05.11.10 - 19-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Майрамдын эртеси

Маданиятка маани берер маал келеби?

Маданият темасындагы оош-кыйыштарды маданият ишмерлери массалык маалымат каражаттарында кан какшап айта берип, майнап чыкпай келет. Кайта-кайта айта берсең сөздүн да күчү, койгон маселелердин мааниси да кете баштайт экен. Айла жоктон дагы да болсо ач айкырык сала берүүгө туура келип турат.

Себеби эгемендүү өлкөбүз деп 19 жыл ээликкенибиз менен ушул жылдары маданият министрлиги эки жолу жоюлуп, кайдагы бир агенттикке айланып, ал эми акыркы жылдары маданият министрлеринин ат тезегин кургатпай алмашып жаткандыгы маданиятка жеткилең маани бербеген мамилебиздин айныксыз далили. Мамлекетибиздин башчылары маданиятка болгон мамилесин түп тамырынан өзгөртпөсө, итке сөөк ыргыткандай мамиле менен өлкө маданияты өнүкпөй тургандыгын бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой келебиз. Саясый оюндардын артынан баш-оту менен сая түшүп алган башчыларыбыз маданият деген министрлик бар экенинен кабарсыздай туюм берет. Кезектеги шайлоо алдында партиялар программасында маданиятты көтөрүү керек деген сымал бир-эки сүйлөм кездешиши ыктымал. Аларды кыргыздын жалпы маданиятына караганда шайлоо учурунда үгүт жүргүзүп бере турган ырчы-чоорчулар, так айтканда, "арзыматтар" көбүрөөк кызыктырат. Шайлоодо жеңип чыккан партия алар үчүн "арзыматтык" кылган "жылдыздарга" наам,?сыйлыктарды алып берүүгө аракеттерди жасоосу турган иш. Ошентип олуттуу музыкадан четтеп, баягы эле жеңил-желпи ырчыларды урмат-сыйга бөлөө адатыбыздан жазбай кала беришибиз мүмкүн.
Музыкалык искусство десе эле аш-тойлордо ырдоону гана түшүнүп калбадыбы биздин аткаминерлер. Ырчы-чоорчуларды концерттик залдардан эмес жалаң гана кафе, ресторандарда өткөрүлүп жаткан тойлорду тейлөөчү катары карап,?алардын милдети ошол гана деп түшүнгөн музыка күйөрмандары көбөйүүдө. Ал эми эстрада ырчыларына кудай бербедиби. Капчыктуулардын эрке балдарына айланышты. Аш-тойлордо да чөнтөк кампаят,?шайлоо болсо шадаңдашып андан бетер кудай берет. Жашоо ошолордуку. Мингени темир тулпар,?кургандары кабат үйлөр. Алардын жараткан жана аткарган чыгармаларынын деңгээлинин өтө пастыгы тууралуу эл гезит беттеринен да, радио-теледен да айта беришип тилдери тешилмей болду. Козу карындай жайнаган радио-телелер элдин пикири менен эсептешпестен,?ай-кой деген кожоюн жоктугунан өз билгендерин кылууда. Аларды ооздуктай турган ким экенин аңдап билүү мүмкүн эмес. Чыгармачылыгы тууралуу оозго аларлык эчтеме жоктугунан гезит беттери сандан-санга алардын ар кандай позадагы сүрөттөрү коштогон, минген темир тулпары,?курган үйү,?алган аялы, жеген тамагы, эс алуусу ж.б. тууралуу супсак маалыматтан башка айта турган сөз жок.
