presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Арылбаган арман

Өз элин карабаган өкмөт, дайыны чыкпаган ДНК

Июнь айындагы түштүктөгү коогалаң канча адамдарды сыздатып, канча адамдардын өмүрүн кыйып, үй-жайынан ажыратканы тууралуу азыр деле так маалымат жок. Ошол коогалаңдын курмандыгына айланган бейкүнөө адамдардын өлүгү таанылбай, кээси дайынсыз жоголуп, жакындарын бүгүнкү күнгө чейин сыздатып отурат. Мындан беш ай мурун болгон кандуу окуядан бери жакындарын издеген "Ош шейиттери" коомунун мүчөлөрү азыркыга чейин өкмөт убада берген ДНК жыйынтыгын күтүп келишет. Дагы эле баягыдай борбордук аянтка келип жоголгон жакындарынын сүрөтүн илип, издөө салып, ошол жерде таң аткандан көз байланганга чейин отурушат. Эмнени күтүп, кимден үмүт этип аткандарын өзүлөрү деле жакшы аңдабай калгандай. Болгону ал жердеги ыйлаган адамдардын күйүтү бир.


Турдубек СУЛУЕВ:
"Жалынбектин сөөгүн эмес, күлүн көрсөк көксөөбүз сууйт эле"
- Уулум Жалынбек Алай районунун Корул айылынан Ош шаарына келип балдарына кийим-кече, азык-түлүк алып кетейин деп кеткен боюнча кайрылып келбеди. Ал ошол кезде Оштогу каргашалуу коогалаңга туш болуп калды. Үч баласы бар. Балдардын кичинеси беш айлык, ортончусу үчтө, улуусу беште. Жалынбек Баткен окуясынын катышуучусу, согуш ардагери, экинчи топтогу майып эле. 11-июндан бери дайынсыз. Биз алган маалымат боюнча көчөдөн ага ок тийип жарадар болгондо машинеге салып алып кетишкен. Ошондо көчөдө жарадар болгон башка балдарды да өзбек улутундагылар машинеге салып кетип атышкан экен. Нариман деген өзбек айылындагы ВЛКСМ аттуу жерге алпарышкан. Көрсө, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Абдумиталип Шадмановдун буйругу менен жарадарларды ошол жакка ташышкан экен. Азыр ошол баламды алып кеткендердин үчөө кармалып, аны кандай кыйнап өлтүргөнүн толук айтып беришти. Самиев Нурулло деген өзбек улутундагы бала уулумду машинеге салып өзбектердин штабына алпарган. Штабда Нариман айыл өкмөтүнүн төрагасы Абдумиталип Шадманов башчылык кылып турган экен. Балам менен кошо барган бир нече кыргыз жигиттерди алпарып тепкилеткен. Андан кийин Жалынбектин чөнтөгүндөгү согуштун ардагери деген документин А.Шадманов алып, өзүнүн чөнтөгүнө салып алыптыр. Ушулардын баарын кармалып, сурак берип отурган Рохим деген өзбек жигит айтып берип атат. Жалынбекти аябай тепкилегенден кийин А.Шадманов колун кайчылаштырып, өлтүрө бергиле деген белги берген. Ошондон кийин алар суунун боюна алпарып кетмен менен буту-колун чаап, ичин жарып, бензин куюп өрттөшкөн. Кармалган балдардын айтуусу боюнча Жалынбектин сөөгүнөн эки карыш гана калыптыр. Ал эми Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы эч нерсе болбогондой беймарал өз ордунда иштеп жүрөт. Андан сурак жүргүзүшсө, мойнуна албай коюптур. Аны менен кошо жүргөн башкалары качып кетишиптир. Нурулло дегенди милициядагылар Россияга качып кетиптир дешкен. Аны өзүбүз издеп миграцияга арыз жазып таап бергиле деп кайрылсак, ал "Манас" аэропортунан 11-июль күнү Ташкентке учуп кетиптир. Азыр ошол жакта экен. Баламдын сөөгүн албасам да күлүн алып кетсек көксөөбүз сууйт эле. Мамлекет тарабынан, эл аралык уюмдардан бирөө да жардам бербеди. Бишкекте "Мекен шейиттерине" миллиондоп акча, үй берип, баатыр наамдарын ыйгарып, жакшы шартта карашты. Ошту автономия кылабыз дегендерден сактап, мыкаачылык менен көз жумган балдарга көңүл бөлгөндөр жок. Ушул жерде эртеден кечке ачка-ток болуп, ыйлап-сыктап күйүттөн чыдабай жүрөбүз. Жетим калган кичине балдарыбызга жөлөк пул төлөп беришпеди. Алар кантип атат деп сурашпады. Эмне үчүн өкмөт баарына тең карабайт?!

