29.10.10 - 18-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Майкечен маек

Назира ЖЕТИГЕНОВА:
"Мен да "сдача" берип, бирок күйөөм жеңип кетти"

Куудулдардын арасынан суурулуп чыгып көзгө илингендер саналуу эле болсо керек. Өзгөчө аял куудулдардын арасынан. Айталы дегенибиз, заманбап пародиялар менен элдин черин жазып келе жаткан Назира ЖЕТИГЕНОВА аздыр-көптүр элге таанылып, аты кулакка сиңип калды. Учурда эки кызына тарбия берип, сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун жасап келет. Ачык-айрым, дардаң мүнөз Назира жашоосу тууралуу маек куруп берди.

- Анча-мынча нерсени тоотчу эмес элеңиз, эмне болуп кан тамырыңыз ичкерип жүрөт?
- Ошо анча-мынча нерсе топтолуп отуруп нервди жеп жатпайбы. Чын эле мен майда нерселерге маани бербейм, бирок чогултуп туруп бир чыгарам. Анүстүнө жумуш деп жулунуп жүрүп ден соолугум начарлап кеткенин байкабай калыптырмын. Нервимдин кан тамыры жукарып, жүрөгүң түшүптүр дешти. Азыр доктурлар дарылап жакшы болуп калдым.
- Баса, машинеңиз кут болсун!
- Ыракмат. Биринчи машинемди эки жыл мурда сатып алгам, анын ышпалдасын чыгарып туруп сатып ийдим. Үстүнө акча кошуп 4600 долларга жаңы машине алдым. (Күлүп) Силер сурай электе айта салайынчы, машинени шайлоодон түшкөн акчага алдым.
- Сизге эркектердикиндей кыял-жорук мүнөздүү окшойт. Кичинеңизде ата-энеңиздин кимисине жакын элеңиз?
- Үйдө мага чейин эки эркек, эки кызы бар болгондуктанбы, апам кош бойлуу кезде бешинчиси эркек болот дешиптир. Кыз төрөлгөндө достору атамды тамашага салалы деп "эркек төрөлдү" деп коюшат. Атам анда Фрунзеде жумушу менен жүрүптүр, сүйүнүп атымды Кылыч деп коет. Бир айдан кийин борбордон келсе эркек эмес эле мен жатам да. Анан атымды Назира деп өзгөртүптүр. Билбейм, балким баары бир эркек болот дегенинен башынан далдаңдаган эркек мүнөз калыптанып калган окшойт. Кичинемен эле апамдын тилин албай жинине тийип тентек кылчумун. Ага караганда атама жакын өсүп, үйдө болгондо жанынан чыкпай жүрө берер элем. Кечинде атам жумуштан келмейин үйгө кирмей жок. Себеби өзүмдөн улуу эжемди, сиңдимди уруп, апам аларга болушуп мени сыртка кууп чыкчу. Атам келгенде гана артына жашынып аны менен кошо кирем. Үйдөгү оокатты да айтышып оңой менен жасачу эмесмин. Ошондо атам болушканына манчыркап, апамды тоготпой койгон күндөрүмдү эстесем күлкүм келет.
- Атаңыздын каза болгонуна канча убак болду?
- Быйыл он бир жыл болот. Апамды өзүм колума алып алгам. Атаман айрылгандан кийин бир жарым ай элге аралашпай он килограммдан ашык арыктап шылынып калгам. Жашоо кереги жоктой сезилчү. Апамдын жылуу сөздөрү дем берип, кыздарымды ойлоп чыйралдым. Атама таянып жүрүп эле эркектей болуп өстүм. Турмушка чыккандан кийин кичине мүнөзүмдү өзгөртүп кызга окшоштум окшойт. Бирок азыр деле дардаң мүнөзүм бир аз бар.
- Азыр назигирээк болгондогу кербезиңиз го?
