29.10.10 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Оп, майда
Президент да күтүүдө
Президент Роза Отунбаева 27-октябрда өзүнүн видео күндөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыгы ушул жумада чыгып калышы ыктымал экенин, шайлоодо жеңген төрт партиянын лидерлери менен жолугушканын, лидерлерди жаңы парламенттин мүчөлөрү мандат алгандан кийин тез, кыска мөөнөттүн ичинде парламенттик жана коалициялык өкмөт түзүүгө үндөгөнүн айткан.

БШК быйыл жыйынтык чыгарабы?
Борбордук шайлоо комиссиясы ушул тапта шайлоо протоколдорун салыштырып кароону аяктады. Эми БШК шайлоо протоколдорун салыштыруудан тышкары, келип түшкөн арыздарды кароосу керек. Бул иштер ушул аптада жыйынтыкталып калса, келерки аптага чейин шайлоонун жыйынтыктары чыгып калышы мүмкүн.
Баса, кечээ чет өлкөлөрдө жайгашкан 9 шайлоо участогунун документтери жараксыз деп табылды. А биринчи вице-премьер министр Амангелди Муралиевдин айтымында келерки аптада парламент ишке киришет.

Банкрот артынан баштар көрүнчү эле...
Бишкек шаардык сотунун чечими менен "Азияуниверсалбанкы" банкрот деп жарыяланып, банктарды кайра түзүү жана карыздарды жоюу боюнча агенттиктин атайын көзөмөлүнө алынды. "Азияуниверсалбанкы" мурдагы президенттин үй-бүлөсүнө жакындыгы бар деп, апрель окуясынан кийин банктын айрым операцияларына тыюу салынган. Ошондой эле Баш прокуратура мурдагы бийликтин тушунда Улуттук банктын катыштыгы менен "Азияуниверсалбанкы" аркылуу 3 млрд. сом сыртка которулуп кеткенин билдирген. Бул кылмыш иштин негизинде Улуттук банктын мурдагы төрагасы М. Алапаев, АУБдун негиздөөчүсү М. Надель баштаган бир катар адамдарга издөө салынган.

Силердики эле жетпей атты эле
Аксы районунун Кара-Жыгач айылында ошол ортодо жайгашкан беш айылдын тургундары катышкан митинг өттү. Акциянын демилгечилеринин билдирүүсүнө караганда, ага 2000 чамалуу адам катышты. Алар 7-апрелде тынч митингдин катышуучуларына каршы ок чыгарууга буйрук берген бийлик адамдарына, аскер адамдарына, "Альфа" бөлүгүнүн кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери туура экендигин билдиришти. Ошондой эле алар президент Роза Отунбаева баштаган азыркы бийликтин саясатын колдой турушканын, аларга кысым көрсөтүү бөлүнүп-жарылууга алып келерин эскертишти.




Жайытты жайладык
Быйыл Баткендеги жайыт акылары үчүн жыйналган каражат 2 миллион 157 миң сомду түздү. Ал эми кошуна Тажикстандан жайыттын ижарасы үчүн түшкөн каражаттын өлчөмү азырынча тактала элек. Ошол эле учурда расмий Ташкент Кыргызстандын жайыттарын пайдалануудан баш тарткандыктан, жергиликтүү казынага Өзбекстандан каражат түшкөн эмес. Май айындагы жайыт талаштан чыккан чырга байланыштуу Өзбекстандын Хушяр айылынын мал жандыктарына гана жергиликтүү бийлик тарабынан уруксат берилип, ижара акы үчүн 54 миң сом төлөнгөн.


Обологон обондор
КР маданият министрлигинин демилгеси менен эгемендик алгандан бери биринчи жолу республикалык масштабда обончулардын кароосу болуп өттү. Сыягы акыркы кездерде же обон эмес, же ыр эмес, көркөм табитти көргө сүйрөгөн ырлардан арылалы дешсе керек. Мындай жаңылыкка сүйүнүшкөн баш-аягы 40тай мен обончу, композитор дегендер катышып, биринчи орунду Нарындан келген айылдык обончу Калыгул Самаков илип кетти. Ал эми обончу-композиторлор Догдурбай Урмамбетов менен Камчыбек Букалаев экинчи орунду, Көлдөн Төлө Алпаров, Чүйдөн Болот Эдигеев үчүнчү орунду алышты. 1-2-орунду алгандарга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси ыйгарылды.


