presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Партияңды айтчы, капчыгыңдын калыңдыгын айтайын
Шайлоо бүттү, эми эсепти баштайлы

Өткөн эки бийлик тушундагыдай административдик ресурс парламенттик шайлоодо кеңири колдонулбастан, анын ордуна партиялардын финансылык дарамети чечүүчү ролду ойногондугу коомчулукта кызуу талкуу жаратты. 10-октябрдагы саясый өнөктүккө катышкан партиялардын шайлоо фондунун тегерегинде так маалымат берүүсүн өтүнүп БШК төрагасы Акылбек Сариевге кайрылсак, а киши анан чалгыла, эртең чалгыла деп кутулду. Акылбек мырзадан жарытылуу жооп укпасыбызга көз жеткен соң, ушул маселени өз алдынча иликтегенге аракет жасадык.

"Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жылуу мамиледе экени белгилүү. Мындан улам ММК аркылуу "Акыйкатты" С.Лавров каржылайт имиш таризинде каңшаар тараган. Мындай аңыздын артында чындыктын үлүшү бар. Анткени апрель окуясынан кийин орус бийлигинин лөктөрү Аликбек мырзаны Кремлге чакырып, сүйлөшүү жүргүзгөн. Анда "партияны толук бойдон каржылайбыз, бирок кийин парламентте биздин "ырыбызды" ырдайсыңар" деген талап коюлган дешет. Буга "акыйкатчыл" саясатчы "аный" деп жооп узатыптыр.
Деген менен, А.Жекшенкулов-дун капчыктуу санаалаштары шайлоо кампаниясына кеткен каражатты жабууга көмөктөштү. Маселен, партиянын белдүү мүчөсү Чолпон Абдуллаева 200 миң доллар кошсо, Аликбек Жекшенкулов өзү үгүт иштерине 10 млн. сомдун тегерегинде каражат жумшаган. Ал ортодо эркин басылмалардын бири "Акыйкатты" Шамил Муртазалиев аттуу олигарх каржылаптыр. Эми ага А.Жекшенкулов не деп отчет берерин билбей атат" маанисинде учкай кабар баскан. Мунун чын-бышыгын тактоо максатында партиянын төрага орунбасары Анаш Сейтказиевге звандасак, бул карандай калп экендигин төмөнкүчө четке кагып турганы:
- Шамил Муртазалиев биздин партиянын курамында экендиги чын. Бирок, ал спонсорлук милдетти аткарган эмес. Шамил мырза менен азыр деле алакабыз түзүк, тыгыз кызматташып жатабыз.
Мандат тартуулаган 62 миллион
Шайлоо кампаниясына канча каражат сарптаганы туурасында так маалымат берүүсүн өтүнүп бардык партияларга кайрылдык. Тилекке каршы, "Республикадан" башкасы сылык аткез кылышты. Аталган партиянын басма сөз катчысы Кубат Болоткановдун айтымында, "Республика" шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 62 млн. сом жумшаптыр. "Каражаттын басымдуу бөлүгү үгүт материалдарына короду" дейт ал.
- Партия лидери Өмүрбек Бабанов жеке өз чөнтөгүнөн 40 млн. доллар чыгарып, шайлоодо сарптагандыгы айтылууда. Мында чындыктын үлүшү канчалык?
- 40 млн. доллар АКШ президентин болбосо дагы, Россия президентин шайлоого жете турган каражат. Кыргызстандын шартында мынча каражат кетирүү жөө жомок эмеспи. Кеп акчада эмес, кеп партиянын өзүнүн имиджинде, эл арасындагы аброюнда.
- Анда партия бюджети кайсы каражаттын эсебинен түзүлдү?
- "Республиканын" мүчөлөрү акыбалына жараша акча төлөштү. Анын негизинде партия бюджети түптөлдү.
- Ырчы-чоорчулардын эмгек акысын бербей жүргөнүңөрдү кантип түшүндүрөсүңөр?
- Мындай маалымат чындыкка коошпойт. Өнөр адамдарынын эмгек акысы келишимдин негизинде толук төлөнгөн. Бу жерде эч кандай маселе болбошу керек. Мага ишенбесеңер, үгүт учурунда биздин партияга иштеген ырчылардан сурагыла, алар болгон чындыкты айтышат.
