presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Булар бизге сабак болобу?

Кызмат талашуудан кыйраган Украина

Жакшылап баамдап карасак, Кыргызстан көп жагынан Украинага окшош экен. Кыргыз саясатчылары баштаган оюндар да кудум эле украиналыктардан көчүрүлүп алынгандай. Өткөндөгүлөрүн коюп, акыркы беш жыл ичинде Украинада эмне болгонуна көз чаптырып көрөлү. Беш жыл ичиндеги такты, мансап талаш саясый элитаны тытыштырып, анын таасири өлкөнүн өнүгүшүнө да катуу таасир берген. Быйыл Украина болуп көрбөгөндөй экономикалык каатчылыкка тушугуп, айласы куруп турган чагы.

Ичтен ириткен ит жыгылыш
2004-жылы Украинанын экс-премьер-министри, кийинки "Наша Украина" партиясынын лидери Виктор Ющенко президенттик шайлоого бир ай калганда "ууландырылып" ооруканага жаткырылат. Көп өтпөй украина эли Виктор Янукович жеңип чыккан президенттик шайлоонун экинчи турун жокко чыгарууну талап кылып массалык митингге чыгышкан (оранжевая революция). Жогорку сот аргасыз шайлоонун үчүнчү турун өткөрүү чечимин чыгарып, натыйжада Виктор Ющенко утушка ээ болот. Ошентип 2005-жылы Ющенко президенттик тактыга отурган. Ага удаа эле өлкөдө саясый кризис башталганын билебиз. Ал Россия-Украина газ чыры менен коштолуп, акыры Юлия Тимошенконун министрлер кабинетинин отставкага кетиши менен аяктайт.
2006-жылдын январынан тарта президент Юрий Ехануровдун өкмөтүн ээрден шыпырган Жогорку Рада менен кармаша баштайт. Кызматтан кол жууган министрлер аргасыз "убактылуу өкмөткө" айланат. Акыры Ющенко өзүнө жакын, тил алчаак парламентти, жаңы өкмөттү түзүү үчүн кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүгө аргасыз болгон. Тилекке каршы шайлоодо өлкө башчысынын "кыйышпас досу" Виктор Януковичтин "Региондор" партиясы көп добушка ээ болгон. Эки "достун" көпкө созулган эрегишинен соң, Виктор Янукович премьер-министрлик кызматка отурат. Көп өтпөй декабрь айында парламентте, өкмөттө негизги кызмат орундарын ээлеген "региончулар" менен президенттин ортосунда кайрадан мурункудай ачык эрегиш башталган. Эрегиштин негизги себеби мамлекеттик жерлерди, объектилерди жеке менчикке сатуудагы, мыйзамдарды кабыл алуудагы карама-каршылыктар эле.

Эрегиштен эр эмес, эл "өлдү"
2007-жылы 2-апрелде Ющенко Жогорку Раданы таркатып, 27-майга мөөнөтсүз парламенттик шайлоону дайындайт. Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү президенттин токтомуна баш ийүүдөн, шайлоо кампаниясын өткөрүүгө акча бөлүүдөн баш тартышкан. Каршылаш тараптар бири-бирин айыптап, акыры Конституциялык сотко кайрылышат. Ортодогу саясый чыр-чатактардан соң, акыры парламенттик шайлоо 30-сентябрда өткөрүлөт. Ноябрь айында Юлия Тимошенко блогу (БЮТ) менен "Биздин Украина - элдик өзүн-өзү коргоо" блогу демократиялык коалицияны түзөт. Коалициядан өкмөт куралат.
2008-жылы парламенттик жыйында БЮТ, "Региондор" партиясы, коммунисттер жана Литвин блогу президенттик ыйгарым укуктарды чектеп, аларды өкмөткө берүүчү, өлкө башчысынын импичментин жокко чыгаруучу мыйзамдарга добуш беришет. Өкмөт менен президенттин ортосунда кайрадан ит тытыш башталып, 2008-жылы демократиялык коалиция өз ишин токтотконун официалдуу түрдө жарыялайт. Ушул эле жылдын 8-октябрында президент Жогорку Раданын ыйгарым укуктарынын токтотулушу жана кезексиз парламенттик шайлоону дайындоо токтомуна кол койгон. Бирок, кийинчерээк кандайдыр бир себептер менен өлкө башчы депутаттардын ыйгарым укугун 2009-жылга чейин узарткан. Келме кезек дейбизби, же тагдырдын тамашасыбы 2010-жылдын 17-январында болгон президенттик шайлоодо Ющенко бешинчи орунга араң илинген. Ошентип 2010-жылы 25-февралда Ющенко ээси келсе бээсин бер болуп, Янукович "досуна" президенттик тактыны өткөзүп берген.

