presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Калк айтса, калп айтпайт

Жалал-Абад санаториясын жалмаган ким?

Айтылуу Жалал-Абад санаториясы азыр тынч эмес. Эчендеген адамдарды энеден кайра төрөлгөндөй ден соолугун оңоп жиберчү бул куттуу жайдын эмгек жамааты санаториянын "салмактуу" жетекчиси Р.Матраимовду ээрден алып түшө албай эси ооп жатышыптыр. Эмгек жамаатынын президент Р.Отунбаевага чейин кайрылган катында төмөнкүлөр айтылат.

Каттагы фактыларга кайрылсак, Жалал-Абад санаториясын буга чейин 7 жыл башкарып келген Рахманаалы Матраимов деген эргул апрель окуяларынан кийин шектүү шекинет болдубу, айтор, кууган-сүргөн киши жок эле Ошко кире качыптыр. Прокуратура ага карата төрт иш козгоп, кайра жапкан экен. Эмне үчүн иш козголду, эмне үчүн жабылды, айтылбайт. Ошентип прокуратура менен бир жаңсыл болуп алган Р.Матраимов ичинен кыңылдап, кайра жумушуна келип эски обонун созуп май талкандуу жерге койгон Т.Исабаев, З.Кулназарова, Б.Мадумаров, М.Ходжаев деген табакташтары менен Жалал-Абад санаториясын таламандын тал түшүндө "таламайын" улантып жатыптыр. Катта жазылгандай, Р.Матриамов баштаган бул үйүрлүү бөрүдөй болгон топ 4-5 жылдан бери "жылуу" жерлердин кынуусун алып алганбы, кашайып ал жактан чыккысы келбейт экен. Мисалы, "Т.Исабаев күнүмдүк курсовканын, дубликатталган (жасалма) путевкалардын акчасын ар күнү саат 17де жашыруун кабинетте чогултчу. Айына миллиондогон киреше Матраимовдун чөнтөгүнө түшүп турчу" деп жазылат кайрылуу катта. Андан ары Т.Исабаевдин үч жыл ичинде "Мерседес" алгандыгы, 2 үй салгандыгы, Р.Матраимов болсо Ош, Жалал-Абадда ресторандарга ээ болуп чыга келгендиги айтылат. Санаториянын чарбалык эсебин тейлеген катардагы врач Т.Исабаевдин мындай "ийгилиги" албетте шектенүүнү туудурбай койбойт. Ошондой эле катта "облустук прокуратурага түшкөн жамааттын арызы жокко чыгып калды. Р.Матраимов керектүү күбөлөрдүн баарын Орусияга качырып жиберип далилдей албадык. Ушул жылдын июль айындагы 4 млн. сомду да "оомийин" кылып койду" делет. Айтымдарында, Р.Матраимов Жалал-Абад санаториясын атайын банкротко учуратып, Бакиевдер менен бөлүшмөкчү болуптур. Апрель окуяларында качып кетип, 25-июлда гана ишке чыгып, Жалал-Абад окуяларында Р.Матраимов, Д.Умаров, Р.Акчабаев колуна курал көтөрүп "кыйкырып" жүргөн экен.
Эмгек жамааты ошол Р.Матраимов иштебей жүргөн кыргыз курортология кеңеши тарабынан убактылуу директорлукка дайындалган Т.Тукубаевдин учурундагы 21 эле күндүн ичинде (белгилүү окуяларга байланыштуу эл аз келгенине карабастан) 1 млн. 200 миң сомду санаториянын казынасына түшүрүптүр. Ал эми сентябрь айында 1 млн. сом түшүрүптүр. Эки жылдан бери төлөнбөй келе жаткан 2 млн. сомдук салык карызынан кутулушуптур. Капырай, кат ээлеринин айткандары чын болсо, мурда бул акчалар кайда кетип жаткан деген суроо жаралбай койбойт экен. Директор Р.Матраимовдун Жалал-Абад санаторийинин босогосунан эле акчаны боолап алып жүргөнүн Э.Мусаев, У.Эшимбетов, Н.Моңолбаев мындайча далилдешет: "Биз санаторияга кирген ар бир машинеден 10 сомдон чогултчубуз. Жай мезгилинде күнүнө 600-700, кышында 300-400 сом чогула турган. Аны Р.Матраимовдун "баш бармагы" Б.Мадумаров жыйнап кетчү. Акыр аягында кассага 3000 эле сом кириштелчү. Сентябрь айында акчаны Б.Мадумаровго бербей түз кассага тапшыра баштадык эле, 8000-9000 сом болот экен. Биз үч жылдан бери Б.Мадумаровго берчүбүз. Булар ушинтип "жайлап" эле жүрүшчү турбайбы".
Бул иштердин бардыгы 50 киши катышкан эмгек жамаатынын жыйналышында (24.09.2010 ж.) талкууланып, ага кыргыз курортология кеңешинин төрайымы Ч.Токобаева да катышып, Р.Матраимовду мантайтып кызмат ордуна кайра коюп келиптир. Буга жамаат нааразы.
Редакциядан: Бул маселелердин чын-төгүнүн билүү максатында кыргыз курортология кеңешинин төрайымы Чынара Токобаеванын өзүнө кайрылдык. "Апрель окуяларынан кийин Р.Матраимовго каршы иш козголгону, ал кызматынан четтетилгени ырас. Бул буйрукка өзүм кол койгом. Анын ордуна убактылуу директор кылып Т.Тукубаевди дайындаганбыз. Бирок Р.Матраимовго карата козголгон кылмыш иши далилденбей калгандан кийин облпрокуратуранын токтомунун негизинде Р.Матраимовду кайра жумушуна койгонбуз. Мыйзам боюнча койбоско чарабыз жок. Азыркы учурда эмгек жамаатынын талабы менен бул иш боюнча үч тараптуу комиссия түзүлүп иш алпарып жатат. Жыйынтыгы бүгүн-эртең белгилүү болот. Учурда биз тараптан координатор катары А.Мамедов дайындалып, санаторияны жетектеп жатат. Айтмакчы, учурунда Жалал-Абад облус губернатору бул орунга беш кишини көрсөтүп, бирөөнү дайындап да жиберген. Көрүнүп тургандай, бул кызматка жергиликтүү бийликтин да кызыкчылыгы күч. Бирок мыйзам боюнча профсоюздар бийликке көз карандысыз коомдук уюм. Ушуну эске алып коюшса. Жогоруда айтканымдай, комиссиянын жыйынтыгына жараша директордун маселеси чечилет".
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-13




  Жолтикен

Жаш кызды жалгыз калтырбасаңар

Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринен жер тилке алган Сабыр быйыл үй курууну көздөп, жаз алды аялын балдары менен талаага көчүрүп барган. Антпесе ай сайын 3500-4000 сомдон батирге төлөп, тапкан акчасынын көбү ошого кетчү. Талаага чатыр тигип, алган жерине кичирээк эки бөлмө үй курууга киришет. Үй куруу оңой бекен, күч жетишпей, кээде көчө боюнда иш издеп отургандарга арзан баада сүйлөшүп, алып келип иштетчү.

19-сентябрда Сабыр көчөдөн алып келген жумушчулары менен иштеп атса, жакын тууганы тойго чакырып калат. Кыйышпас тууганына барбайм деп баш тартуудан айбыккан Сабыр аялы менен кичинекей эки баласын ээрчитип жөнөйүн деп атканда он тогуз жаштагы балдызы Чынара келет. Асмандан издегени жерден табылгансып Сабыр аялы экөө Чынараны үйдөгү куруучулардын кечки тамагын берип, кичинекей эки баласын карап туруусун суранышты. Эже-жездесинин өтүнүчү менен Чынара үй түйшүктөрүн мойнуна алып, иштеп аткан куруучулардын кечки тамагын даярдады. Бирок Сабыр менен тең жарыша иштеп аткан үч жумушчу үй ээси кетээри менен иштерин токтотуп, арак ичип бакылдап отура беришет. Чатырга кирип-чыгып тамак бышырып жүргөн жаш кызды арам көздөрү менен карап, кээде шыбыраша, кээде калп каткырып отурушту. Алардын сүйлөгөн сөздөрүнө маани бербеген Чынара көз байланып калганда жанатан арак ичип отургандарды тамак ичүүгө чакырды.
Үйгө кирген үчөө дасторкондо даярдалган ысык тамактан ичип, чай куюп берип аткан жаш кызга ырсалактап тийише башташат. Алардын арам оюн байкабаган Чынара унчукпай отура берген. Тамак жасап, дасторкон жайнатып, үч жумушчунун кардын тойгузган Чынараны кандай кордогонун ал өзү милицияга барганда төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.
"Дасторкондо тамак ичип отурганда үч жумушчунун улуусу Карыпбек деген киши уят сөздөрдү айтып, берки экөөнү күлдүрүп атты. Мен уялып, аларды эртерээк кетип калса экен деп күтүп отургам. Бул учурда сыртта караңгы кирип калган эле. Аларды кетеби десем ордуларынан турар ойлору жок. Тамак ичилип бүткөндөн кийин бата кылып, кетесиңерби деп сурадым. Ыңгыранып араң турушуп сыртка чыгышкан. Көчөдө ойноп аткан эки бөбөгүмдү үйгө чакырайын деп сыртка чыксам, тигил үчөө кетпей турушуптур. Эмнегедир коркуп кеттим. Ары жакта ойноп жүргөн бөбөктөрүмдү кыйкырып чакырсам алардан дайын жок. Көчө тарапка басайын десем Карыпбек деген киши жаныма келип:
