presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Толгоо

АРА ТӨРӨЛӨБҮ, ДААНА ТӨРӨЛӨБҮ?

Кыргызстан шайлоонун жыйынтыгын күтө берип чарчап баратат. Ал ортодо шайлоодон өттү, өтпөдү деген партиялар БШКга ачыктан ачык кысым жасап, былчыйтып кое жаздашты. Бул жерде "Бүтүн Кыргызстанды" түшүнсөк да болот, алар 5%дык белди ашканбыз, эми берчүңөрдү бергиле деп турат. Анын мыйзамдуулугу өзүнчө кеп.

Кашайганда өттү делген "Ар-намыс" партиясы, анын айтылуу лидери Ф.Куловдун 200 атчан алып, 300 адамга туу көтөртүп 5 миң кишини айгайлатып чыга калам дегени БШКга жасалган кысымдын анабашы болду окшойт. ММКларга каршы-терши маалымат берген Ф.Кулов мунусун жашырган жок. БШК кыбырабай кыймылдабайбы, парламентке келип эртерээк кышка кам көрбөйбүзбү, бюджет тешигин качан жамайбыз дей салды. Баарынан да "Ар-намыстын" шайлоодогу кыркынчы тизмесинен аттап-буттап алдыга өткөн Ф.Куловдун "президенттин укугун эч кандай шайлоо-майлоо, референдумсуз эле парламентте чечип койбосок болбойт, ушундай дагы укуругу узарбаган президент болобу" деп айтканы (сөзмө сөз берген жокпуз мааниси ушундай) көп маселенин башын кылтыйтып тургансыйт. Орусиянын "Вести" телеканалы Ф.Куловдун бул айтканын чукул көрсөтүп, чуулдатып жиберди. Демек, парламенттин иши башталса Ф.Кулов күчтүү президент керек деген күптүсүн ишке ашырууга белсенип калгандай. Ошондой эле "ар-намысчылардын" өткөн жумада "бүтүндөрдү" сүрөөгө алганын, ал партияда М.Ниязов баштаган, күчтүү президентти эңсеген күчтөр арбын экенин эске алсак, акыркы мезгилдерде күтүүсүз оюндарды ойноп жибергенге маш Ф.Куловдун куулугу жетер чегине жетип калгандай. Анткени бул максаттары ишке ашып калса эмки жылы өтүүчү президенттик шайлоодо жарышка түшүп көрбөй жаны жокпу. Анда деле азыркыдай болуп жолдон кошулган аттай ыраак чыгып келиши ажеп эмес. Айтор, парламент иштей баштаса, башка келбеген саясый тамашаларга күбө болот окшойбуз.
Ошентип саясый партиялар тарабынан туш тарабынан кысымга алынган БШКнын толгоосу бышты. Президент Р.Отунбаева да шаштырып жатат. Коомчулук күтүп калды. БШК төрагасы А.Сариев "бүтүнчүлөр" аянтта "200 миңди кантип туудуңар деп айтышты" деп КТРКдан катуу чычалаган. Эми чычалаганга да убакыт жок. Баарыбыз кудайлап, толгоонун жеңилинен бер деп турганда БШК бир балээ кылып көз жарышы, түз айтканда, тууп бериши керек. Кыргыз ушинтип эле айтат. Саясый партиялар этегине асылган БШК "төрөлчү" баланын кулак-мурдун тазалап, мыйзамга чактап жатат. Кыргызстан боюнча шайлоо протоколдорун салыштырып бүтүп калды. Орусия боюнча 4 ири шайлоо участкасынын жыйынтыгын жалпайта чапты. А.