presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кайрымдуулук

Техника менен теңтайлаш

Түштүктү калыбына келтирүү иштерине өлкөдөгү бардык уюмдар, жөнөкөй адамдар жана ишкерлер жапа тырмак катышууда. Суук түшкүчө үйлөр салынып, гуманитардык жардам линиясы боюнча келген азык-түлүк, кийим-кече таркатылды. Алардын ичинде балдардын жандүйнөсүнө азык боло тургандай жардам да бар. 20-21-октябрда Ош шаарында үч, Жалал-Абад шаарында үч мектепте компьютердик класстар ачылды. Лицензиялуу программалар коюлган компьютерлер керектүү кошумча жабдыктары менен жөн эле берилбестен, аларга керектүү парта жана отургучтар кошо алынып, информатика кабинеттери толук орнотулду. Кайрымдуулук кылган "Кумтөр Оперейтинг Компани" иш- чарага 6 миллион 120 миң сомдон ашуун каражат бөлдү. Андан сырткары, эки шаардын бардык мектептеринин китепканаларына "Окурман Кыргызстан" долбоорунун алкагында компаниянын жардамы менен чыгарылган кыргыз эл жомоктору менен эпосторунан турган китептер жыйнагынан экиден тапшырылды. Ачылыш аземге "Кумтөр" ишканасынын вице-президенти Андрей Сазанов катышты.


