29.10.10 - 20-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кумарстан

"Акча утам деп адам болбой калгам"

Журналист экенимди билген бир жаш жигит менин окуямды жазбайсызбы деп калды. Кандай окуя деп кызыга сурасам, кыргыздын жаштарын жолдон чыгарып жаткан бир тармактын сазы жөнүндө айтып берейин деп сөз баштады.

- Бишкекте 2006-жылы жаңыдан букмекердик конторалар ачыла баштаганда анча маани берген эмесмин. Агезде окууга тапшырам деп айылдан борборго келгем. Ошол жылы футбол боюнча дүйнөлүк биринчилик болуп калып, досторум менен бир жолу финалда Италия чемпион болот деп 500 сом коюп койсом, ал акчам 1200 сом болуп кайтып калды. Сонун турбайбы, мындай болсо букмекерлер банкрот эле болушат го, тормуздар деп ойлоп койгом. Көрсө, ал деген жөн эле жем чачуу тура. Ушундай оңой утуш менен адамда өзүнө ишенүү сезими күч алып, "ой, дагы акча утуп алсам болот турбайбы" деп калат экен.
2008-жылы Европа биринчилигинде да финалда Испания командасына акча сайып, дагы утушка ээ болдум. Ошондон баштап чөнтөктө акча болсо эле букмекердик конторага жөнөп калдым. Күндөн күнгө алар да козукарындай көбөйө баштады. Башында экспресске 50-100 сомдон эле коюп кетип калчу элем, кийинчерээк "лайв" деген балээ чыкты. Беттештин жүрүшүндө, түз эфир учурунда байге саюулардан дароо акча ута коем деп ит болдум.
Бир күнү айылдан атам торпокторду сатып, контрагыңды төлө деп 18 миң сом салып ийди. Өзүмө кичине акча иштей коеюн деп букмекердик конторага кирдим. Алгач кичинекей коэффициентке миң сом коюп, 1300 сом кылып алдым. Ага көзүм тойбой, өз үйүндө ойноп жаткан күчтүү командага 1,50 коэффициент берип жаткандыгын көрүп, утат да тигилер, акыркы орундагы команда экен деп 10 миң сом сайдым. Кашайып тигилер 0:1 эсебинде утулуп калды. Жанагы утулган акчамды чыгарам деп калган 8 миң сомду дагы башка окуяга "верняк" деп бастырдым. Андан дагы утулуп калдым. Ошол замат өзүмдөн кетип, эмне кыларымды билбей жанагы акчаны толуктайм деп досумдун контрактка деген акчасын ала турдум. Досума "бат эле өзүмдүкүн чыгарып алайын, кайра берем" дегем. Ал да менин акча утуп жүргөнүмдү көрүп жүргөндүктөн 10 миң сомду ишенип берди. Майда-чүйдө беттештерге деле билсем-билбесем акча сая берип, аны да уттуруп ийдим. Жанымдагы досум тызылдай баштады. "28 миң сомду каяктан табасың, өзүң бирөөнүн үйүндө жүрсөң, ата-энең карапайым малчы болсо, бир жылда араң тапкан 18 миң сомун сен 18 мүнөткө жетпей уттуруп, аны чыгарам деп жок жерден мени да ыңгайсыз абалга калтырдың. Эмне кылсаң өзүң бил, кыскасы, менин акчамды таап бер" деп туруп алды. Башыма ар нерсе келе баштады. Бирөөнү тоноп алсамбы, уурулук кылсамбы деп да пландагам. Бул жоругумду ата-энем укса эмне болот? Адам болуп, билим алып, бизди багат деп борборго таежемдикине жаман көрсө да жашатып, окууга жиберишсе, контрагымды араң төлөп жатышса, мен бул жоругум менен алардын эл караган жүзүн жер каратам да, ушундан көрө өлүп эле албаймбы деп да ойлондум.
