улуттук дөөлөттөрүбүздү сактаганда гана эмне үчүн деген түгөнбөгөн суроолордон кутулабыз.

Соотбек ТОКТОГАЗИЕВ, революцияны коргоо комитетинин төрагасы, Талас облусу