presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эртеңиң барбы, Кыргызстан?

Идеологиясы жок өлкө, ириген биримдик жана чөк түшүргөн чөнтөк парламент

Учурда Кыргызстан эки айрылыш жолдо турат. Бири жаңы башкаруу системасын калыптандырып мамлекет катары кайрадан жолун улоо. Экинчиси, ич ара майда таарынычтардын (шайлоодон кийинки) курмандыгы болуп, чабылып-чачылып улут катары да, мамлекет катары да жок болуу. 7-апрелден бери келаткан ушул айрылыш жолдогу өйдө-төмөн окуялар чындыгында элибиздин саясый маданияты, руханий байлыгы, моралдык-нравалык касиеттери кандай экенин көрсөттү.

Медведев туура айткан, бизде мамлекет жок
Биздин эркин кыргыз мамлекет болгонубузга 19 жыл болду. Жашырганда эмне, ушул жылдардын ичинде биз али күнчө мамлекеттүүлүгүбүздү түзө албаганыбызды акыркы окуялар айгинелеп койду. Чынын айтканда биздин өлкөнүн эли жасалма жол менен бириктирилип, жасалма жол менен мамлекет катары сакталып турган экен. Тескерисинче, так ушул эгемендик жылдары мурда бир гана СССР жараны болуп турган бүтүндүк бөлүнүп-жарылып, бир өлкөдө ар кандай атуулдук, этникалык улуттар пайда болуптур. Өзбектер "мен өзбекмин" деп Кыргызстанда жашап жатканы менен Ташкентке, казактар "мен казакмын" деп Астанага, орусу "мен орусмун" деп Москвага кылчактайт. Аныгында азыр башка улуттар жашап жаткан өлкөсүн - Кыргызстанды сыйлабайт. "Биз баарыбыз тең кыргызбыз, кыргызстандыкпыз" деп бириге элекпиз. Керек болсо кыргыздардын ичинде кыргыздар анан киргиздер болуп экиге бөлүнүп калды. Этегине чалынган кемпир-чалдардын түндүк-түштүк болуп бөлүнгөнүн көрүп түтөйсүң. Саясатта деле географиялык бөлүнүү күчүндө. Эгер туура пайдалана турган болсок, түндүк-түштүк маселеси өлкөнү өнүгүүгө алып келе турган курал эле дешет кээ бир билермандар. Дүйнөлүк практиканы алып караганда мындай көрүнүштөр жер шарындагы элдин жарымында бар. Бул атаандаштык. Жакшы жагы, бир кланды хан кылып жибербей, экинчи тарабы аларды ооздуктоого алып турары ырас. Жаман жагы, тууганчылыкка айланып, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып кеткендиги. Тилекке каршы, кыргыздар башынан эле бул атаандаштыктын жаман жагын гана үлгү кылып алышкан.
Өлкөнүн биримдиги тууралуу сөз болгондо улуттук идеологиянын жоктугун айтып кейийбиз. Албетте мамлекеттин өз алдынча идеялары, багыттары болуш керек болчу. Бирок идеология десе эле "кыргыз" деген ат менен ураалап чыгуу керек эмес экенин түшүнө элекпиз. Кыргызстан - ушул жерде туулуп-өскөн ар бир жарандын (анын улутуна карабай) өз мекени. Аларды Кыргызстанды сыйлатып, кыргыз тилин үйрөтүп, урматтоого көндүрүп коюш кыргыздардын милдети эле. Тилекке каршы, 19 жыл аралыгында биз аны да кыла алган жокпуз. Өзүбүз сыйлабаган тилибизди, каада-салтыбызды, улуттук маданиятыбызды, руханий дөөлөттөрүбүздү башка улуттар сыйламак беле. Ырас, акыркы кездерде биздин мамлекеттин ич ара улутка, түндүк-түштүккө бөлүнүп жатканы кайсы бир карылуу өлкөнүн "бөлүп ал да башкара бер" деген саясатынын үзүрү. Чындап келгенде, учурда бизди бири-бирибизге ызырынтып коюп өлкөнү башкарып жаткандар башкалар. Андыктан эми идеология тууралуу айтуу - бул курулай сөз. 19 жылдын ичинде калыптанбаган мамлекеттик идеология шашылыш учурда калыптанмак беле. Менимче, ар кошкон идеологиясы бар өлкөнүн Ө.Текебаев айткандай, бир гана авторитети күчтүү, акыйкат мыйзамы болуш керек. Ал үчүн бийлик бутактарынын тез аранын ичинде бир системага түшүшү зарыл болчу. Тилекке каршы, учурда майда таарынычтар менен мамлекетти жоготуп алуу коркунучунда турабыз.
Князев менен Нифадьев маңыроо элди кантип "мат" кылды?
Кыргызстандын эли кыйын күнгө кабылган кезден баштап жергиликтүү жана чет элдик ММКда аталган өлкөгө, анын ээси болгон кыргыздарга карата маалымат согушу башталды. Чет элдик басылмалардын чекчеңдегенин урганыбыз жок, эң жаманы, так ушундай учурда кыргыздын тузун татып, ушул жерде өсүп-өнгөн айрым журналисттердин, саясат таануучулардын саясый оош-кыйыштардан пайдаланып жергиликтүү элди, өзү жашап жаткан өлкөнү өчү бардай жанчканы эстен кетпей калды.
Мисалы, Орто Азия мамлекеттеринин ичинде бараандуу саясый серепчи болуп жүргөн Александр Князев Кыргызстандагы болгон окуялардын айланасында "Фергана. ру" сайтына аталган сайттын башредактору Данил Кислов менен курган маегинде ачыктан-ачык эле жергиликтүү элди кордогону маалым. Ал бул баарлашуусунда өзгөчө түштүк аймактагы тарыхый эскиликтерге кайрылып, Ош, Жалал-Абад шаарлары бир кезде өзбектердики болгондугун кеп кылып, кыргыздар кийин гана Эне-Сайдан, Тянь-Шань тоолорунан көчүп келишкен дегенди айтып эки элди кайраштырууга үндөп, Кыргызстандын түштүгүндө бир кезде кыргыздардан көбүрөөк өзбектер менен орустар жашап, ал жакты жылуу конуштарга айлантканын, кийин гана кыргыздар көбөйүп, эми минтип ээлик кылып, улут аралык жаңжалдардын башын кылтыйтып жатат таризинде кеп таштаган эле.
Ырас, А.Князевге кыргыз тилдүү басылмалар жетиштүү жооп берди. Бирок кызыгы, ал өзү иштеп келген Кыргыз-Славян университетинин жетекчилиги бул маселеге карата кыргыз коомундагы нааразычылыкты көрүп туруп сыпайычылык үчүн болсо да, Князевдин пикири Кыргыз-Славян университетинин окумуштуулар жамаатынын пикири эмес деп айтып койгонго жарабады. Тескерисинче, аталган университеттин ректору Владимир Нифадьев "Содружество" саясый партиясы менен шадаңдаган боюнча шайлоо өнөктүгүнө кирип барды. Аны шемирейип Бегалы Наргозуев, Өмүрбек Суваналиев, Турусбек Мамашов, Зайнидин Курманов сыяктуу таанымал кыргыз саясатчылары коштоп алганын көрүп жаның кашаят. Дагы бир кызыгы, биздин өкмөт Князевдин ким экенин билип туруп, аны июнь окуясын иликтөөчү улуттук комиссияга кошуп, андан калыс пикир угабыз дегенин кандай түшүнсө болот? Ырас кылат, Сашабай иликтөө ишине катышмак турсун, бүт комиссиянын бетине көө жаап, акырында сыртка чыга берди. Эми улуттук комиссиянын айткандары туура эмес деген маалыматты жер жүзүнө таркатып жүрөт.