Ал эми олуттуу музыканын жаратуучулары да,?аткаруучулары да мамлекеттин экономикасы оңолуп, аткаминерлердин жандүйнөсү суусап, акыры бизге көз кырын салар деп көшөрө күткөнү күткөн. Ошентип ондогон жылдар,?өмүр өтүп жатат. Мамлекеттик сыйлыктарга,?наамдарга негизинен жеңил музыканын "жылдыздары" илинип, олуттуу музыканын эбактан эмгектери өткөн өкүлдөрү өкмөт тарабынан көңүл жылытарлык мамиледен сыртта калды. Олуттуу музыка жаратуучулардын жана аткаруучулардын чыгармалары аш-тойдо эмес, опера-балет театрында же филармониянын залында атайын эс алайын,?жандүйнөмдү байытайын деген тилек менен келген угарман жана көрөрман үчүн багытталган. Андай көрөрман бала кезинен тарбияланып,?баралына келгенде олуттуу музыкага болгон муктаждыгы табигый нерсеге айланышы керек. Демек,?бала кезден музыкалык тарбияны туура багытта берүүнү колго алуу зарыл. 20 жылдан бери мектептеги,?бала бакчадагы музыка сабагынын сааттары кыскарып, жазылып даяр турса да жаңы окуу куралдардын чыкпай келе жатканы эле эмнени каңкуулайт.
Кечээ эле кезектеги маданият күнүн майрамдадык. Жаңы бийликтин алаканы ачык экен. Маданияттын муңдуу абалын жакшы түшүнүп, көңүлдү көтөрүп коюуну чечкенби, айтор сыйлык,?наамдар арбын эле берилиптир. 20дан ашык эл артисти жана эмгек сиңирген артист,?40тан ашуун маданий кызматкерлер Ардак грамота менен сыйланышты. Алардын катарын адатка айланып бара жаткан эстрада менен элдик обончу-ырчылар түздү. Алардын эмгеги бар. Ичкүйдүлүк жок. Буюрсун. Тек гана профессионалдык музыканын жаратмандарын жана аткаруучуларын өгөйлөбөй өкмөт көңүлгө ала жүрсө.
Маданият күнүнө арналган салтанатта өлкө президенти Р.Отунбаева катышып,?маданияттын оош-кыйыштарына кеңири токтолду. Абалды толук аңдаарын айкындады. Калдык принцибинде каржыланып келген маданиятты толук кандуу каржылоого өткөзөрүн убада кылды. Маңдай жарыла маданият кызматкерлери үмүт отун жандырып, кол ушалап турган менен эртең бийлиги чексиз жаңы парламент менен өкмөт башчылары келсе жогорудагы берилген убадалардын убайын көрө алар бекенбиз деген бүдөмүк ойлор жаралбай койбойт экен.
Турдубек ЧОКИЕВ,? композитор