Экономика эл ойлогондон да жаман
Өткөн жылы Украина улуттук банкынын башчысы Владимир Стельмах өлкө экономикасы 2005-жылдагы деңгээлге чейин төмөндөгөнүн билдирген. Анын айтымында, экономикалык кризистен чыгуу үчүн аз болгондо төрт жыл, көп болгондо жети жыл керек. Стельмах экс-президент Виктор Ющенкого 2009-жылдын ИДПсы (ички дүң продукция) 2005-жылдын ИДПсына барабар болгонун жаап-жашырбай эле айтып берген. Көрсө, 2005-жылы Украина ИДПсы болгону 86,1 млрд. доллар болсо, 2008-жылы ал 180,3 млрд. долларга жеткен. А былтыр экономисттер ИДП көлөмү жыл аягына чейин 110 млрд. долларга жетиши мүмкүн деген божомолдорун айтышкан. Ал эми банк төрагасынын кеңешчилер тобунун жетекчиси Валерий Литвицкийдин айтымында, өлкө беш жылдан бери эле экономикалык каатчылыкта жашап келатат. Анын пикиринче, "дени сак" экономика болуш үчүн мамбюджеттин тартыштыгы 1 пайыз, жылдык инфляция 10 пайыздан төмөн болушу абзел. А мындай көрсөткүч Украинада 1990-жылдан бери боло электигин айтып кейийт Литвицкий.

Башты айланткан баягылар
2010-жылга чейин Украинанын юстиция министрлигинде 182 партия катталган. Бирок алардын ичинде ондон ашык гана таасирдүү партия бар. Алардын арасында "Региондор" партиясы, Юлия Тимошенко блогу, "Биздин Украина", Украина коммунисттик партиясы, Литвин блогунун таасири күч. Март айында депутаттардын көпчүлүк добушу менен "Региондор" партиясынан Николай Азаров премьер-министр болуп шайланган. Жогорку Раданын курамынын көпчүлүк бөлүгүн "Региондор" партиясы, Литвин блогу жана коммунисттик партия түзсө, арзыбаган орунга БЮТ жана "Биздин Украина" ээ болгон. Бул коалиция "Туруктуулук жана реформалар" аталышын алган. Аз устукан алып калган акыркы эки партиянын депутаттарынын айтымында, жаңы парламент легитимсиз. Алардын пикиринче, Жогорку Рада Конституцияны одоно бузуу менен түзүлгөн. А "Региондор" партиясынын билдиришинче, коалиция мыйзам чегинде эле түптөлгөн. Украиналык эксперттер болсо өлкөнүн өлүмтүк абалга жетишине Юлия Тимошенко, Виктор Ющенко жана Виктор Януковичтин "салымы" зор экенин айтышат.

Акыбал азыр өтө оор
Премьер-министр Николай Азаров жайында элди жубатуу үчүн "өкмөттө бааны туруктуу кармап турууга жетиштүү ресурс бар. Украинада баанын тез өсүшүнө кабатыр болууга негиз жок" деп билдирген. Бирок каптагы шибегедей болуп тамак-аш продуктулары, дан азыктары кымбаттагандан кымбаттап барат. Россиядагы кургакчылыктан улам Украинада буудай 60 пайызга кымбаттаса, жаратылыш газынын керектөө баасы 3 пайызга жогорулаган. Минтип улам бир жаман жаңылык чыгып атса, БЮТ депутаты Сергей Власенко "бул эч нерсе эмес, бизди алдыда гривендин наркы түшүүсү күтүп турат" дейт акылдуусунуп. Эл аралык келечектүү иликтөөлөр борборунун улук аналитиги Александр Жолуддун айтымында, жыл аягында Украинада жылдык инфляция 13 пайызга чыгышы мүмкүн. "Бул жаратылыш газынын жана кышка жуук тамак-аш продуктуларынын кымбатташына байланыштуу" дейт аналитик.

