presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Теңир-тоолуктар теминүүдө

Орусияга берилдиби же Борисиягабы?

Торугарт чыры токтоп, тоолуктар эми басылып калганда теңир-тоолуктар жер сатылды деп жер тепкилеп киришти. Көрсө, эки баштуу өкмөт жакында токтом токуп Нарын районунда жайгашкан Сарыжел, Кумбел алтын-вольфрам кенин Орусия компаниясына карматышыптыр. Нарындыктардын айтымында, бул ишке Борис Силаевдин катышы бар, бирок Москванын муну менен маалыматы жок.
Ток этер жерине келсек, 21-октябрда кыргыз өкмөтүнүн №252 "Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылдык округунун 118 гектар жайыт жерин өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка ишке пайдалануу" категориясына которуу токтому чыккан. "Албетте, биз кен иштетилип, кошумча жумуш орундарынын түзүлүшүнө каршы эмеспиз. Бирок президент Роза Отунбаева кол койгон бул токтом "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин" жана "Жер байлыгы тууралуу" мыйзамдарын бузуп жатат. Анткени өкмөттүн №252 токтому жергиликтүү кеңештин макулдугусуз бекитилген. Жерге-Тал айылдык кеңешинин чечими токтомго кол коюлгандан төрт күн өткөн соң гана жогору жактын көрсөтмөсү менен чыгып отурат" дешет бизге кайрылгандар. Алардын бизге жөнөткөн маалыматы боюнча 118 гектар жердин 80,33 пайызы жайыт жерлер деп көрсөтүлсө, 37,67 гектар жер башка жерлер (прочие земли) деп жазылган. "КР Жер кодексинде" жердин 7 гана категориясы бар, ал жерде башка жерлер деген категория жок. Анда 37,67 гектар жерди өкмөт кайдан алат деген суроо коет жерге-талдыктар. Карапайым калктын нааразычылыгынын дагы бир себеби, "Жер байлыгы тууралуу" мыйзамдын 16-беренесинде жазылгандай алтын кени Орусиянын "Рокизол" компаниясына конкурстук негизде эмес, Борис Силаевге боордоштук кылынып берилгендиги болгон. Эң негизгиси, токтомдо 118 гектар жерде жер үлүшү бар жер ээсине башка жерден ошончо көлөмдөгү жер берүү каралган эмес. Өкмөт өз кызыкчылыгы үчүн кол койдуртуп алганын өлкө башчы билет болду бекен деги дейт нааразы болгон нарындыктар.




  Аракет го дурус

Бирок коомчулук убайын качан көрөт?

Кыргызстан 2001-жылдан баштап Азия өнүктүрүү банкынан Борбор Азия аймактык кызматташтык (ЦАРЕС) программасынын алкагында бир катар энергетика, транспорт, соода долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 360 млн. доллар алыптыр.
Өткөн жылы ачылган 77 чакырым узундуктагы Ош-Гүлчө жолун да аталган программанын бир үзүрү десек болот. Сентябрь айында электр тармагындагы жоготууларды азайтып, "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКсынын башкаруу, каржы потенциалын бекемдөөгө ЦАРЕС программасынын негизинде 45 млн. доллар каралды. Октябр айында аталган программа алкагында Кыргызстан менен Тажикстан эки өлкө жарандарын, транспортторун жана товарларын чегарадан тоскоолдуксуз өткөрүү келишимине кол коюуга жетишти. Эми ушул айдын аягында сегиз өлкө мүчө болуп кирген ЦАРЭСтин тогузунчу конференциясы Себу аралында Афганистан өкмөтүнүн уюштуруусунда өткөрүлөт. Афганистан, Азербайжан, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин өнөктөштүгү катары түзүлгөн программанын бул жыйынында Пакистан менен Түркмөнстанды мүчөлүккө кабыл алуу маселеси каралмакчы. Мындан сырткары, өлкө министрлеринин кийинки он жылдыкка өнөктөштүктү кеңейтүү, ЦАРЭС менен кызматташуу маселелери боюнча алгачкы формалдуу эмес жыйындары өткөрүлөт. Эл аралык эксперттердин айтымында, бул жыйын Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөт.