Жалал-Абад
Жалал-Абадда мектептерге шаардын мэриясы жакшы каралашып турарын биз барган үч мектепте тең айтып жатышты. Баарынан да мугалимдер күнүнө ар бир педагог 2000 сомдон алганы кубандырат. Балдардын шаңдуу күлүп, ары-бери чуркагандары, мурдакы октябренок, пионер уюмдарынын ордуна азыр Семетей, Сейтек болгону бактылуу балалык деген атмосфераны шаңдантып турду.
Шаардын билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Акылбек Бостонов "20 мектеп бар, арасынан бешөө гимназия жана лицейлер. Аларда компьютер менен камсыздоо 60% болчу, эми "Кумтөрдүн" жардамы менен 70% га жетти. Балдарга жаңы техника окуусунда жакшы жөлөк. Азырынча мектептердин биринде да интернет кошулган эмес, бирок биздин башкармалыкка келип каалаган маалыматты алса болот" деп билдирип, ишканага ыракматын айтты.
Бекмамат Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназия компью-тердик кабинеттин ачылышын майрамга тете уюштуруптур. Мектеп шарлар, желектер менен кооздолуп, окуучулар ак көйнөктөрүн кийишип, жогорку класстын окуучулары компьютер жөнүндө орусча частушкаларды ырдашты. Андрей Сазанов куру кол келбей окуучуларга жомок китептерди тапшырып, окуучуларга мыкты деген бааларга окууну каалады. Гимназиянын директору Мамытова Күлнара "азыркы заманда мектептер ата-эненин гана эмес, сырттан келген жардамга да муктаж. Жакшылык бу дүйнөдө бар экенине биз ишенип, күткөнбүз. Биздин окуучулар сиздердин ишенимиңерди сөзсүз акташат. Мектепте облустук жана республикалык олимпиадалардын катышуучулары окушат. Нурсултан Маматов деген окуучубуз республикалык олимпиадада химия боюнча экинчи орунду алган. Балдарыбыз мындан ары дагы аракеттенишет" деген ойлорун айтты.
Андан аркы сапарыбыз Тайгараев айылындагы №10 мектепке багыт алды. Мурда бул мектепте эски типтеги эки компьютер бар экен. Эми бүтүндөй компьютердик класс ачылганына мектептин 1002 окуучусу, мугалимдеринин кубанычтары койнуна батпай турду. Мектептин директору Эргешова Сейдеке ишин тың алпарганы класстардын, коридордун тазалыгынан, окуучулардын адептүүлүгүнөн байкалып турду. Компьютердик классты кызыл лента кесүү менен ачып, демөөрчүлөрдөн мындан ары да тыгыз байланышта болуп турууну сураганга жетишти. "Дагы да силерди күтөбүз. Биз силердин компания жөнүндө көп угабыз, Ысык-Көл облусуна берген жардамдарыңар тууралуу гезиттерден окуп, теледен көрүп жүргөнбүз. Бизге да кайрылганыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Ишиңер илгери болсун! Өркүндөп өскүлө, ата-энелер атынан да ыракмат" деген каалоосу менен Сазановго кайрылды.
№14 лицейде физика-матема-тика жана химия-биология багыттарына басым жасалат. Директору Анарбек Токтосунов окуучулар менен мугалимдерди шаарды кыдырып тандашканын айтып, бизге кеп курду: "Лицей статусун алып, эң мыктыларды чогултканыбызда дароо эле жакшы жыйынтыктар болду. Биздин окуучулар эл аралык олимпиадаларга Түштүк Корея, Америкага чейин барууда. Ата-энелердин суроолору боюнча үч жылдан бери англис тилине да басым жасай баштадык. Акселс долбоору боюнча жылыга бир-эки окуучубуз АКШга окуганы кетишет. Бир жаман жери, эч ким кайтып келе элек. Былтыркы бүтүрүүчүлөрдүн бири Москвада МГУга бюджеттик бөлүмдө окуп жатат. Компьютердик кабинетибиз бар болчу, бирок ал да эскирип, лицейдин 1100 окуучусуна жетишсиздик кылчу. Жаңы техникага кубануудабыз. КОК жөнүндө кабардарбыз, бюджетке кошкон салымыңарды да билебиз". Жалпы мектептин атынан 10-класстагы Сагын ыраазычылык билдирип, Айгерим англис тилинде жаңы класс окуу процессине чоң жардам берерин кошумчалап ыракмат айтышты. Андан ары окуучулар Андрей Сазановго суроолорун узатышты:
- "Кумтөрдүн" окуучуларды колдогон атайы долбоорлору барбы?
- Ооба, биз тоо-кен университетинде бир нече стипендия уюштурганбыз. Окуу жайда биздин ишканага керектүү адистер даярдалат. Алардын мыкты окугандарын "Кумтөр" кенинде тажрыйба өтүүгө чакырып, айрымдары бизге жумушка алынат.
- Алты мектепке компьютердик класс ачканыңар силердин марттыгыңарды билдирет. Бизге эми интернет коюуга жардам бере аласыңарбы?
- Мектептерге интернет өткөрүү боюнча бизден да тажрыйбалуу, ушул багытта иш алпарган бир нече эл аралык уюмдарды билебиз. Алар акысыз коштуруу боюнча долбоорлорду аткарышат.
"Атты бергенден кийин эми жүгөнүн, анан үзөңгүсүн деп сурабайлы" деп Акылбек Бостонов билим берүү башкармалыгынын атынан келерки окуу жылына интернетти өзүбүз коштуруп беребиз деп убада кылды.
10-класстар алтын чыккан кенге барууну, кийин ишканага жумушка кантип орношсо болорун сурап жатышты.
- Бүт мектепти кенге алып баруу мүмкүн эмес, бирок отличниктерди ойлонуп көрсө болот. Ал эми бизге жумушка орношуу үчүн инженердик, техникалык кесипке үйрөнгүлө - деп А.Сазанов жооп берди.