  Бышкан аштын ээси көп

Мамашов менен Асаналиевдин максаты эмне?
Биз 2005-жылдан бери Ысык-Көлдө "Салбурун" фестивалын үзбөй өткөзүп келе жатабыз. Кыргызстанда биз ушундай жумуштарды жасап жатканыбызды билишип, бүткүл дүйнөлүк мүнүшкөрлөрдүн уюму бизди мүчө кылып, 2008-2009 жылдары Англияда, Францияда болгон мүнүшкөрлөрдүн эл аралык фестивалына катыштырышты. Азыр да алар менен кызматташууну улантуудабыз. 2007-жылы Тоң районунун Бөкөнбаев айлында мүнүшкөрлөрдүн музейин ачууга жетиштик. Мына, биз ата-бабалардын улуу салтына кыска аралыкта ушундай кызмат кыла алдык. Мен ойлойм, ушундай мамлекет жасоочу улуу иштерди аткаргандыгыбыз үчүн тийиштүү министрликтер өзүлөрүнүн баасын берип коюшса болмок. Дагы ыракмат, "Замандаш" журналы 2009- жылдын мыкты адамдарына кошуп койгонуна. Эми бышкан аштын ээси көп болот эмеспи. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда беш жылдан бери улуттук оюн катары таанылган салбурун оюнун бүгүнкү күнү аты-затын өзгөртүп "Санат-кумайык" деп атай коюшуп, биз түзгөн жобо, эрежелерди үтүр-чекиттерине чейин туурап, программабызды дал ошондой кылып, бирок салбурун деп атоодон кызганышты.
30-октябрда Бишкек шаарында "Аккула" ат майданында өткөрүлгөн "Ынтымак" фестивалы салбурундун пародиясы болуп калды. Фестивалды өткөрүүгө каршылыгыбыз жок, бирок Манастан берки далилденген өнөрдү салбурун деп атап, элге беш жылдан бери белгилүү, спорткомитети тааныган оюн эрежелери бурмаланбашы керек болчу. Андай эле кыйын болсо, фестивалдын катышуучуларын ыраазы кылышса болушмак. Фестивалды реклама кылып жатышканда катышуучуларды байгелери чоң болот деп эптеп катыштырып алышып, анан байге бербей айдашты. Мындан сырткары катышуучуларга тамак-ашы, жатаканасы да болот дешкен. ( Биз өткөзгөн "Салбурун" фестивалынын салтында бардык катышуучулар жатакана, тамак-аш менен камсыз болуп келген). Натыйжада эмне болду? Карышкыр алган бүркүт ээси Талгарбек Шайбыровго 500 сом, карышкырды кекиртектен тиштеген атактуу алгыр тайган "Көк куштун" ээси Саламат уулу Өмүргө, "Шумкар" деген тайгандын ээси Эсентур Шаршембиевге байгелерин бербей коюшту. Негизи кайсыл тайган кекиртектесе ошол тайган баш байгени алат деген эреже бар болчу, муну видеоматериалдан да далилдесе болот. Эң эле уят нерсеси, тайгандарды сынаганда ортого арыгынан өлгөнү калган бөлтүрүктү байлап койгону болду. Ошондуктан бирден тайган салынып, 10 секундда ажыратып алып турушту. Муну көргөн чет элдиктер эмне деген ойдо калышты болду экен, дагы жакшы, өз демилгебиз менен ортого чыгып жааны алыска атып, салбурунда жаа дагы болуш керек деп көрсөтүп койдук. Фестивалга келген тайганчылар, кушчулар, бүркүтчүлөр көбү алып келгендерин кезек жетип сынай албай калышты. "Санат- кумайык" уюмунун мүчөлөрү муну өткөрүүдөн мурда, биринчи жакшылап даярданып алышса болмок. Мындай оюн жарым күндө бүтпөйт, биз ошондуктан ишти жакшылап бышырып алып, анан Бишкекте өткөрүүнү максат кылганбыз. Биз салбурунду Бишкек шаарында өткөрүү үчүн али даяр эмеспиз деп ойлочубуз, анткени ал жер маданияттын очогу да. Т.Мамашов, М.Асаналиев салбурундун пародиясын өткөрүшүп аттарын чыгаргысы келишти эле, уят болуп калышты.
Манастын кайсыл жеринде бар экен "санат-кумайга" чыгышты дегени? Биз бул өнөрдү элге таанытуу үчүн көп убактыбыз, көп каражатыбыз кетти. Албетте бул ишти алып барууда көп адамдардын да жардамы болду. Атын атабаса кудайдын кулагы сүйүнбөйт дегендей, бул иш-чарага дайым жардам берген Тоңдогу "Айкөл" өндүрүштүк кооперативи, Ысык-Көлдүн мүнүшкөрлөрү Т.Шайбыров, А.Сулайманбеков, Б.Таштанбеков, Кубат уулу Руслан, С.Сатылганов, Э.Шаршембиев, Ф.Мусаев, А.Казакбаев, Д.Мамышаев, Бишкектен Мирлан Калилов, Таластан Б.Төрөкулов чоң көмөк көрсөтүп жүрүшөт. Салбурунду алып чыгам деп каражат издеп көп адамдарга кайрылгам, ошолордун ичинен бир гана Темир Сариев түшүнүү менен мамиле жасап, жигиттик кылып, 2008-жылы анан быйылкы 2010-жылы алтынчы фестивалды өткөрүүгө спонсорлук кылды. Жакында мындай жигитти салбурундун башына коелу деп уюмубуздун президенти кылып алдык. Бизге жакында айтылуу меценат Тынычбек Конушбаев, башка маданий ишмерлер жардам беребиз дешип биздин уюмга кошулушту.
Салбурун оюнун бардык жерде өткөрүүгө болот, улуттук оюндардын ичинен эң эле популярдуулукка ээ болуучусу ушу. Азыркы учурда "салбурун" деген терминди ар бир кыргыз баласы түшүнүп калды. Тек гана ал эзелтеден бери келе жаткан атын өзгөртпөй, беш жылдан бери калыптанган, иштелип чыккан эрежелери менен өткөрүлүп турса, бул оюндун келечеги дагы алдыда.
Алмазбек АКУНОВ, "Салбурун" федерациясынын жетекчиси