05.11.10 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Руслан мырза, 2 миллион кайда?
Апрель окуясынан кийин банктардын биринен экс-президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык 20 млн. доллар табылган. Арадан аз убакыт өтпөй мындай ири каражаттын 2 миллиону "кемип", анын дайыны эч кимге билинбеген бойдон калган. Энди ошол жер "жутуп" кеткен 2 млн. "жашылбайдын" таржымалын тиешелүү органдар иликтеп аткан кези. Жеке булактардан алынган маалымат боюнча бул маселеге вице-премьер Азимбек Бекназаровдун карачечекей уулу Руслан Бекназаровдун тикелей катыштыгы бар экен. Атүгүл Руслан Азимбековичтин 2 млн. долларды кантип кытып бараткандыгын тастыктаган тасма укук коргоо органдарына түштү дешет. "Мен тууралуу айтылган сөздөрдүн бардыгы ушак. Мен Максим же Айдар эмесмин, экс-ханзаадалардын таз кейпине түшкүм келбейт" деп Кудайды оозанып актанган жаш балакай эми не дээри кызык.

Көзгө түштү дебатпадык беле
"Мекен ынтымагы" партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков "жылдыз" оорусуна чалдыккандай. Дегенибиз, бу жигит аз убакыт ичинде өзүн бараандуу саясатчы катары көрсөтө алганына эрдемсип кеткенби, партиялаштарын "чана" баштаптыр. Колунан токочун тарттырып жиберген баладай бозала болгон "Мекен ынтымагынын" активдүү мүчөлөрү лидеринин былык-чылыктарын чукуйбуз деп билек түрүнүп туру. Алар жакында маалымат жыйынын өткөрүп, Асанбековдун ким экенин ачыкка чыгарабыз дешет.

Кетиш кыйы-ын…
"Ата журттун" алдыңкы сабында турган айымдардын бири Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин ичи-койнуна кире коюп депутаттык тизмеге катталган эле. Бирок шайлоодо жеткиликтүү добуш алалбаган соң, "өз каалооңуз менен арыз жазып партиядан кетиңиз" дешсе, "кетпейм, колунардан келгенин кылгыла. Тийишсеңер силерге да көрсөтөм" таризинде "бригадачылардын" шайын оодарганын эшиттик.

Ташыса ташыгандыр
Бакиевчил партиялардын парламентке келишине каршы саясый акция уюштурган "Мекен шейиттери" менен "Айкөл Ала-Тоо" кыймылынын артында КСДП турат деген божомолдун чындыгы бардай. Себеби, аталган партиянын мүчөсү Дамира Ниязалиевага таандык темир тулпар митингчилерге тамак-аш жеткирип атканын көргөндөр айтышат. Ниязалиева аларга дарыгер катары жаны ачып жатабы, же…

Кетет… кетпейт…
Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева "Ата журт" партиясынын тизмесинен "чийилгендигин" маалымат каражаттары жарыялаган. Муну партиянын теңтөрагасы Садыр Жапаров дагы тастыктаган. Арийне, Динара айым алигиче "ажырашуу" тууралуу арызын жолдобогонун Боршайком төрагасы Акылбек Сариев кабарлады. Мандаттын касиеттүү даамын татып калган Динара айым депутаттык креслодон кетүүнү каалабагандай.

Коменданттын каарына калбасаңарчы
Шаршемби күнү КСДП жабык эшик артында жыйын өткөрдү. Анда шайлоодо тиешелүү добуш чогулталбаган кандидаттар парламенттин босогосун аттабай тургандыгы ачык айтылды. Натыйжада кызуу талаш жүрүп, аз жерден кырылышып кете жаздашты. Маселен, Ош шаарынын экс-коменданты Курсан Асанов саясый кеңештин мындай чечимине нааразы экендигин, андан депутаттык мандатты эч ким тартып албастыгын жар салды. Мындай тазалануу процесси жеке эле КСДПда эмес, бөлөк партияларда да орун алмакчы. Айрыкча артында калбыры бар эски чиновниктер депутаттыкты мындай кой, темир тор артына айдалышы толук мүмкүн.