Сариевдин айтымында, бул участоктордо орой мыйзам бузуу болгон. Мисалы, Санкт-Петербург шаарында негизги тизмеге 3 миң шайлоочу катталганы менен 600 гана адам кошумча тизме менен добуш берген. Ал эми негизги тизме биздин ал жактагы атуулдарыбыздын чет өлкөлүк паспортторуна таянып түзүлгөн. Ушундай эле паспорттору менен биздин элчиликтин өкүлдөрү да тизмеге кирип калышкан. Бул Шайлоо кодекси боюнча мыйзамсыз. Бул эми көздөн алыс сырттагы мыйзам бузуулар болсун дегенибиз менен, өзүбүздө деле кызылдай мыйзам бузуулар болгондугу аныкталууда. Айталы, Сузак районунан келген сейф-пакетти ачканда 46 протоколго жасалма кол коюлуп, көпчүлүгүнө бир эле киши кол кое бергендиги белгилүү болуп калды. Мен БШК ачык айтып жаткан мыйзам бузуулардын бирин-экисин гана келтирдим. Шайлоонун мындай быкый-чыкыйларын чукуй берсек кагаз түтпөйт. Менимче, чукуунун да кажети жок. Анткени БШК булар шайлоонун жалпы жыйынтыгына тескери таасир бере албайт дейт. Орой айтканда, эптеп төрөп берели деп жатат. Анысы ара болуп чыгабы, даана болуп чыгабы, чыдай турсак билебиз. Билгени курусун, мамлекетибиздин саясый тагдыры чечилип жатканда 18 күнгө созулган бул толгоонун жыйынтыгы, тагыраагы, шайлоонун жыйынтыгы оңчулуктуу болсо деген эле тилек. Кокус жыргатпаган жыйынтык чыгып калса Кыргызстан экинчи шайлоого жетеби-жетпейби, айтыш кыйын.
Бул арада президент Р.Отун-баева шайлоонун жыйынтыгына карай жеңип чыкты делген партияга же болбосо башка партиялардын бирине коалиция түзүүнү сунуш кыларын билдирди. Ушул эле учурда өттү делген партиялар өз ара келишимге барып жаткандай. ММКлар КСДП менен "Республика" партиялары көз ымдашып, колтукташып калышты деген маалымат таратышууда. Мурда баарын "Республика" партиясы чечет дечү элек. Бул жолу "Ата мекендин" кадамына жараша көп нерсе чечилчүдөй болуп турат. Ф.Кулов да оңой оюнчу эмес. "Ата журт" партиясын да эч ким аттай албайт. Кандай болгондо да, демейде бири-бирин көргөндө денелери жыйрылып үркүп турчу беш партияга ыкташкандан башка арга жок. Коалиция түзө албай ыркыраша беришсе президент парламентти таратып жиберерин жакшы билишет. Ошондой болсо да көпчүлүк КСДП, "Республика", "Ата мекен" партияларынын коалицияга келишин күтүп жаткандай. Анткени Кыргызстанда мындан ары парламенттик башкаруу болобу-болбойбу, дал ушул үч партиянын саясый эркине байланыштуу. Себеби "Ата журт" менен "Ар-намыстын" эмнени каалап турганы элге эбак эле дайын болуп калган.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-13