Шаани ТОПЧУБАЕВА:
"Баламды тирүү деп атышат, бирок..."
- Алай районунун Үч-Дөбө айылынан болобуз. Балам Арзыбаев Мирбек боксер болчу. Коогалаңдын алдында Мирбектин машинесин бейтааныш балдар уруп-согуп, коркутуп алып коюшуп, милицияга арыз жазган элек. Ал балдар кармалганда мен эне катары боорум ооруп, жаш балдар камалып кетпесин деп милицияга тосмо арыз жаздырып берип койгом. 7-июнда Мирбектин машинесин кайрып беришкен. 14-июнда ошол балдарга козголгон кылмыш ишти жаап коюшкан. Балам 17-июнда машинеси менен чыгып кеткен бойдон келбеди. Бир айдан бери балам жок деп чуркап жүрүп кайра ошол кылмыш ишин ачтырсам, Мирбек тирүү экен, аны таап беребиз деп укук коргоо органында иштегендер үмүттөндүрүп атышат. Бирок дале дайыны жок. Ал эми баламдын машинесин тартып алган балдардын бирөөнү кайра кармашты. Мирбегимди аман-эсен таап берсе эч кимге деле арызданбайт болчумун, ушунча убакыттан бери күйүп бүттүм. Мыйзам боюнча тосмо арыз жазса да уюшкан кылмыштуулук катары бул ишти жаппаш керек экен. Азыр бул ишти укук коргоо органдары карап атат. Аягы эмне менен бүтөт билбейм. Анын машинесинин деле кереги жок, эң негизгиси, балам аман табылса эле болду...

