05.11.10 - 5-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кыргындын капшабы

Түштүктө түтүн азайды
Ош облустук администрациясынын маалымдашынча, быйыл облус аймагынан 56 миң 173 адам чет өлкөлөргө чыгып кеткен. Булардын 43 750сү Россияга кетсе, 10 941и Казакстанга, 1482 кыргыз жараны башка өлкөлөргө аттанышкан.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, быйылкыдай сырткы миграция буга чейин болгон эмес. Негизи мындай массалык миграцияга июнь окуясы себепкер. Түштүктө болгон алааматтан соң, тактап айтканда 20-июндан октябрь айына чейин эле Ош аэропортунун чегаралык өткөрүү пунктунан 37 миңден ашуун адам сыртка чыгып кеткен. Мындан сырткары шаар ичиндеги 1 миң 22 адамдан (400 үй-бүлө) аргасыз мигрант статусун берүү арызы түшкөн. Түштүк борборундагы эмгек, жумуштуулук жана миграция башкармалыгынын башчысы Эрмек Раимкуловдун билдиришинче, январь айынан тарта шаардан жүзгө жакын жаран Корея, Россияга туруктуу жашоо үчүн кеткен. Ал эми статистика органдарынын маалыматы боюнча, Ош шаарынан быйыл 1 миң 720 адам чыгып кеткен. Анын жарымы чет өлкөлөргө кетсе, жарымы Кыргызстандын башка шаар, аймактарына барышкан. Жалал-Абад шаарынан июнь окуясынан соң 232 кыргызстандык каттоодон чыгып, Россия, Казакстанга сапар алышканын айтат шаар мэри Максатбек Жээнбеков.
Учурда аймакта 20 миңге жакын жумушсуз болсо, алардын 14047си официалдуу жумушсуз катары каттоодо турат.


  Айтканың келсин

Кыргызстан деңизге чыгат дейби

Жума башында Себу аралында ЦАРЭС программасынын алкагындагы он өлкө катышкан министрлер жыйыны аягына чыкты. Жыйында кандай орчундуу маселелер каралгандыгы боюнча Азия өнүктүрүү банкынын Борбор жана Батыш Азия департаментинин директору Хуан Миранда менен аңгемелештик.
Анын билдиришинче, бул жыйында Түркмөнстан менен Пакистан ЦАРЕСке мүчө болуп кабыл алынды. "Бул Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик. Эми Кыргызстан Түркмөнстан, Пакистан аркылуу ири соода портторуна чыга алат. Азыр Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай ортосундагы темир жол түйүнүн куруу өтө маанилүү. Бул түйүндү инвестициялоо акырындап жүрүп жатат. Министрлер жыйынында муну тездетип, Орто Азияда темир, авто жолдор түйүнүн кеңейтүү талкууланды. Өлкөлөр ортосунда энергетикалык коопсуздук, суу запастарын, кен байлыктарды пайдаланууда өлкөлөр аралык балансты сактоого басым жасалды. Ошондой эле чегера, экология боюнча бир катар жакшы сунуштар айтылып, аны конференцияга катышкан он өлкө тең колдоорун билдиришти. Жакында ЦАРЭС алкагында биртоп келишимдер түзүлөт. Бул боюнча кезинде так маалымат беребиз. Негизинен ЦАРЭС акырындап бүтүндөй Азия өлкөлөрүнүн жол, суу, энергетика, товар алмашуу маселелерин чечүүгө салымын кошкон ири союзга айланарынан шек жок" дейт Хуан Миранда.


  Деги кимисиники туура?

Бу саздан деги чыгабызбы?

