05.11.10 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

1. Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына канааттандыңызбы?
2. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдирди. Шайлоонун расмий жыйынтыгын бүтүн дүйнө тааныган шартта Адахан мырзанын мындай кылганы өлкөдөгү саясый кырдаалга таасирин тийгизбейби?
3. Кыргыз журналистикасынын артыкчылыгы жана кемчиликтери кайсылар?

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, эл акыны:
1. Парламенттик шайлоо мен каалагандай өткөн жок. Саясый өнөктүккө мурдагыдай бийлик тарабынан кысым көрсөтүлбөгөнү менен, бөлөк күчтөр тикелей таасир этишти. Эмне тууралуу сөз жүрүп атканы коомчулукка дайын, аны кайталап отурбайын.
2. "Бүтүн Кыргызстан" - бүтүн дүйнө эмес го. Андыктан Мадумаровдун каарданышы жалпы саясый кырдаалды өзгөртүп жибербейт.
3. Кыргыз журналисттеринин басымдуу бөлүгү элементардуу сүйлөм курганды билбейт. Көпчүлүгү сабатсыз, өздөрү жазган теманы өздөрү жакшы түшүнбөйт. Бул журналист журтчулугунун негизги кемчилиги. Ал эми алардын артыкчылыгы - каалаган теманы жазганга мүмкүнчүлүгү чоң.
Дастан САРЫГУЛОВ, коомдук ишмер:
1. Жогорку Кеңешке өткөн беш партия жалпы калктын 36% добушун гана чогултту. Булар жамы журттун ишенимине ээ болгон жок. Демек, жаңы парламент юридикалык күчкө ээ эмес.
2. "Сен өттүң, мен артта калдым" деп талашып отургандын ордуна, ЖКга келген партиялар өздөрү демилге көтөрүп, тарап кетишсе жакшы болмок.
3. Журналист журтчулугунун 60-70%ы кыргыздын тарыхын, маданиятын билбеген маңкурттар.
Болот ЖАНУЗАКОВ, коомдук ишмер:
1. Мен үчүн расмий жыйынтыкты туура же туура эмес деп айтыш өтө олдоксон болот. Буга бир беткей баа бериш жарабайт. Коомчулукта айтылып өткөн сөз, таралган маалыматтар көп. БШК анын бардыгын мыйзам ченеминде карап, ага толук кандуу жооп бергенин же жооп бербегенин да билбейм. Эгер БШК мыйзам ченеминде расмий жыйынтыгын чыгарса, анда биздин өлкөбүзгө дагы, элибизге дагы жакшы.
2. "Бүтүн Кыргызстан" расмий жыйынтыкты тааныбаса сотко кайрылып, өз укугун коргоп алсын. Болбосо, "жыгылган күрөшкө тойбойт" деген макал Мадумаровго жабышып калат.
3. Биздеги ММКлар оперативдүү иштейт. Ошол эле маалда айрым кабарчылар жалган маалымат таратып, жалпы журналистика тармагына көө сүйкөгөнү өкүнүчтүү.
Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор:
1. Мамлекеттик бийликтин шайлоо процессине кийлигишпей, жайына койгону - алгылыктуу көрүнүш. Тилекке каршы, кыргыз эли, анын ичинен өзгөчө жарды жашап, жумушсуз калган, билимден өксүгөн адамдарыбыз шайлоодо атаандаш партиялардын жакшыраагын өз көңүлү менен тандап албай, арзыбаган акчага сатылып, өз келечегине өздөрү балта чапканы иренжитти. Чындап эл деп чуркаган партиялардын артта калышы - кыргыз элинин бүгүнкү трагедиясы.
2. "Сынчынын сыңар өтүгү майрык" дейт. Өңгө шайлоого катышса дагы, Мадумаровдун парламенттик жарышка катышууга моралдык укугу жок эле. Ошон үчүн анын сөздөрүнө маани бербей деле койгула.
3. Айрым убакта бир беткейликке ооп, аша чаап бирөөсүн мактап, экинчисин жамандап жиберишет. 4-бийлик шайлоо маалында "Ар-намыс" менен "Ата журт" партиясынын электоратынын даана жүзүн ачып бералбай койду. Ушунун өзү кыргыз журналисттеринин саясый сабаттуулукка жетише электигин айгинелейт.
Марат ИМАНКУЛОВ, коопсуздук кеңешинин катчысы:
1. Карапайым калк 10-октябрда добушун берди. Натыйжада 5 партия мөрөй алды. Кыргызстандын жараны катары элдин мындай тандоосун колдойм.
2. Адахан Кимсанбаевич сотко кайрылып, өз укугун коргомокчу. Мыйзам алкагында көрүлгөн аракет бейпилдикти бузбайт.
3. Жеке менин журналисттерге дооматым жок. Алар деле өз милдетин аткарып атышат.
Гүлнара ДЕРБИШЕВА, экс-депутат:
1. Ооба.
2. Чыныгы жигит татыктуу жеңгенди да, татыктуу жеңилгенди да билиш керек. Адахан Кимсанбаевичтин чычалап, элди көтөрөм дегени калпыс иш. Ал мамлекеттин, элдин бейпилдигин биринчи орунга коюшу абзел.
