29.10.10 - 26-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Селин Дион
"Титаник" тасмасындагы "Май харт вилл го он" аттуу ырды катыра ырдаган ырчы эгиз балалуу болду. Ноябрда төрөлөт деп күтүп жүрүшкөн эркек балдар апасынын жылдыздуу жашоосун сезишкенби, айтор, жарык дүйнөгө 15-20 күн эрте келип алышты. Селин Дион менен күйөөсү Рененин ортосунда 9 жашар уулу бар. Анын кубанганын айтып бүтүш кыйын. Эгиз балалуу болсо да ырчы чыгармачылыгын токтотпойт экен. Ал алдын ала түзүлгөн келишим боюнча 2011-жылдан баштап дүйнөнү кыдырып 3 жыл концерт берет.
Рамзан Кадыров
Эң жаш президент дагы эле бала экендигин көрсөттү. Ал тамтыгы чыгып калган мамлекеттик цирктин ордуна КМШ аймагындагы эс алуучу жайлардан ашып түшкөн "Диснейлэнд" сыяктуу балдардын эс алуу борборун салгыла деп тапшырма берди. Анткени экс-президенттин уулу мындан 5-6 жыл мурда эле чет өлкөлөргө эс алганы барганда диснейлэнддердин парктарында ой-да жыргап эс алчу экен. Эми президент катары уялып бара албай жаткан жигит калп эле ачылыш аземин, балдардын майрамын шылтоолоп өз өлкөсүндө атракциондорго түшүп бала чагын эстегиси келди окшойт.
Ангела Меркель
Германиянын канцлери мээси айнып калган бир күйөрманынан бирди көрө жаздады. 45 жаштагы аты айтылбаган немис Ангеланы жактырганын айтып, жолугууга мүмкүндүк беришин өтүнүп бир нече ирет кат жазса, чиновник айым жооп бербей коет. Аягында андай болсо мен сага бой көтөргөндү көрсөтөм деп кат жазып, "чабуулга" өтө баштайт. Эки жума ичинде ал эки жолу аябай катуу кайтарылган үйгө кирип кеткен. Мээсинен айныган адам кантип ошондой күчтүү мамлекеттик кайтаруудагы коргондон өтүп кеткенин түшүнө албагандар көп. Аягында полисайлар камап салган күйөрман, баарыбир Ангела мага көңүлүн бурду го деп сыймыктанган бойдон темир тордун артынан жылмайып коет.
Эминем
MTV телеканалы 2010-жылдын мыкты рэпери деп "аппак негрди" аташты. "Рековери" аттуу альбомундагы ырлар жыйнагы АКШда жети жумадан бери алдыңкы орундарды бербей келет. Көптөн бери продюсерлик менен алектенип кеткен Эминем бир күнү жарылат деп күйөрмандары күтүп эле жүрүшкөн болчу. Бирок "ак негр" бардык ырын хит-параддагы алдыңкы 10 орунга алып чыга алат деп эч ким ойлогон эмес. Экинчи орунда АКШ президенти Барак Обама сүйүп уккан рэпер Жейзи экен. Барак байке Эминемдин ырларын көчүрүп берчи деп жардамчысына тапшырма бериптир.
Майкл Джексон
Жылдыздар өлгөнү менен алардын аты өлбөйт тура. "Форбс" журналы бекер отурбай о дүйнө кеткендердин арбагы канча акча тапканын эсептеп чыгышты. Быйылкы жылдын эсебинен карадан акка айланып алган поп-королу Майкл Джексон мураскерлерине 12 айда эле 275 миллион доллар киреше алып келиптир. Бул негизинен анын акыркы жазылган ырларынан, ал жөнүндө тартылган кинодон жана айрым сувенирлерди сатуудан түшкөн каражат. Экинчи орунда рок-н-ролл падышасы Эльвис Пресли экен.