  Баңги, маңги, анан...

Бизде баңгимилийсалар бар дейт го

Азыркыга чейин Оштогу июнь окуяларына ал аймак аркылуу өткөн ири партиядагы баңгизаттары себепкер деген божомолдор айтылып келет. Жакында "BBCRussian.com" сайтына бул маалыматты тастыктаган макала жарыяланды.
Анда Борбор Азия боюнча дүйнөлүк баңгизаттын төрттөн бир бөлүгү өтсө, анын басымдуу бөлүгү Ош аркылуу таратылары жазылган. Макаланы жазган Би-Би-Си журналисттери атайын Ош шаарында болушуп, Олег аттуу баңгизатын таратуучуну кепке тартышкан. Олег Ошто ай сайын бир-эки киши баңгизатынан көз жумса, алардын ордуна жаңы наркомандар пайда болорун айтып берген. Олегдин акыркы эки-үч жылда эле 80 таанышы баңгизатынан каза болгон. Баарынан кызыгы, журналисттер менен баарлашкан баңги волонтерлеру милиция кызматкерлери өздөрү баңги менен шугулданышарын, колунда баңгизаты жок адамдарды кармап ата-энесинен ири суммадагы акча сурашаарын айтып беришкен. Ушул эле макалада ИИМдин баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн начальнигинин орунбасары Мелис Мамасалиев, милиция кызматкерлери катышкан фактылар бул жылы катталбаганын айткан. Бирок, баңги таратуучулардын "катардагы милиция кызматкерлеринин Оштогу үйлөрүн карагыла, алардын маянасына мындай үй салууга мүмкүн эмес. Анан баары түшүнүктүү да" дегени үрөйдү учурат. Олегдин айтымында, Ошто мурун наркодилерлерди ортомчулар издеп жүрүшсө, азыр дилерлер көчөдөгүлөрдү токтотуп "дүң" сунуштап калышыптыр. Макаланын аягындагы Олегдин "өлкөдө бийлик жок, ошон үчүн баңги күркүлдөрү каалаганындай иштеп жатышат" дегени эмнени каңкуулайт?




  Жаман дарт

Ох дебей онкологияга эрте көрүнгүлө
Жума башында саламаттык сактоо министрлиги үрөйдү учурган маалымат таратты. Министрликтин билдиришинче, Кыргызстанда ар жылы 5 миңге жакын адам рак оорусуна кабылууда.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 18 миң рак оорусу менен ооругандар катталса, анын 44 пайызы жыл айланбай көз жумат. "Мунун ичинен ашказан рагы 60,3 пайыз, өпкө рагы 60,4 пайыз, кызыл өңгөч рагы 63,2 пайыз. Мындай акыбал кыргызстандыктардын дарыгерлерге убагында кайрылбагандыгынан улам болуп жатат" деп айтылат билдирүүдө. Буга улай министрлик 2009-жылы онкологиялык кызмат көрсөтүү абдан начарлап, өлүм-житимдер көп болгонун баса белгилеген. Баарынан өкүнүчтүүсү учурда өлкө боюнча болгону 54 онколог болсо, анын көбү пенсия курагындагылар. Ал эми "Эргэнэ З" коомдук фондунун төрайымы Таалайгүл Сабырбекованын билдиришинче, Кыргызстанда ар күнү бир-эки аялга "сүт бездеринин рагы" диагнозу коюлат. "Мындай аялдардын жарымынын оорусу өтүшүп кеткен. Андыктан кыз-келиндер убагында диагностикадан өтүп турушса. Буюрса ай аягына чейин улуттук онкология борборунда иммунногистохимиялык лаборатория ачылат. Бул жерден оорулуунун рак түрү аныкталып турат. Бул онкология чөйрөсүндөгү дарылоону оптималдаштыруудагы чоң жетишкендик дейт "Эргэнэ З" фондунун жетекчиси.




