presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Эненин жүрөгү"

Сегиз сериялуу бул кинону тартууга режиссер Илья Максимов бир жылдан ашык убактысын короткон. Эне-бала маселеси чагылдырылган сериал кайсы көрүүчүнү болбосун ойго салат. Профессионал актерлордун катышуусу менен тартылган тасма жакында эле РТР телеканалынан көрсөтүлдү. Режиссер айткандай, ачуу чындыкты арзан жол менен көрсөткөн кино көрүүчүлөр тараптан жакшы ой-пикирге арзыды.

Режиссер - Илья Максимов
Сценарийин жазган - Сергей Степанов
Оператор - Батыр Моргачев
Продюсерлер - Максим Стишов, Дмитрий Фикс
Башкы ролдордо - Ольга Будина, Григорий Антипенко, Валерий Баринов, Лидия Шукшина, Татьяна Черкасова
Чыккан жылы - 2010
Жалпы - 8 серия
Жанры - криминалдык драма

Жан кыйышпаган "курбулар"
Вера Гурьянова - милициянын капитаны, алты айлык наристенин энеси. Жолдошу да милиция кызматында иштеп жүрүп бир жыл мурда каза болот. Күйөөсүнүн эмнеден улам көз жумганын кылдат иликтеп чыкмай болгон Веранын алдында биртоп бийик ашуулар күтүп турат.
Иликтөөнү өз колуна алган капитан үйүндө иштеп отуруп чарчаганынан көзү илинип кетет. Ойгонсо баласы уктап жаткан орун бош! Бир заматта жашоосуна будуң-чаң түшкөн Вера күйөөсүнүн ишин токтотуп баласын издеп баштайт. Милицияга кайрылып, бирок алар тараптан эч кандай жардам болбогон соң өз күчүнө таянгандан башка аргасы жок. Наристесин тапкыча Вера Гурьянова абактан качып жашынып, селсаяктар менен жер кепеде башкалкалап жашайт. Бардык кыйынчылыктарды жеңип, баласын бооруна кыскан Вера мынча кайгынын баарын башына салган эң жакын курбусу экенин билет. Болгон сырын айтып, жакын адамы катары санаган курбусунан мындай чыккынчылыкты күткөн эмес. Ал эми курбусу сүйүүнүн айынан ушундай жолго барган. Веранын жолдошун жакшы көрүп жүрүп ага жетпей калганда өч алууну көздөп, күйөөсүн өлтүртөт. Баласын уурдап чыгып башкаларга кармата берген "курбусу" Верага баласы эчак өлүп калганын, үмүтүн үзүш керек экенин кулагына кумдай куят. Бирок канча азап тартпасын, эненин жүрөгү баласынын өлгөнүнө ишенбей издөөнү уланта берет…

Бала деген кинодо да бала
Аз сериялуу кинону тартуудан мурун анын сценарийин жазууга көп убакыт кеткен. Тасмага катышкан актерлордун баары профессионал болгондуктан съемка учурунда олуттуу каталар менен кыйынчылыктар деле кездешкен эмес. Бирок эң кичүү каарман Влад Протасовдун апасы ашыкча түйшүк жаратыптыр. Кинодо алты айлык бала тууралуу сөз болгону менен чынында Владга он ай толгон. Съемка учурунда бала ыйласа эле чуркап чыга калып режиссерлорго тоскоол болгон Владдын энеси аягында элден тил угуп эс алыптыр. Өз эрки менен баласын киного тартууга алып келген аялдан мындай жорук күтүшкөн эмес. Кинонун алты сериясы тартылып калганда башка баланы алмаштыруу чечимин кабыл алышат. Бирде жакшы сүйлөп, бирде жинденип, баласын съемка учурунда Олга Будинанын колунан жулуп баса берген эненин кылыгы көбүнүн кыжырын кайнатыптыр. Урушта туруш жок болуп акыры кепке келген Владдын энеси аягында баласын съемкага өзү алып барбай, бала багуучусунан берип жиберчү.
Режиссердун сарамжалдуулугу менен кино тартууга болгон жөндөмүн ушундан байкасаңыз болот. Кинонун башынан аягына чейин тартууга төрт бөлмөлүү үй кызмат кылган. Баланын бөлмөсүн тартаарда бир бурчуна бешик, оюнчуктарды коюшуп, милиция бөлүмүн тартаарда дубалдагы обойду сыйрып ошол эле бөлмөнү участкалык бөлүмгө айландырышкан. Жалпы жонунан канча каражат кеткенин сыр кылып айтпаган Илья Максимов кыскача: "Мен буга чейин тарткан тасмаларыма деле аз акча жумшагам. Кино тартуудагы менин принцибим - сөзсүз эле беш кабат үйдү, кычыраган унааларды көрсөтүп мактануу эмес, турмуштун ачуу чындыгын арзан жол менен чагылдырып берүү" деген.

Алты жашар кызганчаак
Актриса Ольга Будина алты жаштагы баласынан көпкө чейин кесибин жашырып келген. Бирок бир жолу баласын кимге калтырарын билбей съемкага кошо ээрчитип алат. Сценарий боюнча Ольга кинодогу өнөктөшү менен кучакташып өбүшө турган жери бар болчу. Апасынын башка эркек менен өбүшүп жатканын көргөн уулу кызганып, ошол көрүнүштү көпкө чейин унута албай жүрүптүр. Ошондо Ольга уулуна жумушу ушундай экенин араң айтып түшүндүргөн. Актриса баласынын келечекте актер болушун каалабайт. Он айлык баласын съемкага алып келген аялдын жоругун да кубаттаган эмес, себеби баланын аркасы менен акча тапканын жактырбаптыр.

Бегайым
БАЙБОСУНОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??