presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кремль сүйлөйт…

Асанбеков кимдин баласы: Путиндинби же кыргыздынбы?

Көз жарганына аз убакыт өткөнүнө карабастан "Мекен ынтымагы" партиясы эл назарына илине алды. Асыресе, партия лидери Темирбек Асанбеков тууралуу коомчулукта түрдүү пикир арбын. Айрымдары аны байманасы башынан ашкан олигарх катары эсептешсе, кээ бирлери орус премьери Владимир Путиндин "кол баласы" экен деп жар салганга да жетишти. Мындан улам Т.Асанбековдун ким экендиги тууралуу учкай кеп салууну эп көрдүк.

Темирбек мырза учурда 44 жашта. Ал 1984-жылы советтик армияда кызмат өтөп, 1987-жылы Москвадагы К.А.Тимирязев атындагы айыл чарба академиясында окуган. Арадан алты жыл өткөн соң мекенине кайтып, өзүнүн адистиги боюнча ишке орношот. Агезде өлкөбүздө айыл чарба тармагын реформалоо саясаты күжүлдөп жүрүп аткан мезгил. Ошого байланыштуу Т.Асанбеков кайрадан Россияга кетүүгө аргасыз болгон.
"Ынтымакчыл" саясатчынын жергиликтүү басылмалардын бирине курган маегине караганда, ал дизайн, агротехнология боюнча идея ойлоп таап, аны абройлуу фирмага 50 миң долларга сатыптыр. Ошондон тартып бизнес чөйрөсүнө баш-оту менен киришкен. Маселен, 1998-жылы "АТМ - АРГО" компаниясында генералдык директорлукту аркалаган. Кийинчерээк Голландиядан өнөктөш таап, бизнесин жакшы эле гүлдөткөн.
Ишенбай аксакалдын уулу негизинен курулуш тармагынан акча жасоону мыкты өздөштүргөн. Ал жетектеген ишкана көп кабаттуу үйлөрдү куруп, москвалыктардын ыраазычылыгына татыган. 15 жыл аралыгында жалпысынан төрт компанияны ("АТМ-АРГО", "Арбат менежмент", "Аспол центр", "AIG") башкарып, андан тышкары "Кыргыз маданий борбору" ЖАК долбоорун жана Москвадагы "Кыргызстандыктарды колдоо жана коргоо" борборун жетектеген.

"Путин жиберди, Путиндин кишисимин…"
Өмүр таржымалы көрсөткөндөй, Темирбек Ишенбаевич жалаң ишкерлик чөйрөсүндө жүргөн. Ырас, талыкпаган эмгектин аркасында финансылык абалын чыңап, үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай багып, 5000-6000 адамды жумуш менен камсыздаптыр. Мындай иш элдин баарынын эле колунан келе бербейт. Бирок, ушул өңдөнгөн алгылыктуу иштердин бардыгы тең Кыргызстан деген мекенинде эмес, бөтөн жерде болуп атпайбы. Асанбековдун бизнеси биздин эмес, Россиянын экономикасын гүлдөтүп, өнүктүрүп атыр. Дегеле "Мекен ынтымагынын" төрагасы өз өлкөсү, эли үчүн кандай эмгек өтөдү? Себеби, а киши өзүн болочокто өлкө жүгүн көтөрчү президент катары көрсөтүү аракетинде жүргөнү маалым. Анын мындай амбициялуу планына эч кандай каршылыгыбыз жок. Балким тилеги орундалып, президенттикке шайланаттыр. Бирок кеп башкада.
Буга чейин Кремль бир аскер адамын өстүрүп атыптыр, ал Кыргызстанда бийлик башына келет имиши каңкуулана калчу. Акыркы мезгилде орус бийлиги таптаган кадр так ушу Темирбек Асанбеков экен деген күбүр-шыбыр элита чөйрөсүндө көбүрөөк айтылууда. Муну ушак деңгээлиндеги сөз сыпатында баалайлы десек, жаш саясатчынын өзү Путиндин кишиси экенин жашырбай ачык жарыялады. Кеп мааниси бузулбасы үчүн анын "Асман-press" гезитине курган маегин сөзмө сөз мисалдайлы: "Путин орус элин даңктап, мыйзамын коргоп жүрөт. Ошон үчүн Путиндин идеясы жагат. Мен Путиндин кишисимин. Анын идеясы менен Кыргызстан өнүксө дейм. Ошондуктан айтам "Путин жиберди, Путиндин кишисимин. Путиндин идеологиясын алып келем" деп..."
Жакында парламенттик шайлоодон жеңди делген төрт партиянын лөгү Москвага саякаттап барып, аларды Кремлдеги таасирдүү фигура кабыл алып: "Темирбек Асанбековду өкмөт башчылыгына дайындайсыңар" таризинде буйрук бергенин гезитибиздин өткөн санында жазганбыз. Мындай кулак делдейткен кабар тегин жерден чыкпасы калетсиз. Анүстүнө, апрель окуясынын жүзөгө ашуусуна орус бийлиги түздөн түз таасир эткени коомчулукта байма-бай айтылып келет. Маселенин бир жагы ушундай.
Экинчиден, кыргыз саясатчылары чындап эле Москвадан көзкаранды болбосо, анда алар Россияга чабагандап, кыргыз элинин, Кыргызстандын тагдырын ал жактан чечпейт эле. Ушунун өзү кыргыз саясатчыларынын күнкарамалыгын, мансап дегенде бөтөндөрдүн астында жатып берүүгө да кайыл экендигин айгинелеген жокпу? Кыргызстандын тагдырын өздөрү эмес, сырткы күчтөрдүн көрсөтмөсү алдында чечиши биздеги элита чөйрөсүнүн алсыздыгын, арсыздыгын тастыктайт. Мындай мажирөө саясат карапайым калктын кыжырын гана кайнатары аштан бышык. Ал эми "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков мырза образдуу айтканда өзүн орус премьер-министри Владимир Владимирович Путиндин "ак каргасы" экендигин жашырбагандыгын жогоруда мисалдадык. Эми элестетип көрүңүз, өзүнүн конкреттүү программасы жок адамдын өкмөт башчылыгына же президенттикке шайланып, өлкөнү башкарып жатканын. Кремлдин буйругун "кыңк" эттирбей аткарган шартта кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы экинчи, үчүнчү планга жылып калбас бекен? Таң…
Деги качан эгемен мамлекет катары эркин жашап, өз тагдырыбызды өзүбүз чечебиз? Өмүр бою ири державалардын "куурчагына" айланып калабызбы? Андыктан, өзүн Путиндин "уулумун" деп төш каккан Темирбеков сындуу "келгин куштар", жергиликтүү саясатчы аке-эжелер Россияга же АКШга карап түздөнбөй, Кыргызстандын келечегин көздөп кызмат кылгандары оң. Анткени, Кыргызстандын тагдырын сырткы күчтөр эмес, кыргыз эли өзү чечет. Ушуну эстерине түйүп алышса…
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Элдик бийликтин эсине

