presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Дүнүйө талаш дейби?
Убактылуу өкмөттүн буйругун чымын чакканчалык көрбөй, түштүк борборунун "түшпөс ханы" атыккан Ош мэри Мелисбек Мырзакматовдун алигиче жумушка чыкпаганы чоң кызыгууну жаратууда. Мэрдин чээнге кирген аюудай бөгүп, тилин тишине катып жатышын ар ким акылы жетишинче божомолдогон кербези. Ал эми бизге жеткен маалымат боюнча Жоошбай аксакалдын уулу экс-президенттин үкасы Жаныш Бакиев менен байлыгын бөлүшө албай атыптыр. Анткени апрель окуясынан кийин Ж.Бакиевдин ордолуу Оштогу ишканаларын Мелисбек мырза өзүнө дүңүнөн каттаткан дешет. Энди Жаныш Салиевич чет жакта жатып алып фирмаларымдан түшкөн пайданы бөлүшпөйсүңбү таризинде беркини эзгени. Ага Мырзакматов "аный" дегендей, сыягы. Натыйжада эки лөктүн тиреши күчөп, талаш маселени чечүүгө криминал дүйнөсү да аралашты дешет. Мындайда "түшпөс хандын" ишке кантип көңүлү чапсын?

Экстер чабуулу
Кыргыз энергетикасын эңшерип, эсепсиз байлык жыйнаган Алексей Ширшов , Ильяз Давыдов , Сапарбек Балкыбеков сындуу эргулдар утурумдук бийликтеги бир аткаминерге сес көрсөтүп, аны ээрден оодарып түшүүнү каалаганын эшиттик. Ысымы аталган экс-чиновниктердин мындай аракети аркылуу энергетика тармагына көздөй адамын отургузуп, кайрадан өздөрүнүн бийлигин орнотуу ниети бар. Экстер менен эмкилердин көшөгө артындагы "кырчылдашмайынын" чыныгы сырын гезитибиздин келерки санында ачабыз.

Бузулган "той"
Аз күн мурда төрт партиянын төбөлдөрү ("Ата журт", "Республика", "Ар-намыс", КСДП) тар чөйрөдө кезигип, "никелешүү" чечимине токтолушкан. Жигитче келишимге ылайык Марат Султанов ЖК төрагалыгына, Феликс Кулов өкмөт башына, Өмүрбек Бабанов 1-вице-премьерликке "консо", коалиция жетекчилигине Алмазбек Атамбаев дайындалып, ал бирдиктүү фракциянын атынан келерки президенттик шайлоого аттанмак. Кайсы "кара теке сүзгөнү" белгисиз, убадалашкан күндүн эртеси Алмазбек Шаршеновичтин айныкейи кармап, тигилерди "мат" кылды. Ошону менен төрт партиянын "үйлөнүү үлпөтүн" өткөрүү тууралуу планы ойрондолду.

Алтынчы күнү кечинде…
"Парламенттик шайлоодо таза жеңишке жетиштик" деп өпкөсү көпкөн "Ата журт" менен "Ар-намыс" тыңчыкмаларынын жели чыккандай. Алар КСДП-"Республика" тандеминен чочуркап, "ата мекенчил" Өмүрбек Текебаевге "жуучу" жиберүүдө. Өмүрбек Чиркешович сунушка макул болсо, спикерлик креслого отурмакчы. "Ата журт" дегенде аллергиясы кармап, аталган партиянын "атамандарын" Бакиевдин бөлтүрүктөрүнө теңеген Өмүке эми не дээр экен? Ашыкпай алтынчы күндү күтө туралычы…

Кремлби, Таласпы?
Таластык аксакалдар "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго бакиевчилерге кошулбайсың, анда эле топурагыбызды түйүп беребиз, экинчи Таластын босогосун аттабайсың сыпатында салам дуба жолдошуптур. Анысы аз келгенсип, Кремлдеги "дөө" Бабановдун шайын оодарганын эшиттик. Кремль алыс, Талас бу жерде деп Бабанов ошон үчүн КСДПны колтуктап алды дешет.