Акыры чыкты
Августтун жыйырмасында отпускеге "айдалган" Ош мэри Мелисбек Мырзакматов акыры кабинетине башбакты. Калаа башчысы маалымат жыйынында узак мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө өз каалоосу менен кетпегендигин, аны кимдир бирөөлөр мажбурлаганын кыйытты. "Дерзкий" мэрдин жүрөгүн оозуна тыккан кайсы баатыр болду экен деп изилдесек, Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин карааны калдайып чыкпаспы. Көрсө, утурумдук өкмөттүн эки берени парламенттик шайлоо жыйынтыкталмайынча жумушка чыкпай тур дегендей Мырзакматовду көндүрүшкөн дешет.

Кезек Асановго жеттиби?
ЖоКе жарышта жыдыган партиялардын башын бириктирген Улуттук конгресс (УК) шайлоо жыйынтыгына макул эместигин билдирип БШКны сотко берди. Сот кандай чечимге токтолорун убакыт көрсөтөр. Кеп анда деле эмес. УКнын катары күн санап калыңдап, анын курамына кошулууну каалаган күчтөрдүн саны арбып бараткандыгына токтолгубуз келет. Жөнөкөй мисал. Жакында "Эгемен Кыргызстан", "Содружество" жана Либерал-демократтар партиясы Улуттук конгресстин катарын толуктамакчы. "Эгемен Кыргызстандын" көмүскөдөгү кожоюну Жалал-Абад губернатору Бектур Асанов экендиги маалым. Бектур мырза жылуу ордунан жылмышып, азыркы бийликтин элдешкис душманына айланууну көздөгөндөн сообу деги?

Поза эмес, позиция
"Ата мекен" партиясы "Ар-намыс" менен "Ата журтка" биригет имиши желдей тараган. Бирок бу дагы кезектеги ушактардын бири экендигин тактадык. Минтип ишенимдүү айтканыбыздын себеби, "ата мекенчил" Өмүрбек Текебаевдин Бакиевдин "бөлтүрүктөрүнө" кантип кошулам? Анда эле 20 жылдан бери кашыктап чогулткан аброюмдан айрылбайымбы, элдин алдына кайсы бетим менен чыгам деп күңгүрөнгөнүн кулагыбыз чалды.

Аман калсаңар болду
Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жаңы түзүлчү өкмөт курамына Азимбек Бекназаровду киргизүү далалатында жүрү. Исмаил Исаковичтин пикиринде, Азимбек Анаркулович нагыз элдик баатыр. Арийне, утурумдук өкмөттүн экс-1-орунбасары Алмазбек Атамбаев А.Бекназаровдун шиши толгондугун, аны өкмөт катарына кошпостугун тар чөйрөдө шардана кылды. Атамбаев-Бекназаров тиреши кандай жыйынтыкталарына кези келгенде күбө болобуз.

Кыргызга жарыгы жок сыйлык
Кыргыздын биринчи президенти Аскар Акаев Санкт-Петербург шаарында болгон Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын 5-жыйналышына катышып, экономика жаатында доклад окуду. Алортодо Россиянын илимдер академиясынын кезектеги сессиясында Аскар Акайычка "Алтын медаль" ыйгарылды. Орус туугандар ушинтип өлкөсүн таштай качкан мекендешибизди сыйлап атыр. Ал эми Минскиде бөгүп жаткан Курманбек Сали уулуна беларусь өкмөтү кандай "сүйрүприз" тартуулар экен?

Бирде жигит…
Башпрокурор Кубатбек Байболов эски режим тушунда катуу кысымга кабылып, ири объектилеринен айрылган. Бийлик алмашканы а кишинин күнү тууду. Маселен, жакында эле "Апельсин" кафеси мурунку калыбына келтирилди. Кечээги Бакиев заманынын ашынган оппозиционери, саясый качкын, бүгүнкү башпрокурор, акыркы кезде мыйзамдуулукту калыбына келтирүү үчүн чоң иштерди баштады. Анын мындай чабуулуна нааразы болгон Консоттун мүчөлөрү президентке арыз жолдошту эле, Кубатбек мырза андан көрө сотко беришсе болмок деди.
"Жаңы Агым" - пресс