Украинада деги ким жоопкер?
Өлкөдө акыркы беш-он жылда саясый элита саясатка баш-оту менен кирип кеткендиктен, эч бир саясатчы өз сөзүнө, кылган ишине жооп бербей калган. Көп нускалуу айрым басылмалардагы "Азыркы кырдаал чындыгында саясый-экономикалык кризис эмес, украина бийлигинин, саясатчыларынын кризистик абалы. Мындан чыгуунун жолдорун азыр эч ким издеген жок. "Саясый компромисстер", "консенсуска келүүлөр" чириген саздагы саясатчылардын гана жомогу болуп калды. Учурдагы саясый бийлик өзүнүн мамлекетти башкарууга жөндөмсүз экендигин көрсөттү" деген таасын баа берүүлөр буга күбө. Эл аралык серепчилердин айтымында, Украинанын жылдан жылга артка кетип жатышына элдин бөлүнүп-жарылуусу чоң себеп болгон. 2004-жылы Россиянын колу менен Украина Батыш, Чыгыш Украинага бөлүнүп калган. Элдин бир тарабы "демократиячыл" Ющенкону колдосо, экинчи тарап "бандитчил" Януковичти колдогон. Бул аз келгенсип 2007-жылы Украина дагы жасалма жол менен экиге бөлүнгөн. Элдин бир тарабы "диктатуралык бийликтин орношуна" каршы болсо, экинчи тарап "демократиялык адаттарга" каршы турушкан. Саясый элитанын мындай оюну албетте, саясый-экономикалык кризис "мифин" жымсалдап, жокко чыгарып турган. А чын-чынына келгенде акыркы он жыл ичинде экономикалык кризистен улам, украиналыктардын 70 пайызы жакырчылыкка батып, өлүмдүн көбөйүшүнөн улам калктын саны кескин азайып кеткен. Алкоголизм, наркомания жашарып, кургак учук, СПИД оорусу боюнча Украина алдыңкы орунга чыккан. Украина төбөлдөрүнүн дайыма тытыша берүүсүнөн улам, коррупция бардык тармактарда тамыр жайып, экономика жарымжан абалга келген. А өлкө экологиясы "айтып бүткүс арманга" баткан. Кыскасы, канча шайлоо болбосун Украина үчүн пайда алып келген эмес.

Парламенттик башкаруунун пайдасы жокпу?
Учурда президент Виктор Янукович 2004-жылдагы Конституцияны жокко чыгарып, 1996-жылдагы Башмыйзамга кайтууга жан үрөп жаткан чагы. Бул Конституция боюнча президент өкмөттү таркатып, премьерди дайындоого, министрлер кабинетинин чечимин жокко чыгарууга укуктуу. Өкмөт президентке түздөн түз баш ийет. Мындан сырткары Янукович жактырган Башмыйзамда президенттин ыйгарым укуктары биртоп кеңейтилген. Өлкө башчысынын айтымында, 1996-жылдагы Башмыйзам өлкөнү өнүктүрүүгө шарт түзөт. Анын пикиринче, парламенттик-президенттик башкаруу экономиканын кыйрашына, элдин жакырланышына, кризиске алып келген. "Эми президенттик-парламенттик башкаруу өлкөнү өнүктүрүүгө өбөлгө болот" дейт Виктор Янукович элге кайрылып. Украиналык айрым саясатчылардын пикиринче эми өлкөдө катуу президенттик тартип орноп, башкаруу системасы жөнгө салынып, экономикалык жылыштар болот. Бирок, айрым саясатчылар, экономисттер буга макул эмес. Алардын айтымында, азыркы президенттик бийлик кандай тапшырманын, программанын негизинде түзүлүп жатканын так аныктоо кыйын.
Албетте мунун баары азыр ириген сүттөй бириге албай, амбициясы Америкага чейин жетип аткан кыргыз мыктычыкмаларын, саясый элитасын ойлондурушу керек. Анткени Украинадагы парламенттик-президенттик башкаруу, саясый элитанын ит тытыштары өлкөнү эмнеге алып келгенин эми эле айтып өттүк.

Мелис СОВЕТ уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??