presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кимисине ишенебиз?

"Монтерге" айланган УКК, "баатырга" айланган Ташиев

"Ата журт" партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин 23-октябрда өзүнө УКК кызматкерлери кол салууга аракет жасаганын шардана кылышы узаган жуманын чуулгандуу жаңылыгы болду окшойт. Ал андан көп өтпөй журналист журтчулугун түгөл жыйнап, бул окуяга айтылуу "үч тамганын" жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевди күнөөлөп, анын отставкасын талап кыларын билдирди. Бирок, УКК төрагасы муну жөнсүз айып катары эсептерин, буга атайын кызмат өкүлдөрүнүн тиешеси жоктугун жарыялады.


Бу маселеде бири бирине дал келбеген жерлер бар. Анткени Камчыбек Кыдыршаевич алгач 100гө чукул килеңдеген жигит Чоң-Арык айылындагы үйүнө басып киргендигин айтса, кийинчерээк бул сан 50гө, акырында 15ге түштү. Көрүнүп тургандай, үчөө үч башка. "Ата журтчул" саясатчыга чындыгында эле канча адам кол салууга аракет жасаганы бүдөмүк.
23-октябрда атайын кызматтын төрагасы К.Дүйшөбаев Биринчи коомдук телеканал аркылуу билдирүү таратты. Анда УКК кызматкерлери окуя болгон жерден 200 метр алыстыкта турганын, К.Ташиевдин жансакчылары кызматкерлердин бирөөнү үйүнө сүйрөп кирип кеткени баяндалат. Ага жардамга дагы 10 "үч тамгачыл" келип кошулуп, натыйжада чатак ырбаган. Ал ортодо "Азаттык" үналгысы Кеңешбек мырзанын: "Биздин балдар ал үйгө чабуул жасаган эмес. Андай ниет дагы болгон эмес. Эгер биз ошол үйдөгү бирөөнү кармайлы десек же чабуул коелу десек, анда тактикасы такыр башкача болмок. Биздин балдар түз эле кармап алгандарды кое бергиле деп талап койбостон үйдүн артынан же туурасынан кирип барышмак. Ошондой жасаганга толук мүмкүнчүлүк бар эле. Биздин барган он бала ошол кармап кирип кеткен жигитти кайра бошоткула деген талап менен барып, ал жерден мушташ чыгып кеткен. Ал кимдин үйү экендигин да билишкен эмес. Кийин Камчыбек Ташиев үйүнөн чыкканда балдар аны таанып, артка чыга беришкенде аларга жапырт кол салышып, арасынан үч офицерди ур-токмокко алышкан " деген пикирин ободон жаңыртты. Кыскарта чапканда, улуттук коопсуздук кызматынын расмий маалыматы ушундай.
Ал эми биздин жеке булактан алынган маалымат боюнча окуя мындайча болгон. Камчыбек мырзанын үйүнө ремонт иштерин жүргүзүү максатында эки энергетик кирген. Көрсө, алар электрик эмей эле УКК кызматкерлери экен. Былыгы чыккан "электриктер" өнөктөштөрүн жардамга чакырып, жыйынтыгында мушташ болгон.
"Ата журт" партиясынын теңтөра-гасы Садыр Жапаров УКК башчысы курулай актанып жаткандыгын, анын айткандары чындыкка коошпостугун маалымат каражаттарынын бирине курган маегинде мындайча билдирет: "Биринчи жолу наркобарон менен К.Ташиевдин үйүн алмаштырып алып кирип кетишиптир деп айтты. Ал өтпөй калгандан кийин, эл ага ишенбей койсо эми минтип офицерди кармап алып үйүнө киргизип кетишиптир деген экинчи жомогун ойлоп таап жатышат. Анын үйүнө куралчан эмнеге барышат? Үйгө маңзатын же курал таштап койолу, анан маалымат бар экен деп кирип келишип кармайлы деген ойлору бар экендиги көрүнүп эле калбадыбы. Ошон үчүн К.Дүйшөбаевдин кызматында калууга моралдык укугу жок ".
Эмнеси болсо да бул окуя от алалбай чыңалып турган коомго чычала таштагандай эле болду. УКК канчалык түшүндүрүп актанса да алардын болгон дарамети көрүнүп калгансыды. Ал эми Камчыбек Ташиев эгер мыйзамды сыйлаган адам болсо тигилерди ур-токмокко алдырардан мурда К.Дүйшөбаевге телефон чалып иштин чоо-жайын териштирсе болмок. Бирдеме болсо эле муштумду, куралды көтөрүп чуркай берсек, анда мыйзамдын деле такыр кереги жок го.

Президентке жеткен чуу
Президент Роза Отунбаева Ташиевге байланышкан чырды тыкыр иликтөөнү укук коргоо органдарына тапшырды. Атүгүл Роза айым Камчыбек мырзаны кабыл алып, бу маселе көңүл сыртында калбастыгын жашырбады. Ушу тапта Ташиев чатагын аскердик прокуратура изилдеп аткан чагы. Аскер прокурору Айбек Турганбаев 24-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында буга укуктук баа берилерин, күнөөлүүлөр жазага тартыларын баса белгиледи. Арийне, УКК кызматкерлери жана жансакчыларга карата кылмыш иши козголгонун ачык айткан эмес. Дегенибиз, "ата журтчул" саясатчы УКК кызматкерлери менен өзүнүн күзөтчүлөрүнө кылмыш иши ачылганын "АКИpress" агенттигине билдирди. Бу тууралуу тиешелүү органдар расмий билдирүү тарата элек.