Машкевич карааны…
Шайлоо кампаниясы маалында басма сөз беттеринде кулак делдейткен кабарлар байма-бай жарыяланып турду. Алсак, "Ар-намыс" партиясынын анабашы Феликс Кулов айтылуу олигарх Александр Машкевичтен 10 млн. доллар өлчөмүндө "жардам" алган имишин гезитибиздин өткөн сандарында жарыялаганбыз. Буга улай Кремлдеги таасирдүү фигура "темир генералды" ондогон миллион доллар менен "ыраазы" кылганы боюнча каңшаар айтылган. Жогорудагы эки маалыматка "ар-намысчылар" ак да, көк да деген эмес. Унчукпаганы макул болгону го деп ичтен тынганбыз.
"Ата журтту" экс-президент Курманбек Бакиевден тышкары Казакстандагы үлкөн адам каржылайт имишин, ошондой эле партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев 700 млн., экс-мэр Нариман Түлеев 500 млн. сом кошумча кошкону боюнча кабарды эркин гезиттердин бири шардана кылган. "Ата журтчулар" да "Ар-намысчасынан" мындай маалыматтарга реакция жасаган жок.
"Бригадачыл" партиянын берешендигин ушундан бил, айрым региондордо шайлоочуларга 4000 сомдон жогору акча таратышыптыр, кээ бир жерлерде бул көрсөткүч 500 долларды чапчып жыгылды дешет. Муну такташ өтө кыйын деңизчи, бирок 10-октябрдын таңында Токтогул районундагы ар бир үйдүн эшигин каккылап, "бизге добуш салгыла дебейбиз, болгону ушуга чай ичип коюңуздар" деп 200 сомдон таратканын ишенимдүү айта алабыз. "Ата журттун" белдүү азаматтары чыныгы жигиттигин көрсөтсө, муну жокко чыгарбас.
Ит менен издетсе да табылбай
Бейрасмий маалыматка ылайык "Ак шумкар" партиясы 10-октябрдагы саясый өнөктүктө 7 млн. долларынан айрылды. Арийне, партия төрагасы Темир Сариевге айрым нарындыктар абдан нааразы. Себеби, үгүт учурунда адамдарды аябай иштетип, бирок алардын эмгек акысын толук төлөбөй койгон. Ушундай эле "кылыгын" "Союз ССР" партиясы көрсөткөн. Үгүтчүлөр тобу партия лидери Ишенбай Кадырбековду ит менен издетип табалбай, акырында тажаганынан карызын доолаганын токтотушту.
Үгүтчүлөрдү алдамай өнөкөтү БЭК партиясына да жуккандай. БЭКтин борбордогу агитаторлору бир айлык акысын алигиче алыша элек. Мунун себебин билүү үчүн партиянын жаштар канатынын лидери Руслан Бекназаровго кайрылдык.
- Бишкек шаары боюнча 500 үгүтчүнү кабыл алганбыз. Мага жеткен маалыматка ылайык шайлоонун жыйынтыгында БЭК борбордон 1900 добуш алыптыр. Агитаторлорго байланышкан маселеге партиянын Бишкек шаары боюнча штаб башчысы жооп бергени оң.
- Жалпысынан шайлоого канча миллион сарпталды?
- Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Шайлоо кампаниясына 30 млн. 200 миң сом короттук.
- Сыр болбосо, мындай ири каражат кайдан табылды?
- Партия мүчөлөрү өз каалоосу менен кошумчасын кошушту. Ошондой эле БЭКтин идеясын, программасын колдогон бизнесмендер жардамдашты.
Бегалы НАРГОЗУЕВ, "Содружество" партиясынын мүчөсү:
"Экөө Россиядан, экөө Казакстандан, бирөө Батыштан…"
- Парламенттик шайлоодо административдик ресурс таптакыр колдонулбады, анын ордуна партиялардын финансылык дарамети негизги ролду ойноду дешет. Сиз ушуга кошуласызбы?
