presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Аруу дүйнө

Асел Капарова, модель:
"Сулуу кыз менен күлүк ат элдин энчиси"

Асел Капарованы эл клиптерден көргөнү менен анын мода дүйнөсүнө аралашып жүргөнүнөн кабары жок болсо керек. Жети жылдан бери болгон убактысын модага жумшап келсе, азыр өзүн башка тармакта да сынап мамлекеттик жумушта иштеп жүргөн кези. Мырзалардын кызыгуусун жараткан Асел өзү тууралуу төмөнкүдөй маек куруп берди.

- Асел, мода дүйнөсүнө кадам койгонуңа канча жыл болду?
- Мен он беш жашыман бери мода дүйнөсүндөмүн десем болот. Башында болгон убактымды ушуга жумшачумун. Мода менен эле чектелбей келечегиңе, кийинки жашооңо кененирээк кадам ташташ үчүн албетте жогорку билим керек. Учурда Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин экономика факультетинде окуп жатам. Быйыл буюрса, жогорку окуу жайды аяктап бир беткей иш кылам.
- Окуу, модадан сырткары эмне менен алексиң?
- Каржы министрлигинде иштейм. Мамлекеттик жумуш убактыңдын көбүн талап кылгандыктан моданы хобби катары гана кабыл алып калдым. Азыркы олуттуу жумушум ошол министрликте.
- Ырчылардын клиптеринде да анда-санда көрүнүп калчу элең?..
- Ооба, буга чейин үч клипте көрүнүктүү ролдорду аткардым. Ырчы Самат Дөөлөтбаков менен көп жылдан бери достук мамиледебиз. Мага мурда эле клипке тартыласың деп айтып жүрчү. Убакыт-сааты "Жалгызым" деген ырына туура келди окшойт. Жигитинен алыстап азап тарткан, кыйналган кыздын ролун жакшы эле чагылдырып бергенге аракет кылгам. Мага негизи клипке тартылган аябай жагат. Эгер ырчылардан дагы сунуш түшсө баш тартпайм.
- Ата-энең эмне менен алектенет? Үй-бүлөдө канча бир туугансың?
- Атам, апам азыр жеке иш менен жан багып жатышат. Биздин үй-бүлөбүз чакан эле. Атам, апам, мен жана сиңдим. Сиңдим өзүмөн бир жаш кичүү, учурда жогорку окуу жайлардын биринде үчүнчү курста окуйт.
- Сулуу кыздар көпчүлүктүн көңүл борборунда болот эмеспи. Тийишип, кээде жиниңе тийген жигиттер көп эле болсо керек?
- Бизде ар кандай адамдарды кезиктирүүгө болот. Курбу кыздарым менен жүргөндө сыпайы басып келип таанышкысы келген мырзалар бар. Кыжырыңа тийип ойду-тоону сүйлөп көңүлүңдү иренжиткен жигиттер да кездешет. Ар нерсе адамдын өзүнүн деңгээлине жараша болот окшойт, обу жок тийишип маанайымды бузган жигиттер аз.
- Сенин жүрөгүңөн түнөк тапкысы келген жигит кандай сапаттарга ээ болуусу керек?
- Адамдык сапаты мыкты, үй-бүлөнү биринчи орунга койгон жигиттерди жактырам. Баарынан да айткан сөзүнө турган, жоопкерчиликтүү, кыздардын кабак-кашына карап мамиле жасаган жигиттерди көргөндө ичим жылыйт.
- Окусаң, иштесең бош убактың деле аз экен да?
- Кээде бир күнүм кантип өтүп кеткенин түшүнбөй калам. Кечинде үйгө келгенде эмне жумуш бүтүргөнүмдү бир баштан эстеп, өзүмө "отчет" берип турам. Бош убакыт болсо, үйдө күнүмдүк тиричиликке байланышкан иштерди жасаганды жакшы көрөм. Үй жыйнап, апама тамак жасашып жардам бергенден өткөн эс алуу жок. Анан албетте жакшы көргөн курбу кыздарым менен жолугам. Көңүл ачуучу жайларга барабыз, боулинг ойнойбуз. Өзүм бийди жакшы көргөндүктөн борбордогу түнкү клубдарга баш багып калам.
- Сулуулугуңа кандай кам көрөсүң?
- Сырткы келбетиме нааразы эмесмин. Ашыкча боенгонду жактырбайм. Эң негизгиси, туура тамактанам, азык-түлүктүн кайсынысы кандай витаминге ээ экенине маани берем. Анан да сегиз сааттан кем уктабаганга аракет кылам. Уйку канбай калганда адамдын сырткы келбети чарчаңкы, кубарып көрүнөт эмеспи.
- Күлүк ат менен сулуу кыз элдики дегенди кандай түшүнөсүң?
- Кыргыз эли илгертеден бери жакшы нерсеге баа берип кастарлап келет эмеспи. Сулуу кыз менен күлүк ат элди кысталыш убакта куткарып, кыйын абалда жакшы эле жардам берип келген. Менин түшүнүгүмдө, адамдын сырткы келбети менен жандүйнөсү айкалышып турса, ошол чыныгы сулуулук. Мага "Сулуулук - дүйнөнү сактайт" деген сөз аябай жагат.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??