05.11.10 - 24-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви


Акын Асанбек ИМАНБАЕВ залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов кайтыш болгондо анын чыгармаларынын каармандары кантип аза күткөндөрү жөнүндө "Тоо кулаганда" деген поэма-элес жазган эле. Гезитибиздин бүгүнкү санына ошол поэма-элестен үзүндү жарыялайбыз. Толугу менен "Жаңы Ала-Тоо" журналынын жакынкы номеринен тааныша аласыздар.

Тоо кулаганда
Чөп учунан мөл шүүдүрүм тамчылап,
жаткан өңдүү кирпигимден жаш кулап.
Омурткамдын оорусунан оорураак,
тигилерди араң карайм жан чыдап.

Жер дүңгүрөп, мээмде кадр алмашып,
баары тегиз кулак түрөт жардашып.
Залдын ичи кең Ааламга айланды.
Жер элеси карегиме жалгашып.

Жер элеси бүт каарманды караткан:
Кудай, чыдайм кантип кокуй-алаттан?!
Мен Жер Эне ааламдын бир бүдүрү,
адамдарга сенден өмүр тараткан.

Өзүм эмес титирөөдө жүрөгүм,
мен термелсем үстүм толо бил, өлүм.
Бүт боюма алтын изин калтырган
кыйбай турам Чыңгызымды - сүйөрүм.

Жер Энебиз көктө Күндүн фонунда
кейип жатты ошол турган орунда.
Күйүтүмдүн салмагына тең келбес,
мен көтөргөн бүт тоолордун оору да.

Олда байкуш, Толгонай да күйүттөн,
бут чалыштап келе жатат күйүккөн.
Бел тутканы Чыңгызынан айрылды,
Бечарам ай, эң акыркы үмүттөн.

Жаралгандан мен баарына чыдагам,
дагы айтамын өзүмө өзүм: "Чыда, жан!"
Толгонайдын эми жалгыз жөлөгү,
мен элемин - бул да буйрук Кудайдан…

Келди Токон. Залым жымжырт. Дымыган.
Отургандар ичтен сызып куруган.
Токон кара көйнөк, кара жоолукчан,
баары кара, бойго кайгы уюган.

Уурдангандай бетине аяр карасам,
кан, жашына жаба берген кара чаң.
Жөлөп тургум келип турат (кыял да!)
айлам жок да, кыймылдарым чала жан.

- Келдиңби сен, Толгонайым көрөрүм?
- Кечээ айткам: "Өлбөсөм мен келемин…"
Өлбөй кал ай, өлбөй кал ай, Чыңгызтай,
карыганда караан туткан медерим.

Карааныңан кара башым, алтыным,
Сен өлбөйле мен өлсөмчү катыгүн!
О Жер Эне, эмне кылам, айтсаңчы,
сен көтөргүс болду кайгы башымын.

Түтпөйт сага баягы эле Жер Энең,
Сөз баштады Жер Энебиз терең эң.
- Көтөр башты, көңүлүң көл түбүндө,
кайгы-муңга көтөрүмдүү элең сең.

Кудай жанды түбөлүккө калтырбайт,
Чыңгыз өлбөйт, жазгандары айкындайт.
Токон айым топук кылып өмүргө,
а көрөкчө өлбөс калган баркын айт.

- О Жер Эне, айланам касиетиңен,
ошон үчүн өөп жүрбөймбү бетиңен.
Бул жоготуу жандүйнөмө өрт коюп,
жүрөгүмдүн кесип кетти четинен.
Кайгы мага катарлаша жандады,
көлөкөмдөй ээрчип менден калбады.
Жер жүзүндө шордуу өзүмдөй муңканган,
кайгы менен коюндашкан жан барбы?!

Жакыным жок сенден башка барарым,
арманды айтсам жеңилденип каламын.
Сөздөрүмдү таза ууга чыланган,
угасыңбы алдыңа айтып калайын.

Ырас бизди Чыңгыз өзү жараткан,
баш көтөрбөй күнү-түнү барактан.
Баштан өткөн окуяларымды
эчен жолу эреркеп мен сага айткам.

Айтам азыр жазгандарын эскерип,
Чыңгыз сөзү турсун дагы эстелип.
Күйөөм, келин, балдарыма Чыңгызым
ааламга зор коюп кетти эстелик.

- Айт, Толгонай, баарын айткын угамын,
Мен Жермин го жетер ага чыдамым.
- Кээлерине "бригад болуп дууладым",
көп көзүнө көңүл сынып куурадым.

Согушта Сен калбыр болуп жыртылдың,
кара тамга өчпөс ошол учурдун.
Каттан арбын "Кара кагаз!" (аты өчкүр!)
ар айылдар болду сахна чуу, чуурдун.

Субанкулум, тунум Касым - ден менин,
экөөнөн тең "Кара кагаз" келген күн
Жылаңайлак чок баскандай болсом да,
кайраттандым: "Кудай алды бергенин!"

Калган эки канат сынып кайгырдым,
Майсалбектен, Жайнагымдан айрылдым.
Уйку көрбөй узун кетти сарсанаам,
Асылдарым, кай коңулду жай кылдың?!

Бири кетсе, кайра кетип бири утур,
үйдө калдык "эки бакыр, бир тукур."
Алиманым келиним да, кызым да...
Алеки саат кайып кетти бул учур!