  Кызарган эки көз

Улуттук гвардия устукандалбасын!

Улуттук гвардияны учурда коргоо министрлиги менен УКМК "улак тартмайга" алды. Гвардиянын экс-командачысы, "Гвардия ветерандары" коомдук бирикмесинин башчысы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаевдин айтымында, эки структурага гвардияны колго алуу жана анын мүлкү гана кызык.
"Азыр УКМК менен коргоо министрлиги гвардия офицерлеринин пикирин эске албай эле улуттук гвардиянын аскердик шаарчаларын, техникаларын, мүлкүн бөлүштүрүү боюнча документтерди, эсептерди катуу даярдап жатышат. 18 жылда чогулган, курулган заманбап аскердик шаарчаларды, окуу борборлорун, имарат, жабдыктарды эч кандай эмгек, каражат жумшабаган эки ведомство жетекчилеринин устукандап кетишине Улуттук гвардия курамы, ветерандар кабатыр" дейт Абдыгул Чотбаев. Генерал-полковниктин билдиришинче, гвардиянын уюшулган күнүнөн тарта офицер, прапорщиктер, башка кызматкерлер өлкө казынасын коротпой, эл аралык аскердик кызматташтыктын жардамы аркасында Улуттук гвардия базасын түзүшкөн. "Азыр гвардия базасын эки күч ведомствого берүү - Улуттук гвардияны жок кылуу. Ошондуктан ветерандар, Улуттук Гвардиянын жеке курамы, командачылыгы бул маселени объективдүү кароосун өтүнөбүз. Мунун арты кандай болорун ойлонушубуз керек" дейт генерал-полковник. Коргоо министри го түшүнүктүү, УКМКга эмне жетпейт?




  Ким атты?

Кыйылган кырчындар

27- октябрь күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында күтүлбөгөн кол салуу болду. Бул күнү кечки саат тогуздар чамасында Кызыл-Кыя ШИИБинин нөөмөттүк бөлүмүнө милициянын лейтенанты Атаназаров Мухамедибрахим чалып, белгисиз бирөөлөр тарабынан аларга куралдуу кол салуу болгонун кабарлаган.
Окуя болгон жерге дароо оперативдик топ келип, милиция кызматкерлери Кылыч Ысманов менен Гуламжан Бердалиевдин ок жеген денесин табышып, жарадар болгон Мухамедибрахим Атаназаровду ооруканага жеткиришкен. Ал жерден 1 ок, 4 "Макаров" тапанча огунун 4 гильзасы, бир чөнтөк телефон табылган. Атышуулар Ош-Исфана трассасынын жээгиндеги шаардык эс алуу багынын жанында болгон. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу кызматында жүргөн милиция кызматкерлери шектүү "ДЭУ-Тико" үлгүсүндөгү машинаны токтотушат. Текшерүү убагында лейтенант Мухамедибрахим Атаназаров артта отургандардын колундагы курал-жарактарын байкап калган. Муну билген кылмышкерлер алгач лейтенантка, андан соң эки тартип сакчысына ок атышкан.
Лейтенант М. Атаназаровдун айтымында, ал аталган машинаны токтотуп, айдоочусунун документтерин текшере баштаганда артында отургандар чыга калып ок атышкан. Бактыга жараша оор жаракат алган лейтенант аман калып, тиешелүү жерге кабар бергенге жетишкен. Дарыгерлердин айтымында учурда анын акыбалы жакшы. Окуя болгон жерде азыр иликтөө-оперативдик топ иштеп, "Кармоо" операциясы жүргүзүлүп жатканын кабарлайт, Баткен, Кызыл-Кыя ИИБдери. Кол салгандарды көрүп калгандардын билдиргенине караганда алар жергиликтүү жашоочулардан эмес. Азыр кылмышкерлердин болжолдуу сүрөтү тартылып, бардык постторго таратылып, издөө иштери тыкыр жүрүп жатат.
Даярдаган Мелис СОВЕТ уулу, тел.: 38-67-73




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??