Абалдан чыгуунун жолун издей баштадым. Конторага барып линияны (спорттук мелдештерди чагылдырган, алардын жыйынтыгына берилген коэффициенттерди камтыган окуялардын тизмеси) карасам, эртеси точно ута турган окуялар көзүмө көрүндү. Акча таап туруп эле кое койсом утканы турам. Кайдан табам? Ойлонуп барып, эжемдин үйүндө турган жездемдин ноутбугун ломбардга тапшырдым. Оюмда утуп алып кайра ордуна коюп коймокмун. Ломбардда 25 миң сомдук ноутбукту 10 миң сомго баалап бир айлык мөөнөт менен чакан кредит берди. Алган акчаны ойлогон беттештерге койдум. 10 миң сомду 19 миң сом кылып алдым. Карыздан толук кутулуш үчүн дагы 19 миң чыгарыш керек эле. Ошол 19 миң сомду чыгарам деп дагы ит болбодумбу. Досумду ана берем, мына берем деп алдап жүрсөм, ал абалымды түшүнүп бирөөдөн карызга акча алып контрагын төлөп коюптур.
Бир күнү мени окуудан контрактты төлөбөдү деп айдап ийишти. Багы жокко дагы жок болуп жездем командировкага жөнөп жатып ноутбугун издеп калды. Эмне дешимди билбей, досума керек болгонунан бере турдум эле десем, араң жүргөн жездем "бирөөнүн буюмуна тийгенге кандай акың бар" деп үйүнөн кууп чыкты. Бул окуядан кийин акчалар эмне болгонунан баары кабардар болушуп, ата-энем акыркы уйду сатып карызымды төлөдү. Жини келген атам мени армияга айдап ийди. Ал жакта кызмат өтөп жүрүп баарын түшүндүм. Өзгөчө машинесин ломбардга коюп, акчасын букмекерлерге уттуруп ийген Алик байкенин окуясын унута албай койдум. Мен алгач ойной баштаганда көп акча утуп машине алам деп кыялданчумун. Көрсө, машинеси барлар деле ачкөздүктөн баарынан кол жууп, керек болсо карызга батып каларына көзүм жетти. Ал машинени уткан күндө деле бир күнү уттуруп ийээримди түшүндүм. Армияда мага намаз окуган бир жигит мындай окуяны айтып берди. Ошол мага жакшы сабак болду.
Чөнтөгүндө белгилүү бир суммада акчасы бар жигит келе жатса көпүрөдөн шайтан чыга калат. Эй, дос, акчаңды бат эле көбөйтүп алгың келеби? - дейт шүмшүк шайтан. Бала "кантип?" деп кызыгып калат. Анда шайтан "мобу көпүрөдөн ары өтсөң эле акчаң эки эсе көбөйө түшөт. Бирок бул эмгегим үчүн мага 8 сом бересиң дейт. Жигит макул болуп ары өтсө эле акчасы көбөйө түшөт, 8 сом шайтанга бере калып кайра бери өтөт. Дагы 2 эсе көбөйө түшөт, шайтандын акысын берип, кайра бери өтүп эле шайтанга 8 сом берсе чөнтөгүндө акча калбай калат. Көрсө, жигиттин чөнтөгүндө 7 сом бар экен. Ал ары өткөндө 14 сом болуп, 8 сом бергенде 6 сом калат. Кайра бери өткөндө 12 сом болуп, шайтандын 8 сомунан кийин 4 сом калат. Кайра ары өтүп 2 эсе көбөйгөн 4 сомду толук 8 сом түрүндө шайтанга берип акчасыз калат.
Ушул мисалдын негизинде букмекерлерди жогорудагы окуядагы шайтандын дал өзү деп айткым келет. Силерге өз башымдан өткөн окуяны айтуу менен ата-энесинин ишеничи болгон балдардын кумарга берилбөөсүнө кандайдыр бир деңгээлде сабак болоюн деп кайрылдым дейт турмуштун түз жолунан адашып кете жаздаган жаш жигит. Ушул окуянын негизинде кыргызга жат букмекерлик контораларды иликтедик.
Үмүт деген жаман тура
Кыргызстанда, өзгөчө Бишкекте кадам сайын "Букмекерская контора" деген жазуулар көбөйүп кетти. Спортту түшүнгөн адам катары ал эмне экенинен кабарым болгону менен, көпчүлүк буга анча маани бербей келет. Козу карындай жайнап бараткан "точкаларды" изилдеп көрдүк.