Асты-үстүмө түшө калчу кыз эле,
Аны ойлосом жүрөк сыздайт "тыз" эле.
Жаратканга кантип болбойм нааразы,
Бооруң ташпы, жүрөгүң не, муз беле?!

- Кой, өкүнбө, - дейт өткөнгө Жер Эне,
бооруңа тарт Жанболотко сен эне.
Жүзгө жакын миллиондон айрылып,
жүдөй түшкөм ал согуштан мен деле!

Согуш деген - ал алаамат курусун,
азыр сээлдеп бараткансыйт угушум.
- Тынчтык болгон күндө деле Жер Эне,
Теңир аяп албаса адам дурусун. -

деп Толгонай мостое сөз улады,
көздөн жашка нур чагылып кулады.
Жанагы айткан кайгыларым суюлуп
калган эле мезгил өтүп туурабы?

Бүгүн тообуз урап, көлүм төгүлүп,
омурткамдан кабыргалар сөгүлүп...
- Карман, Токон, калтырап сен турбачы -
дейт Жер эне өз жашыңа чөмүлүп.
Кеп болосуң тигилерди карачы,
алар дагы Чыңгызды ойлоп самачу.
Кемпир башың менен баарын кейитпе,
өзүңдү да, аларды да аячы.

Сыртты кара, өзөндө суу ташууда,
суу көбөйүп арыктардан ашууда.
Чыңгыз өлүп, ал сууларга кошулган
Токонум, ал Жер Энең көз жашы да... -

Жер сөзүнө Токон такыр тыйылгыс
- Олда дүйнө, түбүң тешик тыгынсыз.
Мээрими муз ээ Жараткан кокуй ай,
мен айрыла беремимби тынымсыз?!

Үйүбүздөн беш кишиден айрылып,
бүттү десем ажал кайра кайрылып,
жүрөгүнөн сууруп бизди жараткан
Чыңгыз эми ти дүйнөнү жай кылып!..

Бешөөсү бир, Чыңгызым бир тең болуп...
О Жер Эне, кантип жашайм Мен болуп?!
Олда шорум мени кошо ала жат,
бул дүйнө маа болду топон сел болуп.

Баратабы карегим да тунарып,
баары мага караңгылык, мунарык.
О Жараткан, боздоттуң го ботодой
маңдайыбыздагы ыйык Тууну алып!

- Болду, - деди Жер Энебиз ачуулуу, -
ый эритпейт жандүйнөңдө ачууну.
Ыкыз берип турат булар баштоого
үй көтөрчү өкүрүктү да, чууну.

Көзүн сүртүп Едигей оор, салмактуу,
(ал Чыкемдин каарманынан ардактуу),
- Угуңуз парз Жер Эненин сөздөрүн,
ый тирилтпейт асты такыр арбакты.

Бардыгыбыз муну айкын билелик,
Чыңгыз бүгүн жатпаганын чын өлүп.
Биз жазылган тизмелердин башында
жашай берет ата болуп түбөлүк.

Көөдөн, көздү көп толтурдук жаш, ыйга,
Токон, бүттү, ыйлоону кой, жашыба.
Ушул жерде турган каармандары бүт
Улук тутуп, сыйыналы атына!

- Туура, - деди, Чекиш ойго чөмүлгөн,
Тоо урады, көл төгүлдү элимден.
Тетиктерин кайра оңдоп жасаган
адам деген жасалбаган темирден.

Кана, баарың чыга электер чыккыла,
акыркы сөз эсиңерге туткула.
Китеп башы Ч. Айтматовго кошулуп,
Мени - Жерди айлангыла, сызгыла.

Мен Жер болуп бул Ааламда барымда,
мага теңдеш жашай берет аным да.
Өлбөс эмгек калган үчүн артында,
балким азыр Кудайымдын жанында.

Өлбөйсүңөр түбүлүктүү жансыңар,
силер барда Айтматов да бар, чын ал.
Манас менен Чыңгыз чыккан кыргыздан
улуу адамдар келе турган бар чыгар!

Залга батпай чыпалактай каармандар
балконумдан мойнун созуп калган бар.
Өзүнчө эле эгемендүү мамлекет
көптүгүнөн Чыңгыздан жаралгандар...
Соңку сөз
Он чакты адам табытында
баратышат көтөрүшүп.
Каректерге жаш көлчүктөп,
калк кайгыга өтө сызып.

Табытында мемиреген,
ал уйкуда түбөлүккө.
Эч ишенбейт көрүп туруп,
Өлкөм бүтүн бул өлүккө.

Ишенбеси туура, чындык,
"Кантип эле болсун шундай!"
Элестетип турса деле
тирүүсүндө болуусундай.

Көрүстөнгө тийеринде
көрөрүмдө бул жеринде,
каректерим караңгылап,
кантип карайм бул көрүмго?!

Кайратыма келе албадым,
кара жерге бере албадым.
Калдайган зор боюнан мен
кайтыш жанды көрө албадым!..

... Баратышат көтөрүшүп,
Ой, таланты күч Чыңгызды.
он чакты адам көтөрүшсө,
Ал көтөргөн бүт Кыргызды.

Кош бол, аба, бүт Кыргыздын бир боору!

Июнь, 2008