- Үйдө отуруп тур, бөбөктөрүңдү азыр таап келип берем, - деди. Анын сөзүнө көңүл бөлбөй ары баратсам, ал менин артыман келип кучактап, оозумду басты. Артындагы экөө да ушуну күтүп тургансып мени колдон-буттан алып чатырга сүйрөштү. Менин кыйкырууга да чамам жетпеди. Бир заматтын ортосунда жылаңач чечиндирип, ыйлаганыма карабай зордукташты. Мен кыйкырган сайын уруп-согуп, азыр өлтүрүп коебуз деп атышты. Үчөө зордуктагандан кийин бүгүнкү акчаны кантип төлөтүп алабыз деп бирин-бири күнөөлөп уруша кетишти. Анткени жездем тойго кетип баратып, алардын иштеген акысын эртең төлөп берем деп айткан эле. Анан чатырдагы түстүү телевизорду алып кетишти. Ордумдан араң туруп, чачылган кийимдеримди чогултуп кийдим да сыртка чыктым. Эки бөбөгүмдү издеп көчөгө чыксам, алар балмуздак жеп жакын жердеги дүкөндүн жанында жүрүшүптүр.
Балмуздакты ким алперди десем, жанагы байкелер 50 сом берип, үйгө келбей ушул жакта ойноп тургула деген дешти.
Көрсө, алар экөөнү атайын акча берип кетирип жиберишиптир. Үйгө келип ыйлап отурсам, эже-жездемдер келип, иштин чоо-жайын укканда дароо милицияга кабар беришти".
Пайгамбар жашына келип калган Карыпбек буга чейин эки жолу түрмөгө отуруп чыккан экен. Жашы алтымыштан ашып калса да кызындай болгон кызга көз артып, анын бактысына балта чабууну эки шеригине айткан да ушул. Аңгилер алыс узай алышпады, милицияга арыз түшкөндөн кийин эки саатка жетпеген убакта эле колго түшүштү. Көтөрүп кеткен түстүү телевизорду дүкөнгө өткөрүп, соодалашып арак алып атышкан экен. Жасаган кылмышын мойнуна албай, өтө арзан баада иштеткени аз келгенсип кээде акчасын бербей койчу деп Сабырды күнөөлөштү. Эмгек акыбызды толук алалбагандан улам анын түстүү телевизорун көтөрүп кеткенбиз, ал эми жаш кыздын чекесине да черткен эмеспиз деп актанып, атүгүл карганып да киришти. Бирок, соттук медициналык экспертиза алардын күнөөсүн тез эле аныктап койду.
Карыпбек Аманбаев 1949-жылы Нарын облусунун Чаек айылында туулган. Мурда уурулук үчүн соттолуп келген, үй-бүлөсү жок. Анын экинчи шериги Садыбакасов Темирлан 1974-жылы Талас облусунда туулган, үй-бүлөлүү. Үчүнчүсү Серик Абдураимовдун улуту казак. 1980-жылы Казакстандын Жамбул облусунда туулган, бойдок.
Беш мүнөттүк ит кумарга батабыз деген аңгилердин жаш кыздын убалына калганы аз келгенсип өзүлөрүнүн кийинки жашоосу да темир тордо өтмөй болду. Учурда эки аяктуу үч айбандын үстүлөрүнөн кылмыш иши козголуп, Ленин РИИБисинде тергөө иштери жүрүп атат.

P.S. Жабырлануучунун аты-жөнү өзгөртүлүп жазылды.
Назира КУЛМАТОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??