Окуучулардын тирикарактыгына суктанып, Ошту көздөй сапар алдык.
Ош
Мектептерге бизди коштоп барган Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Маматова Айнакан шаар боюнча маалымат берди: "Ошто жеке менчик мектептер менен кошкондо 57, жалаң мамлекеттик 52 мектеп бар. "Кумтөрдүн" белегин укканда директорлордун баары мага-мага дешти. Биз бардык окуу жайлардын абалдарын байкап, салышытырып көрүп, анан кимге беришти чечтик. №4 Киров мектеби шаар боюнча эң чоң мектеп болгону менен ушуга чейин жаңы технологиядагы аппараттар менен камсыз болгон эмес. №5 Бөкөнбаев мектебинде болсо быйыл Жоомарт Бөкөнбаевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө, буга чейин компьютерлери жок болчу. №18 Навои мектебинде компьютердик класс такыр жок, техникалык-материалдык жабдылышы начарырак эле. Ушундай себептер менен кимге беришти чечтик".
Киров атындагы гимназияда 1725 окуучуга 87 мугалим орус тилинде сабак берет. Директор Гүлнар Туташева бүтүп кеткен оуучулары менен да сыймыктанат. Компьютердик классты орнотууда жардам беришип, атургай электрондук китепканаларды алып келишиптир. Учкан уясын унутпаган окуучуларга биз да баа бердик. Өлкө президентинин кеңешчиси Виктор Черноморец да компьютердик класстын ачылышына келди. "Балдар, силердин мектепте президент Роза Отунбаева окуган. Ар бириңер президент болбойсуңар, бирок татыктуу инсан болууга ар бириңердин колуңардан келет. Окууда ийгилик!" деп кировчуларга кайрылды. Информатика мугалими мектепке да ушундай техника жетет экен, тобо, лицензияланган программаларды биринчи жолу алышыбыз деп кубанычын жашырбады. Окуучулар болсо мониторлорго ыраазычылык каттарын жазып көрсөтүштү.
Бөкөнбаев атындагы №5 мектеби. Бул мектепте кош майрам. Жоомарт Бөкөнбаевдин 100 жылдыгы жазында коогалаңга байланыштуу өткөрүлбөй калган. Эми жаңы компьютердик класстын ачылышына кошуп эки майрам бир белгиленди. Нөшөрлөп күн жаап, сыртта линейкага тизилүү мүмкүн эмес болду. Спорт залда тизилген окуучулар агай-эжейлердин куттуктоо сөздөрүн угуп, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ак каздай тизилген көйнөкчөн кыздар бийлегенде алардын толкундоосу, эл алдына чыкканга сыймыктанып, кубанып, спорт залды тегерене айлангандары борбордон келген меймандарды кубандырды. Көптөн бери даярданып, бийин көрсөткөнгө шарт болбой жүргөн окуучулар көрармандарын табышты. Мектеп директору Зейнеп Абдиева компьютеризация заманында шаардагы эң чоң мектептердин бири техниканын акыркы сөзү боюнча компьютердик классты белекке алуу асмандан издегенди жерден тапкандай деди. 1386 окуучу спорт залды жаңырта "ыракмат!" деп кыйкырышты. Информатика мугалими Андрей Витиченко окуучуларга Word, Excel программаларынан сырткары Photoshop менен CorelDraw программаларын колдонууну үйрөтүүгө киришти. "Жеке менчик мектептердин окуу программасында буларды сөзсүз беришет, эми бизде да шарт түзүлдү, балдарга сөзсүз керек болот" деди Андрей агай.
Кийинки №18 Навои атындагы мектеп 2008-жылга чейин ОшМУга карап, өткөн окуу жылы шаардык билим берүү башкармалыгына которулган. Эмнегедир жогорку окуу жайдан материалдык техникалык базага тыңгылыктуу жардам болбоптур. Пентиум биринчи деген төрт компьютер бир нече жыл мурда келип, азыр колдонууга моралдык да, техникалык абалы жагынан да жарабай турат. Башкаларга салыштырмалуу чакан мектепте 700 окуучу, 37 мугалим бар. Бишкектин мектептери да ала элек жапжаңы 15 компьютердик комплект окуучуларды да, мугалимдерди да компьютердик сабаттуулукка үйрөтүшү керек. Маянасы 1183 сом болглн информатика мугалими Гүлсада Бокоева өзү бешинчи курстун студенти. Директор Турдайым Карамурзаева ата-энелер да компьютер берген компаниянын өкүлдөрү менен жолугууну каалашканын, бирок кайсы маалда келерин билбей калганын айтып, алардын атынан, мугалимдер жамаатынан жана окуучулардын атынан ыракматын айтты.
Бардык компьютерлер дирек-тор-завучтардын кабинеттерине көчпөй, компьютердик класста калып, алардын бардык мүмкүнчүлүктөрүн окуучулар толук пайдаланып, убайын көрүшөр деген үмүттө мектептерге болгон сапарыбызды аяктадык. Айтайын дегеним, алтын тапкан ишкана бир класс эмес ондогон мектептерди деле куруп жатат, бирок ушундай ыраазы болгон жамааттарды биринчи көрдүк. Баса, дагы жаңы басылган китептер окуучулардын колуна тийип, "Окурман Кыргызстанга" айланууга дагы бир алга кадам болор деген ишеним китепти көрүп "йес!" деп катуу сүйүнгөн 3-класстын окуучусун көргөндө биротоло бекемделди.

Нуржан АЛЫМКАНОВА, сүрөттөр А.ФЕДОРОВдуку



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??