Бишкекте "Тенниси", "Виннер спорт", "ПроСпорт", "Ранброкер", "Марафон" аттуу КМШга кенен кулач жайган букмекердик конторалардын филиалдары иш жүргүзүп келет. Булардын ичинен "Тенниси" менен "Виннер спорт" кардарларынын көптүгү менен, ири суммадагы акчаны кыйнабай төлөп бергени менен, байге саюучу окуяларынын саны менен айырмаланып турат тура. Кардарлардын айтымында, бул конторалар еврейлерге, орустарга таандык экен. Кыргыздардын акчасын соруп жатышат деп сөгүнүп коюшат дайыма ойногон оюнчулар. Кыргызстанда бул кумар оюнунун кеңейип жатышынын негизги себеби, элдин материалдык абалынын начардыгы. Анткени кыйналып жашаган калың катмардын өкүлдөрү бат эле ири суммадагы акчаны утуп алгысы келет. Өчпөгөн үмүттүн айынан бул оюнга толугу менен сиңип кетип, муну менен ооруп калышат. Айрым учурларда карызга кокосунан батып асынып өлгөндөр да кездешет.
Букмекер деген ким өзү?
Алгач "букмекер" эмне экенин билип алып, анан сөз баштасак. Бул англис тилинин "bookmaker" деген сөзүнөн алынып, ар кандай мелдештерде сайылган акчаны кабыл алып, тиешелүү утушту төлөп берген ортомчу адамдын кесиби экендигин билдирет. Илгерки заманда эле кимдин аты кыйын деп жарыштарда байге сайышып, байлар мелдешчү. Мындай көрүнүш байыркы Римде күч алып, калыс катары ортодо эки тараптын байгеге койгон дүнүйөсүн кабыл алып, мелдештин жыйынтыгы чыккан соң утуш ээсине тиешелүү акчасын берген ортомчу пайда болгон. Кийинчерээк кыймылдаган, чуркаган, учкан, секирген нерселердин баарына мелдеше башташканда алгачкы букмекерлер пайда боло баштаган. Азыркы заманда букмекерлер спорттук мелдештердин баарына, саясый, маданий иштердин жыйынтыгы кандай болушуна бүт байге сайууну кабыл алышып калган. Алсак, белгилүү бир өлкөдөгү шайлоонун жыйынтыгы кандай болот же "Евровидение", "Аалам сулуусу" сыяктуу конкурстарды ким жеңет деген суроолор менен адистер тарабынан атайын коэффициент иштелип чыгып, элге сунушталат. Ошонун негизинде эл атайын байге саюуну кабыл алуучу жайга барып, өзү каалаган окуянын жыйынтыгына каалаган көлөмдө акча коет. Дүйнө жүзү боюнча байге саюулар футбол боюнча дүйнөлүк биринчилик учурунда, анан чемпиондор лигасы сыяктуу ири турнирлерде көп байкалат. Быйыл Түштүк Африка республикасында өткөн дүйнө биринчилигинде букмекерлер болуп көрбөгөндөй чоң киреше табышкан. Мунун себеби, Франция, Италия, Англия сыяктуу күчтүү командалардын өз тобунан чыкпай калышы, алгачкы оюнда эле болочок дүйнө чемпиондору, ошол кездеги Европа чемпиону Испаниянын утулуп калышы, Бразилия курама командасынын Голландияга утулушу букмекерлерге майдай жага берген. Себеби элдин баары ошол беттештерде күчтүү командаларга ишенип, ири суммада акча сайышкан. Кыргызстанда эле белгисиз бир айым Испаниянын алгачкы оюнунда Швейцария курама командасы утат деп койгон 137 миң сомунан кол жууп калганы буга мисал боло алат.
Кийинки саныбызда эмне үчүн букмекерлер банкрот болбой эле байып жатканын, мафия менен кандай байланышта экендигин, эмне үчүн күчтүү командалар, белгилүү спортчулар болбогон жеринен утулуп калгандыктарын, букмекердик конторалардан кантип акча утса болорун, акча коюунун эрежелерин, сырларын, кумар оюнуна берилген балдар кандай болуп каларын жана башка биртоп суроолорго жооп аласыз.
Кубат КУДАЙБЕРГЕНОВ