Тизгин тартчулар кимден коркот?
Экинчи бир олуттуу соккуну Акаевдин легендарлуу адвокаты, орус тыңчысы Максим Максимовичтин акчасына "Белый пароход" деген гезит ачтырып, анын редактору болуп жүрүп, кийин Максимовичи Акаевге кошулуп Кыргызстандан качкандан соң, "Белый пароходду" "паруска" айлантып өзүнө каттатып алган Елена Авдеева деген эме баштады. Биздин гезит анын "Белый парус" интернет гезитине (24.09.2010) жарыялаган "Вспоминая Кара-Киргизскую автономию… на каком языке должны говорить, читать и писать граждане Кыргызстана?" деген макаласы тууралуу жазган. Кыскача айтканда, Авдеева да бул жерде кыргыз тилине, тарыхына асылып, А.Князевди коштоп "…А главное - помните, помните, что на территории НАШЕГО государства, получившего по случайности название Кыргызстан, русские живут едва ли не раньше, чем кочевые кыргызы. А "сарты", оказывается, там вообще испокон веков. И это русские ПОДАРИЛИ кыргызам такую республику… Но, кстати, Сталин вполне мог назвать территорию, скажем, автономная область Сартистан… Интересно, какой язык нас бы заставляли учить тогда?" деп кыр көрсөткөн эле.
Ушул жерден өнүгүп-өсүп, абасын жуткан, атургай Акаев заманында "Алтын калем" ("Золотое перо") сыйлыгын алган бул аялдын мындай кылыгына бардык коомдук, мамлекеттик уюмдар ызырынып, президент Отунбаевага аны тез арада өлкөдөн чыгарып жиберүүсүн өтүнүп кат жазгандай болгон. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия атайын жыйын өткөрүп, Кыргызстан калкына, УККга, Башкы прокуратурага атайын кайрылуу жасайбыз дешкен. Бирок аталган комиссия азыр бул иш боюнча документтер топтолуп жатканын, жогорудагы кайрылуулар тийиштүү органдарга жөнөтүлө электигин маалымдады. Кыскасы, бул иш деле барып-барып унутулат окшоп калды.
Тизгини тартылбай жаткан айым, жакында парламенттик шайлоонун өтүшү боюнча (Тайное становится явным. Часть 1. Партии Кыргызстана - накануне парламентских выборов: шансы, деньги, союзники. Тайное становится явным. Часть 2. Репутация - дороже денег. Тайное становится явным. Часть 3. Кланы южные, кланы северные) деген макаласында өзгөчө түндүк-түштүк маселесине токтолуп, "обу жок келин оорсок уй саайт" дегендей, билсе-билбесе ар бир төбөсү көрүнгөн саясатчыны уруусуна чейин териштиримиш болуптур. Бизди түндүк-түштүккө бөлчү Авдеевабы? Тийиштүү органдар кыргыз улутун ачыктан ачык эле кордоп, шылдыңдап аткан Князев, Авдеева өңдөнгөндөрдү кичине тартипке чакырып коюшса ашыкча болбос эле. Чамасы, коркуп турат окшойбуз. Бул жерде кеп алардын кайсы тилде жазганында эмес, кантип жазганында болчу.

