presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бар экен го, жигиттер
Ильяз ЭРКЕЕВ,
Кара-Көл шаарынын мэри:
"Кара-Көл - Кыргызстандын жүрөгү"
Ош-Бишкек жолун көркүнө келтирип турган Кара-Көл шаарынан ары-бери өткөн жолоочулар жайкысын жолдун боюндагы сууга жергиликтүү тургундар менен кошо түшүп, андан ары сапарын улашчу. Быйыл ал жерде эс алуучулар байкалбаганынан кайда кетишти деп кызыгып калдык. Андан сырткары шаардын абалы биртоп оңоло башталганы байкалып, ары-бери өткөндөрдүн таң калуусун жаратып жаткан. Көрсө, 7-апрелден кийин шаар башчылыгына жаңы жетекчи келип, чын дилинен өзү туулуп өскөн шаарын өнүктүрүүгө киришиптир. Анын алкагында шаардык эс алуу паркындагы таштандыга толуп калган көлдү тазалатып, эс алуучуларга биртоп шарттарды түзүп бериптир. Шайлоонун шааниси менен колу бошобой жүргөн иштерман мэрди араң таптык.

- Ильяз мырза, кара-көлдүктөр жаңы мэр иштеп атат эле дешет, кандай иштер менен мактана аласыз?
- Жергиликтүү тургундар жайкысын эс алуу амалын таппай алды Ысык-Көлгө чейин кетишчү. Биз шаар жетекчилигине келгенде дароо ушул маселеден ишти баштадык. Шаардык парктагы көлдүн ичинен бир канча тонна таштанды, баткак алып чыгып, сууга секирүүчү, кийимдерин алмаштыруучу жайларды куруп, балдар үчүн жарактан чыккан аттракциондорду оңдотуп, батут койдуруп бердик. Жарык берүүнү толук жаңыртып, кечкисин да эс алуучулар үзүлбөй тургандай кылып бий аянтчасы курулду.
- Ушул иштерге канча каражат кетти? Ал каражаттар бюджеттенби?
- Чындыгында бөлүнгөн каражатты эле максаттуу пайдаланса көп иштерди бүтүрсө болот экен. Биз ар бир долбоорго конкурстук түрдө тендер жарыялап иштедик. Шаарга таштанды салынган урналардан 105 даана, чоң контейнерден 75ти алып келдик. Аларды ташуучу 2 машина, кар тазалоочу 2 трактор алдык. Бизде 6 мектеп бар. Ошонун төртөөнүн чатырын алмаштырыш керек эле, ар бирине 2,5 миллион сомдон каражат бөлүп, жылуулук берүү системасын, чатырын жаңыладык. Кандуу жол болгондуктан машиналар ары-бери катуу ылдамдыкта жүрүшкөнүн эске алып, шаардагы ар бир мектептин астына борбордогудай "лежачий полицейский" жасаттык. Бишкектеги Эркиндик бульварындагыдай 1,5 километрдик аллеябызды көрктөндүрүп, брусчатка кынап чыктык. Ал жакка да парктагыдай отургучтарды, селкинчектерди орноттук. Быйыл суу көп болгондуктан, биздин шаарды аралап өткөн дарыядан суу ашып, үйлөрдү каптай баштаган. ЧКМге бир нече ирет кат жазсак да көңүл бурулбагандыктан, өзүбүздүн күчүбүз менен 745 метрлик дамба курдук. Бул ишке 920 миң сом кетти. Буга чейин өкмөт 800 метрлик дамбаны 7 миллион 745 миң сомго жасаса, биз ошондой эле сапаттагы дамбага 1 миллионго жетпеген акча кетирдик. 105 миллион сомдук жылдык бюджетти максаттуу пайдаланганда эле Кара-Көл шаары мыкты темпте өнүкмөк.