- Жигиттер менен телефондон сүйлөшкөндө назданып эле калам. Кокус көңүлүмдөгүдөй мырзаны кезиктирип калсам кылыктанып сүйлөшүп дегендей… Мага негизи "качоктор" жагат. Былжыраган жумшак мүнөздөгү эркектерди көрсөм кыжырым келет.
- Кыздарыңыз эмне менен алек?
- Улуу кызым Айпери жеңем менен Россияда иштеп, окуп жүрөт. Кичүү кызым Азиза Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда билим алып жатат. Башында финансылык техникумга тапшырганбыз, ал жакка көрсө акча бериш керек экен. Аны билбей эле өз күчүбүз менен өтмөк болуп барганбыз. Өтпөй калып "апа, ырдайм" дегенинен мени уят кылбай оку деп музыкалык окуу жайга өткөрүп койдум.
- Кыздарыңыздын атасы Россияда деп жүрбөдүңүз беле, канча убакта бир жолугуп турушат?
- Күйөөм менен урушсам мен урушуп, мен ажыраштым да. Кыздарымда эмне күнөө. Мен эч качан аларга атасын жамандап жолукканга тоскоол кылган эмесмин.
- Ажырашканыңызга эмне себеп болду?
- Экөөбүздүн кыялыбыз келишпей калды. Оокатка тың болчу, үйлөнгөндөн кийин бир эмес эки үй алдык. Канча жакшы болбосун сүйбөгөндөн кийин жашай албайт экенсиң. Он алты жашымда эрте турмушка чыгып алып жаңылыштык кетирдим окшойт. Бара-бара уруш-талаш көбөйүп, бир жумада беш жолу мушташа баштадык. Колу көп тийди, жемимди жедирбей мен да башында "сдача" берип жүрдүм. Баары бир эркек күчтүүлүгүн кылат экен, жеңип кетти.
- Апаңыз эрте турмушка чыкканыңыз үчүн урушса керек?
- Урушмак тургай топурагын түйүп берип, катташпай койгон. Алты-жети айдан кийин элдештик окшойт. Азыр деле күйгөнүнөн "тигинин кызындай болуп турмушка чыкпайт белең" деп калат, ошонун кызы болсом ошентип чыгат элем, сиздин кызыңыз болгон үчүн ушинтип чыктым да деп калам. Анүстүнө кайын-журтум мени аркалык деп чанышып, ачуу басарга да барышкан эмес.
- Кайындарыңыз менен мамилеңиз начар беле?
- Жо-ок, тескерисинче кайненем менен мамилем жакшы болчу. Кээ бирөөлөр туугандарынын айынан ажырашат эмеспи. Меники андай болгон жок. Кайнагаларым, абысындарым аябай жакшы болчу. Күйөөм экөөбүздөн эле кетти. Ажырашкандан кийин бир жылдай келип жүрдү окшойт. Бир көңүлүм калгандан кийин кайра башынан ошол турмушту кайталагым келген жок.
- Эки кызыңыз менен үйдөн чыгып кетсеңиз көрбөгөн кордугуңуз калбаса керек?
- Эки үйүбүз болгону менен кетип жатканда "менин үлүшүм ушул эки кызым. Мага сенден эч нерсе кереги жок, болгону тынчтык бер" деген болчумун. Эки кызым менен батирлеп, ачка калып ыйлаган күндөрүбүз көп болду. Ошондо да намыстанып күйөөмөн бир тыйын алган эмесмин. Базарда соода кылып, официант болуп иштеп жүрүп жашоомду тыңдадым.
- Кыздарыңызды бутунан тургузам деп жүрүп жашыңыз өтүп кетпейби?
- Күйөөгө чыга турган болсом, эки кызымды күйөөгө берип, үчөөбүздүн үлпөт тоюбуз бир күндө болот. Кыздарым деле турмушка чык деп айтышпайт, мени деле ойлонто турган адам азырынча жок.

Бетти даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА