presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Өпөң-чычаң

"Байкоочулар кеңешин абийир рычагы гана кармап турат"

7- октябрда Коомдук телеканалдын башкы директорун шайлоо иш-чарасы үзгүлтүккө учурагандан баштап Коомдук телеканалдын азыркы Байкоочу кеңешин таратуу тууралуу талаптар коюла баштаганы белгилүү. Ушул багытта Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн бири
Жедигер СААЛАЕВди сөзгө тарттык.

- Жедигер мырза, КТРК Байкоочулар кеңешинин мүчөлө-рүнүн көпчүлүгү батышчылдар, аларда улуттук, мекенчилдик сезим жок деген көз караштар айтылууда. Буга кандай карайсыз?
- Бир караганда Байкоочулар кеңеши ошондой көрүнүп жатканы чын. Биздин КТРК жамааты менен болгон алгачкы жолугушуубузда да ушундай маселелер айтылган. Чындыгында Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү бири-бирибизди шайлагандан кийин гана көрдүк. Негизи 30-апрелде декрет кабыл алынган, Байкоочулар кеңеши түзүлдү, демек Коомдук телерадио иштеп жатат. Бирок КТРКга башкы директор шайлоодо маселе курчуп кетти. Чындыгында президентке Байкоочулар кеңешине нааразы болуп кат жазгандар буга чейин кыргыз журналистикасына аздыр-көптүр салым кошкон инсандар. Булардын ичинде басма журналисттер да, тасма журналисттер да бар. Ал эми Байкоочулар кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү буга чейин өкмөттүк эмес уюмдарда иштеп жүргөн эл анча билбеген жаштар экен. Ушундан улам коомчулук Байкоочулар кеңешинин айрым мүчөлөрүн батышчылдар, айрымдарын мекенчилдер деген түшүнүк менен карап жатышат. Бирок мен анын жаш мүчөлөрүн тележурналистика боюнча түшүнүгү жок дегенге кошулбайм. Себеби "асыл таштан, акыл жаштан" дегендей, биздин кеңештин кээ бирөөлөр жактырбай жаткан мүчөлөрү мурунтан медиа-рынокто ММК проблемалары менен иштеп жүргөндөр экен. Жана айткандай, мен бул кыз-жигиттердин көпчүлүгүн Байкоочулар кеңешине чогулгандан кийин гана көрүп жатам. Дагы айтайын, алар ишке чыйрак, заманбап технологияны өздөштүргөн, кесипкөй ой жүгүрткөн чапчаң жаштар. Менимче, мындай билимдүү адистерден чочулоонун кереги жок. Алардын мүмкүнчүлүгүнө баарыбыз күбө болуп жатабыз.
- Сиз мурдагы УТРК азыр КТРК болуп иштеп жатат дебедиңизби. Бирок коомчулукта аталган каналдын аты өзгөргөнү менен заты өзгөргөн жок деген пикирлер бар. Учурда Байкоочулар кеңеши эмнени байкап отурат?
- Убактылуу өкмөттүн 30-апрелдеги УТРКны КТРК кылып түзүү декрети менен бирге Байкоочулар кеңеши тууралуу да жобо бекитилген. Азырынча аталган каналдын өзгөрбөй жатканынын негизги себеби, Байкоочулар кеңешинин иши жүрбөй жатканы. Анткени жобо боюнча аталган кеңештин негизги милдети КТРК башкы директорун шайлап берүү эле. Экинчи баскычы, башкы директор шайлангандан кийин өзүнүн сунушу менен үч орунбасарын дайындаш керек. Ага Байкоочулар кеңеши үчтөн эки добуш менен макулдук берүүсү зарыл. Бул иштер азыр боло элек. Ошондуктан аталган канал инерция менен иштеп жатса керек. Негизи Байкоочулар кеңеши ишке мурун эле киришүүсү керек эле. Тилекке каршы, декрет кабыл алынгандан кийин өлкөбүздө ар кандай окуялар болуп, түштүктө кан төгүлүп, кеңешти тандоо жана бекитүү созулуп кеткен. Натыйжада башкы директорду шайлоо иши да кечеңдеп, экинчиден, акыркы турларында кичине ызы-чуу болуп жыйынтыгы чыкпай калды.
