presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бомбей ыр

"...Өмүр көчүн утурлап жолго чыккам,
Байдыкенин ашуусуна келип турам"

Кесиптешибиз Ашыркул ОМОРОВ байкалбай эр ортону элүүгө келиптир. Биз буга чейин Ашыкени фотожурналист, журналист, абройлуу гезиттердин жооптуу катчысы, редактор болуп иштеп келгенин билебиз. Арийне ыр жазарын укпаппыз. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деп бекер айтышпаган турбайбы. Окурмандарга А.Оморовдун ырларын тартуулап жатып, агабызды элүү жылдык мааракеси менен куттуктап кетели.

??
Он сегиз миң эки жүз элүү күн мурун,
"Мен келдим" деп, ааламга айгай салгам.
Теңир бизге уул берди деп,
Азан айтып, атам абдан кубанган.

Бул жалганга ыңаалап ыйлап келип,
Өмүр көчүн утурлап жолго чыккам.
Аргымагын мезгилдин камчыланып,
Байдыкенин ашуусуна келип турам.

Эсеби кем дүнүйөң ушул экен,
Майнабы аз максаттары тизмектелген.
Жашоо көчүн өркөчтөнтүп максаттарга,
Санаасы мол сыноолордон сынбай келем.
Азоосун топту жарып оргуштаган,
Ыроолоп уулдарыма токуп бердим.
Эр ортону элүүнүн салтын улай,
Сабырдын жайжоргосун өзүм миндим.

Мансапка кумарым жок, абийир сатпайм,
Амалга жулунбадым келип-кетер.
Уулдарым бойго жетти, чебим бекем,
Кайратым бар деңизден сүзүп өтөөр!

Жаштык кез журт которуп кетти мына

Жаштык кез журт которуп кетти мына,
Өткөн чакка суктанчу келди убак.
Элүү деген өмүрдүн теңи дешет,
Эл сабында салмактуу болчу курак.

Кан досум, кем дүйнөгө алдырбагын,
Элүүнчү дабандардан ашчу чагың.
Акылдын чөбөгөсүн чыпкалаган,
Жашоонун бул курагы өтө барктуу.

Чаалыкпа, бийик карма көөдөнүңдү,
Өмүрдү узак берсин Теңир калыс.
Топук бол, тоолор биздин мекенибиз,
Эр ортону дегендердин сабындабыз.

Ырыскыны жараткан чактап берет,
Ак эмгектин артында алкыш калат.
Дос көрүнгөн кастардын каргышынан,
Мусаапырдын ак батасы сактап келет.





Ак калпак
Он эки мүчөң бүт баш ийген,
Адамда баш - баарынан өйдө турат.
Жарашып ага ылайык аздектелген,
Ак калпак кыргыз башын бийик кылат.

Сый күтүп ата - бабаң кийип келген,
Ак калпак айкөлдүктү айтып турат.
Урпактар улуу жолун уламай парз,
Антпесек баба мурас катуу сынат.

Ак калпак Бакай ата, Манас кийген,
Кылымдарды карытып бизге жеткен.
Доско да, каапырга да белектедик,
Той-топурда эби жок эрмектедик.

Чүрпөлөр улуулугун коргой албай,
Калпактын жеткен жери мончо болду.
Улуттун баркын билбей айрым түркөй,
Ак калпакты саунага пайдаланды.

Көкүрөгү сокур бир макулуктар,
Эртеңдери кыргыздын боло турган.
Калпакты ич кийимден айрый албай,
Талпак сымал көчүгүнө жазданышкан.

Кыргызым, ар намысың кайда калды,
Улуттун улуулугун кылба жарды.
Башыңдагы калпагыңды ыза кылган,
Маңкурттарга жолдоочу жообуң кайсы?





"Кыйын мага адам болуу чыныгы,
Аял болуу андан кыйын куруп кал…"

Нарсулуу ГУРГУБАЕВА Ош облусунун Кара-Суу районунда туулуп өскөн. Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтунун бүтүрүүчүсү. Учурда Москва шаарында эмгектенет.

??
Көңүлүңдү таштап келген көчөгө,
Аялыңдан каткан акчаң жылытпай.
Өз үйүңдөн жарыгы али өчө элек,
Издейсиң сен жайлуу орун, жылуу жай.

Уул-кызың уу-чуу салган бөлмөдө,
Көз кубантаар сендик буюм кезикпей.
Жашырасың жалгыз башың өлбөгөн,
Аргасыздан, арсыз, арзан гезитке.