Дилбар КӨЧКӨНОВА:
"Көксөөбүз суубай, күйүттөн басалбай калдык"
- Алааматта жоголгон баламдын аты-жөнү Аскаров Алмаз. Карманган жалгыз ушул уулубуз эле. Бизди бага турган, көмө турган да Алмаз болчу. Өзүбүз Токтогул районунанбыз. Уулум Ошто кирпич заводунда иштеп, таежесиникинде жашачу. Кагылышууда эч жакка чыкпаптыр. 16-июнда Алмаздын туулган күнү болуп, ошол күнү Роза Отунбаева келип өзбек-кыргыздарды элдештирип, өлгөндөрдү эскерүү болот деген жарыяны угуп, ошого чыккан экен. "Бүгүн менин туулган күнүм, аянтка барып Роза Отунбаеваны жакындан көрүп келейинчи" деп таежесинин барба дегенине болбой чыгып кетиптир. Ошол күнү Оштун көчөлөрүндө бир да унаа жок, үйдөн аянтка жөө келиптир. Балам келаткан жол жалаң өзбек улутундагылар жашаган жер экен. Алмаз аянтка аз калганда таежесинин кошунасы машинеси менен келатып көрүп, бул эмне жалгыз жүрөт, уруш бүттү деп ойлоп атабы, азыр дагы эле кооптуу да деп ойлоптур. Үйгө барар замат кошунасы таежесине жолугуп, иниңди жибербей эле койсоң болмок, жалгыз жүргөнүн көрдүм, азыр коркунучтуу дептир. Таежеси бүгүн туулган күнү, ал аянтты айланып көрүп келсин деп коюптур. Үч-төрт саат өткөндө коменданттык саат башталмак экен, кечиккенинен аны издеп аянтка келсе эч ким жок. Айласы кетип милицияга барса, коменданттык саат болуп калды, эртеңкиге чейин келбесе сүрөтүн алып келгиле, балким келип калаар деген экен. Алмаз Ошту жакшы деле билчү эмес, достору деле жок болчу. Эртеси таежеси издеп чыгып, эч жерден табалбайт. Бизге жоголду деп кабарлагандан коркуп, өз алдынча 20-июнга чейин издеген. 20-июнда Ак-Буура дарыясын токтоткондо баламдын башы-колу кесилген сөөгү чыгыптыр. Алмаздын сөөгүн тапкандар 22-июлда эле анын өлүгүн сүрөткө тартып, көмүп салышыптыр. Баламдын бутуна эки жолу атып, жыгылганда мойнуна жип байлап башы жулунганча машине менен сүйрөтүптүр. Башы үзүлгөндө гана аны сууга ыргытып жиберишиптир. Баламдын башы табылалек.
Өкмөт өлгөн балдардын ДНКсын чыгарып беребиз дешкен. Андан бери беш ай өттү, боздоп-сыздап ушул жерде акыйкат таппай отурабыз. ДНК келсе мүрзөлөрдү каздырып, сөөгүн колуңарга беребиз, денеси жок табылган баштарды өзүнчө көмгөнбүз, ошолордун ичинен чыгып калар дешкен. Бирок дайын жок. Бизди алдап-соолап, убакыт өтсө көксөөсү сууп унутаар деп атышат окшойт. Ар адамдын башында бир өлүм. Атасы Куштарбек экөөбүз мындан аркы жашообузду элестете албайбыз.
Баламдын билегинде "Клод", колунда "Сэр" деген жазуусу бар эле. Ал эми жамбашында тырыгы бар болчу. Кичинесинде ийне сайганда ириңдеп кетип, кестирип тазалаткан. Ошол жери чуңкур тырык болуп бүткөн. Бутунда да кичинесинде күйгөн тырыгы бар эле. Сүрөттөгү башы жок баланы ошол белгилеринен тааныдым.
7-апрелде каза болгондорго кандай каралашсак, силерге да ошондой карайбыз деп президент Р.Отунбаева келип убада берип кеткен. Баламдын он эки мүчөсүн бүтүн таптыртып бериңиз, жалгыз балам дегем. Алмаздын артында бир жарым жашар баласы калды. Ага жөлөк пул төлөтүп беребиз дешкен, аны да аткарган жок. Ал эми баламдын сөөгү кайда коюлганы да белгисиз. 83-номер менен Учарга койдук дешкен. Ал жакка барып дөмпөйгөн мүрзөдөн топурагын алып, көкшүнүбүз суусун деп ичип жүргөнбүз. Бирок, кийинчерээк башы жок балдарды Сулайман тоонун этегине коюлган деп айтышты. Атүгүл баламдын сөөгү кайда экенин да билбей калдык. Биз биякта балдарыбыздын сөөгүн табалбай күйүттөн чыгалбай жүрсөк, алардын кыйналып өлтүрүлгөн сүрөттөрүн Бишкекке алпарып пайдаланып жүргөндөрдү телевизордон көрүп капа болдук. Көксөөбүз суубай, күйүттөн басалбай калдык...

Бурма АШИМОВА:
"Назарбекти түшүмдө гана көрөм"
- Уулум Аширов Назарбек 21 жашта эле. Кыргыз-өзбек университетинде 3-курсту аяктап аткан.11-июнда түшкү саат экиде чыккан экен, саат үчтө телефону өчүп, ошол бойдон дайынсыз. Издебеген жер калбады, таппай атабыз. Тиешелүү органдар да карап атабыз деп атышат. Сегиз баланын кичүүсү, көкүрөк күчүгүбүз эле. Аны көргөндөр, билгендер да жок. Асманга учкандай эле дайынсыз жоголду. Балким таанылбай калган өлүктөрдүн арасындадыр деп ДНКны бердик, бирок, андан дайын жок. Издегендер кайдан табабыз деп кайра бизден сурашат. Назарбек түшүмө көп кирчү болду, баягыдай эле күлүп-жайнап үйгө келет. Кайда жүрдүң, сени издеп атпадымбы десем, ушул жакта эле жүрдүм деп коет. Түшүмө кирсе көргөндөй болуп калам. Баламдын күйүтүнөн атасы экөөбүз ооруп калдык. Бизге окшоп ушул жерге келип жоготкон жакындарын издегендер көп. Баарыбыздын күйүтүбүз бир.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА,
Бишкек-Ош-Бишкек,
сүрөттөр автордуку




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??