- Бюджеттин киреше бөлүгү кантип чогулат?
- 30 пайызы жергиликтүү салыктардан, калган 70 пайызы Камбар-Ата ГЭСин куруудагы кирешелерден турат. Эгер Камбар-Ата ГЭСтери ишке киришсе биздин бюджет дагы бир кыйла көбөйөт. Ушул маселеге байланыштуу белгилей кетүүчү маанилүү нерсе, Токтогул ГЭСинен түшкөн салыктын баары Бишкек шаардык Биринчи май районуна түшөт. Бирок юридикалык жагынан анын баары бизге түшүш керек эле. Өндүрүш ушул жерде болгондон кийин, жумушчулар ушул жерде жашагандан кийин салык ордунда калыш керек эле да мыйзамга ылайык. Ага деле каршы эмеспиз, болгону пайдадан дагы эмес, иштелип чыккан энергиянын 1-2 пайызынын акчасын эле жергиликтүү бюджетке буруп беришсе, биз ал каражатка жаңы үйлөрдү сала баштамакпыз. Себеби, СССР убагында курулган үйлөр эбак жарактан чыгып калган. Үй маселеси аябай курч болгондуктан, бизде алардын баасы өсүүдө. Мамлекеттик масштабдагы ири курулуштар биздин аймакка туш болгондуктан, жадагалса гидрокурулушчулар жашай турган үйлөр жок. Биз жактагы имараттардын дээрлик бардыгынын чатыры тешилип, тамчынын таасиринен дубалдарды жарактан чыгарып жатат. Бул жактагы үйлөрдүн көпчүлүгү Токтогул каскадынын балансында турат. Же алар көңүл бурушпады, же бизге мүмкүнчүлүк беришпеди.
- Бир кезде энергетиктердин баары көчүп кетишип үйлөрдүн баасы арзандап кетти эле. Азыр баа кандай?
- Азыр бош үйлөр жок. Үй алууну каалагандардын саны арбын. Баалар Бишкектегиден 10 миң долларга айырмаланып турбаса, аймактагы шаар үчүн жогору десек да болот. Мисалы, бизде 3 бөлмөлүү үй болбоду дегенде 700 миң сом турат. Буга Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушу башталгандыгы менен биртоп адистердин келиши себеп болгон. Андан сырткары эмгек мигранттарыбыз да иштеп тапкан каражаттарын бул жакка жумшашууда. Кыргызстанда биздин шаарды кээ бирөөлөр тааныбаганы менен, Россияда "город энергетиков" деп жакшы билишет. Себеби, бул тармактагы мыкты адистер биздин шаардан чыгышкан. Алсак, Саяно-Шушенск ГЭСинде - 150, Бурийскиде - 300дөн ашык мекендештерибиз эмгек кылат. Негизи эле мен үчүн Кара-Көл шаары Кыргызстандын жүрөгү. Анткени, өлкөнү толугу менен энергия менен камсыз кылган Токтогул ГЭСи бизде жайгашкан. Токтогулду биз жүрөк деп кабыл алсак, токту өлкөнүн булуң-бурчуна жеткирген линиялар тамырлар. Ал эми кара-көлдүктөр ошол жүрөктү иштетип жатышкан майда организмдер деп ойлойм.
6 айдын ичинде жетишип жатканыбыз ушул болду. Буюрса Кара-Көл шаарын Кыргызстандагы үлгүлүү шаарлардын бири кылабыз. Себеби, кайсы жер болбосун тиешелүү нерсесин ошол жакка жумшаса эле бардык маселени чечсе болооруна өзүм жетекчи болуп ынанып жатам.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