Буга чейин өкмөт үйүнүн алдына чогулушуп, "Ата журт" партиясынын парламентке келишине ачык каршылыгын билдирген "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо" коомдук уюмдары Биринчи май райондук сотуна, Башкы прокуратурага арыз жолдошту.
"Азыр нааразылык акцияларын кылбай, соттун жыйынтыгын угабыз. Эгер райондук сот биздин дообузду канааттандырбаса, Жогорку сотко кайрылабыз" дейт "Мекен шейиттери" уюмунун лидери Осунбек Жамансариев. "БШК Шайлоо кодексин бузган, андыктан анын мүчөлөрүн жоопко тартуу керек. Биз аларга 36 шайлоо участогундагы бузулган документтердин көчүрмөлөрүн бергенбиз. Бул болгону биз чогулта алган гана протоколдор, калганы БШКда. Бирок БШК буга маани берген жок. Андыктан Башкы прокуратура аларга чара көрүшү керек" дейт уюм мүчөлөрү.
Ал эми БШК төрагасы Акылбек Сариев таптакыр башка пикирде. "Эгер доонун негизинде Биринчи май райондук соту БШК чечимин жокко чыгарса, биз Жогорку сот органдарына апелляциялык арыз менен кайрылабыз. Ал жактан депутаттарды каттоо токтотулсун деген чечим чыкса, БШК жумушун убактылуу токтотууга аргасызбыз" дейт Акылбек Сариев. Эске салсак, буга чейин депутаттарды каттоону токтотуу арызы партиялардын жалпы улуттук конгрессинен, "Бүтүн Кыргызстан", "Замандаш", "Акыйкат" партияларынан да түшкөн.


  Кийин кеч болуп жүрбөсүн

Кыргыз-өзбекти аралаштыруу керек

Эки айдан бери кызматына чыкпай жүргөн Ош шаарынын мэри жакында жумушка чыкты. Кызыгы, буга чейин баарын көрүп-билип туруп унчукпай жаткан Мелис Мырзакматов шаар жетекчилерин чогултуп жыйын куруп, шаарды калыбына келтирүү туура эмес жүрүп жатканын, улуттук кагылышуулар кайра кайталанышы мүмкүн экендигин жар салды.
Анын айтымында, убактылуу өкмөт менен анын пикир келишпестиги так ушул шаарды калыптандыруу маселесинен улам болгон. Тактап айтканда, ал өкмөткө үйү күйгөндөргө башка жерден жер участокторун берүү сунушун билдирип, аны өкмөт мүчөлөрү жактырбай коюшкан. "Азаттыкка" берген интервьюсунда "Оштогу күйгөн үйлөр маале тибинде салынгандыктан, бирөө өрттөлсө калганы кошо өрттөнүп кеткен. Азыркы салынып жаткан үйлөр да кудум ошондой типте болуп жатат. Кокус кандайдыр бир авария болсо азыркы салынган үйлөрдүн деле күйүп кетиши ыктымал" дейт шаар башчысы. Буга улай ал "азыр күйүп жаткан отту күл менен жаап койгондой болдук. Эртең улуттук кагылыш кайра тутанып кетиши мүмкүн. Аны болтурбас үчүн кыргыз, өзбекти аралаштырып отурукташтырышыбыз керек. Азыр чагымчыларды тазаладык деп мактанып жатышат. Балээни да тазалаган жок. Учурда кварталдарда өзүнчө анклав болуп турган өзбек аймактары бар. Аларга атайын кызмат да, милиция да кире албайт. Элде болсо эки миңден ашуун автомат жыйналбай турат" дейт Мелис Мырзакматов. "А облустагы ички иштер башкармалыгы болсо куралдар дээрлик чогултулуп алынганын маалымдаган" деп жазат "Азаттык".


  Алсыз бийлик

Санжарбек менен кимди алдагылары келет?