Арабдарга да жакпадык
"Кыргызстан" мамлекеттик авиакомпаниясына апрель төңкөрүшүнөн соң мурун мындай ири ишкананы башкарып көрбөгөн, тажрыйбасы аз Жолдош Бектургановду президенттикке дайындашкан. Ошондон бери ансыз да араң иштеп аткан авиакомпания олчойгон карызга батып, финансылык жана техникалык абалы начарлап, чөгүп баратат. Акыркы эле укканыбыз, мурда "Кыргызстандын" учактарын европалыктар гана киргизбейбиз деп жатышса, эми бу компаниянын учактарынын учуп келүүсүнө Бириккен Араб эмираттарынын авиациялык бийликтери да тыюу салыптыр. Багы жок кыргыз авиакомпанияларын Акаев да, Бакиев да, бүгүнкү өкмөт да оңдой албай койду.

Тазамын дебеди беле?
Өткөндө мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Алманбет Шыкмаматовдун ыплас кадрдык саясаты тууралуу жазсак, жарыктык киши чычалап "мен сүттөн акмын" деп айкырып чыккан. Кечээ МККнын Урмат Кармышов баш болгон адистери "жаңы жетекчилик сабаттуу, тажрыйбалуу кызматкерлерди кетирип, бошогон орунга өз тааныштарын, досторун, туугандарын отургуза бергенинен сотко кайрылып жеңдик. Сот чечиминин негизинде бизге бош жүргөн кезибиздеги айлык акыбызды төлөп, кызмат ордубузду кайрып бериши керек" деп билдирүү жасады. "Калк айтса калп айтпайт" деген сөздүн чындыгы бар беле а, Алманбет байке?

Кай жерден чыгарат?
Вице-премьер Азимбек Бекназаровдун аппетити араандай ачылып, мурдагы аткаминерлерден миллиондорду "сындырганын" маалымат каражаттары жаза берип чарчады. Азике "адвокаттык" ишмердүүлүгүнүн аркасында алты ай ичинде 17 млн. доллар топтогон имиш. Баракелде дейли! Бирок, "жемейдин кусмайы бар" дейт кыргыз. Анын сыңарындай, Анаркул атанын уулу да миллиондогон "жашылбайлардын" отчетун берүү астында турганын эшиттик. Тагырагы, "кара дүйнөнүн" авторитеттери жегениңден бөлүш дешсе, парламенттик шайлоодо утуп чыккан бакиевчилер кылыбызды кыйшайта албайсың, баягы долларбайларыбызды кайра кайтар дегендей Бекназаровду демиткендегиси. Ашказанга "кулк" этип кирип кеткен аштын кайрадан алкымдан агып чыгышы кыйын го…

"Үч тамга" учат, учпайт…
Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин тагдыры кылдын учунда. Көк үйдөгү күбүр-шыбырлар жүзөгө ашса, "үч тамганын" ачендиги жакын арада ээрден шыпырылышы толук мүмкүн. Эркин гезиттердин биринин маалыматына ишенсек, УКК жетекчилигине Артур Медетбековдун талапкерлиги каралып атыптыр.

Оозуңа май!
"Аалам" гезити кечээги санында финансы полиция кызматынын башчысы Эркин Бөлөкбаев 400 миң долларлык хансарай сатып алганын сүрөтү менен кошо жарыялады. Буга байланыштуу Эркин мырзага кайрылсак, "мунун бардыгы жалган жалаа. Менин андай үйүм жок. Ушинтип мени "үйлүү" кылгандардын оозуна май" деди. "Аалам" "беш өрдөгүн" учурдубу же Бөлөкбаев каратып туруп танып кеттиби, муну өздөрү эле билишпесе, биз аныгына жеталбадык.

"Жаңы Агым - пресс"



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??