ДҮЙНӨКҮН

ТОПДҮЙНӨ. Чилиде 69 шахтер жер астында камалып калбады беле. Ал окуяны чагылдыра беришип шахтерлор дүйнөгө таанымал болуп кетишкен. Бул жолу дагы кызык окуя болду. Өздөрүнүн куткаруучулары менен футболдук беттеш өткөрүп жаткан шахтерлор оюндун биринчи бөлүгүн 2:0 эсебинде утушат. Экинчи таймда куткаруучулар командасына алмашуу жолу менен өлкөнүн президенти Себастьян Пиньера оюнга кошулат. Президентти көргөн шахтерлор кошоматтаныппы, же сүрдөппү, 3:2 эсебинде утулуп калышат. Тамашакөй президент бул оюн сүйлөшүлгөн болчу, шахтерлордун көңүлүн көтөрүп коелу деп баарыбир утулуп беришет деп эл шахтерлордун жеңишине акча сайышкан, а биз ушинтип букмекерлерге акча жасап бердик. Эми ал акча бюджетке түшөт деп күлдүрдү. Андан да аша чапкан тамашасы, утулган команданы жер астына камайбыз деп сүйлөшкөнбүз, эми шахтерлор шахтага камалат, а жеңгендер хансарайда эс алат деп элди күлдүрдү.
ОДҮЙНӨ. Түштүк Африка Республикасында өткөн 2010-жылкы дүйнө биринчилигинде Германияда туруп алып ким жеңээрин айтып турган Пауль аттуу осьминог баарын таң калтырган. Оберхаузен шаарынын океанариумунда жашап келген Паулду бир канча миллионго сат деп келишсе, бул биздин сыймыгыбыз деп немистер сатпай коюшкан. Ошол көзү ачык осьминог 26-октябрда 2 жашында о дүйнө кете берди. Көрсө, жаныбарлардын бул түрү ашып барса 2 жыл жашайт экен. Элдин баары кайгыга батып турса, букмекерлер тойлоп атыры. Бир болсо Паулга эстелик орнотулат экен.
ЖАНДҮЙНӨ. Кытайдын Гуйчжоу аймагындагы Гуйян шаарында 20-кабаттан түшүп кеткен 10 жаштагы бала аман калды. Таң калычтуусу, анын бир да жери сынып же чийилген эмес. Анткени ошончо бийиктиктен түшкөн мадырабаш көп кабаттуу үйдүн алдына токтотулган машинанын арткы айнегине туш келиптир. Кыргыздарчасынан кытай байкең да арткы айнекке эки жумшак жаздык коюп койгон экен, бала жумшак түшүп аман калды. Унаа ээси мен бир адамдын аман калышына себеп болдум деп кубанып, тереземди төлөбөй эле койгула деп чыкты. Бул кадамы үчүн аны кытай телелери өлө мактап атыр.
КӨЗДҮЙНӨ. Америкалык гольфчу Джонатан Берд 186,5 метр жерден күүгүм кирип калганда лункага шарды киргизе чапты. Өмүрүндө эчтеке утуп көрө элек спортчу ушул жолу бир кокустук менен утуп алсам жакшы болот эле деп Кудайга аябай жалдырап ийиптир. Себеби күйөө баласынын ойногонун көрүү үчүн кайын журту бул турнирге алыстан ат арытып келишкен экен. Оюн узакка созулган сайын Джонатан эки колун бириктирип алып Кудайга жалына берет. Гольф шарын чабуу кезеги ага келгенде байкуш Джони катураак чаап лункага жакындатып алсам, болбоду дегенде дагы эки жолу уруп тешикке түшүрөм деп ойлойт. Белин бекем бууп туруп чапса эле 3-4 секунддан кийин эл "уау" деп кыйкырышып, шатырата кол чаап ийишет. Кайын журту кыйын күйөө баласы менен сыймыктанса, Джони биринчи сыйлыгына кубанып туру.
