presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Спорт

Кол ийрисине тартат
2009-жылдын мыкты футболчусу быйылкы жылдын мыкты футболчуларын атады. Былтыркы "алтын топтун" ээси Леонель Мессинин ою боюнча бул сыйлык "Барселонадан" кетпеш керек экен. Аргентиналык чабуулчунун пикиринде быйыл анын командалаштары Андреас Иньеста менен Хави Эрнандес жакшы оюн көрсөтүптүр. Буга Испания курама командасынын дүйнө чемпиону болгону да далил боло алат дейт жаштардын кумири.
Кашайып кал, "качкын"!
Кливленддин жергиликтүү радиосу ушул шаардын "Кливленд Кавальерс" командасында оюн көрсөтүп жүрүп, быйыл "Маями Хит" командасына өтүп кеткен Леброн Джеймсти жаман көрүшүп, түз эфирде өздөрүнүн бүбү-бакшылары менен жолун буушту. Алардын айтымында, ал жакта Леброн ийгилик жарата албай, жыл ичинде колу же буту сынып, көптөн бери ойноп келген командасын сатып кеткени үчүн арманда каларын айтышкан. Ал учурда 26-октябрда старт алган НБАнын биринчи оюнунда баскетбол жылдызы Леброндун командасы "Бостон Селтикске" 80:88 эсебинде утулуп, оюнчу өзү 31 упай топтогон. Каргыш тийдиби же тийбедиби жыл ичинде байкап туралы. Анткени Леброн ушул клуб менен гана менен чемпион боло алам деп өтүп кеткен.
Кылмыш кырк жылдан ашып билинди
Лейпциг университетинин окумуштуулары 1954-жылы дүйнө чемпиону болгон ФРГ командасы допинг колдонушкан деп чыгышты. "С" витаминин берип атабыз деп допинг берген команда жетекчилиги футболчуларга айтышкан эмес. Ошентип финалда ошол кезде Ференц Пушкаш менен сыймыктанган Венгрия командасын 2:0 эсебинде утулуп аткан жеринен 3:2 эсебинде утуп кеткен немистер өз күчтөрү менен дүйнө чемпиону болбогону маалым болду. Көрсө, немис спортунда 1949-жылдан баштап эле спортчуларга допинг бере башташыптыр. Билермандардын айтымында, допингди согуш учурунда айрым фашисттер да колдонушкан имиш.
Моокуму канган Марадона
Аргентинанын экс-машыктыруучусу атактуу Диего Марадона көпчүлүктүн кайгысына сүйүнүп атыр. Ал өзүнүн интернеттеги баракчасына көзү ачык осьминогдун өлгөнүнө карата төмөндөгүдөй пикирин жазган: "Пауль, сенин өлгөнүңө мен кубанып атам. Анткени биздин жеңилгенибизге бир гана сен күнөөлүсүң. Эгер сен Германия жеңет дебегениңде, биз дүйнө чемпиону болмокпуз. Ырас эле болуптур, ушуну көрмөксүң" деп Марадона элдин көзүн чекчейте койду. Ошол беттештин алдында көзү ачык жаныбар Германия жеңээринен кабар берген эле. Марадона ага аябай каткырып, ошол жаныбар эмнени билмек эле, футболду биз ойнойбуз да деп мактанган. Беттеш 4:0 эсебинде немистердин пайдасына чечилип, атактуу машыктыруучу мыш болгон болчу.
Аршавиндин аброю
"Арсеналдын" башкы машыктыруучусу Арсен Венгер окемдердин капитаны Андрей Аршавинге жаңы келишим сунуштады. Эми Андрей буга чейин бир жумада алып жүргөн 70 миң фунт стерлингдин ордуна 80 миң фунт стерлинг ала баштайт. Биз түшүнгөн акчага которгондо, Андрюшанын бир апталык маянасы 90 миң еврого барабар болот. Негизи 30га чыгып калган футболчулар менен "Арсенал" оңой менен келишим түзчү эмес. Аршавиндин аброю бар болгондуктан, ага көздү жумушуп, англичандар 2013-жылга чейин биз менен бол дешти. Бул клубка Питердин "Зенит" футбол клубунан 15 млн. фунт стерлингге өткөн чабуулчу 67 оюн өткөрүп, 23 гол жаратты.
"Зенитти" сындырган "Спартак"
Россиянын премьер-лигасында 15 турдан бери жеңилбей келе жаткан Санкт-Петербургдун "Зенитин" жеңчү команда табылды. Быйылкы жылдын эсебинен бир да жолу утулбай жаткан экинчи борбордун футболчуларын биринчи борбордун "кызыл жиндилери" тепеңдеп атып араң утушту. Бул жолу да 0:0 эсебинде утулбай кетебиз деп аткан питерликтерге оюндун бүтүшүнө 2 мүнөт калганда Дмитрий Комбаров гол согуп, 1:0 эсебинде тизелетишти. Бирок быйыл бир да оюн утулбай чемпион болобуз деген питерликтер дагы деле биринчи орунда калышты.
Эми туура кылышты
ФИФА тарыхында биринчи жолу жылдын мыкты машыктыруучусун аныктоону башташты. Ал сыйлык мыкты футболчуга "Алтын топту" тапшыруу учурунда 10-январда Цюрихте ыйгарылат. Адистердин сунушу менен төмөндө 10 талапкерди санай кетели:
Карло Анчелотти (италиялык, "Челси")
Висенте Дель Боске (Испания курама командасы)
Алекс Фергюсон (шотландиялык, "Манчестер Юнайтед")
Хосеп Гвардьола (испаниялык, "Барселона")
Йоахим Лев (Германия курама командасы)
Жозе Моуринью (португалиялык, "Интер"/ "Реал")
Оскар Табарес (Уругвай курама командасы)
Луи ван Галь (голландиялык, "Бавария")
Берт ван Марвейк (Голландия курама командасы)
Арсен Венгер (франциялык, "Арсенал")