3. Журналисттердин кемчилигинен да артыкчылыгы арбын. Не дегенде эч нерседен коркпой, чыркыраган чындыкты жазганга көпчүлүктүн жүрөгү даабайт. Кыргызстандагы 4-бийлик өкүлдөрүн баатырга теңейм.
Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, "Ата мекен" партиясынын мүчөсү:
1. Негизинен канааттандым. Бу саам мамлекеттин монополиясы болгон жок.
2. А.Мадумаров өз пикирин ачык айткан инсан. Анын пикири коомдук абалды курчутуп жиберерине ишенбейм.
3. Коомчулук кандай болсо, маалымат каражаттарынын деңгээли да ошондой болот. Бул тармакка эркиндик берилди. Ошого жараша кыргыз журналистикасы да өнүгүшү керек.
Жаркынбек КАСЫМБЕКОВ,
"Мекен ынтымагы" партиясынын мүчөсү:
1. Канааттанганым жок. Себебин түшүндүрбөй эле коеюн.
2. Шайлоого тиешелүү маселелердин бардыгы - мамлекеттин ички маселеси. Сырткы күчтөрдүн басымынан эгемен өлкө катары оолак болсок жакшы болор эле. Биздин чоң саясатчылар эки жакка кылчактап, өтө эле көзкаранды болуп жатышат. Ушу тапта коюлган Мадумаровдун талабы негизинен туура.
3. Журналисттик принциптерди, этиканы унутуп коюп, кожоюнга ашепке кызмат кылуу жазмакерлердин орчундуу кемчилиги. Ал эми негизги жетишкендиги катары салыштырмалуу түрдө сөз эркиндигинин калыптанышын эсептейм.
Марс САРИЕВ, саясат таануучу:
1. Азыркы бийлик демократия жолуна түшкөнүн 10-октябрда далилдеди. Убактылуу өкмөт өз көмөчүнө күл тартканда, "Ата журт" менен "Ар-намыс" партиясы алдыга озбойт болчу. Бу жакшы жышаана.
2. Менимче, жок. Адахан Мадумаровдун саясый салмагы өлкөдөгү абалды түбүнөн өзгөрткөнгө жетпейт.
3. Мындан 5-10 жыл мурдагыга салыштырмалуу журналистика тармагы өстү. Аны менен катар аналитика жанрын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулушу абзел. Жамы журт жалган жалаа жапмай, курулай ушактардан тажап бүттү.
Жаныбек ЖАНЫЗАК,
басмачы:
1. Мурдагыга салыштырмалуу шайлоо жогорку деңгээлде өттү. Көпчүлүгү "ЖКга кайрадан экс-чиновниктер келишти, алар өлкөнү кантип оңдомок эле" деп нааразы болушууда. Мен буга кошулбайт элем. Эскилерди жерий берсек, анда акактай таза, жаңы кадрларды кайдан табабыз?
2. Жаңылбасам, Адахан мырза шайлоодон жеңилгенин жигитче мойнуна аларын кезинде жарыялаган. А киши ошол убадасын унутуп калгандай. "Бүтүн Кыргызстандын" жактоочулары революция жасап жиберер бекен, байкап көрбөйлүбү? Анда Мадумаровдун командасы кыргыз элинин жана кыргыз мамлекетинин келечегине түкүрүп ойнооруна ынанабыз.
3. Орус тилдүү "Дело №…" гезити 30 сомдон сатылат. Ошол эле маалда кыргыз тилдүү гезиттердин баасы 15 сомдон ашпайт. Мунун себеби неде? Себеби жөнөкөй. Кыргыз тилдүү журналисттер факты менен иштегенди билбейт, курулай ушакка берилип кетишти. Элге аңыз эмес, тирүүлөй жаңылык керек экенин неге түшүнүшпөйт? Биздеги журналисттердин артыкчылыгы да, кемчилиги да ушунда.
Жанар АКАЕВ,
тележурналист:
1. Бийлик тарабынан парламенттик шайлоодо кысым көрсөтүлбөгөнүнө ичим жылыды. Арийне, саясый иш-чара мындай жыйынтыкталарын күткөн эмесмин. Ошентсе да ага макул болбоско айлабыз жок.
2. Адахан мырза утулганын билип эле турат. БШК төрагасы Акылбек Сариев "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө муну даана түшүндүрүп берген. Мадумаровдун саясый кырдаалды курчутканга күчү жетпейт. Анткени, анын мурдагыдай кадыр-баркы жок.
3. Калемдештеримдин негизги кемчилиги катары өздөрүнүн кожоюндарына жагалданып кызмат кылганын айтсам жаңылышпайм. Кесиптештерим капа болбостур, чындыгында 4-бийлик өкүлдөрүнүн 80%ы күн тийген жердин күкүгү. Ошондой эле билим деңгээли талаптагыдай эмес, маалыматты объективдүү чагылдырышпайт.
Акыркы мезгилде кыргыз журналистикасына жаңы муун келатканы байкалат. Алар 2-3 тилде эркин сүйлөп, жаза билип, техника менен "сен" деп сүйлөшүп, журналистиканын эл аралык стандартын карманганга аракет кылып жатышат. Менимче, биздин артыкчылыгыбыз ушу.
Даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg,
тел.:38-67-19