Өткөн ишемби күнү Таласка чоң тойго барып калдым. Кыргыздын мыкты уулдарынын бири Болот Шер Талас элине ыраазылык билдирип, батасын алды. Албетте, той абдан жакшы өттү. Өнөрпоздор өнөрүн, балбан билек, буура сан жигиттер күрөштүн түрлөрүн, саяпкерлер таптаган аттарын, көкбөрүчү жигиттер ыкчамдыгын көрсөтүп, чогулган көпчүлүктүн чери бир жазылды. Күз болгондуктанбы, же той-аш көппү, элдин маанайы шат, көңүлү токтой.


токсон алтынчы күз
Бирок менин айтайын дегеним башка. Ошол күнү Таластын чекесиндеги Көк-Ой айылындагы Райымкан уулу Найман аксакалдын үйүндө болуп калдык. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, аксакал 95тен 96га караптыр. Өзү чымыр, акыл-эси кадимкидей, баскан-турганы тың. Небере, жок, чөбөрөлөрүнүн таттуу тилине жарпы жазылып, кылык-жоругуна маашырланып жашап жаткан экен.
Тукуму бай-манаптардан болгонгобу, кезегинде куугунтуктун азабын да жакшы эле көрүптүр. Улуу Ата мекендик согушка баштан-аяк катышып, денесинин үч жеринен жаракат алган, үчүнчү топтогу майып. Согуштан кийин Найман аксакал Нылдыда, Көк-Ойдо бригадир, зоотехник, колхоздун башкармасы болуп нечен жыл эмгектенген.
Найман аксакал жаш кезинде абдан кажырлуу болуп, алтымышка чыкканга чейин көкбөрүдөн калган эмес экен. Бирок мени таңгалдырганы бул болду. Совет доорунда согуштун катышуучуларына бекер берилген "Запорожец", кийинки "Жигули", булар эле эмес, колхоз берген ат арабаны да алуудан Найман аксакал баш тарткан экен. Көрсө, "менден башка колунда жоктор алсын, менде бала-чака, үй-жай кудайга шүгүр" деп, нысап кылып жашаган адам тура. Азыр ушинтип нысап кылгандар барбы? Ай жок го… Балким ушундай адамдар бар үчүн кыргыздар, кыргыз жери сакталып турса керек.
Азыр аксакалдын эки уул, үч кызы, он сегиз небере, жыйырмадай чөбөрөсү бар. Ушу жылдын 15-майында бала-бакырасы, ага-туугандары 95 жылдыгын белгилешти. Көзгө сүртөөр дарыдай мындай асыл адамдар, айрыкча улуу согуштун ардагерлери жыл эмес, саат санап арабыздан кетип жатканын бардыгыбыз көрүп турабыз. Жыйырма жылдан бери өлкөбүз чыкпай келаткан экономикалык кризисти шылтоолобой, ушундай аз калган адамдар үчүн азыраак шарт түзгөнгө бийликке эмне жетпейт? Кыргызстан кризистен чыгып, мындай адамдарга шарт түзгүчө алар арабыздан кетип жатпайбы. Найман аксакал Аскар Акаевдин убагында Бишкектен ала турган үйдү кандайдыр бир себеп менен ала албай калган. Андан кийинки да, азыркы да бийликке бул боюнча көп кайрылуу болсо да, алардан эч ишарат боло элек. Найман аксакал убагында дарыгерлерге көрүнүп туруусу үчүн Бишкекте жашаганы, жашаганда да батирде эмес, өз үйүндө жашаса, балким ал жүздөн ашса кандай жакшы болот эле. Азыркы элдик бийликке кичкинтай кулак кагышыбыз ушу.

Аскер САКЫБАЕВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??