  Эртең эмне жейбиз?

Чайга салар кантым жок, чайпаларга баркым жок
Кыргызстандын кантка болгон жылдык керектөөсү 138 миң 300 тонна болсо, быйылкы жылы анын 15%ы гана өзүбүздө өндүрүлүп, калган 85%ы сырттан ташылат. Жылда эле ушундай.


Ошентип кезегинде Орто Азияны кумшекер менен камсыз кылып турган Кыргызстан бүгүнкү күндө өзүн-өзү камсыздай албай, кабыргасы саналып, кайышып баратат. 2003-жылы эле республика боюнча 75 миң га. жерге кызылча айдасак, жыл сайын кетенчиктеп отуруп 2009-жылы 5,9 миң гектарга түшүп калганбыз. Мунун башкы себеби кант кызылчасын өндүрүүгө мамлекет тарабынан караманча көңүл бурулбай калгандыгында экени элдин баарына дайын. Эң башкысы азыркы ААК "Кайыңды-Кант", АК "Кошой" аталган кант заводдорунун менчикке өтүп кетиши, акыры барып элден качкан эки президенттин акырына айлангандыгы, алардын ачык-жабык колдоосунун астында бул тармактагы монополист, тагыраагы монстр болуп кетиши чоң себеп болгон. Бул эки ишкана карапайым элдин өндүргөн кызылчасын сатып алмак турсун, дээрлик карабай деле калган. Бийлик тарабынан түзүлгөн монополист абалынан пайдаланып, Кыргызстанга сырттан келүүчү кумшекерге ушул экөө гана ээлик кылып, болгон квотаны бөлүп алып, башкаларды ат чабым алыс кубалап турушчу. Атургай, бизде иштетилген кумшекерди сыртка алпарып саткан "жыргализм" күндөрү да болгон.
Өткөн жылы болгону 5,9 миң га. жерге кызылча айдаган Кыргызстан кантка болгон өздүк керектөөсүнүн 4,3%ын араң жапкан. Калганын сырттан ташып келген. (Белоруссиядан 55,4 миң тонна, Украинадан 14,1 миң тонна, Польшадан 250 тонна ж.б). Бул жерден негизги импортер катары Белоруссиянын карааны калдайып көрүнүп турат. Анын Кыргызстанга болгон кант импорту жылдан-жылга өсүп отурган. (2008-жылы 35,6 миң т. 2009-жылы 55,4 миң т.) Аталган ишканаларды Айдардан кийин Максим ээлеп алган деген кепке караганда Бакиевдердин Лукашенко менен болгон канттай таттуу мамилери ошол кездерде эле башталган шекилдүү. Апрель революциясынын шарапаты менен монополист болуудан калып момпоюп калышкан бул ишканалар быйылкы жылы Чүй, Таласта ырмайып-чырмайып жатып айдалган 8,436 миң гектардагы кант кызылчасын кабыл алып, андан 20-21 миң тонна кумшекер өндүрөбүз деп кудуңдашууда. Бул жогоруда айткандай Кыргызстандын кантка болгон керектөөсүнүн 15%ын түзөт. Калганын ташыйбыз деп жатабыз.
Кызыгы тигил эки монстр монополист болуудан калгандан кийин, конкуренцияга жол ачылып, канттын баасы түшүш керек эле. Бирок түшпөй эле кумшекердин кили өскөндөн өсүп 50-55 сомду алып жыгылды. Бул баа ушуну менен токтойбу, токтобойбу али эч ким айта албайт. Кыргызстандын мамлекеттик антимонополиялык агенттигинин маалыматы боюнча кумшекердин баасы 49 сом 60 тыйын. Базарда баа башка.
Академик Жамин Акималиевдин айтымында, Кыргызстан быйылкы жылы деле кыйратып өзүн-өзү камсыз кыла албайт. Жалпы керектөөнүн 7-8%ызын гана өзүнөн өндүрбөсө, жетишпеген 92%ын ташып келүүгө туура келет. Себеби, былтыркыга салыштырмалуу 4 миң гектарга чамалуу кант кызылчасын көбүрөөк айдаганыбыз менен кеч сээп калдык. (Апрелде себиле турганды, майда бүтүрүптүрбүз). Бул агротехникалык орой сабатсыздык дейт академик. Академикти дагы бир күйгүзгөн нерсе кант кызылчасынын жылдан жылга түшүмдүүлүгү төмөндөп баратышы. "Учурунда ат башындай болгон кызылча азыр уучка толбой калды" деп кейийт белгилүү айыл чарба адиси.
Аныгында эле кезегинде ар гектардан 1000 центнерден алып, эки жолку Социалисттик эмгектин Баатыры болгон Зууракан Кайназарова, түз жерге эмес тоо этектерине кызылча айдап, жер семирткичти ат араба менен ташып жүрүп ар гектарынан 700 центнерден түшүм алган, азыр көзүү тирүү Керимбүбү Шопокова энелердин эмгегин бул жерден эстебей кое албайсың. Бул легенда эмес чындык. Менин жеке баамымда азыркы дыйкандарыбыз деле мээнеткеч. Бирок, алар академик Ж.Акималиев айткандай жер иштетүү маданиятына, тагыраагы агротехникалык эрежелерге маани беришпейт. Берели эле дейт бирок чамасы чак, колдору кыска. Мыкты үрөн, жер семирткич, өз учурунда айдап берчү техника жетишпейт. Баалуу болот деген бир эле өсүмдүктү кайра-кайра айдай беришип, кайран жерлердин канын соруп бүтүп алышкан. Которуштуруп айдоо деген унутулган. Ошондой эле эптеп өстүргөн кызылчаларын өткөрө албай, өткөрсө акчасын убагында алалбай убараны көп тартып ооздору да күйүп бүткөн. Ошон үчүн жылдан жылга кызылчанын аянты кескин кыскарып бара жатат. Бул маанилүү техникалык өсүмдүккө дыйкандарды тартуу эми оңой болбой калгандай.
Андыктан баасы ай чапчыган кантка жеткениң жетесиң, жетпесең калганың ошол.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-13



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??