KYRGYZSPORT

Сенсация!
Спорт тармагын чагып жүргөн журналист Базарбек Абдураимов айтмакчы, жылдын сенсациясы - Бакиевдин кетиши эмес, Отунбаеванын келиши эмес, "Ата-журттун" жеңиши эмес, "Нефтичинин" чемпион болгону болду. Анткени канча жылдан бери бири-бири менен калчылдашып келе жаткан "Дордой" менен "Абдыш-Ата" өз алдынча күч сынашып атканда Кочкор-Атанын "Нефтичиси" КР чемпиону болуп кетти. Эми алар КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн биринчилигинде топтук бөлүктөн чыгып, дагы сенсация кылабыз деп туру. Өзүнө ишене сүйлөгөн кочкор-аталыктарды куттуктоодон башка бир эле айта турган нерсебиз бар. Аз ичкиле! Катуу майрамдап жатыпсыңар.
Ылайым көкүрөгүңөр бошобосун
Каратэ-до сетокан боюнча Казакстандын ачык кубогунда кыргыздар биртоп ийгиликтерди жаратты. Командалык эсеп боюнча ыкмаларды көрсөтүү боюнча Дмитрий Казанов, Андрей Ли жана Илья Несмачных чоңдор арасында биринчи болушса, Александр Кузнецов, Артем Пак жана Мирлан Матказиев балдар арасында үчүнчү болушту. Тимур Самсалиев, Александр Кузнецов, Дмитрий Казанов, Мирлан Матказиев, Баэль Ырысбек уулу жекелик түрдө бирден медаль тагынып кайтышты.
Мөңгү үстүндө мелдешип…
Ала-Арча капчыгайындагы Ак-Сай мөңгүсүндө 12-14-ноябрда Александр Губаевдин жаркын элесине арналган музга чыгуу боюнча биринчилик өтөт. Ага бул тармактагы спорттук даражасы 3-разряддан жогорку каалаган спортчу катыша алат экен. Чет өлкөдөн да коноктор келиши мүмкүн дешти.
Балык балдар
Кыргызстандык Никита Пауков Казакстандын Карагандасында өткөн ачык чемпионатта 5 алтын медаль утуп келди. Мекендешибиз 100 метрлик жарышта, 50 метрлик эркин стиль менен сүзүүдө, 50 метрлик брасс стили менен сүзүүдө, 50 метр чалкалап сүзүүдө, 50 метр баттерфляй түрүндө сүзүүдө эч кимди алдына салган эмес. Дагы бир кыргызстандык жигитибиз 4 алтын, 1 күмүш тагыныптыр. Азиз Сансызбаев болсо тиги экөөнүн артында эле болуп, 4 күмүш тагыныптыр. Бишкектен болгону 3 мадырабаш барып, эң алдыңкы сыйлыктарды жеңип алган мекендештерибизге "силерде Ысык-Көл бар да" деп чычалашыптыр.
Лукас кыйынбы же Садырбы?
Бишкекте өткөн дүйнө кубогунда кыргызстандык Садыр Мамытов "Лукас" деген аты менен баш байгени жеңип алды. Экинчи орунда Мырза Токтобеков "Стамберлайн" деген жылкысы менен үчүнчү орундагы казакстандык Сергей Клоков менен "Кароманы" артта калтырды. Өз жерибизде намысын бербеген азаматтарыбызга даңк!
Бизге да конок келет экен, эй
Түштүк Кореянын "Ульсан Хенде" футбол клубу КР футбол федерациясына "биз силерге барып бир нече достук беттеш өткөрөлү дедик эле" деп кат жолдошуптур. Кыргызстандыктар дароо макул болушуп, коноктор 3-15-декабрда бир нече достук беттештерди Бишкекте өткөрө турган болушту. "Ульсан шаарынын жолборстору" деп которулган бул команданын оюнчулары Түштүк Африкада өткөн дүйнө биринчилигинде күчүн сынап келишкен футболчулар. Кыйын болгон кыкемдердин акыбалын кудай буюрса, декабрда көрөбүз.
Жалтырайт го жаңы зал
Чүй облусунун губернатору Сагынбек Абдрахманов Кайыңдыга болгон иш сапарында курулуп жаткан жаңы спорт зал менен таанышып чыкты. Райондук бюджеттен бөлүнгөн 2 млн. 450 миң сомдун 2 миллиону курулуш иштерине кетсе, 450 миң сом спорттук жабдыктарга кеткенине күбө болду. 1-ноябрдан баштап кайыңдылыктар жаңы спорт залда каалашынча чер жаза башташат.
Даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??