- Эми Байкоочулар кеңеши-нин кийинки кадамдары кандай болот?
- Кудай буюрса, ноябрда КТРК башкы директорунун маселеси чечилет. Ал чечилсе орунбасарлары да тандалып алынат. Бул иштер бүткөндөн кийин аталган каналдын редакциялык саясаты аныкталат. Аны аныктоо Байкоочулар кеңешинин укугуна кирет. Биз аны негизинен иштеп койгонбуз. Эми ошону иш жүзүнө ашыруу маселеси гана калды. Булар күтүлүп жаткан маселелер. Калган иш-чаралар андан ары уланат.
- Байкоочулар кеңешин таратуу демилгесинин артында кандайдыр бир саясый кызыкчылыктар барбы?
- Чындыгында 7-октябрда башкы директорду шайлоодо Байкоочулар кеңеши чоң кризиске учурады. Биз парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленгендиктен эл ичинде ар кандай нааразычылыктар пайда болуп кетпесин деп бул маселени шайлоого чейин чечип коелу дегенбиз. Бирок максатыбыз ишке ашкан жок. Мен ушул жерден мурдагы Байкоочулар кеңеши эмне үчүн тарап кеткенине, коомдук телекөрсөтүү деген идея эмне үчүн ишке ашпай келгенине дагы бир жолу түшүнгөндөй болдум. Анткени Байкоочулар кеңеши конкреттүү адамдардан турат, алардын өз көз караштары бар. Экинчиден, аталган кеңеш коомдук башталышта иштейт. Дегеним, айлык албагандан кийин кимдир бирөөгө милдеттүү эмес. Аларды эч нерсе менен байлай албайсың. Пикири туура келбей калгандар "мен Байкоочулар кеңешинен чыгам" деп арыз жазып, отставкага кетсе болот экен. Биз да ошого жетип барып кайра бул иштин маанилүүлүгүн, коомдун кызыкчылыгын эске алып, президентти уятка калтырбай аягына чейин иштеп коелу деген пикирге келдик. Болбосо жобо боюнча биз ар бир чейректе бир жолу эле жолугушубуз керек экен. Бекер иштегенибизге карабай, бекилгенибизден бери он жолу чогулуп ийдик. Бул ишке канчалаган убактыбыз, энергиябыз короп жатат. Жакында бизге Украинадан келип ушул иш боюнча тренинг өткөрүштү. Аларда Байкоочулар кеңешине айлык төлөшөт экен. Ал эми бизди моралдык рычагдан башка эч нерсе кармабайт. Андыктан ким бирөөлөрдү коркутуп-үркүттүрбөй эле өзүбүз тарап кетсек деле болот. Бирок акчадан сырткары принцип деген бар эмеспи. Ошондуктан ишибизди акыр аягына чейин чыгарып коелу деп белсенип жатабыз.
- Эми КТРК башдиректору качан шайланат?
- 9-октябрдагы чечимибиздин негизинде өз жобобузга өзгөртүү киргизгенбиз. Ал боюнча КТРКга башдиректор шайлоо шарттары 1-ноябрга чейин ММКга жарыяланат. Эми башдиректорду шайлоо ММКлар аркылуу коомчулуктун катышуусунда өтөт.





Журналисттер союзунун жетекчиси Абдыкадыр СУЛТАНБАЕВ Коомдук каналдын элементтери киргизилген мыйзам долбоорунун тагдырына токтолуп, коомдук телерадио көрсөтүү кандай болуш керектиги тууралуу өз оюн, сунушун билдирди.
- КТРди коомдук телерадиого айландыруунун зарылдыгы жөнүндө талаш-тартыштар кийинки жылдары үзгүлтүксүз көтөрүлүп келет. Бул идея 2005-жылдан тартып, Акаевдин бийлиги кулатылгандан кийин күч алган. 2006-жылы жаңы Жогорку Кеңештин депутаттары (Ө.Текебаев, К.Иманалиев ж. б.) "КР улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу менен КТРди коомдук ТВга кайра уюштуруу аракетин кылышкан. Бирок, 2006-жылдын сентябрында бул мыйзамга президент тарабынан вето коюлган. Ал мыйзамда Кыргызстандагы ММК тарыхында биринчи жолу коомдук телекөрсөтүүнүн элементтерин киргизүү, бийликтин таасиринен бошоңдотуу аракети болгон. Байкоочу кеңеш түзүү жолу менен КТРди башкаруунун жаңы тутуму киргизилген. Байкоочу кеңешке конкурстук негизде КТР башкы директорун шайлоо укугу берилген. 2007-жылдын 2-апрелинде коомчулуктун кысымы менен өкмөткө каршы кезектеги митингдердин башталышы алдында президент К.Бакиев "Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга кол коюуга аргасыз болгон. Ушул мыйзамдын негизинде 2007-жылдын октябрында ЖК (президенттен, ЖК жана жарандык сектордон бештен он беш киши кирген) Байкоочу кеңеш түзгөн. Бирок Байкоочу кеңеш жумушун баштай электе өз ишмердигин токтоткон. Анткени кеңештин айрым мүчөлөрү Ак үйгө чакырылган жана К.Бакиевдин администрациясынын кысымы алдында ыйгарым укуктарын өз ыктыярлары менен токтотушаары жөнүндө арыздарын жазып беришкен. Ошентип К.Бакиев бир колу менен Байкоочу кеңешти жаратса, экинчи колу менен аны муунтуп жок кылган. Аны биротоло жок кылуу 2008-жылдын июнунда "КР телекөрсөтүүсү жана радиоуктуруусу жөнүндө" мыйзамды кабыл алуу аркылуу ишке ашырылган. "Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" КР мыйзамы жокко чыгарылган. Коомдук телерадиоберүү компаниясы катары ЭлТРди түзүү бул жөн эле көз жазгыруу эле. Ал иш жүзүндө мамлекеттик болгондуктан коомдук пикирди чагылдырган эмес.
Ошондуктан Коомдук телекөрсөтүү жана радиону түзүүнүн ачуу-таттуу, ары татаал таржымалын эске алуу менен коомчулук УТРКны КТРКга кайра уюштурууга бардык аракетин жумшоосу керек. Мына ушул тарыхый вазийпа бүгүнкү күндө Байкоочу кеңеш мүчөлөрүнө жүктөлүп отурат. Алар өз ишмердиктерин жүзөгө ашырууда коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын гана жетекчиликке алуулары, ал эми КТРК башкы директорун конкурстук негизде шайлоодо объективдүү, адилет болуулары жана президенттин администрациясынын "акылдуу" кеңештерине кулак салбоолору тийиш. Өкүнүчтүүсү, бийлик жаңы, жакшы идеяны жаратуу менен аны кайра өз колу менен көмүүгө көнүп калган.
Коомдук телекөрсөтүү жана радио калкты ар түрдүү багыттагы маалыматтык, агартуучулук жана оюн-зоок программалар менен кенен-кесири жана өз убагында камсыз кылууга милдеттүү. Коомдук телерадио - өңчөй коомдун өзүнө кызмат кылат, коомду ар тараптан маалымдар кылуу анын башкы принцибине жана озуйпасына жатат.
Коомдук телерадио бир гана авторитетке - акыл-эске баш ийет жана өз ишинде изден тайбай ушул принципти карманат. Коом өзү, анын турмушу кандай болсо, ал кандай көп түрдүү, көп кырдуу болсо, аны дал ошол турпатында коомдун өзүнө көрсөтөт жана айтып берет.
Коомдук телерадио эч кандай башкаруучу же оппозициядагы топторго, саясый партияларга, коммерциялык компанияларга, коомдук тигил же бул бирикмелерге, диний же башка уюмдарга жан тартпайт, алардын өзгөчөлүү саясый, экономикалык жана идеологиялык позицияларын колдобойт жана пропагандалабайт.
Коомдук телерадио - өзүнүн коомдук озуйпасынан улам мамлекеттен, өкмөттөн, жеке бизнестен толук көз карандысыз болот. Аны мамлекеттик бюджеттен каржылоо - коомдун так, калыс, чынчыл, ар тараптуу маалымат алуу укугун - табигый укугун кепилдөө катары каралат. Бюджет өзү салыктын эсебинен түзүлгөндүктөн коомдун ар бир мүчөсү "Коомдук телерадио - менин компаниям, анткени ал менин акчама жашайт" деп айтканга акылуу. Коомдук телерадио - өз ишине жана бардык программаларына, кабарларына жана маалыматтарына коомдун ишенимин жаратууга умтулат. Анын бүткүл редакциялык саясаты ушул принципке негизденет. Коомдук телерадио өз принциптерин жүзөгө ашырууда кашкайган калыс позицияны карманат. Анын программалары жана маалымат кызматы ачык, чынчыл, так болот, акыйкатты урматтоого негизденет.
(Уландысы бар)
Зайырбек АЖЫМАТОВ,
тел.: 38-67-19, zairajimatov_76@mail.ru



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??