БЕТДҮЙНӨ. Улуу Британиядан Австралиянын Брисбен шаарына учайын деп жаткан самолет болбогон бир окуя үчүн 7 саатка кармалды. 2 саат каттоодон өтүп, учактын салонуна кирип барган жүргүнчүлөр ичинде келемиш чуркап жүргөнүн көрүшөт. Стюардессаларды чакырып, адатта кораблде келемиш болчу эле силердин самолетту келемиш басып кетиптир го деп ынжыкташат. Авиакомпаниянын жетекчилиги санэпидемстанциядан тазалагычтарды чакырып текшертишсе, салондо бир эле келемиш болуп чыгат. Аны алгачкы кирген жүргүнчүлөрдүн бири алып кирген болуш керек деп келемишти алып чыгып баратышса, кичинекей кыз "келе менин чычканымды" деп ыйлап ийиптир.
АЧДҮЙНӨ. Дүйнөнүн жарымы эле кытайлар болгондуктанбы, булар тууралуу кызыктуу окуялар да көп. 28 жыл мурун Ван Ванг аттуу көзү бүтүк тамак жечү таяктын жарымын жутуп салган экен. Операциядан коркуп убагында доктурга кайрылбайт. Жакында ашказанындагы ооруга чыдай албай доктурга кайрылса, адистер анын ичинен 1980-жылы заводдон чыгарылган деген жазуусу бар таякчаны алып чыгышты. Доктурларды таң калтырганы, бир карыш таякча ошончо убакыттан бери бир да жерин тешип чыкпай, ашказанында жүрө бергени болду.




Индия. Окумуштуулар 50 миллион жыл эч кимге байкалбай жаткан янтарды табышты. Бул асыл таштын ичинде илгерки майда жаныбарлардын өлүгү катып калган. Андан окумуштуулар илгерки чымын-чиркей, курт-кумурскалардын 700гө жакын түрлөрүн байкашты. Азыркылардан чоңураак, ийнелери да курчураак, канаты чоң болгону белгилүү болду. Алардын 100гө жакыны гана кайсы жаныбардын ата-бабасы экени аныкталса, калгандары табышмак болуп туру. Андан сырткары, биз көрө элек өсүмдүктөр да асыл таштын ичинде катып калыптыр.
Жер шаары. Окумуштуулар космоско туристтерди алып чыгабыз деген компанияларды сындап чыгышты. Бат-баттан эле жердин орбитасынан сыртка чыга берүү аба катмарынын коргоочу сапатын алсыздантып, жердин температурасынын ысышына алып келет деген тыянакка келишти. Анткени учактардан ашкан күйүүчү майды төгүп салган сыяктуу эле, космоско чыкчу транспорт дагы ашыкча майын ал жакка чачып таштайт тура. Бул жерди коргоп турган катмардын бузулушуна шарт түзөт экен.
АКШ. Вайоминг штатындагы Уорен аскер базасында 50 баллистикалык ракетаны башкаруучу пульт 45 мүнөткө баш бербей, адамдардын командаларын укпай иштен чыккан. Бул былыгын аскер чиновниктери өлкө жетекчилигине баары кайра ордуна келгенде гана билдиришкен. Кокус компьютер өз алдынча ракеталарды туш тарапка учура бергенде даана ит болмокпуз. Анткени 50 ракета учуп жөнөгөндө жанындагы калган жүзү өзү эле артынан туш тарапка сыза баштамак. Кудай бир сактады деп ушундайды айтыш керек.
Лондон. Шаар күйүп кетүү коркунучунда турат. Анткени бул жерде жыл сайын 5-ноябрда фейерверктердин майрамы өтөт. Бул күндөрү өрт өчүрүүчүлөр жаны тынбай иштешчү эле. Быйыл болсо бул кесиптин ээлери "биз ишке чыкпайбыз, шыпка "чыйт" түкүрүп үйдө жатабыз" деп коркутуп атышат. Анткени өкмөт өрт өчүргүчтөрдүн жумуш убактысын азайтып, окууга, машыгууга жибергиле деп салыптыр. Тилсиз жоонун душмандары болсо атамзамандан бери келе жаткан кесиптин эмнесин окумак элек, алды бул тармакта 30 жылдан бери иштеп келе жатса деп көгөрүп турушат. Бир болсо Лондондо эмки жумада өрт очогу көп болгону калды.
WWW булактарынан даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