А гезит не? Көчө, кече, чыр, сурак,
Жайнаган бу алдым- жуттум, сойкулук.
Жана да бу көйрөң артис ырчыга,
Үйлөнгөнү ой жетпеген той кылып…

Күндө ушул айтылаар сөз дүйнөгө,
Күндө ушул угаар сөзүң дүйнөдөн.
Сен аргасыз мени эстейсиң үн дебей…
Унчукпоону мен өзүңдөн үйрөнгөм...


Энем Айканга
Билем эне, мен мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы,
Аял болуу андан кыйын куруп кал...

Тилегиң ай байлык, бала, көшөгө,
Өмүрлүк жар ичпеген да, чекпеген..,
Күткөнүбүз үчүн балким, экөөлөп,
Бүгүн эне мен бакытты жек көрөм…
Сурабачы неге, кантип, кандай деп,
Өмүрүмдүн сен түшүнбөс бул жагын
Ансыз деле каталарым канды жеп,
Ооруга оору, ойго ой кошот, муңга муң.

Биз мезгилди бирге жашап атабыз,
Эки башка дүйнө менен, ой менен.
Жарыктыгым сенин батаң катасыз,
Мен чамасы жаңылганды оң көрөм.

Мен чамасы жаңылганды оң көрөм…


??
Мен өмүрдөн кеткен кезде күз гүлдөп…
Өксүйт азы, өксүйт бирок чын дилден.
Арасында ажал сезип өзүн бир,
Бирөө болот күйгөндөрдөн көп күйгөн

Ошол бирөө кездешүүгө кеч келип,
Өзүн аяп, өзүн өзү жек көрүп,
Жыйнай албай шамал жулган ойлорун,
Амал издеп тураары чын четте бир.

А мен болсо кеткен менен өмүрдөн,
Көксөөсүндө калып кетип көп ырдын.
Тегиз тиктеп адыр-будур дүйнөгө,
Көздөрүндө жанып турам Теңирдин…


??
Куттуу үйгө кабар айтпай, чакыртпай,
Келдим досум шамал буруп боз жолдон.
Сапарлашым - алчалуу күз, жашыл жай,
Санаалашым тили каткан боз торгой.
Кези менен кээде сени эскерип,
Кеп бөлүшсөм деп тилегем кечте бир,
Айтсам дегем арман сырым жашырбай,
Кетсем дегем көөдөн бугун көмкөрүп…
Келдим бүгүн, олтур досум козголбо,
Атымды алба, айай көрбө боор толгоп.
Мен болгону туругу жок селсаяк,
Азабымды жашырса жер жашырып,
Мени айаса жалгыз гана жер айайт…
Ошол жашоо… Менде кайдан өзгөрүш…
Баягы мен багыт тапкан жок жолдон,
Баягы мен барга айланган жоктордон…
Тикенектей тилегимди көп көрүп,
Тикенектей тилегимди жек көрүп,
Тикенектей тилегим көз ачырбай,
Турмуш мага тирмийген бир боз коргон!
Бүгүн досум олтур шашпа, шаштырба,
Ортобузда от тутансын чатырап,
Маектерден магдырасын жашыл бак,
Олтур досум, бүгүн олтур козголбой.
Кези менен кээде мени эскерип,
Кеп бөлүшсөм деп тилеген кечте бу,
Үнүңөн-ов мезгил менен кооздолгон,
Үйүңөн-ов балаң менен кештелүү.
Бакыт болуп түшкө кирээр боз жолдо,
Балаңдын бу балжыраган дептери!
Балаңдын бу баасы "жаман"(2)дептери


??
Сыйын алып, сынык чыны албастан,
Чыгып кеткен аял өңдүү үйүңөн.
Кетем сенден көлөкөмдү эш кылып,
Ааламыңа сыйбай калган күнү мен.

Менин атым чымчыганда эсиңди,
Жараткандан мага бүтүн бак сурап.
Жашайсың сен өзүң менен өзүң бир,
Жар күтсөң да мендей, менден жакшыраак.

Кол серпсең да бийиктерден бийикке,
Бирок сага мунун баары кем өңдүү.
Сагынасың жаз жыттанган чачымды,
Сагынасың күн жыттанган денемди.

Сыйын алып, сынык чыны албастан,
Чыгып кеткен аял өңдүү үйүңөн.
Кетем сенден көлөкөмдү эш кылып,
Ааламыңа сыйбай калган күнү мен…







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??