"Акыйкат жолу" коомдук бирикмесинин төрайымы Бүбайша Арстанбекова Курманбек Бакиевдин тууганы Санжарбек Бакиевдин он жылга эркинен ажыратылышына макул эмес.
Анын билдиргенине караганда, Санжарбектин май айында Жалал-Абадда болгон башаламандыкка катыштыгы бар экендиги такталган эмес. "Бардык айыптарды ал катуу кыйноодон кийин аргасыз мойнуна алган. Күбөлөр аны танышкан жок. Прокуратура болсо анын күнөөсүн, кылган кылмыштарын тастыктаган орчундуу далил келтире албады. Менимче, Санжарбекти экс-президенттин тууганы болгон үчүн эле 10 жылга кесип жиберишти" дейт Бүбайша айым. Айыпкердин адвокаты Рыспек Нагаев да ушундай пикирде. Анын маалымдашына таянсак, суракта 20 күбө болуп, алардын баары экс-президенттин тууганынын айыптуу экенин айтышкан эмес. "Далилдердин баары божомолдордун негизинде эле түзүлгөн. Бул саясый буйрук" дейт адвокат.
Эске салсак, прокуратура Санжарбек Бакиевге 25 жыл, анын өнөктөшү Бектурсун Келдибековго 20 жыл берүүнү сураган. Айрым саясат таануучулардын айтымында, Санжар Бакиевди соттоо азыркы бийликтин элди алаксытуусу жана алсыздыгы. "Эгер бийлик күчтүү, чечкиндүү болгондо Бакиевдердин туугандары, табакташтары азыркыдай ээн-эркин сайрандап жүрбөйт эле" дешет алар. Негизги өзөгүн эски бийлик адамдары түзгөн "Ата журт" партиясы парламенттик биринчи жыйындан соң Бакиевдерге башкача сурак башталат деп убада берген. Эми аны да күтө туралы.

  Орун да алмашпады

Сумма да өзгөрбөдү

Парламенттик шайлоого байланышкан ызы-чууга БШК жума башында чекит койду. БШК тараткан маалыматында жалпы квота 9 182, 98 добушту түзгөн.
Алгачкы бөлүштүрүүдө "Ата журт" партиясына - 27,99 орун, КСДПга - 25,87, "Ар-намыс" партиясына - 25,03, "Республикага" - 22,93, "Ата мекенге" - 18,15 орун тийген. БШК төрагасы Акылбек Сариевден укканыбыз боюнча, биринчи бөлүштүрүүдө партияларга 117 орун тийип, үч орун ортодо калган. Үч орун партиялардын бөлчөктүк үлүшүнүн көптүгүнө жараша бөлүнүп берилген. Ошондо "Ата журт" партиясы - 28 орун, КСДП - 26 орун, "Ар-намыс" - 25, "Республика" 23, "Ата мекен" 18 орунга ээ болгон. Жалпысынан алганда беш партияга 1 млн. 101 миң 958 шайлоочу добуш берилген. Бул добуштар 120га бөлүнгөндө 9 182, 98 өлчөмүндөгү квота чыккан.
Минтип эртең-бүгүн парламенттик жыйын башталат болуп жатса, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 5 пайыздык чек жогорулатуу, Орусиядагы шайлоо участкаларындагы добуштарды жокко чыгаруу мыйзамсыз экенин билдирген арызын сотко жолдоду. А президент Роза Отунбаева 5-ноябрда Жогорку Кеңеш алгачкы жыйынын өткөрөрүн билдирди. БШК төрагасы Акылбек Сариевдин сөзүнө караганда сотко түшкөн арыздардын негизинде жума күнү депутаттардын алгачкы отуруму болбой да калышы ыктымал.

  Башкалар көнөөр бекен?..

Кеңири коалиция түзүлсө

Жума ортосунда "Республика" партиясы беш партиядан турган кеңири коалиция түзүү сунушу менен чыкты.
Буга чейин КСДП менен тил табышты деп аткан "Республика", башкалардын акыркы кездеги ыргылжың мамилесине ичи чыкпадыбы, үчтөн деп отурбай эле бештен болбойлубу деди. Анткени алдыда кыш, өлкө сазда отурат, анүчүн парламентке өткөн партиялар эле эмес, беш пайыздык чектен өтө албай калган партиялар менен иштешип, экономикалык өнүгүү өкмөтүн түзүүнү сунуш кылат. Азыр Кыргызстан стабилдүүлүккө, биримдикке гана муктаж. Коалиция негизги кызмат орундарын бөлүштүрүүнүн эмес, экономикалык платформалардын негизинде түзүлүшү керек дейт "Республика".
Бул жаш партиянын айтканында калет жок дечи. Кеп жөндүү сунушка көнбөгөн берки "карт бөрүлөрдө" болуп жатпайбы.
Мелис СОВЕТ уулу