- Мындай пикирге анча кошулбайм. Туура, административдик ресурс мурдагыдай ачык колдонулган жок. Бул бийликтеги партиялардын кристаллдай тазалыгынан кабар бербейт, мунун объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Биринчиден, административдик ресурсту колдонбоого президент Роза Отунбаева мүмкүнчүлүгү жетишинче аракет кылып, кол астындагыларга шайлоо процессине аралашууга тыюу салды. Экинчиден, бийликте бир эмес үч партия туруп, алар бири-бирине атаандаш болду. Үчүнчүдөн, бийликтеги партиялар өздөрүнүн кадыр-баркын өздөрү өтө жогору баалап, карапайым калк бизди колдойт деп камырабай жүрүштү. Төртүнчүдөн, регионализм дарты күчөп, алты ай аралыгында мамлекетти тыңыраак башкара албагандыгынын айынан бийликтеги партияларга карата элдин ишеними кескин кыскарды. Мына ушул себептерге байланыштуу административдик ресурс тымызын, тар чөйрөдө гана пайдаланылды. Маселен, кээ бир министрликтер толук бойдон конкреттүү бир партияга жанталашып иштешти. Айрым губернатор, аким, айыл өкмөттөрү да тымызын өздөрүнүн партияларына көмөктөштү.
10-октябрда каржы маселеси башкы ролду ойнобосо да чоң ролду ойноп койду. Албетте, бир эле каражат маселеси баарын чечип койот дегенден алысмын. Бирок бардык шайлоо технологияларын, анын ичинде каржы технологиясын бириктирип комплекстүү пайдаланган партиялар жеңишке жетти.
- "Содружество" партиясы Россиядан арбын каражат алды деген маалымат бар. Дегеним, партиянын шайлоо маалында сарпталган чыгымын ким көтөрдү?
- Ири каражат алган партиялар жеңишке жетишкени дайын болду. Беш партиянын экөө Россиядан, экөө Казакстандан, бирөө Батыштан чоң колдоо алды деген сөздү ачык эле айтып жүрүшпөйбү. Бизде каражат маселеси чоң көйгөйдү жаратып, үгүт иштерин оңгулуктуу жүргүзө албаганыбызды өзүңөр деле байкадыңар окшойт. Мен партиянын штабындагы чогулушта ушул маселени башка партиялар сыяктуу чечели, тизме боюнча биринчи ондукта тургандар бир ставка, экинчи ондукта тургандар бир ставка, үчүнчү ондукта тургандар бөлөк ставка менен шайлоо фондусуна каражат төлөйлү десем, кээ бирлер караманча- каршы чыгып буга көнбөй коюшту. Тизмедеги 120 кандидаттын ичинен он чактысы гана бир аздан акча чогултуп шайлоо кампаниясын баштадык...
(Уландысы бар)

Майда бирок маанилүү
Мыйзамга ылайык партиялардын шайлоо фонду 100 млн. сомдон ашпашы керек. Ошондой эле бир талапкер партиянын бюджетине 500 миң сомдон ашык каражат төгө албайт.
Шоу жылдыздары шайлоо кампаниясында капчыгын жакшы эле кампайтышты. Маселен, Мирбек Атабеков 10 миң, Султан Каримов менен Султан Садыралиев 7 миң доллардан пайда табышты.
Үгүт иштерин жүргүзгөн адамдардын ставкасы да ар кыл. Жөнөкөй мисал, "Республика" партиясы алыскы аймактардагы үгүтчүлөргө айына 8000 сомдон жогору төлөсө, БЭКтики андан эки эсеге арзан түшкөн.
Мурдагы саясый өнөктүктөргө салыштырмалуу бу саам шайлоо кампаниясы өтө жогорку деңгээлде өттү. Ага жараша маалымат каражаттарынын кызмат көрсөтүү акысы да кымбаттады. Төмөндөгү таблицада кыргыз жана орус тилдүү гезиттердин ставкасы канчаны тепкени көрсөтүлдү.
Партияларды байдын кызындай мактаган тасмаларды көгүлтүр экрандан чагылдыруу, радио аркылуу ободон жаңыртуу, талапкерлердин өңү-түсүн тааныштырган плакаттарды чыгаруу, ар кайсы бурчка бакыйта илинген билборд, баннерлерге канча каражат корогонун эсептесең чачың агарат. Бул бир Кудайга, анан партиянын өзүнө гана маалым.
2007-жылы ЖоКе жарышка катышкан 12 партиянын шайлоо фондуна жалпысынан 12 млрд. 131 млн. 137 миң 50 сом өлчөмүндө акча каражаты келип түшкөндүгү тууралуу маалымат бар. Ал эми быйылкы парламенттик шайлоодо канча миллион "жашылбай" сарпталганын макаланын келерки бөлүгүндө так айтабыз.


Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??