  Эмки арамдыгыңарды эл көтөрө албайт

НАРКЫҢ МЕНЕН КАРЫ, ФШК!

Мен бул макаланы Феликс Куловго байланыштуу жаздым. Ал киши түшүнбөсө, жан-жөкөрлөрү которуп беришер. Жакында шайлоонун жыйынтыктары толук чыкканда ФШКны ким шайлаганын анык билебиз. Бирок ага чейин эле аны орус, өзбек, уйгур туугандарыбыз шайлаганы анык болуп калды. Бирок мен аларды бир да айыптабайм, өздөрүнүн эрки. 20 жылда эне тилин үйрөнө албай койгон (менимче, жерип эле жатат) адамга өзүн кыргызмын дегендер добушун бербейт эле.
Бул киши эми атчандарды алып чыгам деп бизди коркутуп жатат. Кайсы атчандарды? Бул калп эле коркуткандык. Сөзүм кургак болбос үчүн артка кайрылайын. 95-жылдары Бишкектин мэри болуп турганда сырттан мага 3 млрд. америкалык доллар бергени жатышат, жаңы борбор шаар тургузам дегенде баарыбыздын оозубуз ачылган. Бирок миллиард эмес, миллиондун четин көргөн жокпуз.
Андан кийин Акаев камап, кайра эки ортодо башы азаттык алып, эми оппозицияны баштап берсин деп шагырап артынан ээрчип жүрдүк. ФШК бизди тарагыла деп, өзү болсо как Ак үйдүн маңдайынан офис ачып алып, мен бийликке жардам берүүгө даярмын дебеспи. Бийлик анын жардамын алмак турсун, кайра камакка тыгып салды.
2007-жылдын башында Бакиев аны колбала парламентине сала берип, эки жолу кулатканда "темир" генерал Бакиевден бийликти "тынч жол" менен өткөрүп алам деп чыкты. Биз түңүлбөгөн жаныбыз жабалактап артынан ээрчидик. Бир жума аянтта турдук, биздин "лидер" бирби-экиби жолу көрүнүп коюп көздөн кайым болду. Ага алданган бизди, бизге кошулуп биртоп саясатчыларды 19-апрель түнү милийсалар ит куугандай кууду. Кийин угушубузга караганда (уккан кулакта жазык жок), Кулов жөн эле Бакиев менен атайын операция уюштуруп, оппозиция лидерлерин, аларга кошуп карапайым элди экинчи көчөгө чыккыс кылуу амалын жасаган имиш.
Минтип арам ойлобойлу десең, жыл айланбай Бакиевден чакан ГЭСтерди алып отурбайбы. Аны апрель козголоңун уюштурган деп камагандын ордуна өкмөттүн бир кычыгынан орун берип, сый көрсөтүп жатышса кантип арам ойлобойсуң?
Анан эле көпкө чейин дымы чыкпай калган партиясы апрель революциясынын шарапаты менен саясатка кайра чыга келди. "Алиби" гезитине берген маегинде Кулов "алар бир партия эмес, чындык үчүн курман болушкан" деп айтыптыр. Ошол курман болгондордун жоон тобу "Ата мекен", КСДП, "Ак шумкар" партияларынын мүчөлөрү жана жактоочулары экенин ФШКнын эсине салгым келет. Сиздин партиядан бирөө курман болсо, лидерлеринен бирди-жарымы бейитке барат эле го?..
Эми түштөн кийин жылуу жерден (2007-жылдагыны эске салат) чыга келип, президентке, элге акыл айтып туру. Ал аз келгенсип, көчөгө беш-он миң киши, 200 атчан алып чыгам деп коркутат. Өз аттарыңызды бирөөлөргө мингизип алып эле чыкпасаңыз, сизге кайсы кыргыз атчан кошулуп чыгат? 2007-жылдагы жоругуңуздан кийин бир да кыргыз ишенбей калган сизге.
Баарынан жан кейиткени, Куловдун "Ата журт" партиясын колдомуш эткени. Терең түшүнгөн киши ФШК "Ата журтту" башка партиялар, президент менен кайраштырып, ортодон от чыгарып, анан туурадан улутту сактай турган "уул" болумуш болуп чыга келгиси келип турганын түшүнөт. Азыр келесоо эч ким жок. Орус тилдүү шайлоочулардын гана колдоосуна арзыган Шаршенбаевич улутчул ураанын жашырбаган "Ата журтка" ачык болушумуш эткен соң эртең алардын жүзүн кантип карайт? Менимче, ага добуш бергендердин алды сызга отуруп калганын түшүнсө керек.
Бул киши 63кө - пайгамбар жашына келип калды. Оозунан алдыга жаштарды чыгаралы дегенин укпадым. Бул киши мамлекетчил ишмер болсо, ушунча жылдан бери "Ар-намыстан" такшалып чыккан чыгаан уул-кыздарды көрөт элек го? Анын ордуна мамлекеттик кызматтарда же ар кайсы партияларда болуп, жыдыган ишмерлерди топтоп алып бийлик талашып туру. Арасында кезинде Куловду камоого салым кошкондор да бар дешет...
Феликс Шаршенбаевич, бийликке эмес Кудайга башыңызды ийиңиз. Москвага эмес, Манас атабызга сыйыныңыз. Кесир кылбаңыз. Пайгамбар жашына келген адам өмүр, келечек, мамлекет жөнүндө көп ойлонот дечү эле. Чачыңызды аппак бубак баскан кезде атчандарды алып чыгам деп оолукпаңыз. Наркыңыз менен карыңыз, сиздин балитикалык оюнуңузду азыр эч ким көтөрө албайт.

Саламым менен
мекендешиң жана курдашың АМАНТУР



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??