Кыргыз парламенти Россиянын куурчагына айланабы?
Канчалык көкүрөк койгулап, биз байыркы элбиз дегенибиз менен кыргыз эли өзүнүн рухий деңгээли кандай экенин акыркы шайлоодо көрсөтүп койду. Эгер акчасы мол болсо Кыргызстанга эшек деле президент же депутат боло алат экен. Тактап айтканда, азыр биздин кыргыз саясаты батышчыл демократиячыл, анан орусчул деп эки жээкке бөлүнүп калды. Эми улуттук кызыкчылыкты ким коргойт? Буга чейин "Ар-намыс", "Республика", КСДП партия лидерлери орусчул экенин моюнга алып келишкен. Мындай болгон күндө эгер шайлоо бузулбаса парламенттин басымдуу бөлүгүн орусчулдар ээлейт. Биздин учурда баш оорута турган маселебиз "Ата журттун" өтүп кеткенинде же "Бүтүн Кыргызстандын" өтпөй калганында эмес. Эгер калган партиялар биригип кетсе, парламенттин үчтөн бирин түзгөн "Ата журттун" колунан эч нерсе деле келмек эмес. Учурда эң негизги трагедиябыз - биз жакында шайлаган парламент сырткы күчтөрдүн куралына айлануу коркунучуна кептелгенинде. Текебаев айтып жаткандай, биздин кээ бир саясый партиялар, анын ичинде добушун акчага саткан атуулдар ушул шайлоодо кыргыз элинин көз карандысыздыгын сатып ийишти. Мындай болгон күндө парламент өкмөттүн курамын, парламенттеги структураларды Москва менен кеңешмейин кабыл ала албай калат. Бул биздин эгемендигибизге, мамлекеттик аброюбузга келтирилген эң чоң шек дейт серепчилер.
Кыргыз өзү тарыхынан сабак албаган эл экен. Өткөнгө үңүлсөк, ХIХ кылымда да бугу менен сарбагыш чабышып, экөө жараша албай, же аларды кыргыздын башка бир уруусу жараштырып койбой, биринен бири озунуп орустун колтугуна кирүүгө аракет жасап, анын акыры келип 1916-жылды жаратпады беле. Ошондо да Орто Азияга кантип кириштин аргасын издеп отурган орус империясын кыргыздар мекенине өздөрү ээрчитип келген дешет тарыхчылар. Бул жолу да кыргыз элитасы бириге албай (эгер бириксе "Ата журт", "Бүтүн Кыргызстан" тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес эле) болбогон бир кызмат үчүн бүтүндөй мамлекетти аталган өлкөгө чөгөлөтүп бергени туру.
Ал эми 7-апрелде Ак үй астында, июнь айында түштүктө каза болгон жигиттер Кыргызстандын бөлүнбөсү, эгемендиги, гүлдөп-өнүгүшү үчүн курман болбоду беле.
Зайырбек АЖЫМАТОВ, тел.: 38-67-19, zairajimatov_76@mail.ru



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??