Паровоздун алдында чуркап бараткан Кулов
23-октябрда Чоң-Арык айылында орун алган окуя боюнча коомчулукта ар кыл пикир бар. Айрымдары муну "ата журтчулар" өздөрүнө саясый упай топтоо ниетинде атайын уюштурду дешсе, кээ бирлери бул бийликтин кезектеги шоусу сыпатында бааласа, дагы башкалары жогорудагы эки ойду тең жокко чыгарып, мындай көрүнүштү үчүнчү күчтөр кырдаалды ого бетер курчутуу максатында колдонду дешет. Айтор, божомол артынан божомол. Кайсынысына ишенериңди билбейсиң.
Эң кызыгы, "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов окуя болгон күнү Ташиевдин үйүнө дароо жетип барды. "Темир генерал" "чү" дегенде эле буга УКК төрагасы К.Дүйшөбаевди тикелей күнөөлөп, анын ээлеген ордун бошотуп бериши керектигин ачык жарыялады. Куловдун укук коргоо органдарынын чечими чыга электе эле шашылыш билдирүү таратышы кайсы акылга сыят? Себеби, Феликс Шаршенбаевичтин мыйзамды чемичкедей чагарын көпчүлүк жакшы билет. Же мыйзамдын "темир калканынын" бир билгени барбы? Буга экс-премьер өзү жооп берер.
Айтор, Камчыбек мырзанын тегерегиндеги маселе жөн-жай чыккан жок. Бул жерде чоң саясый оюн болушу ыктымал. Андыктан Отунбаева өкмөтү мындай көрүнүшкө кайдыгер карабай, конкреттүү чара колдонушу абзел. Күнөөлүүлөр табылып, укуктук баа берилсе гана абал тынчыйт. Болбосо, шылтоого шыноо таппай турган бөлөк күчтөр урунттуу учурду пайдаланып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт.




Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:
"Бул беттырмоочулук"
- "Ата журт" партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге тикелей айып тагышына пикириңиз кандай?
- Камчыбек мырза жергиликтүү жана чет эл маалымат каражаттарына курган маегинде улутчулдук маселесин байма-бай көтөрүп келгени белгилүү. Анын кесепетинен дүйнө коомчулугунун Кыргызстанга деген пикири өзгөрүлдү. Бизди мокочо өлкө, улут катары санап калышты. Натыйжада, К.Ташиевдин карапайым калк арасындагы аброю төмөндөдү.
Парламенттик шайлоодо "Ата журт" партиясы жеңишке жетишкени талашсыз. Ошого карабастан жер-жерлерде бу партияга каршы нааразычылык акциялары өтүүдө. Мындан улам "ата журтчулар" шайлоодо кантип алдыга озгонун баамдоого болот. Дегеним, К.Ташиев өзүнө саясый упай топтоо үчүн ушул окуяны ойлоп тапты. Муну жеке мен беттырмоочулук катары санайм.
- Камчыбек Кыдыршаевичтин аргументтери деле жөндүүдөй. Ал "УКК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев мени июнь коогалаңына күнөөлөп, бирок кийинчерээк бул маалыматты төгүндөп кечирим сураган" дейт.
- К.Ташиевдин жалган жалаа жапканы УКК маалыматында даана байкалып турат. Себеби, улуттук коопсуздук кызматы чындап эле "Ата журттун" лидерине кол салгысы келсе, бардыгын башкача жасамак. Чаламандын чак түшүндө ушундай кадамга баргыдай УКК келесоо орган эмес да.
- Балким муну үчүнчү күчтөр атайын уюштуруп жүрбөсүн?
- Мында үчүнчү күчтүн тиешеси жок. Бу жерде К.Ташиевдин жеке кызыкчылыгы гана бар.
- Мисалы?
- Камчыбек мырза убактылуу өкмөткө сес көрсөтүп келгенин маектин башында айттым. Ал бийликке үстөмдүгүн жүргүзүү үчүн бардык кадамга барышы ыктымал. Эксперттердин айтуусуна караганда, "ата журтчулар" сомодой-сомодой болгон 2000 жигитти түштүктөн алып келиптир. Алардын элүүсү Ташиевдин үйүн кайтарса, калгандары ЖК имаратынын алдындагы митингге катышканы каңкууланууда. Булар керек болсо бийликти көңтөрүп жибергенге да даяр. Бийликтин алсыздыгынын айынан барскандай муштумуна таянган топтордун күнү тууду. Буга карата катуу чара колдонуу зарыл.
Революция кайсы максатты көздөп жүзөгө ашты эле? Кырчындай болгон жаш жигиттердин каны Бакиевдердин жан-жөкөрлөрүнүн кайрадан бийликке келиши үчүн төгүлдү беле, же мамлекеттин оңолушу үчүнбү? Ушу суроого тез арада жооп таап, саясый баа берилиши абзел.
- Чоң-Арык айылындагы окуяга ким жооп бериши керек?
- Күнөөлүүлөрдүн бардыгы жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Мамлекеттин, элдин бейпилдигин сактайлы десек, темирдей тартип орнотуш керек. Анүчүн жеке кызыкчылыгын жүзөгө ашырыш үчүн жок жерден чуу салган адамдарды сот жообуна тартуу талапка ылайык. Болбосо Чоң-Арыктагыдай сценарийлер кайталана берет. Мунун аягы өлкөнүн бүлүнүшүнө алып келет.
23-октябрдагы окуяны аскер прокурору Айбек Турганбаев тергемекчи. Мен Турганбаевди жакшы тааныйм. Ал бу маселени тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү табарына ишенем.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??