Жолу катаал ЖОЖдор
Жакында ЖОЖдорду аккредитациялоо башталышы мүмкүн. 27-октябрда Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга лицензия берүү системасын жакшыртуу жана аккредитациялоо маселелери боюнча жыйын курду. Анда билим министринин орунбасары Борис Кубаев бул өтө татаал процесс экенин, иш айрым Европа мамлекеттери жана Япониянын адистери менен биргеликте жүргүзүлүп жатканын билдирди. Азыр Кыргызстанда элүүдөй жогорку окуу жай бар.


Ырчылар ыраазы
Биз парламенттик шайлоодо "Республика" саясый партиясын колдоп, жер-жерлерде болгон жолугушууларда элге өз өнөрүбүздү тартуулап келдик. Башка партиялардын ичинен Ө.Бабанов жетектеген партияны тандаганыбыздын себеби, "Республиканын" катарында жаңы, жаш, колунан иш келген адамдардын чогулгандыгы болду.
Шайлоонун жыйынтыгында биз колдогон партия жеңишке жетишип, парламенттен орун алганын баарыбыз зор кубаныч менен кабыл алдык. Ал эми сиздердин "Жаңы Агым" гезитинин 22-октябрдагы санына жарыяланган "Бабанов бай дебедиңер беле" аттуу материалдагы маалымат чындыкка туура келбейт. Биз шайлоодогу эмгек акыбызды толугу менен алганбыз. Ал үчүн "Республика" партиясынын жетекчилерине ыраазычылык билдиребиз. Партияга зор ийгиликтерди каалап, мындан аркы иш-чараларына катыша бермекчибиз.
Жанэль Урманбетова, Тилек Каныметов, Өмүрбек Андарбеков, Куралбек Чокоев, Өмүрбек Жанышов, Ильяз Андаш, Аида Кулуева, Кутман Жолдошов, ж.б.


Сууну сатсаңарчы, ашып кетпесин
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 28-октябрда 19 млрд. 412 млн. кубометрге жетти. 2009-жылы бул күнү ал 12,810 млрд. кубометрди түзгөн. Ал эми быйыл ушул күнү Токтогул суу сактагычына агып кирген суу секундасына 334 кубометрди түзсө, былтыркы жылы ушул эле күнү секундасына 317 куб метр суу кирген.


Банктардын баркы кеткенде
Биринчи вице-премьер-министр А.Муралиев өлкөдөгү саясый туруксуз абал көптөгөн банктардан депозиттердин чыгып кетишине алып келди деп кейиди. Бир катар банктарга сырткы башкаруу киргизилгени менен мурунку режимдин өкүлдөрү ири каражаттарды чыгарып кеткенге үлгүргөн дейт ал. Ал эми карапайым калк банктарга болгон ишенимдин жоктугунан каражаттарын салбай, банктардын депозиттик базасы бошоңдоп кетиптир.


"Көчмөндөр" Украинага "көчтү"
Киев шаарында кыргызстандык белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин "Көчмөндөр" аттуу көргөзмөсү уланууда. Көргөзмө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган. Көргөзмөгө сүрөтчүнүн "Манас" эпосуна, этникалык темаларга, Ысык-Көлгө, Ч.Айтматовго жана дүйнө элинде кездешкен уламыштарга арналган эмгектери коюлган. 22-октябрда ачылган көргөзмөгө Украинанын белгилүү мамлекеттик, маданий жана коомдук ишмерлери чакырылып, Кыргызстандын Украинадагы элчиси Эркин Мамкулов да катышты.


Чер жазып кеткиле
Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясы жыйырма жылдан бери гастролго чыкпай калган. Ал эми айыл эли чыныгы таланттарды эңсеп турат. Ушул талапты эске алып, улуттук филармониянын К.Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри Чүй облусун кыдырмай болду. Бул маданий жүрүш 30-октябрда Кант шаарынан башталат. Программада залкар күүлөр, эл сүйгөн обондор бар.